Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1923. Жүз жыл мурун

1923. Жүз жыл мурун

«1923-ЖЫЛ жүрөк толкуткан жыл болот. Кыйналып турган элге жакында жакшы заман келерин айтуу кандай гана чоң сыймык!» — деп жазылган 1923-жылдын 1-январындагы «Күзөт мунарасында». Ошол жыл чынында эле Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдү күч-кубатка толтура турган жыл болмок. Анткени 1923-жылы жыйындарды, жыйналыштарды өткөрүүгө жана кабар айтуу ишине байланыштуу эсте каларлык өзгөрүүлөр болгон. Ошонун аркасында ишенимдештерибиздин ортосундагы биримдик чыңдалгандан чыңдала берген.

БИРИМДИКТИ ЧЫҢДАГАН ЖЫЙНАЛЫШТАР

Аяттар жана ырлардын номурлары жазылган календарь

Ошол жылы уюм Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн ортосундагы биримдикти чыңдаган айрым өзгөрүүлөрдү кылган. «Күзөт мунарасына» жума сайын өткөрүлө турган «Тиленүү жана Жахабаны даңктоо жолугушуусунда» талкуулана турган аяттын түшүндүрмөсү чыга баштаган. Андан тышкары, ишенимдештерибиз календарь да чыгарышкан. Анда ошол жумадагы жолугушууда талкуулана турган аят жана өздүк изилдөөдө же үй-бүлө менен сыйынууда ырдаганга ыр камтылган.

Ошондой жолугушууларда Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр кызматта болгон окуялар менен бөлүшүшчү. Ошондой эле Жахабага рахмат айтып, ырдап, атүгүл тиленишчү. 1923-жылы 15 жашында чөмүлгөн Ева Барни мындай деп эскерген: «Эгер жолугушуу учурунда бир нерсе айткың келсе, ордуңдан туруп: „Кудайга мага кылган бардык жакшылыктары үчүн рахмат айткым келип жатат“,— деп башташың керек болчу». Айрымдар көп нерсе айтып бергенди жакшы көрчү. Ева Барни сөзүн мындай деп улаган: «Жыйналышта Гадвин деген бир кары ата бар болчу. Ал Кудайга эмнелер үчүн ыраазы экенин айтып бергенди жакшы көрчү. Анан аялы жыйналышты алып барып жаткан бир туугандын тынчсыздана баштаганын байкап калса, күйөөсүнүн пальтосунан тартып: „Болду токтот“,— деп койчу. Ошондо ал сөзүн токтотуп, ошол замат отуруп калчу».

Айына бир жолу ар бир жыйналыш «Тиленүү жана Жахабаны даңктоо жолугушуусун» өзгөчө кылып өткөрүшчү. Анын кандайча өткөрүлгөнү жөнүндө «Күзөт мунарасынын» 1923-жылдын 1-апрелиндеги санында мындай деп айтылган: «Жолугушуунун биринчи бөлүгүндө жарчылар кызматта болгон окуяларды айтып бериши жана бири-бирин бекемдеши керек... Ушундай кылгандын аркасында жарчылар бири-бирине ынак болуп, ортодогу биримдик чыңдалат деп ишенебиз».

Ванкуверде (Канада) жашаган Чарлз Мартин деген ишенимдешибиз ошондой жолугушуулардан чоң пайда алчу. Ал кезде ал 19 жашта болчу. Кийин ал мындай деп эскерген: «Ошол жолугушуулардан эшиктин алдында кантип кабар айтыш керектигин үйрөнгөм. Анткени жыйналыштагылар үймө-үй кыдырганда кантип кабар айтканын айтып беришчү. Аларды угуп отуруп: „Аа, моминтип кабар айтсам болот турбайбы, минтип сураса, ушинтип жооп берсем болот турбайбы“,— деп калчумун».

БИРИМДИКТИ ЧЫҢДАГАН КАБАР АЙТУУ ИШИ

«Бюллетень», 1923-жыл, 1-май

«Чогуу кабар айтууга арналган күндөр» уюмдун биримдигине чоң салым кошкон. «Күзөт мунарасынын» 1923-жылдын 1-апрелиндеги санында мындай деп кулактандырылган: «Биз баарыбыз тең бир ишти аткарып жатабыз... 1923-жылы 1-майда, шейшемби күнү, баарыбыз жапа-тырмак кабар таратканы чыгабыз. Мындан ары ар бир айдын биринчи шейшембиси кабар айтканы чыга турган күн болуп белгиленди... Ар бир жыйналыштын ар бир мүчөсү кызматка өз салымын кошушу керек».

Бул ишке жаштар да катышкан. Ошол кезде 16 эле жашта болгон Хейзел Бэрфорд: «„Бюллетенге“ үлгү иретиндеги сунуштоолор чыкчу. Биз аларды жаттап алчубуз a. Таятам экөөбүз кабар айтуу үчүн уюштурулган иштердин баарына жан-жигерибиз менен катышчубуз»,— деген. Анын ушинтип кабар таратканын баары эле жактыра берчү эмес. Хейзел мындай деген: «Жыйналыштагы бир ата кабар айтканы чыкканыма катуу каршы болгон. Ал учурда „жигиттер менен кыздардын“ да „Жахабанын ысмын даңктаганга“ катышышы керектигин Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн баары эле түшүнө берген эмес» (Заб. 148:12, 13). Бирок Хейзел кабар айта берген. Кийинчерээк Гилат мектебинин 2-классын бүтүрүп, Панамада миссионер болуп кызмат кылган. Убакыттын өтүшү менен жаштардын кабар айтуу ишине катышканын жактырбагандар көз карашын өзгөрткөн.

БИРИМДИКТИ ЧЫҢДАГАН ЖЫЙЫНДАРЫБЫЗ

Жергиликтүү жана региондук жыйындар да ишенимдештерибиздин ынтымагын чыңдаган. Ал жыйындарда атайын кызмат күнү да уюштурулчу. Мисалы, Канададагы Виннипегде өткөрүлгөн жыйында катышуучулардын баары 31-мартта кабар айтканы чыкканга чакырылган. Ушул сыяктуу кызмат күндөрү ишибиздин дагы да илгерилешине салым кошкон. 5-августта өткөрүлгөн Виннипегдеги дагы бир жыйынга 7 000ге жакын киши катышкан. Ошол кезде Канадада өткөрүлгөн жыйындарга мынчалык көп киши катыша элек болчу.

1923-жылы 18—26-августта Лос-Анжелесте (Калифорния) өткөрүлгөн жыйын Жахабанын элинин тарыхындагы өзгөчө жыйын болгон. Элди чакырыш үчүн жыйынга бир нече жума калганда гезиттерге жарнамалар берилген жана Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 500 000ден ашык маалымат баракчасын таратышкан. Коомдук жана жеке унааларга жыйын болору тууралуу баннерлер чапталган.

1923-жылы Лос-Анжелесте өткөн жыйын

25-августта, ишемби күнү, Рутерфорд бир тууган «Койлор жана эчкилер» деген баяндама айткан. Анда ал койлордун жер бетинде жашай турган адил адамдар экенин айкын түшүндүрүп берген. Ошондой эле «Эскертүү» деген резолюцияны окуп берген. Ал резолюцияда христиан дүйнөсүнүн жаман иштери ачык айтылып, жүрөгү таза адамдар «Улуу Бабылдан» чыкканга үндөлгөн (Аян 18:2, 4). Андан кийин Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ынталуулук менен ошол резолюциянын миллиондогон нускасын таратышкан.

«Ушундай кылгандын аркасында жарчылар бири-бирине ынак болуп, ортодогу биримдик чыңдалат»

Жыйындын акыркы күнү Рутерфорд бир тууган «Бардык улуттар Армагедонду көздөй баратат, бирок азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деген жалпыга арналган баяндама айткан. Аны 30 000ден ашык киши уккан. Көп киши келет деп Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Лос-Анжелестеги чоң стадионду ижарага алышкан. Жыйында айтылгандарды баары уга алышы үчүн, бир туугандарыбыз стадиондун үн күчөткүчтөрүн колдонушкан. Ал кезде бул жаңы технология болчу. Көптөр программаны радио аркылуу да уккан.

КАБАР АЙТУУ ИШИНИН КУЛАЧ ЖАЙЫШЫ

1923-жылы Африка, Европа, Индия, Түштүк Америка өлкөлөрүндө кабар айтуу ишине өзгөчө басым жасалган. Мисалы, Индиядагы Жозеф деген ишенимдешибиз хинди, тамил, телугу жана урду тилдеринде адабияттарыбыздын чыгышына жардам берген. Ошол эле учурда ал аялын, алты баласын бакчу.

Уилльиям Браун үй-бүлөсү менен

Сьерра-Леонеде болсо Альфред Жозеф жана Леонард Блекмэн деген Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Бруклиндеги (Нью-Йорк) башкы башкармалыкка жарчыларды жөнөтүшүн суранып кат жазышкан. Алардын өтүнүчү 1923-жылы 14-апрелде орундалган. Альфред: «Ишемби күнү үйдө отурсам эле, бирөө чалып калды»,— деген. Алса эле, күрүлдөгөн үн менен бир киши: «Күзөт мунарасы коомуна жазып, жарчыларды жиберишин суранган киши сен белең?» — деген. Альфред: «Ооба, мен»,— деп жооп берген. Анда тиги киши: «Алар мени жиберишти»,— деп айткан. Көрсө, ал Уилльиям Браун болчу экен. Так ошол күнү ал аялы Антония менен эки кичинекей кызы Луиза жана Люсини алып алып, жаңы эле Кариб аралынан келиптир. Альфред менен Леонард аларды тосуп алганга куштар болушкан.

Альфред бир тууган андан ары минтип айтып берген: «Эртеси күнү эртең менен Леонард экөөбүз жума сайынкы жолугушууну өткөрүп, Ыйык Китепти талкуулап жатканбыз. Бир маалда карасак эле, босогодо бою узун бир киши туруптур. Ал Уилльиям Браун экен. Уилльиям Ыйык Китептеги чындыкты айтканга ушунчалык ынталуу болгондуктан эртеси эле баяндама айтмакчы болду». Ал бир айга жетип-жетпей эле өзү менен кошо ала келген адабияттардын баарын таратып салган. Ошондон көп өтпөй уюмдан дагы 5 000 китеп алдырткан. Бирок ошол да жетпей калган. Анткен менен ал китеп сатуучу катары белгилүү болгон эмес. Жахабанын ал ынталуу кызматчысы баяндамаларында дайыма Ыйык Китептеги аяттарды колдонгон. Ошондуктан ага «Ыйык китептик Браун» деген ат коюп коюшкан.

Магдебургдагы Бейтел, 1920-жылдар

Ал ортодо Бармен (Германия) шаарындагы филиалдагы ишенимдештерибиз ал жактан көчүүнү ойлонуштуруп жатышкан. Анткени имараттар тар болуп калган. Анын үстүнө, Франция ошол шаарды басып алганы жатат деп угушкан. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Магдебург шаарынан адабият басып чыгарганга ылайыктуу жер табышкан. Анан 19-июнда ишенимдештерибиз басмакананын жабдыктары менен башка буюм-тайымдарды чогултуп, Магдебургдагы Бейтелге көчүп кетишкен. Филиалдын башка жакка көчүрүлгөнү башкы башкармалыкка билдирилгендин эртеси эле гезиттерге Франциянын Бармен шаарын басып алганы чыккан. Ошондо бир туугандарыбыз көчүп кеткени Жахабанын коргоп, батасын бергенинин айкын далили экенин түшүнүшкөн.

Жорж Янг жана Сара Фергусон (оңдо) менен эжеси

Бразилияда болсо Жорж Янг деген ишенимдешибиз кабар айтыш үчүн көп жерлерди кыдырган. Ошондой эле Португалияда филиалдын ачылышына жана «Күзөт мунарасынын» португал тилинде басылып чыга башташына чоң салым кошкон. Ал бир нече эле айдын ичинде 7 000ден ашуун адабият тараткан. Жорж бир туугандын Бразилияга барышы Сара Фергусон үчүн чоң бата болгон. Ал «Күзөт мунарасы» журналын 1899-жылдан бери окуп келаткан болчу. Бирок өмүрүн Жахабага арнап чөмүлгөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Жорж бир тууганыбызга жолуккандан бир нече ай өткөндөн кийин Сара Фергусон 4 баласы менен чогуу чөмүлгөн.

«АЛДЫГА КУБАНЫЧ МЕНЕН АРЫШТАЙЛЫ»

Ошол жылдын соңунда Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн уюшкандыкта иш-аракет кылганы тууралуу «Күзөт мунарасынын» 1923-жылынын 15-декабрындагы санында мындай делген: «Жыйналыштардын баарынын рухий жактан жанданып калганы айкын эле көрүнүп турат... Келгиле, жеңибизди түрүп, кийинки жылы да Кудайга ынталуу кызмат кылалы, алдыга кубаныч менен арыштай берели!»

1924-жыл да Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр үчүн өзгөчө жыл болмок. Бейтелдеги бир туугандар Бруклиндеги башкы башкармалыктан анча алыс эмес жерде жайгашкан Стейтен-Айлендде бир нече ай бою курулуш ишин жүргүзүп жатышкан. Ал жаңы имараттар 1924-жылдын башында бүткөн. Алардын курулганынын аркасында кабар айтуу иши мурдагыдан да кеңири тарап, боордошторубуздун ортосундагы биримдик болуп көрбөгөндөй чыңдалган.

Стейтен-Айленддеги курулуш ишине катышкан ишенимдештерибиз

a Азыр «„Ыйык кызматыбыз жана жашообуз“ окуу куралы» деп аталат