Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

42-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Баш ийүүгө даярсыңарбы?»

«Баш ийүүгө даярсыңарбы?»

«Жогорудан келген акылмандык... баш ийүүгө даяр» (ЖКП. 3:17).

101-ЫР: Биримдикте кызмат кылабыз

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Эмне үчүн баш ийүү оңойго турбайт?

 КИМДИР БИРӨӨГӨ баш ийгиңер келбеген учурлар болду беле? Дөөтү падышада болгон, ошон үчүн ал: «Тилиңди алууга дилгир кыл»,— деп тиленген (Заб. 51:12). Дөөтү Жахабаны жакшы көрсө да, ага баш ийүү кыйынга турган учурлар болгон. Бизде да ошондой болот. Эмне үчүн? Биринчиден, бул биздин каныбызда бар. Экинчиден, Шайтан биз да ага окшоп Жахабага каршы чыгышыбыз үчүн тынбай аракет кылып келет (2 Кор. 11:3). Үчүнчүдөн, биз «тил албаган адамдарга таасир этип жаткан рух», тактап айтканда, козголоңчул маанай өкүм сүрүп турган дүйнөдө жашайбыз (Эф. 2:2). Андыктан Жахабага жана ал бийлик жүргүзсүн деп дайындагандарга баш ийиш үчүн күнөөкөр табиятыбыз, Шайтан жана анын дүйнөсү менен тынбай күрөш жүргүзүшүбүз керек.

2. «Баш ийүүгө даяр» деген эмнени билдирет? (Жакып 3:17).

2 Окугула: Жакып 3:17. Жакып ыйык рухтун жетеги менен акылдуу кишилердин «баш ийүүгө даяр» экенин айткан. Мунун эмнени билдирери жөнүндө ойлонуп көрөлү. Биз Жахаба бийлик бергендерге баш ийгенге ынтызар болушубуз керек. Албетте, бул Жахабанын буйруктарын бузганга түрткөндөргө баш ийишибиз керектигин билдирбейт (Элч. 4:18—20).

3. Бийлиги барларга баш ийгенибиз эмне үчүн маанилүү?

3 Бизге адамдарга караганда Жахабага баш ийген алда канча оңоюраак болушу мүмкүн. Анткени Жахабанын буйруктары жеткилең (Заб. 19:7). Ал эми бийлиги бар адамдар тууралуу минтип айтканга болбойт. Ошентсе да асмандагы Атабыз ата-энелерге, өкмөт башындагыларга жана аксакалдарга кандайдыр бир деңгээлде бийлик берген (Накыл 6:20; 1 Тес. 5:12; 1 Пет. 2:13, 14). Аларга баш ийсек, Жахабага баш ийген болобуз. Анда келгиле, кээде оңой болбосо да, Жахаба бийлик бергендерге кантип баш ийсек болоруна токтололу.

АТА-ЭНЕҢЕРДИН ТИЛИН АЛГЫЛА

4. Эмне үчүн көп балдар ата-энесинин тилин алышпайт?

4 Арабыздагы жаштардын курдаштарынын көбү «ата-энесинин тилин албайт» (2 Тим. 3:1, 2). Алар эмне үчүн ошентет? Себеби айрым ата-энелер балдарынан талап кылган нерсени өздөрү кылышпайт. Ошон үчүн балдары да алардын тилин албайт. Айрымдар болсо ата-энесин эски кишилердей көрүп, айткандарын баркка албайт же өтө эле чектеп жаткандай сезет. Жаштар, силерде да ушинтип ойлонгон учурлар болду беле? Көптөргө: «Теңирдин эркине ылайык, ата-энеңердин тилин алгыла, анткени бул адилдикке жатат»,— деген Жахабанын буйругуна баш ийүү оңой эмес (Эф. 6:1). Бул буйрукка баш ийгенге эмне жардам берет?

5. Лука 2:46—52-аяттарда жазылгандай, Исанын ата-энесине баш ийгени эмнеси менен көңүлгө аларлык?

5 Ата-энесине баш ийген жагынан Иса эң мыкты үлгү калтырган (1 Пет. 2:21—24). Ал жеткилең эмес ата-эне чоңойткон жеткилең бала болгон. Иса ата-энеси жаңылып-жазып алса да, аны туура эмес түшүнүп алса да урматтай берген (Чыг. 20:12). Исанын 12 жашында ата-энеси менен Иерусалимге барганда эмне болгонуна токтололу. (Окугула: Лука 2:46—52.) Жусуп менен Мариям Исанын Иерусалимде калып калганын байкабай калышкан. Алар майрамдан келаткандардын арасында балдарынын баары барбы-жокпу, көз салып коюшу керек болчу. Акыры, Исаны табышканда санаага салганы үчүн Мариям Исага катуу айткан. Иса алар өздөрү туура эмес кылганын айтса деле болмок. Анткендин ордуна, ата-энесине урмат-сый менен акырын эле жооп берип койгон. Жусуп менен Мариям, сыягы, «анын айткандарынын маанисин түшүнүшкөн» эмес. Ошентсе да Иса «ата-энесине баш ийип, дайыма тил алчаак болгон».

6, 7. Жаштарга ата-энесинин тилин алганга эмне жардам берет?

6 Жаштар, ата-энеңер жаңылып жазганда же силерди туура эмес түшүнүп алганда, аларга баш ийгиңер келбей койгон учурлар болду беле? Ошондойдо эмне жардам берет? Биринчиден, Жахабанын кандай сезимде болору жөнүндө ойлонгула. Ыйык Китепте ата-эненин тилин алуу «Теңирге жагары» айтылат (Кол. 3:20). Жахаба ата-энеңердин кээде силерди түшүнбөй каларын жана катуу талаптарды коёрун билет. Бирок силер эч нерсеге карабай алардын тилин алсаңар, Жахабаны кубантасыңар.

7 Экинчиден, ата-энеңердин кандай сезимде болору жөнүндө ойлонгула. Ата-энеңердин тилин алсаңар, алар сүйүнөт жана силерге көбүрөөк ишене алышат (Накыл 23:22—25). Ошонун аркасында аларга жакыныраак да болуп каласыңар. Бельгиядан болгон Александрэ деген жигит: «Ата-энемдин тилин ала баштаганда мамилебиз кадимкидей өзгөрдү. Бактылуураак, бири-бирибизге ынагыраак болуп калдык»,— деген b. Үчүнчүдөн, азыр тил алганга үйрөнгөнүңөр келечекте да пайдасын тийгизери жөнүндө ойлонгула. Бразилияда жашаган 23 жаштагы Пауло мындай деп бөлүшөт: «Ата-энемдин тилин алганым мага Жахабага жана бийлиги бар башка адамдарга баш ийгенге жардам берди». Кудайдын Сөзүндө ата-энеге эмне үчүн тил алыш керектигинин дагы бир себеби жазылган. Ал жакта: «Ошондо өзүңө жакшы болот, жер бетинде узак өмүр сүрөсүң»,— делет (Эф. 6:2, 3).

8. Эмне үчүн көптөгөн жаштар ата-энесинин тилин алганы жакшы экенин байкашкан?

8 Көптөгөн жаштар ата-энесинин тилин алганынын эмне үчүн жакшы болорун байкашкан. Бразилиядан болгон Луиза ата-энеси башында эмне үчүн телефон көтөргөнгө уруксат бербей жатканын түшүнчү эмес. Анын үстүнө, ал теңтуштарымдын баары эле телефон көтөрүп жүрбөйбү деп ойлончу. Бирок кийин ал ата-энеси чынында аны коргош үчүн ошенткенин түшүнгөн. Азыр ал мындай дейт: «Ата-энем койгон чектерди кыймыл-аракетимди чектеген кишендей эмес, өмүрүмдү сактай турган коопсуздук куру катары көрөм». Кошмо Штаттардан болгон 18 жаштагы Элизабет кээде ата-энесинин тилин алгысы келбей кетет. Анын себебин мындай деп түшүндүрөт: «Ата-энемдин эмне үчүн тигиндей же мындай кыл деп жатканын түшүнбөй жатканда алардын мурун койгон талаптарынын мени кантип коргогону жөнүндө ой жүгүртөм». Арменияда жашаган Моника деген кыз ата-энесинин тилин алганда жыйынтыгы дайыма жакшы болорун байкаган.

ЖОГОРКУ БИЙЛИКТЕГИЛЕРГЕ БАШ ИЙГИЛЕ

9. Көптөр мыйзамга баш ийгенге кандай карашат?

9 Көптөр элди башкарып турган бийлик болушу керектигине кошулушат. Ошондой эле «жогорку бийликтер» чыгарган мыйзамдарга баш ийишибиз керектигин да түшүнүшөт (Рим. 13:1). Бирок ошол эле учурда адилетсиз көрүнгөн же өтө эле көптү талап кылгандай мыйзамдарга баш ийбей коюшат. Буга салык төлөөнү мисал кылса болот. Европадагы бир өлкөдө сурамжылоого катышкандардын көбү: «Эгер адилетсиз сезилип жатса, салык төлөбөй эле койсо болот»,— деп айтышкан. Андыктан салыктарды ошол өлкөдө жашагандардын 65 пайызы гана төлөөрү таң калыштуу эмес.

Жусуп менен Мариямдан баш ийүүгө байланыштуу эмнени үйрөндүңөр?(10—12-абзацтарды карагыла) c

10. Кээ бир мыйзамдар бизге жакпаса да, эмне үчүн аларга баш ийишибиз керек?

10 Ыйык Китепте ар кандай кыйынчылыктардын Шайтандын бийлиги астындагы өкмөттөрдүн айынан болуп жатканы жана алардын жакында жок кылынары айтылат (Заб. 110:5, 6; Нас. 8:9; Лк. 4:5, 6). Ошол эле учурда: «Ким бийликке каршы чыкса, Кудай бекиткен тартипке каршы чыккан болот»,— деп да айтылат. Тартип болуш үчүн Жахаба өкмөттөрдүн башкарышына убактылуу жол берген жана бизден аларга баш ийишибизди күтөт. Ошондуктан бийликтегилерге «тиешелүүсүн берип», салык төлөйбүз, урматтап-сыйлайбыз (Рим. 13:1—7). Кээ бир мыйзамдар аткарганга оор, адилетсиздей сезилиши же айрым салыктар асмандын башы болушу мүмкүн. Ошентсе да биз Жахабанын тилин алып, эгер өкмөттөгүлөрдүн айткандары Жахабаныкына каршы келбесе, аларга баш иебиз (Элч. 5:29).

11, 12. Лука 2:1—6-аяттарда айтылгандай, Жусуп менен Мариям ыңгайсыз болсо да, бийликке баш ийиш үчүн эмне кылышкан жана анын натыйжасы кандай болгон? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

11 Ыңгайсыз болгонуна карабай өкмөткө баш ийген Жусуп менен Мариямдан көп нерсеге үйрөнө алабыз. (Окугула: Лука 2:1—6.) Мариямдын төрөй турган маалы жакындап калганда, Жусуп экөөнүн өкмөткө баш иер-ийбеси сыналган. Рим императору Август империянын карамагында жашагандардын баарынан өз шаарларына барып, каттоодон өтүүнү буйруган. Ал буйрукка баш ийип, Бетлехемге барыш үчүн Жусуп менен Мариямга тоолуу жерлерди аралап 150 километрдей жол жүргөнгө туура келмек. Мындай сапарга чыгуу, өзгөчө, Мариям үчүн кыйын болмок. Алар курсактагы баланын саламаттыгын ойлоп да тынчсызданышса керек. Мариям жолдо баратканда толготуп калса эмне болмок? Анын үстүнө, анын курсагында келечекте Машаяк боло турган бала жаткан. Ушуларды эске алып, ал буйрукка баш ийбей коюшса болот беле?

12 Жусуп менен Мариям ушундай ой-санааларга алдырып, бийликке баш ийбей коюшкан эмес. Жахаба аларга баш ийгени үчүн батасын берген. Мариям Бетлехемге аман-эсен жетип, ал жактан дени сак бала төрөгөн. Атүгүл Ыйык Китептеги пайгамбарлыктын аткарылышына салым кошкон (Мик. 5:2).

13. Өкмөткө баш ийгенибиз боордошторубузга кандай таасир этет?

13 Жогорку бийликтерге баш ийгенибиздин өзүбүзгө да, башкаларга да пайдасы тиет. Кандайча? Эң алды, мыйзамга баш ийбегендер алган жазадан кача алабыз (Рим. 13:4). Жеке өзүбүздүн баш ийгенибиз өкмөттөгүлөрдүн бүтүндөй Жахабанын уюмуна болгон көз карашына таасир эте алат. Алсак, мындан көп жыл мурун Нигерияда жоокерлер салык төлөгөндөргө каршы чыккандарды издеп, Падышалык залына жыйналыш учурунда кирип келишкен. Бирок алардын башчысы: «Жахабанын Күбөлөрү салык төлөгөнгө каршы чыгышпайт»,— деп жоокерлерди алып чыгып кеткен. Мындан көрүнүп тургандай, мыйзамга баш ийген сайын, Жахабанын элинин аброюн дагы да көтөрөсүңөр. Бул болсо бир күнү боордошторуңарды коргошу мүмкүн (Мт. 5:16).

14. Бир ишенимдешибизге жогорку бийликтегилерге баш ийгенге эмне жардам берген?

14 Ошентсе да дайыма эле жогорку бийликтегилерге баш ийгибиз келбеши ыктымал. Буга АКШдан болгон Жоанна деген ишенимдешибиз кошулат. Ал мындай деп бөлүшөт: «Бийликтегилер туугандарыма адилетсиз мамиле кылгандыктан, аларга баш ийгенге мойнум жар берчү эмес». Бирок Жоанна ушунтип ой жүгүрткөнү туура эмес экенин түшүнүп, көз карашын өзгөрткөнгө аракет кылган. Ан үчүн ал, биринчиден, соцтармактардагы бийликке каршы айтылган маалыматтарды окубай калган (Накыл 20:3). Экинчиден, ал Жахабага кайрылып, адамдык өкмөттөрдүн өзгөрүшүн эмес, ага таянганга жардам беришин суранган (Заб. 9:9, 10). Үчүнчүдөн, адабияттарыбыздагы бейтараптуулукка байланыштуу макалаларды окуп чыккан (Жкн. 17:16). Азыркы тапта Жоанна бийликтегилерди урматтап, аларга баш ийгендиктен жүрөгүнө тынчтык орногонун айтат.

ЖАХАБАНЫН УЮМУ АРКЫЛУУ БЕРГЕН КӨРСӨТМӨЛӨРҮНӨ БАШ ИЙГИЛЕ

15. Жахабанын уюмунан келген көрсөтмөлөргө баш ийиш эмне үчүн оңой болбошу мүмкүн?

15 Жахаба биздин жыйналышта «жетекчиликти колго алгандарга тил алышыбызды» каалайт (Евр. 13:17). Жол башчыбыз Иса жеткилең болсо да, ал жетекчиликти колго алганга дайындагандар жеткилең эмес. Андыктан алар, өзгөчө, кылгыбыз келбеген нерсени кылууну айтканда, баш ийиш кыйынга турат. Элчи Петир да ушундай жагдайга туш болгон. Бир жолу периште ага Мусанын мыйзамында арам деп эсептелген жаныбарлардын этин жегенге буйрук берген. Бирок Петир ал буйрукту аткаруудан бир эле эмес, үч жолу баш тарткан! (Элч. 10:9—16). Эмне үчүн? Анткени жаңы көрсөтмө анын акылына сыйбагандай сезилген. Ал өмүр бою такыр башка мыйзамга карманып келген. Эгер Петирге жеткилең периште берген көрсөтмөгө баш ийиш кыйын болгон болсо, анда бизге жеткилең эмес адамдар берген көрсөтмөлөргө баш ийиш андан бетер кыйын болушу мүмкүн.

16. Элчи Пабылга ишенимдештеринин айткандары акылга сыйбагандай сезилсе да, ал эмне кылган? (Элчилер 21:23, 24, 26)

16 Элчи Пабыл акылга сыйбагандай көрүнгөн көрсөтмөлөр берилгенде да «баш ийүүгө даяр» болгон. Исанын жүйүт жолдоочулары Пабыл жөнүндө ар кандай ушак-айыңдарды, мисалы, Пабыл «Мусанын мыйзамынан баш тартууга» жана аны урматтабай эле коюуга үйрөтүп жүрөт деп угушкан (Элч. 21:21). Муну укканда Иерусалимдеги аксакалдар төрт кишини алып алып, ибадатканага барып, тазалануу каадасын аткарууну айтышкан. Ошондо баары Пабылдын Мыйзамга карманып жашаарын билишмек. Пабыл Исанын жолдоочулары Мусанын мыйзамына карманбай калганын, өзү да эч кандай туура эмес иш кылбаганын билсе да, баш ийген. Ошондуктан «эртеси күнү тиги кишилерди ээрчитип барып, алар менен бирге тазалануу каадасын аткарган». (Окугула: Элчилер 21:23, 24, 26.) Ошентип, Пабыл боордошторунун арасындагы биримдикти чыңдаган (Рим. 14:19, 21).

17. Стефаниден эмнени үйрөндүңөр?

17 Стефани деген ишенимдешибизге филиалдан келген көрсөтмөгө баш ийиш кыйынга турган. Ал жолдошу экөө башка тилдеги топто кызмат кылышчу. Анан эле филиал ал топту жаап, тиги жубайларды өздөрүнүн тилиндеги жыйналышка дайындаган. Стефани мындай дейт: «Башында аябай жаман болуп жүрдүм. Биз сүйлөгөн тилдеги аймакта муктаждык деле жок деп ойлочумун». Ошентсе да ал жаңы көрсөтмөгө баш ийүүнү чечкен. «Убакыттын өтүшү менен ошол чечимдин абдан туура болгонун түшүндүм,— дейт ал.— Жыйналыштагы көптөгөн ишенимдештерибизге рухий ата-эне болуп бере алдык. Жигерсиз болуп жүрүп жаңы эле кайтып келген ишенимдешим менен изилдеп жатам. Анан айта кетчү дагы бир нерсе, өздүк изилдөө жүргүзгөнгө азыр убактым көбүрөөк болуп калды». Андан ары ал: «Уюм берген көрсөтмөлөргө баш ийиш үчүн колумдан келгендин баарын кылгандыктан абийирим таза»,— дейт.

18. Баш ийгенибиздин кандай пайдасы бар?

18 Биз баш ийгенге үйрөнө алабыз. Иса буга телегейи-тегиз учурда эмес, азап чеккенинин аркасында үйрөнгөн (Евр. 5:8). Исага окшоп, биз да баш ийгенди көбүнчө оор учурларда үйрөнөбүз. Мисалы, COVID-19 пандемиясы жаңы башталганда, Падышалык залдарына барбай турганга жана үйдөн үйгө кабар айтпай турганга чакырылганбыз. Ошондо баш ийүү оңой болду беле? Кандай болбосун, баш ийгенибиз өзүбүздү эле коргогон, жыйналыштын биримдигине салым кошкон жана Жахабаны кубанткан. Ошонун аркасында улуу алаамат учурунда бериле турган көрсөтмөлөргө баш ийгенге жакшыраак даярдана алдык. Ошол көрсөтмөлөргө баш ийгенибизден өмүрүбүз көз каранды болушу мүмкүн! (Аюп 36:11).

19. Эмне үчүн тил алчаак болгуңар келет?

19 Бул макаладан көрсөтмөлөргө баш ийсек, акыбети сөзсүз кайтарын билдик. Бирок биз Жахабага биринчи кезекте аны жакшы көргөндүктөн жана ага жаккыбыз келгендиктен баш иебиз (1 Жкн. 5:3). Албетте, Жахабанын бизге кылган жакшылыктарынын баарын эч качан актай албайбыз (Заб. 116:12). Бирок ага жана ал бийлик бергендерге баш ие алабыз. Эгер ошентсек, акылдуу экенибизди көрсөтөбүз. Ал эми акылдуу адамдар Жахабанын жүрөгүн кубантат (Накыл 27:11).

89-ЫР: Ук, аткар, бата ал

a Жеткилең эмес болгондуктан баарыбызга эле атүгүл үстүбүздөн бийлиги барларга баш ийиш кыйынга турат. Бул макалада ата-энеге, жогорку бийликтегилерге жана жыйналышта жетекчиликти колго алгандарга баш ийүү кандай пайда алып келери талкууланат.

b Ата-энеңер койгон талаптарга баш ийиш кыйын болуп жатса, алар менен кантип сүйлөшсөңөр болорун jw.org сайтындагы «Ата-энем менен алар киргизген эрежелер жөнүндө кантип сүйлөшсөм болот?» деген макаладан биле аласыңар.

c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ.: Жусуп менен Мариям цезардын буйругуна баш ийип, каттоодон өтүш үчүн Бетлехемге баратышат. Машаяктын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары жогорку бийликтегилер тарабынан бекитилген жол эрежелерине баш иет, салыктарды төлөшөт жана ден соолукка байланыштуу берилген көрсөтмөлөргө карманышат.