Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Ал силерди күчтүү кылат»

«Ал силерди күчтүү кылат»

«[Жахаба] силерди аягына чейин өзү үйрөтүп, бекем, күчтүү кылат» (1 ПЕТ. 5:10).

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Байыркы учурда Кудай кызматчыларын кантип күчкө толтурган?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ Кудайдын ишенимдүү кызматчылары көбүнчө күчтүү кишилер катары сыпатталат. Бирок атүгүл алардын эң күчтүүсү да өзүн алсыз сезген учурлары болгон. Мисалга Дөөтү падышаны алалы. Ал өзүн кээде «тоодой козголгус» сезсе, кээде «үрөйү учуп корккон» (Заб. 30:7, ККЖД). Ал эми Шымшонго Кудайдын руху түшкөндө, ал адаттан тышкаркы күчкө ээ болгон. Эгер Кудайдын руху болбосо, күчү кетип, «башкалардай эле болуп каларын» түшүнгөн (Бий. 14:5, 6; 16:17). Ушул ишеними бекем инсандар Жахабанын жардамы менен гана күчтүү боло алышкан.

2. Элчи Пабылдын: «Алсыз болгонумда күчтүүмүн»,— деген сөздөрү эмнени билдирген? (2 Корунттуктар 12:9, 10).

2 Элчи Пабыл да Жахабанын күч беришине муктаж экенин түшүнгөн. (Окугула: 2 Корунттуктар 12:9, 10.) Көптөрүбүздөй эле, Пабыл да оорунун азабын тарткан (Гал. 4:13, 14). Айрым учурларда ага да туура иштерди кылуу кыйынга турган (Рим. 7:18, 19). Кээде болсо катуу тынчсызданып, белгисиздиктин туңгуюгуна кептелген (2 Кор. 1:8, 9). Анткен менен Пабыл алсыз болгондо күчтүү болгон. Кандайча? Жахаба ага кыйынчылыктарын көтөрүп кетиши үчүн күч берген.

3. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Жахаба бизге да күч берерин убада кылган (1 Пет. 5:10). Бирок өзүбүз да аракет кылбасак, ал күчкө ээ боло албайбыз. Алсак, унаа жүрүшү үчүн кыймылдаткыч керек. Бирок ал болгон күндө да, газды баспасак, унаа ордунан жылбайт. Ошол сыңары, Жахаба бизге зарыл күч бергенге даяр, бирок ошол күчкө ээ болуш үчүн биз өзүбүз да кадам ташташыбыз керек. Жахаба бизди эмнелер аркылуу күчтүү кылат? Ошол күчкө ээ болуш үчүн бизден эмнелер талап кылынат? Ушул суроолорго жооп алыш үчүн Жахаба күч-кубатка толтурган үч инсандын үлгүсүнө токтолобуз. Алар: Жунус пайгамбар, Исанын энеси Мариям жана элчи Пабыл. Ошондой эле Жахаба бүгүнкү күндөгү кызматчыларын кандай жолдор менен күч-кубатка толтуруп жатканын карайбыз.

ТИЛЕНҮҮ ЖАНА ИЗИЛДӨӨ КҮЧКӨ ТОЛТУРАТ

4. Жахаба күч бериши үчүн эмне кылышыбыз керек?

4 Жахаба бизди күчтүү кылышы үчүн, андан тиленишибиз зарыл. Эгер ошентсек, ал бизге «адаттан тышкаркы күчтү» бере алат (2 Кор. 4:7). Ошондой эле Кудайдын Сөзүн окуп, окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртсөк, күчтүү боло алабыз (Заб. 86:11). Анткени анын Ыйык Китепке жаздырган сөздөрү кубатыбызга кубат кошот (Евр. 4:12). Жахабадан тиленип, анын Сөзүн окуганыбызда, ал бизге туруктуу болгонго, кубанычыбызды сактаганга же кандайдыр бир оор тапшырманы аткарганга күч берет. Келгиле, Жахаба Жунус пайгамбарга кантип күч бергенин карап чыгалы.

5. Жунус пайгамбар эмне үчүн күчтүү болушу керек болчу?

5 Жунус пайгамбар Жахабанын күчкө толтурушуна муктаж болгон. Ал Жахаба жиберген жакка баргандан коркуп, кемеге түшүп, башка жакка качып кеткен. Анын айынан деңиз алай-дүлөй түшүп, өзү да, кемедегилер да өмүрүнөн айрылып кала жаздашкан. Акыры, Жунусту деңизге ыргытышканда, аны чоң балык жутуп алган. Ал көзгө сайса көрүнгүс капкараңгы жерде жатканда өзүн кандай сезген деп ойлойсуңар? Ушуну менен көрөр күнүм бүттү го деп ойлонгонбу? Балким, Жунус Жахаба мени таштап салды деп ойлогондур. Кандай болбосун, ал аябай коркуп, тынчсызданса керек.

Кыйынчылыктарга кабылганда, Жунус пайгамбардай болуп, күчкө толуш үчүн эмне кыла алабыз?(6—9-абзацтарды карагыла)

6. Жунус 2:1, 2, 7ге ылайык, балыктын ичинде жатканда аны эмне күчкө толтурган?

6 Жапжалгыз калып, жаны кыйналганда Жунус эмне кылган? Эң алды, Жахабадан күч сурап тиленген. (Окугула: Жунус 2:1, 2, 7.) Жунус Жахабага баш ийбей койсо да, өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алып тиленсе, Жахаба аны угарына ишенген. Ошондой эле ал Ыйык Жазмадагы сөздөр жөнүндө ой жүгүрткөн. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Анткени анын тиленгенде айткан көп сөздөрү забурлардагы сөздөргө окшош. Анын эмне деп тиленгенин Жунус китебинин 2-бөлүмүнөн окусак болот. (Салыштыргыла: Жунус 2:2, 5; Забур 69:1; 86:7.) Жунус ошол аяттарды жакшы билген. Жанынан түңүлүп турган кезде ал сөздөр жөнүндө ой жүгүрткөнү Жахаба ага жардам берет деген ишенимин бекемдеген. Балыктын ичинен кургактыкка чыккандан кийин ал Жахаба тапшырган ишти аткарганга даяр болгон (Жун. 2:10—3:4).

7, 8. Тайвандагы ишенимдешибизди кыйынчылык учурунда эмне күчкө толтурат?

7 Жунустун окуясы бизге ар кандай кыйынчылыктарга кабылганда жардам берет. Мисалы, Тайвандан болгон Жимиң b деген ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Ал олуттуу оору менен алпурушуп келет. Андан тышкары, Жахабага ишенгени үчүн үйүндөгүлөрүнүн катуу каршылыгына чыдап келет. Жахабадан тиленгени жана Ыйык Китепти өз алдынча изилдегени ага ошол кыйынчылыктардын баарын көтөрүп кеткенге күч берет. Ал мындай дейт: «Кээде кыйынчылыктар үстөккө-босток басканда, жан дүйнөм ушунчалык уйгу-туйгу болгондуктан өздүк изилдөө жүргүзө албай калам». Бирок ал багынбайт. Жимиң андан ары сөзүн мындай деп улайт: «Ошондой учурларда эң эле биринчи Жахабадан тиленем. Анан кулакчынымды салып алып, Падышалыктын ырларын угам. Кээде болсо жан дүйнөм тынч алгыча, ошол ырларды кыңылдап ырдай берем. Анан изилдөөмдү баштайм».

8 Жимиңге өздүк изилдөө учурунда тапкан ойлору сыноолорго сынбаганга жардам берген. Мисалы, ал оор операциядан кийин сакайып келатканда, медайым ага кандын курамында эритроциттер аз болгондуктан, кан куйдуруш керектигин айткан. Операция болгонго чейинки түнү Жимиң так эле ошондой операция болгон ишенимдеши жөнүндө окуган. Анын канындагы эритроциттер Жимиңдикинен да төмөн болчу экен. Ошентсе да ал кан куйдургандан баш тартыптыр. Сакайып да кетиптир. Ошол ишенимдешинин окуясы Жимиңге ишенимин бек сактаганга жардам берген.

9. Кыйынчылыктардан улам алсырап калсаңар, эмне кылсаңар болот? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

9 Башыңарга мүшкүл түшкөндө, ушунчалык бушайман болгондуктан эмне деп тиленериңерди билбей калган учурларыңар болобу? Же өздүк изилдөөгө күчүңөр жоктой сезилеби? Жахаба силердин жагдайыңарды эң жакшы түшүнөрүн унутпагыла. Ага атүгүл бир-эки сөз айтып эле тиленсеңер да, ал силер эмнеге муктаж болсоңор, дал ошону береринен шектенбесеңер болот (Эф. 3:20). Эгер ден соолугуңардын же эмоциялык абалыңардын айынан окуп-изилдей албай жатсаңар, Ыйык Китептин же ага негизделген адабияттардын аудиосун уксаңар болот. Ошондой эле jw.org сайтындагы ырларды угуп же видеолорду көрсөңөр болот. Андан тышкары, Жахабадан тиленгиле. Ал силерге Ыйык Китеп жана башка рухий иш-чаралар аркылуу жооп берет. Тилегиңерге жооп алганга умтулсаңар, андан мени күчтүү кылчы деп сураган болосуңар.

ЖАХАБА ИШЕНИМДЕШТЕРИҢЕРДИ КОЛДОНУП СИЛЕРДИ КҮЧКӨ ТОЛТУРАТ

10. Боордошторубуз бизди кантип күчкө толтура алышат?

10 Жахаба бизди күч-кубатка толтуруш үчүн ишенимдештерибизди колдонуп коё алат. Кайсы бир кыйынчылык менен беттешкенде же тапшырмабызды аткара албай кыйналганда, алар бизге «жөлөк болушат» (Кол. 4:10, 11). Биз андай боордошторубузга, өзгөчө, «кыйын мезгилде» муктаж болобуз (Накыл 17:17). Алсырап турганыбызда, ошондой ишенимдештерибиз иш жүзүндө, эмоциялык жактан же рухий жактан көмөк кыла алышат. Анда келгиле, Исанын энеси Мариямга башкалар кантип жардам бергенине токтололу.

11. Мариям эмне үчүн күчтүү болушу керек эле?

11 Мариям Жахабанын эркин аткарыш үчүн күчтүү болушу керек болгон. Жебирейил периште ага олуттуу тапшырмасы жөнүндө айтканда, аны кандай сезимдер чулгаганын элестетип көрсөңөр. Ал турмушка чыга элек болсо да боюна бүтмөк. Мариям ага чейин балалуу болуп көргөн эмес. Эми болсо Машаяк боло турган баланы тарбиялап-чоңойтушу керек болмок. Ал эч качан жыныстык мамиледе болбогондуктан боюнда бар экенин жигити Жусупка кантип түшүндүрүп берет эле? (Лк. 1:26—33).

12. Лука 1:39—45-аяттарга ылайык, Мариям күчкө толуш үчүн эмне кылган?

12 Ушундай өзгөчө жана оор тапшырманы аткарыш үчүн Мариям эмне кылган? Ал башкалардан жардам сураган. Мисал үчүн, Жебирейил периштеден ага тапшырылган иш тууралуу көбүрөөк айтып беришин суранган (Лк. 1:34). Ошондон көп узабай эле «Жүйүт жеринин тоолуу аймагында» жашаган тууганы Элизабеттикине барган. Анын ошол жакка барганынын акыбети кайткан. Элизабет Мариямды мактап, Жахабанын ыйык рухунун жетеги менен анын курсактагы уулу тууралуу пайгамбарлык сөздөрдү айткан. (Окугула: Лука 1:39—45.) Ошондо Мариям Жахабанын «өз колу менен кереметтерди жасаганын» айткан (Лк. 1:46—51). Ошентип, Жахаба Мариямды күчкө толтуруш үчүн Жебирейил периште менен Элизабетти колдонгон.

13. Боливияда жашаган ишенимдешибиз боордошторунан жардам сураганда, натыйжасы кандай болгон?

13 Мариямдай болуп, силер да ишенимдештериңердин жардамы менен күчкө толо аласыңар. Боливияда жашаган Дасури деген ишенимдешибиз башкалардын жардамына муктаж болгон. Анын атасы айыккыс ооруга чалдыгып, ооруканага жаткырылганда, Дасури аны өзү эле карамакчы болгон (1 Тим. 5:4). Бирок бул оңойго турган эмес. Ал мындай дейт: «„Атамды караганга күчүм калбай баратат, эми эмне кылам?“ — деп көп ойлончумун». Ал башкалардан жардам сураганбы? Башында сураган эмес. «Мен ишенимдештериме жүк болгум келген эмес. Анткени Жахаба мени калтырбайт, жардам берет дегем. Бирок жакшылап ойлонуп көрсөм, башкалардан обочолонуп, өзүмө оор жүктү артып алыптырмын»,— дейт ал (Накыл 18:1). Ошондон кийин Дасури бир нече досуна жагдайын түшүндүрүп жазууну чечкен. Ал мындай дейт: «Сүйүктүү ишенимдештерим мага канчалык жөлөк-таяк болгонун сөз менен айтып жеткире албайм. Ооруканага тамак алып келип берип, Ыйык Китептеги соороторлук аяттарды окуп берип жатышты. Жалгыз эмес экенибизди билүү кандай гана чоң бакыт. Биздин кыйналганда кол сунган, ыйлаганда чогуу ыйлаган, кыйынчылыктарыңды чогуу көтөрүшкөн Жахаба Кудай кошкон бир туугандарыбыз бар».

14. Эмне үчүн аксакалдардын жардамын кабыл алышыбыз керек?

14 Жахаба бизди аксакалдарды колдонуп да күчкө толтурат. Ал аларды бизди кубаттап, сергитиш үчүн белек катары берген (Ыш. 32:1, 2). Ошондуктан жүрөгүңөрдү өйүгөн нерселерди аксакалдарга айтып бергиле. Алар жардам берейин дегенде тартынбай эле кабыл алгыла. Жахаба силерге күч бериш үчүн аларды колдонот.

КЕЛЕЧЕККЕ БОЛГОН ҮМҮТҮҢӨР СИЛЕРДИ КҮЧТҮҮ КЫЛАТ

15. Машаяктын бардык жолдоочуларында кандай баа жеткис үмүт бар?

15 Жахаба берген үмүт бизди күч-кубатка толтурат (Рим. 4:3, 18—20). Машаяктын жолдоочулары катары биздин жакында калыбына келтириле турган бейиште болобу же асманда болобу, түбөлүк жашайбыз деген үмүтүбүз бар. Ошол үмүтүбүз бизге кыйынчылыктарга туруштук бергенге, жакшы кабарды айта бергенге жана жыйналышта кандай тапшырма берилбесин, аткара бергенге күч берет (1 Тес. 1:3). Ошол эле үмүт элчи Пабылдын кубатына кубат кошкон.

16. Элчи Пабыл эмне үчүн күчтүү болушу керек болчу?

16 Алдан-күчтөн тайбаш үчүн Пабылга күч керек болгон. Корунттуктарга жазган катында ал өзүн «чопо идишке» салыштырган. Анын «кысымга алынган», «эмне кыларын» билбей калган, «куугунтукталган» жана ур-токмокко алынып, «бүк түшкөн» учурлары болгон. Атүгүл кээде ал өлүм менен беттешкен (2 Кор. 4:8—10). Пабыл ушул окуялар тууралуу үчүнчү миссионердик сапарында жазган. Бирок аны алдыда андан да көп кыйынчылык күтүп турган. Ага сүрмө топ кол салмак, кармап кетишмек, кеме кырсыгына кабылмак, түрмөгө да камалмак.

17. 2 Корунттуктар 4:16—18-аяттарга ылайык, Пабылга кыйынчылыктарына чыдаганга эмне күч берген?

17 Элчи Пабылга алдан-күчтөн тайбаганга келечекке болгон үмүтүнө көңүл топтогону жардам берген. (Окугула: 2 Корунттуктар 4:16—18.) Ал Корунттуктарга сырткы көрүнүшү «көөнөрүп баратса» да, көңүлүн чөгөрбөй турганын айткан. Пабыл көңүлүн келечекке багыттаган. Ал асманда түбөлүк жашайм деген үмүтүн ушунчалык баалагандыктан ошол сыйлыкка жетиш үчүн бардык кыйынчылыктарга чыдаганга бел байлаган. Пабыл дайыма ошол үмүтү тууралуу ой жүгүрткөндүктөн ички дүйнөсү «күндөн күнгө жаңылана» берген.

18. Тихомирге жана анын үй-бүлөсүнө үмүтү кантип күч берет?

18 Болгариядагы Тихомир деген ишенимдешибизге келечекке болгон үмүтү күч берип келет. Бир нече жыл мурун иниси Здравко жол кырсыгынан каза болуп калган. Ошондон кийин Тихомир катуу күйүткө баткан. Күйүт менен күрөшкөнгө ага жана анын үй-бүлөсүнө тирилүү тууралуу ой жүгүрткөнү жардам берген. Ал мындай деп түшүндүрөт: «Мисалы, биз Здравкону каяктан, кимдер менен тосуп аларыбызды, ага кандай тамак жасап берерибизди жана акыркы күндөр тууралуу эмнелерди айтып берерибизди көп сүйлөшөбүз». Тихомир үмүтүнө көңүл топтогону күйүткө алдырбаганга жардам берип жатканын жана Жахаба бир тууганын тирилте турган күндү чыдамсыздык менен күтөрүн айтып берген.

Жаңы замандагы жашооңорду кандай деп элестетесиңер?(19-абзацты карагыла) c

19. Үмүтүңөрдү чыңдаш үчүн эмне кылсаңар болот? (Сүрөттү да карагыла.)

19 Келечекке болгон үмүтүңөрдү кантип жалындатсаңар болот? Эгер жер бетиндеги бейиште жашаганга үмүттөнсөңөр, анда бейиш жөнүндө Ыйык Китепте айтылгандарды окуп, алар жөнүндө ойлонгула (Ыш. 25:8; 32:16—18). Жаңы заманда жашооңор кандай болору жөнүндө ой жүгүрткүлө. Өзүңөрдүн ал жерде жүргөнүңөрдү элестеткиле. Кимдерди көрүп жатасыңар? Кандай үндөрдү угуп жатасыңар? Кандай сезимде болуп жатасыңар? Ушуларды айкыныраак элестетиш үчүн адабияттарыбыздагы бейиш тартылган сүрөттөрдү карагыла же «Келет жаңы заман», «Ашты кыялың ишке», «Жаңы заманды элестет» деген ырлардын видеолорун көргүлө. Жаңы заман болот деген үмүтүбүздү эсибизде бек сактасак, кыйынчылыктарыбыз «кыска мөөнөттүү, анча оор эмес» экенин унутпайбыз (2 Кор. 4:17). Келечекке болгон үмүтүңөр аркылуу Жахаба силерди күчтүү кылат.

20. Өзүбүздү алсыз сезгенде, күчтү кайдан алабыз?

20 Өзүбүздү алсыз сезгенде, «Кудайдан күч алабыз» (Заб. 108:13). Жахаба күчтүү болушубуз үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын берген. Кайсы бир тапшырмаларды аткарыш үчүн, кыйынчылыктарга туруштук бериш үчүн, кубанычыңарды сакташ үчүн жардам керек болгондо Жахабадан жалындуу тиленгиле. Ошондой эле анын эмне кылышыңарды каалаарын билиш үчүн өздүк изилдөө жүргүзгүлө. Ишенимдештериңердин жардамын кабыл алгыла. Бейишти айкын элестетип, үмүтүңөрдү эсиңерде бек сактагыла. Ошондо «[Кудайдын] даңктуу кудуретине ылайык зор күч менен бекемделип, акырына чейин чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу болосуңар» (Кол. 1:11).

33-ЫР: Жүгүңдү Жахабага арт

a Бул макала үстөккө-босток кыйынчылыктарга кабылгандарга жана кайсы бир тапшырманы аткарыш колуман келбейт деп ойлогондорго арналат. Ошондой эле Жахаба бизди кантип күчтүү кыла аларын жана анын жардамын кабыл алыш үчүн эмне кылышыбыз керектигин талкуулайбыз.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРӨМСҮ.: Кулагы укпаган ишенимдешибиз Ыйык Китептеги убадалар тууралуу ой жүгүртүп, жаңы замандагы жашоосу кандай болорун айкыныраак элестетиш үчүн видео көрүп жатат.