Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудайдын Сөзүн терең изилдегиле

Кудайдын Сөзүн терең изилдегиле

«Чындыктын кеңдигин, узундугун, бийиктигин жана тереңдигин толук түшүнгүлө» (ЭФ. 3:18).

95-ЫР: Жарык уламдан-улам жаркыроодо

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Ыйык Китепти окуп-изилдөөнүн эң жакшы жолу кайсы? Мисал келтиргиле.

 ҮЙ САТЫП алайын деп жатканыңарды элестетсеңер. Анын сүрөтүн көрүп эле сатып алат белеңер? Албетте, антмек эмессиңер. Анын ичи-тышын, ар бир бөлмөсүн жакшылап карап чыкмаксыңар. Ал үйдүн эмнеден курулганын сурап көрмөксүңөр. Чынында эле, сатып алайын деп жаткан үйүңөр жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билгенге аракет кылмаксыңар.

2 Ыйык Китепти окуп-изилдеп жатканда дал ушундай кылсак болот. Бир окумуштуу Ыйык Китепти «пайдубалы терең казылган бийик имаратка» салыштырган. Анда канткенде Ыйык Китепти жакшыраак биле алабыз? Эгер Ыйык Китепти шаша-буша эле окуп койсоңор, «Кудайдын ыйык сөздөрүндөгү баштапкы окууларды» эле биле аласыңар (Евр. 5:12). Андыктан Ыйык Китепте жазылгандарды тереңирээк түшүнүш үчүн анын «ичине» киргиле. Ыйык Китепти изилдөөнүн эң жакшы жолу — анда жазылгандардын бири-бири менен кандайча байланышта экенин көрүү. Ыйык Китепте кандай чындыктар бар экенин эле эмес, аларга эмне үчүн ишенсеңер болорун түшүнгөнгө да аракет кылгыла.

3. Элчи Пабыл ишенимдештерин эмне кылганга үндөгөн жана эмне үчүн? (Эфестиктер 3:14—19).

3 Кудайдын Сөзүн жакшыраак түшүнүш үчүн андагы терең чындыктарды билишибиз керек. Элчи Пабыл ишенимдештерин чындыктын «кеңдигин, узундугун, бийиктигин жана тереңдигин толук түшүнө алыш» үчүн аны кылдат изилдөөгө үндөгөн. Ошондо алардын ишеними терең тамыр алмак. (Окугула: Эфестиктер 3:14—19.) Биз да ошентишибиз керек. Келгиле эмесе, Кудайдын Сөзүндөгү баалуу ойлорду толук түшүнүш үчүн аны кантип изилдесек болорун карап чыгалы.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ТЕРЕҢ ЧЫНДЫКТАРДЫ ИЗИЛДЕГИЛЕ

4. Жахабага жакындаш үчүн эмне кылсак болот? Мисал келтиргиле.

4 Кудайдын кызматчылары катары биз Ыйык Китептеги негизги окууларды түшүнгөнүбүзгө ыраазы болуп калгыбыз келбейт. Биз ыйык рухтун жардамы менен «Кудайдын терең сырларын» да билгибиз келет (1 Кор. 2:9, 10). Ан үчүн Жахабага жакындаганга көмөк кылган макалаларды изилдеп көрсөк болот. Алсак, ал байыркы убактагы кызматчыларын жакшы көрөрүн кантип көрсөткөнүн жана бул анын силерди да жакшы көрөрүнө кандайча далил болорун изилдеп көргүлө. Балким, Жахаба ысрайылдыктар ага сыйына алышы үчүн эмнелерди кылганын жана бүгүнкү күндө эмнелерди кылып жатканын салыштырып көрөттүрсүңөр. Же болбосо Иса Машаяктын жердеги жашоосуна жана кызматына байланыштуу аткарылган пайгамбарлыктарды терең изилдеп көрөттүрсүңөр.

5. Өздүк изилдөөңөрдө кайсы темаларды изилдеп көргүңөр келет эле?

5 Ыйык Китепти кылдат изилдеген айрым жарчылардан Кудайдын Сөзүндөгү кайсы нерселерди терең изилдеп көргүсү келерин сурашкан. Алардын айткандарынын кээ бирлерин « Өздүк изилдөө үчүн темалар» деген кутучадан көрө аласыңар. Ушул сыяктуу темаларды «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индексинен» (ор.) же «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралынан» изилдеп көрсөңөр болот. Ыйык Китепти терең изилдесеңер, ишенимиңер бекемделип, «Кудай жөнүндөгү билимди» таап, жүрөгүңөр кубанычка толот (Накыл 2:4, 5). Анда эмесе, Ыйык Китептеги кайсы терең чындыктарды изилдесек болоруна токтололу.

КУДАЙДЫН ОЙ-НИЕТИ ЖӨНҮНДӨ ОЙ ЖҮГҮРТКҮЛӨ

6. а) План менен ой-ниеттин кандай айырмасы бар? б) Эмне үчүн Жахабанын жерге жана адамзатка байланыштуу ой-ниетин түбөлүктүү деп айта алабыз? (Эфестиктер 3:11).

6 Мисалы, Ыйык Китепте Кудайдын ой-ниети жөнүндө эмне делерине көңүл буралы. План менен ой-ниеттин ортосунда кандай айырма бар? Планды бир жерден экинчи жерге алып бара турган темир жолго салыштырса болот. Эгер темир жол бузулуп калса, поезд барчу жерине жете албай калат. Ал эми ой-ниетти көздөгөн жердин өзүнө салыштырса болот. Биз каерге барарыбызды так билебиз. Бирок ал жакка ушул жол менен гана барам деп тандабайбыз. Ошондуктан биз бара турган жол жабылып калса, башкасын тандап кете беребиз. Жахаба бизге «түбөлүктүү ой-ниетин» акырындап ачып берип жатат (Эф. 3:11). Анын ой-ниетинин аткарылышына көп убакыт керек болгондуктан, анын ой-ниети түбөлүктүү деп аталат (Накыл 16:4). Ошондой эле Жахаба кылып жаткан нерселердин пайдасы түбөлүккө созулат. Анын ой-ниети кандай жана ал аны ишке ашырыш үчүн эмнелерди өзгөрткөн?

7. Биринчи түгөй козголоң чыгарганда, Жахаба ой-ниетин аткарыш үчүн эмне кылган? (Матай 25:34).

7 Кудай биринчи түгөйлөргө аларга карата ой-ниети кандай экенин айткан. Алар «укумдап-тукумдап», «жер бетин толтуруп», «аны иштетиши» жана «жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылышы» керек болчу (Башт. 1:28). Адам ата менен Обо эне козголоң чыгарып, урпактарын күнөө менен өлүмгө кул кылып салганда, Жахаба ой-ниетин өзгөрткөн эмес. Ал тек гана ой-ниетине жетүүнүн жолун өзгөрткөн. Козголоң чыгар замат, ал асманда Падышалык орнотууну чечкен. Жахаба ошол Падышалык аркылуу адамзатка жана жерге байланыштуу баштапкы оюн ишке ашырмак. (Окугула: Матай 25:34.) Өз убагы келгенде, Жахаба сүйүктүү тун Уулун жерге жиберген. Ал адамдарга ошол Падышалык жөнүндө айтып, баарыбызды күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн өз өмүрүн берген. Анан Жахаба Исаны Падышалыктын Падышасы катары бийлик кылышы үчүн асманга тирилткен. Бирок Кудайдын ой-ниети жөнүндө билишибиз керек болгон дагы башка нерселер бар.

Жахабанын асмандагы жана жердеги бардык кызматчыларынын ага биримдикте сыйынып жатканын элестеткиле! (8-абзацты карагыла.)

8. а) Ыйык Китептин негизги темасы кайсы? б) Эфестиктер 1:8—11-аяттарга ылайык, Жахаба эң акырында эмнени ишке ашырууну көздөп жатат? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

8 Ыйык Китептин негизги темасы — Машаяк башкарган Падышалык аркылуу Жахабанын ысмынын акталышы жана жерге карата ой-ниетинин аткарылышы. Анын ой-ниети өзгөрүшү мүмкүн эмес. Ал ой-ниетин ийгиликтүү ишке ашырарына кепилдик берет (Ыш. 46:10, 11; Евр. 6:17, 18). Кийин жер бети бейишке айланып, ал жакта Адам атанын жеткилең, адил урпактары түбөлүккө жашайт (Заб. 22:26). Бирок Жахабанын ой-ниети ошону менен эле чектелбейт. Эң акырында ал асмандагы жана жердеги аң-сезимдүү жаратуулардын баарын бириктирет. Ошондо тирүү жандын баары Жахабага Эгедери катары баш ийип, ага гана берилгендик көрсөтөт. (Окугула: Эфестиктер 1:8—11.) Жахабанын өз ой-ниетин укмуштуудай жол менен ишке ашырып келатканы силерди да таңдандырабы?

КЕЛЕЧЕК ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНГУЛА

9. Ыйык Китептен алыскы келечегибиз жөнүндө эмнелерди биле алабыз?

9 Жахабанын Эйден багында айткан пайгамбарлыгына токтололу. Ал Башталыш 3:15те жазылган b. Ал аятта Жахабанын ой-ниетине байланышкан окуялар жөнүндө сөз жүрөт. Алар миңдеген жылдардан кийин аткарылмак. Мисалы, Кудай Ыбрайым пайгамбарга анын урпактарынан Машаяк чыгарын айткан (Башт. 22:15—18). Анан пайгамбарлыкка ылайык, б. з. 33-жылы Исанын согончогу чагылган (Элч. 3:13—15). Ал эми пайгамбарлыктын акыркы бөлүгү 1 000 жылдыктын соңунда Шайтандын башынын жанчылышы менен аяктайт (Аян 20:7—10). Булардан тышкары, Ыйык Китепте Шайтандын дүйнөсү менен Жахабанын уюмунун ортосундагы кастык туу чокусуна жеткенде эмнелер болору да жазылган.

10. а) Жакында кандай окуялар болот? б) Акылыбыз менен жүрөгүбүздү ал окуяларга кантип даярдай алабыз? (Шилтемени карагыла.)

10 Кудай Сөзүндө алдын ала айтылган жер бетин дүңгүрөтө турган окуялар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Алгач, дүйнө төбөлдөрү: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыялашат (1 Тес. 5:2, 3). Анан жалган динге кол салынганда «капысынан» улуу алаамат башталат (Аян 17:16). Андан соң «адам Уулунун асмандагы булуттардын үстүндө күч-кубат жана улуу даңк менен келатканы» адаттан тыш жол менен көрүнүшү мүмкүн (Мт. 24:30). Иса койлорду эчкилерден бөлгөндөй, адамдарды экиге бөлүп сот өкүмүн жарыялайт (Мт. 25:31—33, 46). Ошол кезде Шайтан да жөн турбайт. Ал бүт каары менен улуттардын бирикмесин билдирген «Магок жеринен чыккан Гокту» чогултуп, Жахабанын элине кол салат (Жез. 38:2, 10, 11). Ошол убакыт аралыгында майлангандар улуу алааматтын туу чокусу болгон Армагедондо Машаяк менен бирге согушка аттаныш үчүн асманга чогултулат c (Мт. 24:31; Аян 16:14, 16). Андан соң Машаяктын миң жылдык башкаруусу башталат (Аян 20:6).

Жахаба жөнүндө миллиарддаган жылдар бою билим алгандан кийин ага канчалык жакындаарыңар жөнүндө ойлонгула (11-абзацты карагыла)

11. Түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон үмүт силер үчүн эмнени билдирет? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Эми миң жыл өткөндөн кийинки келечегибиз жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ыйык Китепте Жахабанын жүрөгүбүзгө «түбөлүктүүлүктү салганы» айтылат (Нас. 3:11). Бул силер үчүн эмнени билдирет? Жахаба менен болгон мамилеңерге кандай таасир этет? Ушулар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр болот. «Жахабага жакында» китебинин 319-бетинде мындай кызыктуу ой жазылган: «Жүз, миң, миллион, ал эмес, миллиард жыл өмүр сүрүп, Жахаба Кудай тууралуу азыркыга салыштырмалуу абдан көптү билебиз. Ошондо да дагы үйрөнүп-билерлик укмуштуудай көп нерселер калат... Телегейи тегиз жана ар түрдүүлүккө толгон бейиште түбөлүк өмүр сүрөбүз, а Жахаба менен болгон мамилебиз барган сайын бекемделип, дайым бакыт жана канааттануу алып келет». Ал убак келгиче Кудайдын Сөзүн изилдеп дагы эмнелерди билсек болот?

АСМАНГА БАШ БАККЫЛА

12. Асманга кантип баш бага алабыз? Мисал келтиргиле.

12 Ыйык Китеп аркылуу Жахабанын жашаган жайына бир аз баш бага алабыз (Ыш. 33:5). Кудайдын Сөзүндө Жахаба жана анын уюмунун асмандагы бөлүгү жөнүндө укмуштуудай нерселер ачылып берилген (Ыш. 6:1—4; Дан. 7:9, 10; Аян 4:1—6). Мисалы, андан «асман ачылып, [Жезекиел] Кудайдан аян алганда» шумдуктай нерселерди көргөнүн окуйбуз (Жез. 1:1).

13. Исанын Еврейлер 4:14—16-аяттарда айтылган иштерине эмне үчүн ыраазысың?

13 Исанын Башкы дин кызматчыбыз жана боорукер Падышабыз катары аткарган ролу жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ал аркылуу биз Жахабадан жардам беришин, ырайым кылышын сурап тилене алабыз. (Окугула: Еврейлер 4:14—16.) Жахаба менен Исанын биз үчүн кылган жана кылып жаткан жакшылыктары жөнүндө күнүгө ой калчайлы. Алардын бизге көрсөткөн сүйүүсү жүрөгүбүздү козгоп, күн сайын ынталуу кызмат кылганга түрткү бериши керек (2 Кор. 5:14, 15).

Башкаларга Жахабанын Күбөсү жана Исанын шакирти болгонго жардам бергенибиз үчүн жаңы заманда канчалык кубанарыбызды элестеткиле! (14-абзацты карагыла)

14. Жахаба менен Исага ыраазы экенибизди көрсөтүүнүн эң мыкты жолу кайсы? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

14 Жахаба менен Исага ыраазы экенибизди көрсөтүүнүн жолу — башкаларга Жахабанын Күбөсү болуп, Исаны жолдогонго жардам берүү (Мт. 28:19, 20). Элчи Пабыл да Кудайга жана Машаякка ыраазы экенин ушинтип көрсөткөн. Ал Жахабанын «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалаарын» билген. (1 Тим. 2:3, 4). Ал көптөрдү «кандайдыр бир жол менен болсо да куткарып калыш үчүн» колунан келгендин баарын кылган (1 Кор. 9:22, 23).

КУДАЙДЫН СӨЗҮН ИЗИЛДӨӨДӨН КУБАНЫЧ АЛГЫЛА

15. Забур 1:2ге ылайык, бизди эмне бактылуу кылат?

15 Забурчу «Жахабанын мыйзамынан ырахат алган», «анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп окуган» кишини бактылуу, ийгиликтүү деп сүрөттөгөн. Бул сөздөр кандай гана таамай айтылган! (Заб. 1:1—3, шилт.) Ыйык Китепти которгон Жозеф Ротергамм деген бир котормочу ушул аятка байланыштуу өзүнүн китебинде: «Ошондой киши Кудайдын жетекчилигин эңсегендиктен аны издеши, изилдеши жана ой жүгүрткөнгө көп убакыт жумшашы керек»,— деген. Анан Ыйык Китепти окугандарга: «Ыйык Китепти окубай калган күнүңөрдү текке кетти деп эсептей бергиле»,— деп айткан. Кудайдын Сөзүн изилдегенден рахат алыш үчүн андагы баалуу ойлорду тапканга күч жумшагыла. Анда жазылгандардын бири-бири менен кандай байланышта экенин аныктаганга аракет кылгыла. Ошондо Ыйык Китепти ар тараптан изилдөө терең кубаныч тартуулайт!

16. Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

16 Жахабанын өзүнүн Сөзүнө жаздырган кереметтүү чындыктарды түшүнүш кыйын эмес. Кийинки макалада ошондой терең чындыктардын бирине токтолобуз. Ал — элчи Пабыл еврей ишенимдештерине жазган катындагы Жахабанын улуу рухий ибадатканасы. Ошол тууралуу изилдөө силерге чоң кубаныч тартуулары шексиз.

94-ЫР: Кудайдын Сөзү үчүн ыраазыбыз

a Ыйык Китепти изилдөө рахат тартуулайт. Анын аркасында асмандагы Атабызга мурункудан да ынак болобуз жана изилдегенибиздин көп пайдасын көрөбүз. Бул макалада Кудайдын Сөзүн кантип терең изилдесек болорун билебиз.

b «Мааниси зор байыркы пайгамбарлык» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2022-ж., июль).

c Жакында боло турган, дүйнөнү дүңгүрөтө турган окуяларга кантип даярданса болорун билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!» деген китептин 230-бетин карагыла.