Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын рухий ибадатканасында кызмат кылуу сыймыгын баалагыла

Жахабанын рухий ибадатканасында кызмат кылуу сыймыгын баалагыла

«Асман менен жерди... жаратканга сыйынгыла»(АЯН 14:7).

93-ЫР: Жыйналышыбызга батаңды бер

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Периште эмне деп жатат жана анын айткандарынын бизге кандай тиешеси бар?

 ЭГЕР силерге периште сүйлөсө, аны угат белеңер? Бүгүнкү күндө Жахабанын периштеси «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге» сүйлөп жатат. Эмне деп? Ал: «Кудайдан корккула, аны даңктагыла,.. асман менен жерди... жаратканга сыйынгыла»,— деп жатат (Аян 14:6, 7). Анткени Жахаба — биз сыйынышыбыз керек болгон жалгыз чыныгы Кудай. Ал бизге улуу рухий ибадатканасында кызмат кылуу сыймыгын ыйгарган. Бул үчүн ага кандай гана ыраазыбыз!

2. Жахабанын рухий ибадатканасы деген эмне? (« Эмнени билдирбейт?» деген кутучаны да карагыла).

2 Рухий ибадаткана чынында эмнени билдирет жана ал жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин кайдан билсек болот? Рухий ибадаткана кадимки имарат эмес. Ал Жахабанын Иса Машаяктын курмандыгына негизделген таза сыйынуу үчүн көргөн чарасын билдирет. Пабыл бул туурасында 1-кылымдагы Жүйүт жеринде жашаган Исанын еврей жолдоочуларына жазган катында кененирээк түшүндүргөн b.

3, 4. Пабыл еврей ишенимдештерине эмне үчүн кат жазган жана аларга жардам бериш үчүн эмне кылган?

3 Пабыл бул катты Иса Машаяктын Жүйүт жериндеги еврей жолдоочуларына эмне үчүн жазган? Сыягы, эки себептен улам. Биринчиден, кубаттап, бекемдегиси келген. Алардын көбү жүйүт динин тутуп чоңоюшкан. Исанын жолдоочусу болгону үчүн аларды мурунку диний жетекчилери шылдыңдашы мүмкүн эле. Эмне үчүн? Анткени Машаяктын жолдоочуларынын чоң, таасирдүү ибадатканасы, курмандык жайы жана ал жакта кызмат кылган дин кызматчылары жок болчу. Бул алардын көңүлүн чөгөрүшү жана ишениминин солгундашына себеп болушу мүмкүн эле (Евр. 2:1; 3:12, 14). Ушундан улам, атүгүл айрымдары: «Мурунку эле динимди тутсамбы?» — деп ойлонушса керек.

4 Экинчиден, Пабыл Машаяктын еврей жолдоочуларынын Кудайдын Сөзүндөгү «катуу тамакты» же терең билимди түшүнгөнгө аракет кылбай жатканын айткан (Евр. 5:11—14). Кейпи, кээ бирлер дагы эле Мусанын мыйзамына карманып жүрүшкөн. Ошондуктан Пабыл Мыйзам талап кылган курмандыктар күнөөлөрдү толугу менен жууй албай турганын түшүндүргөн. Мыйзам ошол үчүн «жокко чыгарылган». Андыктан Пабыл андан ары терең чындыктарды түшүндүргөн. Ал ишенимдештерине Исанын курмандыгына негизделген «жакшы үмүтү» бар экенин эскерткен. Ошол үмүт аларга «Кудайга жакындаганга» жардам бермек (Евр. 7:18, 19).

5. Еврейлер китебинде жазылгандарды жакшыраак түшүнүш үчүн эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

5 Пабыл еврей боордошторуна Исанын жолдоочусу болгону эмне үчүн жакшыраак экенин түшүндүрүп берген. Жүйүттөрдүн Мыйзамга ылайык сыйынып келгени «келечектегинин көлөкөсү» гана болчу, «чыныгы нерсе болсо Машаякка таандык» болгон (Кол. 2:17). Мисалы, кишинин көлөкөсү анын көлөмүн эле көрсөтөт, ал эми анык «чыныгы нерсе» — кишинин өзү. Ошол сыңары, байыркы жүйүттөрдүн сыйынуусу келечекте боло турган нерсенин, тагыраак айтканда, рухий ибадаткананын көлөкөсү эле болчу. Жахаба орноткон ушул рухий ибадаткана ага жаккандай сыйына алышыбыз үчүн күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жол ачат. Ошондуктан ушул чараны жакшы түшүнгөнүбүз маанилүү. Келгиле, Еврейлер китебинде түшүндүрүлгөн «көлөкөнү» (жүйүттөрдүн байыркы учурда кантип сыйынганын), «чыныгы нерсе» (Машаяктын жолдоочуларынын бүгүнкү күндө кантип сыйынары) менен салыштыралы. Ошентсек, рухий ибадаткананы жана анын бизге кандай тиешеси бар экенин жакшыраак түшүнө алабыз.

ЫЙЫК ЧАТЫР

6. Ыйык чатыр кандай максатта колдонулган?

6 Көлөкө. Пабыл сөзүн б. з. ч. 1512-жылы Муса орноткон ыйык чатыр жөнүндө жазылгандарга негиздеген. («Көлөкө. Чыныгы нерсе» деген сүрөттү карагыла.) Ысрайылдыктар ыйык чатырды көчүп-конгон сайын өздөрү менен кошо алып жүрүшчү. Ыйык чатыр Иерусалимде ибадаткана курулганга чейин 500 жылдай колдонулган (Чыг. 25:8, 9; Сан. 9:22). Ысрайылдыктар Кудайга сыйыныш үчүн жана курмандыктарды чалыш үчүн чогулган жер «жыйын чатыры» деп да аталчу (Чыг. 29:43—46). Бирок ыйык чатыр Машаяктын жолдоочулары үчүн келечекте боло турган алда канча жакшы нерсени билдирген.

7. Рухий ибадаткана качан пайда болгон?

7 Чыныгы нерсе. Байыркы учурдагы жыйын чатыры «асмандагынын... көлөкөсү» болгон жана Жахабанын улуу рухий ибадатканасын билдирген. Пабыл: «Бул чатыр [же жыйын чатыры] азыркы убак үчүн мисал болуп саналат»,— деген (Евр. 8:5; 9:9). Пабыл еврейлерге кат жазган кезде, рухий ибадаткана бар болчу. Ал б. з. 29-жылы пайда болгон. Ошол жылы Иса чөмүлүп, ыйык рух менен майланган. Ошондой эле Жахабага «улуу башкы дин кызматчы» катары рухий ибадатканада кызмат кыла баштаган c (Евр. 4:14; Элч. 10:37, 38).

БАШКЫ ДИН КЫЗМАТЧЫ

8, 9. Еврейлер 7:23—27-аяттарга ылайык, ысрайылдыктардын башкы дин кызматчылары менен улуу Башкы дин кызматчы Иса Машаяктын кандай кескин айырмачылыгы бар?

8 Көлөкө. Башкы дин кызматчы Кудайдын алдында элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылчу. Жахаба дайындаган Ысрайылдын биринчи башкы дин кызматчысы Арун болгон. Ал кызматын жыйын чатыры Жахабага арналганда баштаган. Бирок Пабыл: «Көптөр биринен кийин бири дин кызматчы болушкан, анткени өлүм аларга кызматын улантууга жол берген эмес»,— деп айткан d. (Окугула: Еврейлер 7:23—27.) Жеткилең эмес болгондуктан башкы дин кызматчыларга өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн да курмандык чалганга туура келген. Ысрайылдыктардын башкы дин кызматчылары менен улуу Башкы дин кызматчы Иса Машаяктын ортосундагы кескин айырма ушунда болгон.

9 Чыныгы нерсе. Башкы дин кызматчыбыз катары Иса Машаяк «адам баласы эмес, Жахаба тургузган чыныгы чатырда адамдардын пайдасы үчүн кызмат кылат» (Евр. 8:1, 2). Пабыл «Иса түбөлүк жашагандыктан, анын дин кызматчылыгы башка бирөөгө өтпөй» турганын түшүндүргөн. Ал Исанын Ысрайылдын башка дин кызматчыларынан айырмаланып, «арамдалбаган, күнөөкөрлөрдөн бөлүнгөн» дин кызматчы болгонун айткан. Ошондой эле ага өзүнүн күнөөлөрү үчүн «күн сайын... курмандык чалуунун зарылдыгы жок» экенин да кошумчалаган. Келгиле анда, көлөкө менен чыныгы нерсенин айырмачылыктарын карайлы. Тагыраак айтканда, кеп курмандык жайлары менен курмандыктар жөнүндө жүрөт.

КУРМАНДЫК ЖАЙЛАРЫ ЖАНА КУРМАНДЫКТАР

10. Жез курмандык жайындагы курмандыктар эмнени билдирген?

10 Көлөкө. Жыйын чатырынын кире беришинин тушунда жезден жасалган курмандык жайы бар болчу. Ал жерде Жахабага арнап малды курмандыкка чалышчу (Чыг. 27:1, 2; 40:29). Бирок ошол курмандыктар элди күнөөдөн толугу менен арылта алган эмес (Евр. 10:1—4). Ыйык чатырда курмандыктардын кайра-кайра чалынышы адамзатты күнөөдөн толугу менен арылта турган курмандык керек экенин көрсөтүп турган.

11. Иса өмүрүн кайсы курмандык жайында курмандыкка чалган? (Еврейлер 10:5—7, 10).

11 Чыныгы нерсе. Иса Жахабанын аны жерге өмүрүн адамзат үчүн курмандык катары бериш үчүн жибергенин билген (Мт. 20:28). Ошондуктан чөмүлгөндө Жахабанын каалоосун орундаткысы келерин көрсөткөн (Жкн. 6:38; Гал. 1:4). Иса өзүн Кудайдын эркин билдирген каймана курмандык жайында курмандыкка берген. Ал эми Кудайдын «эрки» Уулунун жеткилең өмүрүн адамзат үчүн курмандыкка берүү болчу. Иса болсо ага ишенгендердин күнөөсүн толугу менен жууш үчүн өз өмүрүн «бир эле жолу» жана биротоло берген. (Окугула: Еврейлер 10:5—7, 10.) Эми жыйын чатырынын ичиндеги нерселер эмнелерди билдиргенин талкуулайлы.

ЫЙЫК ЖАЙ ЖАНА ЫЙЫКТЫН ЫЙЫГЫ

12. Ыйык чатырдын ичиндеги бөлүктөргө кимдер кире алган?

12 Көлөкө. Жыйын чатырынын жана кийинчерээк Иерусалимде курулган ибадатканалардын ичи окшош болчу. Алар эки бөлүктөн турган: Ыйык жай жана Ыйыктын ыйыгы. Экөөнүн ортосун көшөгө бөлүп турган (Евр. 9:2—5; Чыг. 26:31—33). Ыйык жайдын ичинде алтын чыракпая, жыпарзат түтөткүч жана нан коюлган үстөл бар болчу. Анын ичине ыйык кызмат аткарыш үчүн «майланган дин кызматчылар» гана кире алышчу (Сан. 3:3, 7, 10). Ал эми көшөгөнүн ары жагындагы Ыйыктын ыйыгында Жахабанын ысрайыл эли менен экенин билдирген алтын келишим сандыгы турчу (Чыг. 25:21, 22). Ал жакка жылына бир эле жолу, Күнөөдөн арылуу күнү, башкы дин кызматчы гана кире алчу (Леб. 16:2, 17). Ал жыл сайын өзүн жана элди күнөөдөн арылтыш үчүн, Ыйыктын ыйыгына малдын канын алып кирчү. Убакыттын өтүшү менен Жахаба ыйык чатырдын ичиндеги буюмдардын эмнелерди билдирерин ыйык руху аркылуу ачып берген (Евр. 9:6—8) e.

13. Жыйын чатырындагы ыйык жай менен Ыйыктын ыйыгы эмнени билдирет?

13 Чыныгы нерсе. Исанын шакирттеринин чектелүү саны гана ыйык рух менен майланган жана Жахаба менен өзгөчө мамиледе. Алардын саны 144 000. Алар асманда дин кызматчы болуп кызмат кылат (Аян 1:6; 14:1). Жерде жашап жүргөндө эле Кудай аларды ыйык руху менен майлап, асырап алган. Жыйын чатырындагы ыйык жай алардын Жахаба менен болгон өзгөчө мамилесин билдирет (Рим. 8:15—17). Ал эми жыйын чатырындагы Ыйыктын ыйыгы Жахабанын турак жайын — асманды — билдирет. Ыйык жайды Ыйыктын ыйыгынан бөлүп турган «көшөгө» болсо Исанын денесин билдирет. Анткени ал адам болуп жерде жашап жүргөндө рухий ибадатканада кызмат кылган улуу Башкы дин кызматчы катары асманга кире алмак эмес. Ал денесин адамзат үчүн курмандыкка бергенде, бардык майлангандар үчүн асманда жашаганга жол ачкан. Майлангандар асмандагы сыйлыгын алыш үчүн денесин ташташы керек (Евр. 10:19, 20; 1 Кор. 15:50). Иса тирилгенден кийин рухий ибадатканадагы Ыйыктын ыйыгына кирген. Ал жакка кийин бардык майлангандар чогулат.

14. Еврейлер 9:12, 24—26-аяттарга ылайык, Жахабанын рухий ибадатканасын эмне үчүн алда канча жогору деп айта алабыз?

14 Ооба, Жахабанын Иса Машаяктын курмандыгына жана дин кызматчылыгына негизделген таза сыйынуу үчүн көргөн чарасы алда канча жогору экенин көрдүк. Ысрайылдагы башкы дин кызматчы адамдар курган жыйын чатырындагы Ыйыктын ыйыгына малдын каны менен кирчү. Ал эми Иса Жахабанын алдына барыш үчүн эң ыйык жерге, «асмандын өзүнө», кирген. Анан жерде жеткилең адам катары жашай турган укугунан биз үчүн баш тарткан. Ошентип, «өзүн курмандыкка берип, күнөөнү жок кылган». (Окугула: Еврейлер 9:12, 24—26.) Исанын курмандыгы күнөөнү түбөлүккө жууй турган күчкө ээ. Азыр биле турганыбыздай, асманга жашаганга үмүттөнөбүзбү же жердеби, баарыбыз тең Жахабанын рухий ибадатканасында кызмат кыла алабыз.

КОРООЛОР

15. Жыйын чатырынын короосунда кимдер кызмат кылышчу?

15 Көлөкө. Жыйын чатырында тосмо менен тосулган короо бар болчу. Ал жерде дин кызматчылар өз милдеттерин аткарышчу. Короодо бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар чалына турган чоң жез курмандык жайы турчу. Ошондой эле суу куюлган жез казан бар болчу. Аны дин кызматчылар ыйык кызматын аткарарда жуунуп-тазаланыш үчүн колдонушчу (Чыг. 30:17—20; 40:6—8). Ал эми кийинчерээк курулган ибадатканаларда сырткы короо бар болчу. Ал жерге дин кызматчы эместер Кудайга сыйыныш үчүн бара алышчу.

16. Рухий ибадаткананын ички жана сырткы короосунда кимдер кызмат кылат?

16 Чыныгы нерсе. Исанын майланган бир туугандарынын калдыгы аны менен бийлик кылыш үчүн асманга кеткенге чейин рухий ибадаткананын жердеги ички короосунда ишенимдүү кызмат кылат. Суу толтурулган чоң казан аларга рухий жана адеп-ахлактык жактан таза болушу керектигин эскертип турат. Бул майланбагандарга да тиешелүү. Анда Машаяктын майланган бир туугандарына берилгендик менен колдоо көрсөтүп жаткан «эбегейсиз көп адамдар» кайсы жерде кызмат кылышат? Элчи Жакан алардын «тактынын... алдында» Кудайга «күнү-түнү ыйык кызмат кылып жатышканын» көргөн. Демек, эбегейсиз көп адамдар рухий ибадаткананын сырткы короосунда кызмат кылып жатышат (Аян 7:9, 13—15). Бизге рухий ибадатканасында кызмат кылганга мүмкүнчүлүк берип жатканына Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

ЖАХАБАГА КЫЗМАТ КЫЛУУ СЫЙМЫГЫ

17. Жахабага курмандык катары эмне бере алабыз?

17 Бүгүнкү күндө Машаяктын жолдоочуларынын баары Падышалыктын ишин алдыга жылдырыш үчүн убактысын, күчүн жана башка нерселерин курмандык катары тартуу кыла алышат. Бул — алар үчүн чоң сыймык. Элчи Пабыл еврей ишенимдештерине айткандай, биз «дайыма Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, анын ысмын жарыялаган оозубуздун жемишин алып келе» алабыз (Евр. 13:15). Жахабага кызмат кылууну сыймык катары көрөрүбүздү ага колубуздан келгендин эң жакшысын берип көрсөтө алабыз.

18. Еврейлер 10:22—25-аяттарда айтылгандай, эмнени сөзсүз кылышыбыз керек, эмнени унутпашыбыз керек?

18 Окугула: Еврейлер 10:22—25. Еврейлерге жазган катынын соңунда Пабыл Жахабага кызмат кылууда сөзсүз кылышыбыз керек болгон нерселерди айтып өткөн. Аларга Жахабадан тиленүү, кабар айтуу, жыйналышка баруу, Жахабанын «күнү жакындап келаткандыктан» бири-бирибизди бекемдөө кирет. Аян китебинин аяк жагында Жахабанын периштеси: «Кудайга таазим кыл»,— деп эки жолу айткан (Аян 19:10; 22:9). Андыктан, келгиле, Жахабанын улуу рухий ибадатканасы жөнүндөгү терең рухий чындыктарды эч качан унутпайлы. Ошондой эле улуу Кудайыбызга кызмат кылуу сыймыгын баалайлы!

88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт

a Жахабанын улуу рухий ибадатканасы жөнүндө жазылгандар — Ыйык Китептеги терең окуулардын бири. Ал эмне болгон ибадаткана? Бул макалада ошол ибадаткана жөнүндө Еврейлер китебинде эмнелер жазылганы кененирээк каралат. Макала силерге Жахабага кызмат кылуу сыймыгын көбүрөөк баалаганга түрткү берери шексиз.

b Еврейлер китеби жөнүндө жалпы маалымат алыш үчүн jw.org сайтынан «Еврейлер китебине кириш сөз» деген видеону көргүлө.

c Грек жазмаларынын Еврейлер китебинде гана Иса Башкы дин кызматчы деп айтылат.

d Бир эмгекке ылайык, б. з. 70-жылы, Иерусалимдеги ибадаткана талкаланганга чейин, Ысрайылда, сыягы, 84кө жакын башкы дин кызматчы кызмат кылган.

e Башкы дин кызматчынын Күнөөдөн арылуу күнү кылган иш-аракеттери эмнени билдирерин билиш үчүн jw.org сайтынан «Чатыр» деген видеону көргүлө.