Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмнени изилдесе болот?

Эмнени изилдесе болот?

Такталган түшүнүктөрдөн артта калбаш үчүн...

Биз Жахаба Ыйык Китепте жазылгандарды болуп көрбөгөндөй деңгээлде ачып берип жаткан маалда жашап жатабыз. Бул биз үчүн чоң сыймык! (Дан. 12:4). Биз алардан артта калып калбаганга аракет кылышыбыз керек. Анда ал жаңы түшүнүктөрдү жана алардын маанисин каяктан окусак болот?

• «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индекси» (ор.). Ал жактагы «Такталган түшүнүктөр» деген бөлүктү карасаңар, алардын тизмесин табасыңар.

• «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы». Ал адабиятта такталган түшүнүктөр темаларга бөлүнгөн. Аларды табыш үчүн «Жахабанын Күбөлөрү» деген жердеги «Көз караш, диний окуулар» деген бөлүктү тапкыла. Анын ичинен «Түшүнүктөрүбүздүн такталышы» деген бөлүкчөнү карагыла.

Өздүк изилдөөңөрдө такталган түшүнүктөрдүн акыркыларынан бирди тандап, аны азыр кандай түшүнүп калганыбызды, буга Ыйык Китепте кандай негиздер бар экенин окуп чыксаңар болот.