Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне туура, эмне туура эмес? Кабыргасынан коюлган суроо

Эмне туура, эмне туура эмес? Кабыргасынан коюлган суроо

Эч качан барып көрбөгөн жерге баргыңар келип жатат дейли. Эмне кылат элеңер?

  1. 1. Ушул жолго түшүшүм керек деп эле кете бересиңер.

  2. 2. Булар жолду билет болуш керек деп ойлоп башкаларды ээрчийсиңер.

  3. 3. GPS, карта сыяктуу ишеничтүү нерселерди колдоносуңар. Же жолду жакшы билген, өзүңөр таянган досуңардан сурайсыңар.

Эгер биринчини же экинчини тандасаңар, иши кылып бир жерге жетесиңер. Бирок ал өзүңөр көздөгөн жер болбошу мүмкүн. Эгер үчүнчүсүн тандасаңар, анда барар жериңерге сөзсүз жетериңерден шектенбесеңер болот.

Баарыбыз тең бир жерге жеткибиз келет — бактылуу болгубуз келет. Ага жетер-жетпесибиз көбүнесе чечим чыгарарда кандай кеңештерге кулак кагарыбыздан көз каранды.

Чыгарган чечимдерибиздин көбү анча деле маанилүү болбошу мүмкүн. Ал эми айрымдары жашообузга чоң таасир этет. Алардан эмнелерди баалаарыбыз, эмнени туура, эмнени туура эмес деп эсептээрибиз көрүнүп турат. Андай чечимдерибиз өзүбүзгө да, жакшы көргөн жакындарыбызга да же жакшы, же жаман таасир этет. Мындай чечимдерге төмөнкүлөр кирет:

  • Жыныстык мамиле жана нике

  • Чынчылдык, жумуш жана акча

  • Балдарды тарбиялоо

  • Алака-мамиле

Ушуларга тиешелүү чыгарган чечимдериңер өзүңөрдүн жана үй-бүлөңөрдүн келечекте бактылуу болушуна өбөлгө түзөбү? Буга көзүңөр жетиши үчүн эмне кылсаңар болот?

Андыктан ар бирибиз минтип ойлонуп көрүшүбүз керек: эмне туура, эмне туура эмес экенин айырмалай билип, туура чечим чыгарганга мага эмне жардам берет?

Бул журналда эмне туура, эмне туура эмес экени ачык жазылган Ыйык Китепке эмне үчүн таянсак болору жана ал силерге кандайча жардам берери каралат.