Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

Коркунуч басканда Жахабага таян

Коркунуч басканда Жахабага таян

2024-ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫК АЯТЫ: «Мени качан коркунуч баспасын, сага таянам» (ЗАБ. 56:3).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макаладан Жахабага азыркыдан да көбүрөөк таянып, коркунучту жеңгенди үйрөнөбүз.

1. Эмне үчүн кээде коркушубуз мүмкүн?

 КЭЭДЕ баарыбызды эле коркунуч каптайт. Албетте, биз Ыйык Китепти окуп-изилдеп жаткандыктан өлүмдөн, табияттан тыш нерселерден коркпойбуз. Ошондой эле келечегибизди ойлоп да кабатырланбайбыз. Ошондой болсо да биз «коркунучтуу көрүнүштөр», мисалы, согуш, кылмышкерлик жана оорулар күч алган заманда жашап жатабыз (Лк. 21:11). Мындан тышкары, адамдардан, анын ичинде бийлик өкүлдөрүнөн же Жахабага кызмат кылышыбызга каршы чыккан тууган-туушкандарыбыздан да коркушубуз мүмкүн. Айрымдар болсо учурда баштан кечирип жаткан же келечекте туш болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарды кантип көтөрүп кете алам деп санааркашат.

2. Дөөтүнүн Гатта кандай жагдайга кабылганын айтып бергиле.

2 Дөөтүнү да коркунуч баскан учурлар болгон. Маселен, Шабул падыша Дөөтүнүн артынан сая түшкөндө, ал пелиштиликтердин Гат деген шаарына качкан. Көп өтпөй эле Гаттын падышасы Акиш Дөөтүнүн пелиштиликтердин он миң жоокерин сулатканы үчүн макталып-даңкталган баягы баатыр экенин билип калган. Ошондо Дөөтү «аябай корко баштаган» (1 Шем. 21:10—12). Ал Акиш падыша мени кармап алса эмне кылат деп убайым тарткан. Ага коркунучка жеңдирбегенге эмне жардам берген?

3. Забур 56:1—3 жана 11-аятка ылайык, Дөөтү коркунучту кантип жеңген?

3 Дөөтүнүн Гатта жүргөндө өзүн кандай сезгени 56-забурда баяндалат. Ал Забурда Дөөтү эмнеден коркконун, коркунучка алдырбаш үчүн эмне кылганын жазган. Ал жерде айтылгандай, Дөөтү коркунуч каптаганда, Жахабага таянган. (Окугула: Забур 56:1—3, 11.) Анын ошенткени жөндүү болгон. Себеби Жахабанын жардамы менен Дөөтү кызыктай көрүнгөн, бирок жыйынтыгы жакшы болгон бир амал ойлоп тапкан. Тагыраак айтканда, ал акылынан айныган киши болумуш болуп койгон. Дөөтүнүн көзүн тазалайм деп жаткан Акиш аны көргөндө иренжип, кетирип жиберген. Ошентип, Дөөтү бир өлүмдөн калган (1 Шем. 21:13—22:1).

4. Канткенде Жахабага азыркыдан да көбүрөөк таяна алабыз? Мисал келтир.

4 Жахабага таянсак, биз да коркунучту жеңе алабыз. Бирок корккон учурларда канткенде Жахабага азыркыдан да бекем таяна алабыз? Бир мисал карап көрөлү. Олуттуу ооруга чалдыгып калганыңды билгенде башында коркушуң мүмкүн. Бирок доктуруңа ишенсең, бир аз тынчып каласың. Анткени ал сеникиндей дартка чалдыккандарды далай эле айыктырганын билесиң. Ошондой эле ал сени кунт коюп угуп, эмнени ойлоп коркуп жатканыңды түшүнөрүн айтат. Анан сага башкаларга жакшы жардам берген дарылоо ыкмасын сунуш кылат. Ошол сыңары, Жахабанын буга чейин эле эмнелерди кылганы, эмнелерди кылып жатканы жана эмнелерди кылары жөнүндө ой жүгүртсөк, ага ого бетер таянабыз. Дөөтү так ошондой кылган. Азыр анын рухтун жетеги менен жазган 56-забурдагы айрым сөздөрүн карап чыгабыз. Аларды карап жатканда канткенде Жахабага азыркыдан да көбүрөөк таяна аларыңды жана коркунучту кантип жеңсең болору жөнүндө ойлон.

ЖАХАБА БУГА ЧЕЙИН ЭМНЕЛЕРДИ КЫЛГАН?

5. Дөөтү корккондо эмнелер жөнүндө ой жүгүрткөн? (Забур 56:12, 13).

5 Өмүрү кылдын учунда турган мезгилде Дөөтү бүт көңүлүн Жахаба мурун кылган иштерге бурган. (Окугула: Забур 56:12, 13.) Ушинтип ой жүгүртүү анын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган. Алсак, ал кээде Жахабанын колунан бүткөн табиятка көз чаптырып, ошол жөнүндө ойлончу. Мунун аркасында ал анын канчалык кудурети күчтүү экенин, адам баласынын жыргалчылыгын көздөй турганын түшүнө алган (Заб. 65:6—9). Ошондой эле Жахабанын башкалар үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө да ой жүгүрткөн (Заб. 31:19; 37:25, 26). Айрыкча, жеке ага кылган жакшылыктарына көңүл топтогон. Чынында эле, Жахаба Дөөтүнү ымыркай кезинен эле коргоп, колдоп келген (Заб. 22:9, 10). Ушулар жөнүндө ой жүгүрткөндүктөн Дөөтү ага мурункудан да көбүрөөк таянып калганы шексиз.

Дөөтү Жахабанын мурун кылган, ошол учурда кылып жаткан жана кийин кыла турган иштери жөнүндө ой жүгүртүп, ага бекем таянганды үйрөнгөн (5, 8, 12-абзацтарды карагыла) d


6. Коркконубузда Жахабага таянганга бизге эмне жардам берет?

6 Коркунуч каптаганда: «Жахаба буга чейин эмнелерди кылган?» — деп ойлон. Ал жараткан нерселер жөнүндө ой жүгүрт. Мисалы, Жахабанын канаттууларга, гүлдөргө кантип кам көрүп жатканына кылдат байкоо сал. Жахабага окшош болуп жаратылбаса да жана ага сыйынбаса да, ал аларга кам көрүп келатат. Ушул жөнүндө ой жүгүртсөң, анын бизге да кам көрөрүнө ого бетер ынанып каласың (Мт. 6:25—32). Жахабанын өзүнүн кызматчылары үчүн эмнелерди кылганына да көңүл бур. Балким, Ыйык Китептеги ишеними күчтүү кайсы бир инсан жөнүндө изилдеп көрөттүрсүң же Жахабанын учурдагы кызматчыларынын биринин окуясын окуп көрөттүрсүң a. Мындан тышкары, Жахабанын сенин камыңды ойлоп, буга чейин эле эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүрт. Ал сени өзүнө кантип жакындатты эле? (Жкн. 6:44). Тилегиңе кантип жооп берди эле? (1 Жкн. 5:14). Ал өзүнүн сүйүктүү Уулун курмандыкка чалгандыктан, күн сайын мунун кандай пайдасын көрүп жатасың? (Эф. 1:7; Евр. 4:14—16).

Жахабанын мурун кылган, учурда кылып жаткан жана кийин кыла турган иштери жөнүндө ой жүгүртүп, ага бекем ишеним артканды үйрөнө алабыз (6, 9, 10, 13, 14-абзацтарды карагыла) e


7. Даниел пайгамбардын окуясы Ванессага коркунучун жеңгенге кантип жардам берген?

7 Гаитиде жашаган Ванесса b деген ишенимдешибиз кооптуу жагдайга туш болгон. Ага бир киши күн сайын чалып, жазып, жыныстык мамиледе болгонго кысым көрсөтө берчү. Ванесса ага андай кылбай турганын катуу эле айткан. Бирок ошенткен сайын тиги киши жинденип, атүгүл коркутуп-үркүтө баштаган. «Ошондо жүрөгүм түшүп калды»,— дейт Ванесса. Коркунучка алдырбаш үчүн ал эмне кылган? Өзүн коргош үчүн ал колунан келгендин баарын кылган. Бир аксакал аны бийлик өкүлдөрүнө кайрылганга үндөгөн. Ванесса өзү да Жахабанын мурда кызматчыларын кантип коргогону жөнүндө ой жүгүрткөн. Ал мындай дейт: «Дароо эле Даниел пайгамбарды эстедим. Аны ак жерден каралап, ач арстандардын оруна таштап салышкан. Бирок Жахаба арстандардын оозун жаап койгон. Ошондуктан Жахабадан: „Тиги киши мага тийишпесинчи, жагдайымды өзүң колго алчы“,— деп тилендим. Ошондон кийин коркпой калдым» (Дан. 6:12—22).

ЖАХАБА АЗЫР ЭМНЕЛЕРДИ КЫЛЫП ЖАТАТ?

8. Дөөтү эмнеден шектенген эмес? (Забур 56:8).

8 Дөөтү Гатта бир өлүмдөн калган учурда коркунучтун аны бийлеп алышына жол берген эмес. Анын ордуна, Жахабанын ага ошол учурда эмнелерди кылып жатканына көңүл топтогон. Дөөтү Жахабанын аны жетектеп, коргоп жатканын сезген, ошондой эле сезимдерин толук түшүнөрүн билген. (Окугула: Забур 56:8.) Мындан тышкары, анын Жонатан, башкы дин кызматчы Акимелек сыяктуу берилген достору болгон. Алар аны колдоп, кеп-кеңешин берип турган (1 Шем. 20:41, 42; 21:6, 8, 9). Шабул Дөөтүнү кас көрүп, артынан сая түшсө да, ал эч качан анын колуна түшкөн эмес. Дөөтү Жахабанын анын башынан эмнелерди өткөрүп жатканын, ошонун айынан канчалык жүрөгү сыздап жатканын жакшы билерине бекем ишенген.

9. Жахаба ар бирибиздин эмнебизди көрүп турат?

9 Тынчыңды кетирген кыйынчылыкка кабылганда, Жахабанын эмнелерди баштан кечирип жатканыңды, кыйынчылыктын сага кандай таасир этип жатканын билерин эсиңден чыгарба. Алсак, Жахаба байыркы учурда ысрайылдыктардын Мисирде кандай азапка малынганын эле эмес, «канчалык азап чегип жатканын» да билген (Чыг. 3:7). Дөөтү өзү да Жахаба жөнүндө: «Тарткан азабымды көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң»,— деп ырдаган (Заб. 31:7). Атүгүл, Кудайдын эли өздөрү кылган туура эмес иштердин кесепетин тарткан учурда да, «алар кыйналган сайын, ал да кыйналган» (Ыш. 63:9). Сенин жүрөгүңдө да коркунуч уялаганда, Жахаба өзүңдү кандай сезип жатканыңды түшүнөт. Ал сага коркунучту жеңгенге жардам бергенге даяр.

10. Жахаба сага кам көрөрүнө жана кыйынчылыктарды көтөргөнгө жардам берерине эмне үчүн ишенсең болот?

10 Коркунучтуу жагдайга туш болгондо Жахабанын сени кантип колдоп жатканын сезбешиң мүмкүн. Андайда Жахабадан тиленип, колдоосун сезгенге жардам сура (2 Пад. 6:15—17). Андан соң мындай деп ойлонуп көр: «Жыйналыштан айтылган баяндама же кимдир бирөөнүн жообу мени бекемдеди беле? Же кайсы бир адабият, видео же ыр дем-шык берди беле? Же болбосо кимдир бирөө соорото турган аят окуп берип же ошондой ой менен бөлүштү беле?» Сак болбосок, биз үчүн күйүп-бышкан боордошторубузду жана күчкө толтурган рухий тамакты оңой эле боло жүргөн нерседей көрүп калышыбыз ыктымал. Бирок ошонун баары — Жахабанын бизге берген баа жеткис белеги (Ыш. 65:13; Мр. 10:29, 30). Жахаба ошолор аркылуу бизге канчалык кам көрөрүн көрсөтөт (Ыш. 49:14—16). Ошондой эле ага таянсак болорун да далилдейт.

11. Аидага коркунучун жеңгенге эмне жардам берген?

11 Сенегалда жашаган Аида деген ишенимдешибиз башына кыйынчылык түшкөндө Жахабанын аны кантип колдогонун айтып берген. Үйдүн улуусу болгондуктан ата-энеси аны акча таап, аларды багат деп күтүшкөн. Бирок Аида пионер болуш үчүн жашоосун жөнөкөйлөткөндө, акчасы тартыш болуп кыйналган. Ошондо ата-энеси ага ачууланып, катуу сөздөрдү айткан. Ал мындай дейт: «Ата-энеме жардам бере албай калсам, башкалар мен жөнүндө эмне деп ойлоп калат деп коркком. Жагдайым оорлоп кеткенине атүгүл Жахабаны күнөөлөгөм». Бир күнү ал жыйналыштан баяндама уккан. «Баяндамачы Жахаба жүрөгүбүздү өйүгөн нерселердин баарын билерин эсиме салды. Жахаба аксакалдар жана башка ишенимдештеримдин кеп-кеңештери аркылуу мени жакшы көрөрүнө ынандырды. Акырындап отуруп, чын эле ошондой экенине көзүм жетти. Ошондон кийин Жахабадан тиленгенде анын мага жардам берерине көбүрөөк ишене баштадым. Тилегиме жооп алган сайын, жүрөгүмө тынчтык орной берди»,— дейт Аида. Убакыттын өтүшү менен ал пионер болуп кызмат кылганга да, ата-энесине акча жагынан жардам бергенге да шарт түзгөн жумуш тапкан. Аида: «Мен Жахабага толугу менен таянганды үйрөндүм. Азыр тиленгенден кийин тынчымды алган ойлор буудай тарап кетет»,— дейт.

ЖАХАБА ЭМНЕЛЕРДИ КЫЛАТ?

12. Забур 56:9га ылайык, Дөөтү эмнеден шектенген эмес?

12 Окугула: Забур 56:9. Бул аяттан Дөөтүнүн коркунучту жеңиш үчүн дагы эмне кылганын биле алабыз. Анын өмүрү дагы эле коркунуч алдында болсо да, ал Жахабанын ага эмнелерди кылып берери жөнүндө ой жүгүрткөн. Дөөтү Жахабанын аны өз учурунда куткарарына ишенген. Себеби Жахаба Дөөтү Ысрайылдын кийинки падышасы болорун мурун эле айткан болчу (1 Шем. 16:1, 13). Ошондуктан Дөөтү Жахабанын өз убадасын аткарарынан кымындай да шектенген эмес.

13. Жахабанын биз үчүн эмнелерди кыларынан шектенбесек болот?

13 Жахаба сага эмнелерди убада кылган? Албетте, ал бизди бардык кыйынчылыктардан калкалайт деп күтпөйбүз c. Ошондой болсо да Жахаба азыр туш болуп жаткан кыйынчылыктарыбыздын баарынан жаңы заманда биротоло арылтат (Ыш. 25:7—9). Ооба, Жаратканыбыздын өлгөндөрдү тирилткенге, дарттарыбыздан арылтканга, жараланган жүрөгүбүздү айыктырганга, душмандарыбызды жок кылганга кудурети жетет (1 Жкн. 4:4).

14. Эмнелер жөнүндө ой жүгүртсөк болот?

14 Коркунуч каптаганда Жахабанын келечекте эмнелерди кылары тууралуу ой жүгүрт. Мисалы, Шайтан жана ыймансыз адамдар жок кылынат. Жер бетинде жалаң гана адил адамдар калат. Күн өткөн сайын акырындап жеткилеңсиздиктен арыла баштайбыз. Ошондо кандай сезимдерге чулганарың жөнүндө ойлонуп көр. Эсиңде болуш керек, 2014-жылы өткөрүлгөн региондук жыйында бир демонстрация болгон. Анда келечек жөнүндө кантип ой жүгүртсөк болору көрсөтүлгөн. Бир үй-бүлө башчысы 2 Тиметей 3:1—5-аяттарда бейиш жөнүндө айтылган болсо, кантип окумактыгыбыз жөнүндө үй-бүлөсү менен сүйлөшкөн. Ал минтип окуп берген: «Жаңы заманда эң сонун күндөр болорун бил. Себеби адамдар башкаларды сүйгөн, чындыкты сүйгөн, жөнөкөй, момун, Кудайды даңктаган, ата-энесинин тилин алган, жакшылыкты баалаган, ишенимдүү, жакындарын сүйгөн, эпке-сөзгө келген, башкалар жөнүндө жалаң гана жакшы нерселерди сүйлөгөн, өзүн кармай билген, жумшак, жакшылык кылгысы келген, ишеничтүү, ылайыкташа билген, өзүн көтөрбөгөн, ырахаттын ордуна Кудайды сүйгөн, Кудайга берилгендигин иш жүзүндө көрсөткөн адамдар болушат. Ошондойлорго жабыш». Сен да жаңы заманда жашоо кандай болору жөнүндө үйүңдөгүлөр, ишенимдештериң менен сүйлөшүп турасыңбы?

15. Таняга коркунучун жеңгенге эмне жардам берген?

15 Түндүк Македонияда жашаган Таняга келечекте ала турган баталары жөнүндө ой жүгүрткөнү коркунучун жеңгенге жардам берген. Ата-энеси анын Ыйык Китепти изилдешине аябай каршы болгон. Ал мындай деп бөлүшөт: «Болбой эле койсо экен деп коркуп жүргөн нерселерим болбой койгон жок. Жыйналышка барып келген сайын, апам мени сабачу. Ата-энем, эгер Жахабанын Күбөсү болсоң, өлтүрүп коёбуз деп коркутушчу». Акыры, алар Таняны үйүнөн кууп чыгышкан. Ошондо Таня эмне кылган? Ал мындай дейт: «Мен кынтыксыздыгымды сактасам, түбөлүктөн түбөлүккө бактылуу болорум жөнүндө көп ойлончумун. Ошондой эле бул дүйнөдө эмнени жоготпоюн, Жахаба ошонун баарын кайтарып берери жөнүндө жана жаңы заманда жаман нерселердин баары унутулары жөнүндө ой жүгүртчүмүн». Ооба, Таня кынтыксыздыгын сактаган. Жахаба жардам бергендиктен, ал жашаганга жай тапкан. Азыр анын Кудайга ишенимдүү кызмат кылган жолдошу бар. Учурда экөө толук убакыт кубанып кызмат кылып жатышат.

ЖАХАБАГА БЕКЕМ ТАЯНГАНДЫ АЗЫРТАДАН ҮЙРӨН

16. Лука 21:26—28-аяттарда жазылган пайгамбарлыктын аткарылганын көргөндө, кайратыбыздан жазбаганга эмне жардам берет?

16 Улуу алааматта адамдар «коркконунан эсинен танышат». Бирок Кудайдын эли кайратынан жазбай, бекем турат. (Окугула: Лука 21:26—28.) Эмне үчүн? Анткени биз Жахабага бекем таянганды үйрөнүп калган болобуз. Жогоруда сөз кылынган Таня мурда башынан өткөндөрү ага оор кыйынчылыктарды көтөргөнгө жардам берип жатканы жөнүндө мындай деген: «Кандай жагдай болбосун, Жахаба кол сунуп, андан алып чыгып кетерин, батасын берерин түшүндүм. Кээде жагдайды башкалар көзөмөлдөп тургандай сезилет. Бирок, чынында, алар Жахаба канчалык жол берсе, ошончолук деңгелде гана көзөмөлдөй алышат. Көтөрө алгыстай сезилсе да, ар бир кыйынчылыктын акыры болорун унутпашыбыз керек».

17. 2024-жылдын жылдык аяты бизге кантип жардам берет? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

17 Бүгүнкү күндө жүрөктүн үшүн алган нерселер аябай көп. Бирок биз, Дөөтүдөй болуп, эч качан коркунучка алдырбайбыз. 2024-жылдын жылдык аяты Дөөтүнүн Жахабадан: «Мени качан коркунуч баспасын, сага таянам»,— деп тиленгенде айткан сөздөрүнөн алынды (Заб. 56:3). Ыйык Китепте жазылгандар түшүндүрүлгөн бир эмгекте бул аят тууралуу мындай делген: «Дөөтү коркунучун ого бетер күчөтүп, көйгөйлөрүнө эле көңүл топтой бербей, Куткаруучусунан көзүн алган эмес». Бул жылдык аят жөнүндө дайыма, өзгөчө, коркунучка кептеген жагдайларга кабылганда ой жүгүртүп тур. Жахабанын мурун кылган, учурда кылып жаткан жана келечекте кыла турган иштери жөнүндө ойлонгонго убакыт бөл. Ошондо сен да, Дөөтүгө окшоп: «Кудайга таянып, коркпойм»,— деп айта аласың (Заб. 56:4).

Табигый кырсык учурунда бир ишенимдешибиз жылдык аят жөнүндө ойлонуп жатат (17-абзацты карагыла)

ТӨМӨНКҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ ОЙ ЖҮГҮРТҮП, КАНТКЕНДЕ КОРКУНУЧУҢДУ ЖЕҢЕ АЛАСЫҢ?

  • Жахабанын мурун кылган иштери

  • Жахабанын учурда кылып жаткан иштери

  • Жахабанын келечекте кыла турган иштери

33-ЫР: Жүгүңдү Жахабага арт

a jw.org сайтынан ишенимиңди бекемдеген маалыматтарды таба аласың. Ан үчүн издөө тилкесине «Алардан үлгү алгыла» же «Жахабанын Күбөлөрүнүн өмүр баяндары» деп жаз. Ал эми JW Library® тиркемесинен «Макалалар жыйнагы» деген жердеги «Алардан үлгү алгыла» же «Жахабанын Күбөлөрүнүн өмүр баяндары» дегенди кара.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Дөөтү Жахабанын ага аюуну өлтүргөнгө жардам бергени, Акимелек аркылуу кеп-кеңешин бергени, келечекте падыша кылары жөнүндө ой жүгүрткөн.

e СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Кудайга ишенгени үчүн түрмөдө отурган ишенимдешибиз Жахабанын ага тамекини таштаганга кантип жардам бергени, жакындары жазган каттар аркылуу кантип бекемдеп жатканы жана бейиште түбөлүк өмүр берери жөнүндө ой жүгүртүп отурат.