Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

19-ЫР: Мырзабыздын өлгөн күнүн эскерүү

Ушул жылдын эң маанилүү күнүнө даярсыңарбы?

Ушул жылдын эң маанилүү күнүнө даярсыңарбы?

«Муну мени эскериш үчүн кылгыла» (ЛК. 22:19).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макаладан Эскерүү кечесинин эмне үчүн өзгөчө азем экенин, ага кантип даярдана аларыбызды жана башкаларга ага катышканга кантип жардам бере аларыбызды билебиз.

1. Эмне үчүн Эскерүү кечеси биз үчүн эң маанилүү күн? (Лука 22:19, 20).

 ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ үчүн Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү — эң маанилүү күн. Иса өзүнүн жолдоочуларына ошол күндү гана белгилөөнү буйруган. (Окугула: Лука 22:19, 20.) Биз Эскерүү кечесин бир нече себептен улам аябай күтөбүз. Эмесе, алардын айрымдарына токтололу.

2. Эмне себептен Эскерүү кечесин чыдамсыздык менен күтөбүз?

2 Эскерүү кечеси кундун канчалык баалуу экени жөнүндө ойлонгонго жардам берет. Ал бизге Исанын курмандыгына кантип ыраазычылык билдирсек болорун да эсибизге салат (2 Кор. 5:14, 15). Андан тышкары, Эскерүү кечесине барганда «бири-бирибизди бекемдей» алабыз (Рим. 1:12). Жыл сайын кечеге жигердүү эмес болуп калган көптөгөн ишенимдештерибиз да келет. Жыйналыштагылар кучак жайып тосуп алгандыктан, алардын айрымдары Жахабага кайтып келүүнү чечет. Ал кечеге Ыйык Китепке кызыккандар да келишет. Алар уккан-көргөнүнө таасирленип, өмүр жолуна түшкөнгө түрткү алышат. Мына ушул себептерден улам Эскерүү кечеси биз үчүн өзгөчө жолугушуу десек болот.

3. Эскерүү кечеси кандайча дүйнө жүзүндөгү боордошторубуздун башын бириктирет? (Сүрөттү да карагыла.)

3 Эскерүү кечесинин дүйнө жүзүндөгү боордошторубуздун башын бириктирери жөнүндө да ойлонуп көрсөңөр. Күн баткандан кийин, улам бир өлкөдө Жахабанын Күбөлөрү ошол кечеге чогулушат. Кечеден баарыбыз тең кундун маанилүүлүгү жөнүндө баяндама угабыз. Жахабаны даңктап эки ыр ырдайбыз. Нан менен шарапты колдон колго өткөрөбүз. Ошондой эле жолугушуу учурунда төрт жолу тиленебиз. Андан кийин баарыбыз «оомийн» деп чын жүрөктөн айтабыз. Ушундай тартип менен 24 саат бою төгөрөктүн төрт бурчундагы жыйналыштарда Эскерүү кечеси өткөрүлөт. Жахаба менен Исанын баарыбыз тең аларды ушинтип биримдикте даңктап жатканыбызды көргөндө кандай гана кубанарын элестетип көрсөңөр!

Эскерүү кечеси бүткүл дүйнөлүк боордоштугубузду бириктирет (3-абзацты карагыла) f


4. Бул макалада эмнелерди карайбыз?

4 Бул макалада төмөнкү суроолорду карап чыгабыз: Канткенде Эскерүү кечесине бүт дитибизди коюп даярдана алабыз? Башкалар да ал кечеге катыша алышы үчүн, эмне кылсак болот? Жигердүү эмес болуп калгандарга кантип көмөк кыла алабыз? Бул суроолорго жооп алганыбыз ушул ыйык кечеге даярданганга жардам берет.

КАНТКЕНДЕ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНЕ БҮТ ДИТИБИЗДИ КОЮП ДАЯРДАНА АЛАБЫЗ?

5. а) Эмне үчүн кундун баалуулугу жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек? (Забур 49:7, 8). б) «Иса пайгамбар эмне үчүн өлгөн?» деген видеодон эмнелерди билдиңер?

5 Эскерүү кечесине бүт дитибизди коюп даярдануунун бирден бир жолу — Иса төлөгөн кун жөнүндө ой жүгүртүү. Биз өзүбүздү күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан эч качан кун төлөп куткара алмак эмеспиз. (Окугула: Забур 49:7, 8; «Иса пайгамбар эмне үчүн өлгөн?» деген видеону да көргүлө.) a Өзүнө жана сүйүктүү Уулуна оңойго турбаса да, Жахаба Уулунун биз үчүн өлүшүнө жол берген (Рим. 6:23). Жахаба менен Исанын биз үчүн эмнелерден кечкени жөнүндө канчалык көп ойлонсок, кунду ошончолук баалайбыз. Азыр Жахаба менен Исага кунду төлөө канчалык кымбатка турганынын айрым нерселерин карайбыз. Бирок алгач кундун эмнени билдирерин карайлы.

6. Кун өз ичине эмнени камтыйт?

6 Кун — бир нерсени кайра кайтарып алыш үчүн төлөнгөн баа. Эң биринчи киши, Адам ата, жеткилең болуп жаралган. Бирок күнөө кетиргенинин айынан ал өзү да, бүт урпактары да түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Ошондуктан Адам ата кол жууп калган нерсени кайрып алыш үчүн Иса өзүнүн жеткилең өмүрүн курмандыкка чалган. Жерде жашап жүргөн кезинде Иса «эч күнөө кылган эмес, оозунан бир да жалган сөз чыккан эмес» (1 Пет. 2:22). Адам ата күнөө кетиргенге чейин жеткилең болгондой эле, Иса да өмүрүнүн акырына чейин жеткилең бойдон калган. Ошондуктан кун төлөй алган (1 Кор. 15:45; 1 Тим. 2:6).

7. Иса жерде жүргөндө кандай кыйынчылыктарга кабылган?

7 Иса жерде жашап жүргөндө көптөгөн кыйынчылыктарга туш болсо да, асмандагы Атасына бардык жагынан баш ийген. Жеткилең болуп төрөлсө да, Иса бала кезинде жеткилең эмес ата-энесине тил алышы керек болгон (Лк. 2:51). Балким, өспүрүм кезинде башкалар аны ата-энесинин тилин албаганга же Жахабага каршы иш кылганга азгыргандыр. Ошондой болсо, ал ошонун баарын четке каккан. Ал эми чоң киши болуп калган кезинде Ибилистин азгырыктарына туруштук берген. Кээде Шайтан ачык эле чабуул коюп, аны Жахабага болгон берилгендигинен тайдыргысы келген (Мт. 4:1—11). Иса кун төлөй албай калышы үчүн, Шайтан аны күнөөгө түрткөнгө болгон күчүн салган.

8. Иса дагы кандай сыноолорду баштан кечирген?

8 Иса дагы башка сыноолорго туш болгон. Алсак, куугунтукталган, өмүрүнө коркунуч туулган учурлар болгон (Лк. 4:28, 29; 13:31). Ошондой эле шакирттеринин ката-кемчиликтерине чыдаганга туура келген (Мр. 9:33, 34). Андан тышкары, аны устунга кадаганга чейин, мазактап, кыйнашкан. Анан жан чыдагыс азапка дуушар болуп, басынтылып өлтүрүлгөн (Евр. 12:1—3). Ага өмүрүнүн акырындагы ошол сыноону өзү жалгыз көтөргөнгө туура келген. Себеби Жахаба аны коргогон эмес b (Мт. 27:46).

9. Исанын курмандыгы жөнүндө ойлонгондо кандай сезимде болобуз? (1 Петир 1:8).

9 Ооба, кун төлөө Исага аябай кымбатка турган. Ал бизди куткарыш үчүн эч нерсесин аяган эмес. Ушул жөнүндө ойлонгондо ага болгон сүйүүбүз артып, абдан ыраазы болобуз. (Окугула: 1 Петир 1:8.)

10. Кун төлөө Жахабага оңой болгонбу? Түшүндүргүлө

10 Ал эми Жахаба жөнүндө эмне десек болот? Иса кун төлөшү үчүн, ал эмнелерден кечкен? Жахаба менен Исанын мамилеси ушунчалык ысык болгон. Бир да ата менен баланын мамилеси алардыкына тең келбейт (Накыл 8:30). Ошондуктан Исанын жерде жүргөндө кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын көрүп Жахабанын жүрөгү канчалык тилингенин элестетип көрсөңөр! Ооба, Уулуна жаман мамиле кылып, ага ишенбей жатышканын, кордоп жатышканын көргөндө жүрөгү сыздаганы айтпаса да түшүнүктүү.

11. Иса устунга кадалганда, Жахаба өзүн кандай сезген? Мисал келтиргиле

11 Баласынан айрылган ата-эне күйүттүн канчалык күч болорун жакшы түшүнөт. Өлгөндөрдүн тирилерин билсек да, андайда күйүтүбүз басаңдап калбайт. Анын сыңарындай, б. з. 33-жылы жанындай жакшы көргөн Уулунун сай-сөөгү сыздап устунда кадалып турганын көргөндө Жахабанын ичи өрттөнгөн c (Мт. 3:17).

12. Эскерүү кечесине чейин эмнелерди кылсак болот?

12 Эскерүү кечесине чейин өздүк изилдөөңөрдө же үй-бүлөлүк изилдөөдө кун жөнүндө изилдеп көргүлө. Бул теманы тереңирээк казыш үчүн «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралын» же башка изилдөө куралдарын колдонгула d. «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралына чыккан «Эскерүүгө байланыштуу Ыйык Китепти окуу» графигине кармангыла. Ал эми кече боло турган күнү атайын чыгарылган таңкы сыйынууну сөзсүз көргүлө. Эскерүү кечесине бүт дитибизди коюп өзүбүз жакшы даярдансак, башкаларга ал кечеге келип, пайда алганга жардам бере алабыз (Эзра 7:10).

БАШКАЛАРГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

13. Башкалар да кечеге катышышы үчүн, эмне кылсак болот?

13 Эскерүү кечеси башкаларга да пайдалуу болушу үчүн, эмне кылсак болот? Албетте, эң алгач, аларды чакырышыбыз керек. Кабар айтып жүргөнүбүздө жолуктурган адамдардан тышкары чакыргыбыз келген адамдардын тизмесин түзүп алганыбыз жакшы. Ал тизмеге туугандарыбызды, чогуу иштешкендерибизди, классташтарыбызды жана башкаларды кошсок болот. Чакыруу баракчалары жетишсиз болсо, электрондук түрүндөгүсүнүн шилтемесин жөнөтө алабыз. Ким билет, балким, көп киши келип калаттыр (Нас. 11:6).

14. Чакыруу баракчасын берген же жөнөткөн канчалык таасирдүү болушу мүмкүн? Мисал келтиргиле.

14 Чакыруу баракчасын берип же жөнөтүп чакыргандын таасирдүү болорун унутпагыла. Бир мисалга токтололу. Күндөрдүн биринде бир ишенимдешибиздин Жахабанын Күбөсү эмес жолдошу ага Эскерүү кечесине барайын деп жатканын сыймыктана айткан. Ишенимдешибиз буга аябай таң калган. Эмне үчүн? Анткени ал ага чейин аны көп жолу чакырыптыр. Бирок жолдошу барчу эмес экен. Анда эмне үчүн ал бул жолкусунда барайын деп чечкен? Жолдошу: «Мага чакыруу баракчасын таштап кетишти»,— деген. Көрсө, аны ал жакшы тааныган аксакал кечеге чакырыптыр. Ошентип, ал ошол жылы да, андан кийин да көп жыл бою Эскерүү кечесине барып турган.

15. Кимдир бирөөнү кечеге чакырганда эмнелерди эске алсак болот?

15 Эскерүү кечесине келгендерде, өзгөчө, жолугушууларыбызга биринчи жолу келгендерде ар кандай суроолор болушу мүмкүн экенин эске алгыла. Алардын кандай суроолорду бериши мүмкүн экени тууралуу ойлонуп, алдын ала даярданып койгула (Кол. 4:6). Мисалы, айрымдары мындай деп ойлонушу мүмкүн: «Ал эмне болгон кече? Канча саат болот? Кандай кийинип барыш керек? Киргенде акча төлөйбүзбү? Жолугушуу учурунда акча чогултулабы?» Ошондуктан кимдир бирөөнү кечеге чакырганда: «Суроолоруңуз барбы?» — деп сурап көргүлө. Анан ойлондурган суроолоруна жооп бергиле. Ошондой эле жолугушууларыбыз кантип өтөрүн түшүндүрүп бериш үчүн «Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү», «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» деген видеолорду көрсөтсөк болот. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин 28-бөлүмүнөн да эмнелерди айтып берсеңер болорун таба аласыңар.

16. Эскерүү кечесине келгендер дагы башка кандай суроолорду бериши ыктымал?

16 Эскерүү кечесине келгенден кийин кызыккандарда дагы башка суроолор туулушу мүмкүн. Маселен, минтип сурашы ыктымал: «Эмне үчүн нан менен шараптан айрымдар эле (эгер болсо) ооз тийишет? Эскерүү кечеси канча жолу өткөрүлөт? Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларынын баары бирдей эле өткөрүлөбү?» Бул суроолордун көбүнүн жообу кечедеги баяндамада айтылса да, жаңы келгендер булар тууралуу көбүрөөк билгиси келиши мүмкүн. Андай суроолорго жооп бериш үчүн jw.org сайтындагы «Жахабанын Күбөлөрүнүн Мырзанын кечки тамагын белгилегени эмне үчүн башка диндерден айырмаланат?» деген макаланы колдонсоңор болот. Ооба, «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондор» Эскерүү кечесине келип пайда алышы үчүн кечеге чейин, ошол учурда жана андан кийин да колубуздан келгендин баарын кылгыбыз келет (Элч. 13:48).

ЖИГЕРДҮҮ ЭМЕС БОЛУП КАЛГАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

17. Аксакалдар жигердүү эмес болуп калгандарга кантип жардам бере алышат? (Жезекиел 34:12, 16).

17 Аксакалдар, Эскерүү кечеси болгонго чейин жигердүү эмес болуп калгандарга кантип жардам бере аласыңар? Алардын камын ойлооруңарды көрсөткүлө. (Окугула: Жезекиел 34:12, 16.) Мүмкүн болушунча, көбү менен байланышканга аракет кылгыла. Аларга жардам бериш үчүн колдон келгендин баарын кыларыңарга ынандыргыла. Эскерүү кечесине чакыргыла. Эгер келишсе, кучак жайып тосуп алгыла. Кечеден кийин да байланышып тургула. Аларга Жахабага кайтып келгенге зарыл болгон жардамды көрсөтүш үчүн бүт күчүңөрдү жумшагыла (1 Пет. 2:25).

18. Жигердүү эмес болуп калгандарга баарыбыз кантип жардам бере алабыз? (Римдиктер 12:10).

18 Жигердүү эмес болуп калгандардын Эскерүү кечесине келишине баарыбыз кантип салым кошо алабыз? Ан үчүн аларды жакшы көрөрүбүздү билдиришибиз, жакшы мамиле кылышыбыз жана урматташыбыз керек. (Окугула: Римдиктер 12:10.) Ал сүйүктүү ишенимдештерибиздин жолугушууга келгенден тартынышы мүмкүн экенин эсиңерден чыгарбагыла. Балким, алар жыйналыштагылар мени кантип кабыл алат деп коркушаттыр e. Андыктан аларга ыңгайсыз абалда калтыра турган суроолорду бербегиле же көңүлүнө катуу тие турган сөздөрдү айтпагыла (1 Тес. 5:11). Алардын ишенимдештериңер экенин унутпагыла. Алар биз менен чогуу кайрадан Жахабага сыйына баштаса, абдан сүйүнөбүз (Заб. 119:176; Элч. 20:35).

19. Исанын өлгөн күнүн эскергенибиздин кандай пайдалары бар?

19 Исанын өзүнүн өлгөн күнүн жыл сайын эскерип турууну буйруганы таң калыштуу эмес. Кечеге барганыбыздын өзүбүз үчүн да, башкалар үчүн да көп пайдасы бар (Ыш. 48:17, 18). Маселен, Жахаба менен Исага болгон сүйүүбүз артат. Алардын биз үчүн кылган жакшылыктарына канчалык ыраазы экенибизди көрсөтөбүз. Ишенимдештерибизге ого бетер ынак болуп калабыз. Ошондой эле кызыккандарга кундун аркасында кандай бата аларын түшүнгөнгө жардам бере алабыз. Анда эмесе, келгиле, ушул жылы боло турган Эскерүү кечесине — жылдын эң маанилүү күнүнө — жакшы даярдык көрөлү!

КАНТКЕНДЕ...

  • Эскерүү кечесине бүт дитибизди коюп даярдана алабыз?

  • башкаларга кечеге келгенге жардам бере алабыз?

  • жигердүү эмес болуп калгандарга көмөк көрсөтө алабыз?

18-ЫР: Кун үчүн ыраазыбыз

a Бул макалада айтылган видеолорду, макалаларды табыш үчүн jw.org сайтындагы издөө тилкесин колдонгула.

b Карагыла: «Окурмандардын суроолору», «Күзөт мунарасы», 2021-ж., апр.

d « Эмнелерди изилдесе болот?» деген кутучаларды карагыла.

e « Кантип тосуп алышыбыз керек?» деген сүрөттөрдү жана кутучаны карагыла Жигердүү эмес болуп калган ишенимдешибиз Падышалык залына киргенден уялып жатат. Бирок ал ошол сезимин жеңип залга кирип келатат. Ишенимдештери аны жылуу тосуп алып, аны менен пикирлешип жатышат.

f СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Дүйнөнүн бир бурчундагы Жахабанын Күбөлөрү Эскерүү кечесин өткөрүп жатышса, башка бурчундагылар ага даярданып жатышат.