Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аялзатына Жахабадай мамиле кылгыла

Аялзатына Жахабадай мамиле кылгыла

БИЗ көптөгөн ишенимдүү эже-карындаштарыбыз менен ийиндеш туруп кызмат кылып жатканыбызды чоң сыймык деп эсептейбиз. Жахабага берилген, күжүрмөн эмгектенген ал ишенимдештерибиздин ар бирин жакшы көрөбүз жана жогору баалайбыз. Ошондуктан, ага-инилер, аларга жылуу мамиле кылгыла, калыс болгула жана урматтап-сыйлагыла. Бирок баарыбыз жеткилеңсиз пенде болгондуктан бул кээде кыйынга турат. Айрымдарга болсо ушинткенге дагы бир нерсе тоскоолдук кылат.

Кээ бир эркектер аялзаты экинчи сорттогу адамдар деп эсептелген чөйрөдө чоңоюп-өсүшөт. Мисалы, Боливияда райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Ханс мындай дейт: «Айрым элдерде эркектер эркек болгонуна аябай сыймыктанышат. Ошондуктан өздөрүн аялдардан жогору көрүшөт. Бул алардын аң-сезимине терең тамырлап калган». Ал эми Тайванда жашаган Шеңсян деген аксакал мындай деп бөлүшөт: «Мен жакта жашаган эркектер аял деген эркектин ишине такыр кийлигишпеши керек деп эсептешет. Эгер кимдир бирөө кайсы бир нерсеге карата аял кишинин оюн айта турган болсо, теңтуштары аны шылдыңдап эле жатып калат». Аялзатына карата бейкалыс пикирде экенин анча билинбеген жолдор менен көрсөткөн эркектер да бар. Алсак, алар кыз-келиндердин кадыр-баркын түшүргөн тамашаларды айтышы мүмкүн.

Бактыга жараша, кандай маданиятта чоңоюп-өспөсүн, эркектердин баары оюн өзгөртө алышат. Тагыраак айтканда, эркек аялдан жогору турат деген терс ойлорду сүрүп чыгара алышат (Эф. 4:22—24). Ал үчүн алар Жахабадан үлгү алышы керек. Бул макалда Жахабанын аялзатына кандай мамиле кыларын, ага-инилерибиз аны кантип туурай аларын, аксакалдар аялдарды урматтоо жагынан башкаларга кантип өрнөк боло аларын карап чыгабыз.

ЖАХАБА АЯЛЗАТЫНА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛАТ?

Аялдарга туура мамиле кылуу жагынан Жахаба эң мыкты үлгү көрсөтөт. Боорукер Ата болгондуктан ал баарыбызды жакшы көрөт (Жкн. 3:16). Ага ишенимдүү кызмат кылган кыз-келиндерди алтын кызым деп эсептейт. Анда анын аялзатынын кадырын кантип көтөрөрүнө токтололу.

Аларга бирдей карайт. Жахаба эркекти да, аялды да өзүнө окшоштуруп жараткан (Башт. 1:27). Ал эркекти аялга караганда акылдуураак, таланттуураак кылып жараткан эмес. Кудай аялды эркектен төмөн көрбөйт (2 Жылн. 19:7). Ошондой эле эркек да, аял да Ыйык Китептеги чындыкты түшүнө алышы үчүн, анын сапаттарын чагылдыра алышы үчүн, экөөнө тең бирдей акыл берген. Андан тышкары, жерде боло турган Бейиште түбөлүк өмүр сүргөнгө үмүттөнөбү же асманда падыша, дин кызматчы болуп кызмат кылганга үмүттөнөбү, Жахаба эркектин да, аялдын да ишенимин жогору баалайт (2 Пет. 1:1). Ооба, Жахабанын көз алдында аял да эркектей эле баалуу.

Аларды кунт коюп угат. Жахаба аялзатынын сезимдерине, жүрөгүн түпөйүл кылган ойлоруна кайдыгер карабайт. Алсак, ал Рахил менен Аннанын тилегин угуп, жооп берген (Башт. 30:22; 1 Шем. 1:10, 11, 19, 20). Ошондой эле Ыйык Китепке аялдарынын айткандарына кулак каккан эркектер жөнүндө жаздырып койгон. Маселен, Ыбрайым пайгамбар Жахабанын айтканы боюнча иш кылып, аялы Саараны уккан (Башт. 21:12—14). Дөөтү падыша болсо Абигейилдин айтканына көнгөн. Атүгүл аны ага Жахаба жибергендей кабыл алган (1 Шем. 25:32—35). Асмандагы Атасын жазбай туураган Иса болсо энеси Мариямдын өтүнүчүн орундаткан (Жкн. 2:3—10). Ушул окуялардан көрүнүп тургандай, Жахаба аялзатын кунт коюп угуп, аларды урматтап-сыйлайт.

Аларга ишеним артат. Айталы, Жахаба Обо энеге ишеним арткандыктан күйөөсү менен бирге жер жүзүн иштеткенге жардамчы кылып дайындаган (Башт. 1:28). Муну менен аны күйөөсү Адам атадан төмөн деп эсептебей турганын, тескерисинче, аны толуктап турган жардамчы катары көрөрүн көрсөткөн. Ошондой эле Жахаба Дебора, Хулда деген аялдарга ишеним арткандыктан өз элине, анын ичинде бийлерге, падышаларга алар аркылуу кеп-кеңешин берген (Бий. 4:4—9; 2 Пад. 22:14—20). Бүгүнкү күндө да Жахаба аялзатына кабар айтуу ишин тапшырып, аларды ишеничтүү деп эсептээрин көрсөтүп келет. Ишенимдүү ал эже-карындаштарыбыз жарчы, пионер, миссионер болуп кызмат кылып жатышат. Мындан тышкары, алар Падышалык залдарын, филиалдарды долбоорлогонго, курганга жана тейлегенге салым кошуп келишет. Айрымдары болсо Бейтелде, алыскы котормо кеңселеринде кызмат кылышат. Жахаба аларды өзүнүн эркин аткарыш үчүн түзгөн чоң аскердей көрөт (Заб. 68:11). Чынында эле, Жахаба аялзатын алсыз же жөндөмсүз деп эсептебейт.

КАНТКЕНДЕ АГА-ИНИЛЕР ЭЖЕ-КАРЫНДАШТАРГА ЖАХАБАДАЙ МАМИЛЕ КЫЛА АЛЫШАТ?

Ага-инилер, эже-карындаштарга Жахабадай мамиле кылып жаткан-жатпаганыңарды билиш үчүн оюңарды, иштериңерди чынчылдык менен талдап көргүлө. Ан үчүн башкалардан жардам сурасаңар болот. Мисалы, рентген адамдын жүрөгүнүн абалы кандай экенин текшергенге жардам берет. Ошол сыңары, досуңар же Кудайдын Сөзү жүрөгүңөрдүн түпкүрүндө аялзатына карата терс ойлор бар-жогун аныктаганга жардам берет. Ан үчүн эмне кылсаңар болот?

Жакын досуңардан сурагыла (Накыл 18:17). Акыл-эстүү, бардык нерсеге тең салмактуу караган өзүңөр ишенген досуңардан минтип сурап көрсөңөр болот: «Сенин оюңча, мен эже-карындаштарга кандай мамиле кылам? Алар урматтап-сыйлап турарымды сезишеби? Аларга азыркыдан да жакшыраак мамиле кылыш үчүн эмне кылсам болот?» Эгер досуңар бул жагынан кайсы бир кемчилигиңерди айтса, актанып кирбегиле. Анын ордуна, оңолгонго аракет кылгыла.

Кудайдын Сөзүн изилдегиле. Уюмдагы кыз-келиндерге кандай мамиле кылып жатканыбызды билиш үчүн көз карашыбыз менен иштерибизди Кудайдын Сөзүндө жазылгандар менен салыштырып көрсөк болот (Евр. 4:12). Ыйык Китептен аялзатын кадырлаган жана кадырлабаган эркектер жөнүндө биле алабыз. Алар жөнүндө окугандан кийин өзүбүздү аларга салыштырып көргөнүбүз жакшы. Ошондой эле Ыйык Китептеги аяттарды салыштырганды билгенибиз белгилүү бир аятты контексттен жулуп алып аялдар жөнүндөгү кайсы бир терс ойду жактагандан сактайт. Мисалга 1 Петир 3:7деги: «Аялзатынын алсызыраак экенин, морт идиштей экенин эске алып, аларга урмат көрсөткүлө»,— деген сөздөрдү алалы a. Бул аялдардын төмөн турарын, тактап айтканда, эркектерге караганда акылы кемирээк же жөндөмсүз экенин билдиреби? Такыр андай эмес. Петирдин сөздөрү менен Галатиялыктар 3:26—29-аяттарды салыштырсак, Жахабанын аялдарды да Иса менен асмандан башкарганга тандаганын биле алабыз. Ооба, Кудайдын Сөзүн изилдесек, жакын досубуздан аялдарга кандай мамиле кыларыбызды ачык айтышын сурасак, аялзатынын кадырын билгенди үйрөнөбүз.

АКСАКАЛДАР ЭЖЕ-КАРЫНДАШТАРДЫ СЫЙЛААРЫН КАНТИП КӨРСӨТҮШӨТ?

Жыйналыштагы эркектер эже-карындаштарды кадырлаганды камкор аксакалдардан да үйрөнө алышат. Канткенде аксакалдар эже-карындаштарды урматтоо жагынан башкаларга өрнөк боло алышат? Келгиле, мунун айрым жолдорун карап чыгалы.

Мактагыла. Элчи Пабыл бул жагынан аксакалдарга мыкты үлгү калтырган. Ал Римдеги жыйналышка жолдогон катында айрым аялдардын атын атап, аларды мактап жазган (Рим. 16:12). Пабылдын каты жыйналышта окулганда, ошол кыз-келиндердин канчалык канат байлап калганын элестетип көрсөңөр! Бүгүнкү күндөгү аксакалдар да жылуу сөзгө сараң болбой, эже-карындаштарды жакшы сапаттары, Жахабага талбай кызмат кылып жатканы үчүн мактап турушат. Ошентип турушса, эже-карындаштар башкалардын аларды урматташарын, өздөрүнүн керектүү экенин сезишет. Жахабага кызмат кылып жатып ошондой жылуу сөзгө зар болгон кыз-келиндерге аксакалдардын сөздөрү кадимкидей дем-күч бериши мүмкүн (Накыл 15:23).

Мактагыла

Аксакалдардын жыйналыштагы эжелерди, карындаштарды чын жүрөктөн, кайсы бир жакшы нерсесин баса белгилеп мактаганы жакшы. Эмне үчүн? Жессика деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Албетте, аксакалдардын „азаматсың“ деп мактаганы жагымдуу. Бирок алар балдарымды жыйналыштан тынч отурганга үйрөткөнүмдү же Ыйык Китепти изилдеп жаткан бирөөнү машине менен жыйналышка ала келгенимди же ушу сыяктуу иштерди айтып мактаса, башкача кубанам». Чынында эле, аксакалдар эже-карындаштарды кайсы бир нерсесин айтып мактаса, алар өздөрүн баалуу, жыйналышка керектүү сезишет.

Кунт коюп уккула. Момун аксакалдар жакшы сунуш айткан жагынан бизге эч ким жетпейт деп эч качан ойлобойт. Алар эже-карындаштардын оюн сурап, аларды кунт коюп угушат. Ошентсе, эже-карындаштарга дем-шык берип, өздөрү да пайдасын көрөт. Кандайча? Бейтелде кызмат кылган Герардо деген аксакал мындай дейт: «Эже-карындаштар менен кеңешип иш кылганда жумушумду жакшыраак аткарарымды байкадым. Анткени алар кайсы бир ишти көп эркектерге караганда бир топ жылдан бери кылып келатышат». Жыйналышта көптөгөн кыз-келиндер пионер болуп кызмат кылгандыктан аймактагы адамдарды жакшыраак билишет. Браян деген бир аксакал: «Эже-карындаштарыбыз уюмубуздун өркүндөп-өсүшүнө чоң салым кошушат. Ошондуктан тажрыйбага бай ал ишенимдештериңерден бир нерсеге үйрөнгөнгө аракет кылгыла!»,— деп айткан.

Уккула

Акыл-эстүү аксакалдар эже-карындаштардын сунуштарын дароо эле четке кагып койбойт. Эмне үчүн? «Алардын көз карашы, тажрыйбасы бизге жагдайды толугураак түшүнгөнгө, боорукер болгонго жардам берет»,— дейт Эдуард деген аксакал (Накыл 1:5). Аксакал кайсы бир эже-карындаштын сунушун колдоно албаса да, байкагандарын айтканы үчүн ага ыраазычылык билдирсе болот.

Окутуп-үйрөткүлө. Кыраакы аксакалдар эже-карындаштарды үйрөткөнгө аракет кылышат. Алсак, чөмүлгөн ага-инилер жок болуп калганда кабар айтуу жолугушуусун өткөргөндү үйрөтсө болот. Уюмдун имараттарын оңдоп-түзөө, куруу ишине жардам бере алышы үчүн, шаймандарды же жабдыктарды колдогонду да үйрөтүп койгону жакшы. Бейтелде болсо көзөмөлчүлөр кыз-келиндерге эсеп-кысап, компьютердик программалоо, оңдоп-түзөө, сатып алуу сыяктуу иштерди үйрөтүшөт. Ошентишсе аксакалдар аларды жөндөмдүү, ишеничтүү деп эсептээрин көрсөтүшөт.

Үйрөткүлө

Көптөгөн эже-карындаштар аксакалдардан үйрөнгөндөрүн башкалардын пайдасы үчүн колдонот. Мисалы, курулушка катышкандары табигый кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерине үйлөрүн кайра курганга жардам бере алышат. Ал эми эл көп жерде күбөлөндүрүүгө үйрөтүлгөн эже-карындаштар башкаларды да ошентип кабар айтканга үйрөтө алышат. Ал эже-карындаштар аларды үйрөткөн аксакалдар жөнүндө кандай ойдо? Женифер деген ишенимдешибиз мындай деп бөлүшөт: «Падышалык залын куруу ишине катышып жүргөндө, көзөмөлчүм мени үйрөтүш үчүн атайын убакыт бөлгөн. Ал эмнелерди кылганымды байкап, ошон үчүн мактап турчу. Аны менен иштеген аябай жакчу. Анткени өзүмдү ишеничтүү, керектүү сезчүмүн».

ӨЗ ЭЖЕ-КАРЫНДАШТАРЫҢАРДАЙ КӨРГҮЛӨ

Биз ишенимдүү эже-карындаштарыбызды Жахаба жакшы көргөндөй жакшы көрөбүз (1 Тим. 5:1, 2). Аларга өз энебиздей, өз эжебиздей, өз карындашыбыздай мамиле кылабыз. Алар менен ийиндеш туруп Жахабага чогуу кызмат кылып жатканыбызга сыймыктанабыз! Сүйүүбүздү, колдообузду сезгенде абдан кубанабыз. Ванесса деген бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Жахабанын уюмунда көптөгөн сонун ага-инилерим бар. Алар мени дайыма кубаттандырып турушат. Ошондой уюмга кошконуна Жахабага миң мертебе ыраазымын». Тайвандагы дагы бир ишенимдешибиз мындай деп бөлүшөт: «Мен Жахабага жана анын уюмуна аялзатын кадырлап-сыйлаганы жана сезимдерибизди эске алганы үчүн абдан ыраазымын. Ушул нерсе ишенимимди бекемдейт. Ушундай уюмда жүргөнүмө абдан сыймыктанам!»

Жахаба жыйналыштагы эркектердин аялзатын жогору баалап, урматтап-сыйлап жатканын көргөндө кандай гана кубанат (Накыл 27:11). Шотландиядагы Бенжемин деген бир аксакал: «Азыркы учурда көптөгөн эркектер аялдарды басынтат, аларды киши катары көрбөйт. Биз болсо кыз-келиндердин, аялдардын Падышалык залына келгенде өздөрүн ошондой сезишин каалабайбыз»,— дейт. Келгиле, мындан ары да Жахабадан үлгү алып, жыйналышыбыздагы эже-карындаштарыбызды жакшы көрөрүбүздү, урматтаарыбызды көрсөтө берели. Алар буга татыктуу! (Рим. 12:10).

a «Морт идиш» деген сөз айкаштын түшүндүрүлүшү жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, «Морт идиштин баалуулугу» деген макаланы («Күзөт мунарасы», ор., 2006-жыл, 15-май) жана «Жубайлар үчүн эң мыкты жетекчилик» деген макаланы («Күзөт мунарасы», 2005-жыл, 1-март) карагыла.