Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

27-ЫР: Кудайдын уулдарынын даңкы ачык көрүнөт

«Сени. . . эч убакта таштабайм»

«Сени. . . эч убакта таштабайм»

«Кудай: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деп айткан» (ЕВР. 13:5б).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Исанын майланган жолдоочуларынын калдыгы асманга алынып кеткенден кийин, Кудайдын жердеги ишенимдүү кызматчыларын таштап койбой турганына ынандыруу.

1. Майлангандардын баары качан асманда болуп калышат?

 БИР НЕЧЕ жыл мурун Жахабанын эли: «Майлангандардын эң акыркылары асманга качан алынып кетет болду экен?» — деп ойлончу. Биз Армагедон согушунан кийин жер бетинде боло турган бейиште майлангандардын айрымдары биз менен бир канча убакыт бою чогуу болот болуш керек деп да ойлочубуз. Бирок, «Күзөт мунарасынын» 2013-жылдын 15-июлундагы санынан билгенибиздей, Армагедон согушунун алдында жерде жашап жаткан майлангандардын баары асманда болуп калышат (Мт. 24:31).

2. Кандай суроо туулушу мүмкүн жана бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Анткен менен бизде мындай суроо туулушу мүмкүн: «„Улуу алаамат“ учурунда жер бетинде Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жаткан „башка койлор“ эмне болот?» (Жкн. 10:16; Мт. 24:21). Айрымдар: «Майлангандардын баары асманга алынып кеткенден кийин, бизге ким баш-көз болот? Жалгыз калбайбызбы?» — деп тынчсызданышы мүмкүн. Эмесе, алардын ошентип санааркашына Ыйык Китептеги кайсы эки окуя себеп болушу мүмкүн экенин карап көрөлү. Андан соң эмне үчүн кам санабай эле койсок болоруна токтолобуз.

ЭМНЕ БОЛБОЙТ?

3, 4. Айрымдар эмне деп санааркашы мүмкүн жана эмне үчүн?

3 Айрымдар: «Жетектөөчү Кеңешти түзгөн майлангандар асманга кетип, жетектебей калса, башка койлор Кудайдын жолунан четтеп кетиши мүмкүн»,— деп коркушат. Алардын ошентип коркушуна Ыйык Китептеги айрым окуялар себеп болушу ыктымал. Анда ошол окуялардын экөөнү карап көрөлү. Алардын биринчиси башкы дин кызматчы Жоят жөнүндө. Ал Кудайга бекем ишенген киши болгон. Аялы Жехошабет экөө Жаашты бала кезинде жашырып коюп, ага адамгерчиликтүү, ишенимдүү падыша болгонго жардам беришкен. Жояттын көзү тирүү кезинде Жааш дайыма туура иштерди кылган. Бирок Жояттын көзү өткөндөн кийин, жаман иштерди кыла баштаган. Ал ыймансыз төрөлөрдүн тилине кирип, Жахабаны таштап кеткен (2 Жылн. 24:2, 15—19).

4 Экинчи окуя Исанын 2-кылымдагы жолдоочулары жөнүндө. Элчилердин ичинен эң узак жашаган Жакан ошол учурдагы ишенимдештерине жакшы үлгү көрсөтүп, аларды Жахабага талыкпай кызмат кыла бергенге үндөп турган (3 Жкн. 4). Ал Исанын ишенимдүү башка элчилери менен бирге боордошторун чындыктан четтегендердин таасиринен коргогонго аракет кылган (1 Жкн. 2:18; 2 Тес. 2:7). Бирок ал каза болгондон кийин, чындыктан четтегендердин окуулары өрттөй эле тез тараган. Ошондон кийинки эле жылдары Исанын жолдоочуларынын жыйналыштарына жалган окуулар тарап, алар бузула баштаган.

5. Ыйык Китептеги эки окуядан кандай жыйынтык чыгарбашыбыз керек?

5 Ыйык Китептеги ушул эки окуядан улам майлангандар асманга кеткенден кийин, башка койлор да ушинтип кетет деп жыйынтык чыгарсак болобу? Тактап айтканда, ошол учурда Кудайдын жердеги ишенимдүү кызматчылары Жааштай болуп тетири иш кылып кетишеби? Же Исанын 2-кылымдагы жолдоочуларындай болуп чындык жолунан четтеп кетишеби? Эч качан мындай болбойт! Майлангандар асманга кеткенден кийин, башка койлорго жакшы кам көрүлүп, алар рухий жактан гүлдөп-өсө берет деп бекем ишенсек болот. Эмне үчүн?

ТАЗА СЫЙЫНУУ ЭЧ КАЧАН АРАМДАЛБАЙТ

6. Бул макалада кайсы үч убакыт тууралуу сөз болот?

6 Алдыда кандай оор күндөр болбосун, таза сыйынуу эч качан арамдалбайт деп эмне үчүн айта алабыз? Мунун жообун Ыйык Китепте биз жашап жаткан учур жөнүндө эмне деп айтылганынан биле алабыз. Биздин убак байыркы ысрайылдыктардыкынан жана Исанын 2-кылымдагы жолдоочуларыныкынан кыйла айырмаланат. Келгиле анда, ошол үч убак тууралуу кененирээк карап чыгалы: 1) Байыркы ысрайылдыктар жашаган убакыт, 2) элчилердин көзү өткөндөн кийинки убакыт, 3) биздин убакыт, «баары калыбына келтириле турган убакыт» (Элч. 3:21).

7. Ишенимдүү ысрайылдыктар падышалардын жана элдин көбүнүн туура эмес жолго түшүп кеткенин көргөндө эмне үчүн үмүтүн үзбөшү керек болчу?

7 Ысрайылдыктар жашаган убакыт. Муса пайгамбар көз жумарына аз калганда ысрайылдыктарга: «Менин көзүм өткөндөн кийин, мен көрсөткөн жолдон чыгып, жийиркеничтүү иштерди кыларыңарды билем»,— деп айткан (Мыйз. 31:29). Ал аларга эгер Кудайга каршы чыгышса сүргүнгө айдаларын да эскерткен (Мыйз. 28:35, 36). Чын эле ошондой болду беле? Ооба. Нечендеген кылымдар бою көптөгөн падышалар туура жолдон тайып, Кудайдын элин да адаштырышкан. Ошонун айынан Жахаба элин четке кагып, падышалардын тукумунун бийлик кылбай калышына жол берген (Жез. 21:25—27). Бирок ишенимдүү ысрайылдыктар Кудайдын сөзүнүн чын чыкканын көрүп кайраттанышкан (Ыш. 55:10, 11).

8. Иса Машаяктын 2-кылымдагы жолдоочуларынын чындыктан четтеп кеткенине таң калышыбыз керекпи? Түшүндүргүлө.

8 Элчилердин көзү өткөндөн кийинки убакыт. Иса Машаяктын 2-кылымдагы жолдоочуларынын туура эмес жолго түшүп кеткенине таң калышыбыз керекпи? Жок. Анткени Иса чындыктан четтегендердин окуулары кеңири кулач жаярын алдын ала айткан болчу (Мт. 7:21—23; 13:24—30, 36—43). Элчи Пабыл, Петир, Жакан Исанын ошол сөздөрүнүн 1-кылымда эле аткарыла баштаганын тастыкташкан (2 Тес. 2:3, 7; 2 Пет. 2:1; 1 Жкн. 2:18). Б. з. 2-кылымында Исанын жолдоочуларынын арасында жалган окуулар тарап, алар чындыктан четтей баштаган. Бара-бара христиан аталымыш болгондор көбөйүп, жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдын көп бөлүгүн түзүп калышкан. Ошентип, Ыйык Китептеги пайгамбарлык аткарылган.

9. Биздин убак байыркы ысрайылдыктардыкынан жана Исанын 2-кылымдагы жолдоочуларыныкынан эмнеси менен айырмаланат?

9 «Баары калыбына келтириле турган убакыт». Биздин убак байыркы ысрайылдыктардын убагынан жана чындыктан четтегендердин окуулары кеңири тараган 2-кылымдагыдан айырмаланат. Биз жашап жаткан убакыт эмне деп аталат? Чү дегенде эле, бул дүйнөнүн «акыркы күндөрү» деген сөз айкашы эсибизге келиши мүмкүн (2 Тим. 3:1). Бирок Ыйык Китептен ошол эле убакыт аралыгы биз үчүн мааниси терең, узагыраак убакытка созулган доорду да камтый турганын биле алабыз. Ал доор Машаяктын Падышалыгы бүт адамзатты жеткилеңдикке жеткирип, жер бетин бейишке айлантканга чейин созулат. Ыйык Китепте ал «баары калыбына келтириле турган убакыт» деп айтылган (Элч. 3:21). Ал 1914-жылы башталган. Ошондо эмне калыбына келтирилген? Иса асманда Падышалык тактыга отурган. Ошентип, Жахаба анын бийлигин билдирген тактыга падышанын тукумунан чыккан ишенимдүү мураскорду кайрадан Падыша кылып дайындаган. Бирок Жахаба дагы башка нерселерди калыбына келтирген. Ошондон көп өтпөй эле чыныгы сыйынуу да калыбына келтирилген (Ыш. 2:2—4; Жез. 11:17—20). Ал кайра арамдалып калат беле?

10. а) Ыйык Китепте биздин күндөрдөгү таза сыйынуу жөнүндө эмне деп айтылган? (Ышая 54:17). б) Эмне үчүн ушул сыяктуу пайгамбарлыктар бизге дем-күч берет?

10 Окугула: Ышая 54:17. «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деген ушул пайгамбарлык жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган бул сөздөр бүгүнкү күндө аткарылып жатат. Көңүл жубаткан төмөнкү сөздөр да учурда аткарылууда: «Уулдарыңдын баарын Жахаба үйрөтөт, алардын тынчтыгы мол болот. Сен адилдик менен бекемделесиң. . . Эч нерседен үрөйүң учпайт, андай нерсе сага жакын жолобойт» (Ыш. 54:13, 14). Жахабанын эли жүргүзүп жаткан билим берүү ишин токтотконго атүгүл «бул дүйнөнүн кудайы» Шайтандын да кудурети жетпейт (2 Кор. 4:4). Чыныгы сыйынуу калыбына келтирилген, ал эч качан кайра арамдалып калбайт. Ал түбөлүккө таза бойдон калат. Бизге каршы жасалган бир да курал ийгиликке жетпейт.

ЭМНЕ БОЛОТ?

11. Майлангандар асманга кеткенден кийин, эбегейсиз көп адамдар кароосуз калбайт деп эмне үчүн айта алабыз?

11 Майлангандар асманга кеткенден кийин, эмне болот? Исанын биздин Койчубуз экенин эстесеңер. Ошондой эле ал — жыйналыштан Башчысы. Иса өзү: «Бир эле Жол башчыңар бар. Ал — Машаяк»,— деп айткан (Мт. 23:10). Учурда башкарып жаткан Падышабыз өз ишин дайыма мыкты аткарат. Бизди Иса Машаяк көзөмөлдөп турганда коркконго эч кандай себеп жок. Албетте, биз анын Кудайдын улуу күнү келгенде бизди кантип жетектээрин майда-чүйдөсүнө чейин билбейбиз. Ошондой болсо да, келгиле, бизге кайрат берген Ыйык Китептеги айрым окуяларды карап көрөлү.

12. а) Муса пайгамбар өлгөндөн кийин, Жахаба элине кантип кам көргөн? б) Илияс пайгамбар башка жакка дайындалгандан кийин, кантип кам көргөн? (Сүрөттү да карагыла.)

12 Ысрайыл эли убадаланган жерге кирердин алдында Муса каза болуп калган. Ошондо Кудайдын эли эмне болду эле? Ишенимдүү ал киши өлгөндөн кийин, Жахаба элин таштап койду беле? Жок. Алар Жахабага ишенимдүүлүгүн сактаган кезде, Жахаба аларды калтырган эмес. Муса пайгамбар өлгөнгө чейин Жахаба ага элди жетектегенге Жашыяны дайындоону буйруган. Муса аны ондогон жылдар бою жанына алып жүрүп, көп нерсеге үйрөткөн (Чыг. 33:11; Мыйз. 34:9). Мындан тышкары, элди жетектеген башка да эркектер, мисалы, миң башылар, жүз башылар, элүү башылар, атүгүл он башылар бар болчу (Мыйз. 1:15). Демек, Кудайдын эли кароосуз калган эмес. Илияс пайгамбардын күндөрүндө болгон дагы бир окуяны эстесеңер. Ал ондогон жылдар бою ысрайыл элине Жахабага кантип туура сыйыныш керектигин үйрөтүп келген. Бирок Жахаба аны Жүйүттүн түштүгүнө жаңы кызматка дайындай турган күн келген (2 Пад. 2:1; 2 Жылн. 21:12). Ошондо он уруудан турган Ысрайыл падышалыгы туура жолго багыттап турган кишиси жок калды беле? Жок. Бир нече жыл бою Илияс пайгамбар Элишаны окутуп-үйрөтүп келген. Ал кезде «пайгамбар уулдары» да болгон (2 Пад. 2:7). Сыягы, алар мектеп сыяктуу жерден билим алышкан. Мындан көрүнүп тургандай, элге Кудайга туура сыйынышты үйрөтө турган көптөгөн ишеничтүү эркектер бар болчу. Жахаба өзүнүн эркин андан ары да аткарып, ишенимдүү кызматчыларына жакшы кам көрө берген.

Муса (солдогу сүрөт) менен Илияс (оңдогу сүрөт) орун басарларын үйрөтүп жатышат (12-абзацты карагыла)


13. Еврейлер 13:5тин экинчи бөлүгүндө жубатарлык кандай сөздөр жазылган? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Ушул окуяларды эске алганда, кандай деп ойлойсуңар, майлангандардын эң акыркысы асманга кеткенден кийин, эмне болот? Мунун жообу айдан ачык. Ыйык Китепте бизди жубаткан жөпжөнөкөй эле мындай сөздөр жазылган: Жахаба жердеги элин эч качан калтырбайт. (Окугула: Еврейлер 13:5б.) Муса менен Илияс пайгамбарлардай болуп, бүгүнкү күндө жетекчиликти колго алган майлангандардын чакан тобу башкаларды окутуп-үйрөтүүнүн маанилүү экенин жакшы түшүнүшөт. Ондогон жылдардан бери Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү башка койлордун арасынан айрым эркектерди жетекчиликти колго алганга үйрөтүп келатат. Ан үчүн алар көптөгөн мектептерди уюштурган. Ал жактан аксакалдар, кыдыруучу көзөмөлчүлөр, филиалдын комитетинин мүчөлөрү, Бейтелдеги көзөмөлчүлөр жана башка эркектер билим алып жатышат. Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү аларга караштуу комитеттерде кызмат кылган эркектерди жекече да үйрөтүп келишет. Өз кезегинде алар чоң жоопкерчиликтерди аркалап, ишенимдүү кызмат кылып жатышат. Ал эркектер Машаяктын койлоруна андан ары да кам көргөнгө жакшы үйрөтүлүшкөн.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү жардамчыларын, аксакалдарды, кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү, филиалдын комитетинин мүчөлөрүн, Бейтелдеги көзөмөлчүлөрдү жана миссионерлерди окутуш үчүн мектептерди уюштуруп, талыкпай эмгектенип келишет (13-абзацты карагыла)


14. Бул макалада айтылгандардын негизги оюу кайсы?

14 Демек, кептин төркүнү мындай: улуу алаамат аяктап калган кезде, майлангандардын акыркылары асманга кеткенде, жердеги чыныгы сыйынуу дагы деле гүлдөп-өсө берет. Иса Машаяк жетектегендиктен, Кудайдын эли түз жолдон адашпайт. Ошол кезде Магок жеринен чыккан Гок — улуттардын бирикмеси — Кудайдын элине чабуул коюп жаткан болот (Жез. 38:18—20). Бирок ал чабуул кыска эле мөөнөткө созулат. Кудайдын эли алардын чабуулуна карабай, ага сыйына берет. Жахаба элин сөзсүз куткарат! Элчи Жакан аянында жер бетинде жашай турган «эбегейсиз көп адамдарды» көргөн. Периште Жаканга «эбегейсиз көп адамдардын» «улуу алааматтан аман өткөндөр» экенин айткан (Аян 7:9, 14). Андыктан Жахабанын бизди сактап каларынан күмөн санабасак болот!

15, 16. Аян 17:14кө ылайык, майлангандар Армагедон согушунда эмне кылышат жана бул бизди эмне үчүн бекемдейт?

15 Ошентсе да айрымдар: «Майлангандар эмне болот? Асманга кеткенден кийин эмне кылышат?» — деп ойлонушу мүмкүн. Ыйык Китепте буга ачык эле жооп жазылган. Ага ылайык, бул дүйнөнүн өкмөттөрү «Козу менен согушат». Бирок, албетте, жеңишке жетишпейт. Кудайдын Сөзүндө: «Козу аларды жеңет»,— деп жазылган. Ага кимдер жардам берет? Аян китебинде айтылгандай, «чакырылгандар, тандалгандар жана ишенимдүүлөр». (Окугула: Аян 17:14.) Алар кимдер? Асманга тирилген майлангандар. Демек, жердеги майлангандардын акыркылары улуу алааматтын соңунда асманга алынгандан кийин дароо эле согушка аттанат. Бул кандай гана укмуш тапшырма болот! Майлангандардын айрымдары Жахабанын Күбөсү болгонго чейин согуштарга катышышкан. Атүгүл кээ бирлери бул дүйнөнүн аскер күчтөрүндө кызмат өтөшкөн. Анткен менен Исанын жолдоочусу болгондон кийин тынчтыкта жашаганды үйрөнүшкөн (Гал. 5:22; 2 Тес. 3:16). Согуштарды колдобой калышкан. Бирок асманга тирилтилгенден кийин алар Иса жана ыйык периштелер менен бирге Кудайдын душмандарына каршы жүргүзүлгөн чечүүчү согушка катышышат.

16 Келгиле, бир саамга ойлонуп көрөлү: Жердеги майлангандардын көбү карып, алдан-күчтөн тайып калышты. Бирок алар асманга тирилтилгенден кийин күчтүү, өлбөс рухий жаратууларга айланышат. Анан Аскер башчысы Иса Машаяк менен бирге согушка катышышат. Ал эми Армагедон согушу аяктагандан кийин, Иса менен бирге адамзатка жеткилеңдикке жеткенге жардам беришет. Асманга барганда алар жерде пенде болгон кезинде сүйүктүү ишенимдештери үчүн кылгандан да көп жакшы иштерди кылат деп бекем ишенсек болот!

17. Кудайдын кызматчыларынын баары Армагедон учурунда коопсуз болорун кайдан билебиз?

17 Силер башка койлорго киресиңерби? Анда Армагедон согушу башталганда, силер эмне кылышыңар керек болот? Жөпжөнөкөй эле: Жахабага таянгыла жана анын көрсөтмөсүнө баш ийгиле. Бул өз ичине эмнени камтышы мүмкүн? Ыйык Китепте: «Элим, төркү бөлмөлөрүңө кирип, артыңан эшикти жаап ал. Каар басылгыча, бир азга жашына тур»,— деген жубатарлык сөздөр жазылган (Ыш. 26:20). Ошол учурда Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын баары: асмандагылар да, жердегилер да коопсуз болушат. Элчи Пабылдай болуп, биз да бир нерседен шектенбесек болот. «Өкмөттөр да, азыркы нерселер да, келечектеги нерселер да. . . бизди Кудайдын. . . сүйүүсүнөн ажырата албайт!» (Рим. 8:38, 39). Жахабанын силерди жакшы көрөрүн, эч качан таштабай турганын дайыма эстеп жүргүлө.

МАЙЛАНГАНДАРДЫН ЭҢ АКЫРКЫЛАРЫ АСМАНГА КЕТКЕНДЕ. . .

  • эмне болбойт?

  • чыныгы сыйынуу арамдалбай турганына эмне үчүн бекем ишенсек болот?

  • Жахаба элине кам көрө береринен эмне үчүн шектенбесек болот?

8-ЫР: Жахаба — баш маанабыз