Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

10-ЫР: Жахаба Кудайды даңктагыла!

«Жахабанын ысмын даңктагыла»

«Жахабанын ысмын даңктагыла»

«Жахабанын кызматчылары, аны даңазалагыла, Жахабанын ысмын даңктагыла» (ЗАБ. 113:1).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Мүмкүнчүлүк түзүлгөн сайын, Жахабанын ыйык ысмын даңктоого эмне түрткү бериши керектигин баса белгилөө.

1, 2. Жахабанын ысмына сөз тийгенде, анын кандай сезимде болорун түшүнгөнгө эмне жардам берет?

 МЫНДАЙ жагдайды элестетип көрсөңөр. Жакыныңар силер жөнүндө ушак тарата баштайт. Мунун карандай калп экенин билесиңер. Бирок башкалар ага ишенип алышат. Андан да жаманы, алар ошол калпты жайылтып, дагы көптөр ишенип калат. Ошондо кандай сезимде болот элеңер? Эгер башкалар менен болгон мамилеңерди бааласаңар, аброюңарды ойлосоңор, мындай калпты укканда, жаман болмоксуңар (Накыл 22:1).

2 Бул мисал Жахабанын ысмына сөз тийгенде, анын кандай сезимде болгонун түшүнгөнгө жардам берет. Жахабанын уулдарынын бири ал жөнүндө Обо энеге жалган айткан. Ал ага ишенип алган. Ошол калптын айынан түпкү ата-энебиз Жахабага каршы чыккан. Кесепетинде бүт адамзат күнөө менен өлүмдүн кулу болуп калган (Башт. 3:1—6; Рим. 5:12). Ооба, дүйнөдө болуп жаткан өлүм-житим, согуш, азап-кайгы сыяктуу кыйынчылыктардын баары Шайтандын Эйден багында тараткан калпынан келип чыккан. Жахаба ага жабылган жалааны жана анын кесепетин көрүп жаман болобу? Бул айтпаса да түшүнүктүү. Бирок Жахаба ачуулуу же кекчил эмес. Тескерисинче, ал — «бактылуу Кудай» (1 Тим. 1:11).

3. Бизге кандай сыймыктуу иш тапшырылган?

3 Биз Шайтандын Жахаба жөнүндө айткан калпын төгүнгө чыгара алабыз. Ан үчүн: «Жахабанын ысмын даңктагыла»,— деген жөнөкөй буйрукка баш иебиз (Заб. 113:1). Биз муну сыймык деп эсептейбиз. Жахабанын ысмын даңктагыбыз келсе, анын кандай Кудай экенин айтып беребиз. Силер да ушинтесиңерби? Келгиле анда, Жахабанын ысмын чын жүрөктөн даңктаганга кайсы үч нерсе түрткү берерин карап чыгалы.

ЖАХАБАНЫН ЫСМЫН ДАҢКТАСАК, АГА ЖАГАБЫЗ

4. Мактап-даңктаганыбызда, эмне үчүн асмандагы Атабыздын ичи ысыйт? Мисал келтиргиле. (Сүрөттү да карагыла.)

4 Асмандагы Атабыздын ысмын даңктасак, анын жүрөгүн кубантабыз (Заб. 119:108). Бул кудуреттүү күчтүү Кудай жеткилеңсиз адамдардай болуп мактоого муктаж же өзүн ишенимсиз сезет дегенди билдиреби? Жок. Бир мисалга токтололу. Бир кичинекей кыз атасын мойнунан кучактап: «Сиз дүйнөдөгү эң жакшы атасыз»,— деп айтат деп коёлу. Бул, албетте, атасына жакмак жана кызынын күтүүсүздөн ошентип айтканына аябай кубанмак. Эмне үчүн? Ал өзүн ишенимсиз сезгендиктен же кызынын мактоосуна муктаж болгондуктан сүйүнөт беле? Жок, ал кызынын аны жакшы көрүп, ага ыраазы болуп жатканына ичи жылыгандыктан сүйүнмөк. Анткени сүйүү, ыраазы болуу сыяктуу сапаттардын аркасында кызынын бактылуу болуп чоңоёрун билет. Ошол сыңары, даңктап-мактаганыбызда, асмандагы Атабыздын ичи ысыйт.

Кызы жакшы көрөрүн, баалаарын айтканда, атасы сүйүнгөндөй эле, ысмын даңктаганыбызда, Жахаба да сүйүнөт (4-абзацты карагыла)


5. Кудайдын ысмын даңктасак, кайсы калпты төгүнгө чыгара алабыз?

5 Асмандагы Атабызды даңктаганда биз өзүбүзгө тиешелүү калпты да төгүнгө чыгарган болобуз. Шайтан бир да адам Кудайдын ысмын берилгендик менен коргобойт деп жалаа жабат. Башына кыйынчылык түшкөндө ал Кудайды таштап кетет, пайда көрбөсө, Кудайга кызмат кылбай калат деп да айтат (Аюп 1:9—11; 2:4). Бирок ишенимдүү Аюп пайгамбар Шайтандын калпычы экенин далилдеген. Силер да ошентесиңерби? Ар бирибиз асмандагы Атабыздын ысмын коргоп, ага ишенимдүү кызмат кылып, аны кубанта алабыз (Накыл 27:11). Бул, чынында эле, чоң сыймык.

6. Дөөтү падыша менен лебилерди кантип туурасак болот? (Некемия 9:5).

6 Кудайды жакшы көргөндүктөн ишенимдүү кызматчылары анын ысымын чын жүрөктөн даңкташат. Алсак, Дөөтү падыша: «Оо, жаным, Жахабаны алка, бүт жан дүйнөм, анын ыйык ысмын алка»,— деп жазган (Заб. 103:1). Ал Жахабанын ысмын даңктаганы анын өзүн даңктаганга тете экенин түшүнгөн. Чынында эле, Жахаба деген ысымды укканда биз анын кандай Кудай экенин, бүт сапаттарын жана кереметтүү иштерин эстейбиз. Дөөтү асмандагы Атасынын ысмын ыйык көрүп, аны «бүт жан дүйнөсү» менен даңктагысы келген. Лебилер да Жахабаны даңкташкан. Алар Жахабанын ыйык ысымын даңктап-даңазалаганга сөз кудурети жетпей турганын момундук менен моюнга алышкан. (Окугула: Некемия 9:5.) Бул Жахабаны кубантканына шек жок.

7. Канткенде Жахабаны кызматта жана күнүмдүк жашообузда даңктай алабыз?

7 Бүгүнкү күндө Жахаба жөнүндө айтып жатканда жылуу сезимдерибиз, ага канчалык ыраазы экенибиз жана аны канчалык жакшы көрөрүбүз көрүнүп турса, ал сүйүнөт. Кызматта жүргөндө негизги максатыбыз — башкаларга да биздей болуп Жахабаны жакшы көргөнгө, ага жакындаганга түрткү берүү (Жкп. 4:8). Биз элге Жахабанын сүйүү, адилеттик, акылмандык, күч жана башка ушул сыяктуу өзүнө тартып турган сапаттары жөнүндө айтып бергенди жакшы көрөбүз. Ошондой эле Жахабаны туураганга аракет кылсак, аны даңктап, ага жага алабыз (Эф. 5:1). Эгер ошентсек, башкалар биздин элден айырмаланып турарыбызды байкап, мунун себебин билгиси келиши мүмкүн (Мт. 5:14—16). Күнүмдүк турмушта башкалар менен мамилелешкенде эмне үчүн тигиндей же мындай кыларыбызды түшүндүрүп берсек болот. Натыйжада ак ниет адамдар Кудайга жакындаганга түрткү алат. Жахабаны ушундай жолдор менен даңктаганыбызда анын жүрөгүн кубантабыз (1 Тим. 2:3, 4).

ЖАХАБАНЫН ЫСМЫН ДАҢКТАСАК, ИСАНЫ КУБАНТАБЫЗ

8. Эмне үчүн Иса Жахабанын атын даңктаган жагынан эң мыкты үлгү көрсөткөн деп айта алабыз?

8 Бир да адам, бир да периште асмандагы Атабызды Исачалык жакшы билбейт (Мт. 11:27). Иса Атасын жакшы көрөт жана анын ысмын даңктаган жагынан эң мыкты үлгү көрсөткөн (Жкн. 14:31). Ал өлөр алдындагы түнү жерге эмне үчүн келгенин айтып: «Сенин атыңды аларга ачып бердим»,— деп тиленген (Жкн. 17:26). Муну менен ал эмне дегиси келген?

9. Иса Атасынын кандай экенин айкыныраак ачып бериш үчүн кайсы аңгемени айтып берген?

9 Иса Кудайдын ысмы Жахаба экенин айтып эле тим болгон эмес. Анткени жүйүттөр Кудайдын атын билишчү. Иса аларга Жахабанын кандай Кудай экенин ачып берген (Жкн. 1:17, 18). Алсак, Еврей Жазмаларында Жахабанын ырайымдуу, боорукер Кудай экени айтылат (Чыг. 34:5—7). Муну Иса адашкан уул менен атасы жөнүндөгү аңгемени айтып бергенде айкын көрсөткөн. Аңгемеде айтылгандай, атасы башын жерге салып келаткан уулун «алыстан эле көрүп», аны тосуп алыш үчүн чуркап чыккан. Анан аны кучактап, өкүнүп жатканын көргөндө чын жүрөктөн кечирген. Бул аңгеме Жахабанын канчалык ырайымдуу, боорукер Кудай экенин эң сонун сүрөттөйт (Лк. 15:11—32). Ооба, Иса Атасын кандай болсо, дал ошондой кылып ачып берген.

10. а) Иса Атасына ысмынан кайрылганын жана башкалардын да ушинтишин каалаганын каяктан билебиз? (Марк 5:19). (Сүрөттү да карагыла.) б) Иса бүгүнкү күндө эмне кылышыбызды каалайт?

10 Иса башкалардын да Атасын ысмынан чакырышын каалады беле? Буга шек жок. Ошол убактагы айрым диний жетекчилер Кудайдын ысмын өтө эле ыйык тутуп, аны айтканга болбойт деп эсептешкен. Бирок Иса Жазмага негизделбеген ушул сыяктуу каада-салттардын айынан Атасынын ысмы даңкталбай калышына эч качан жол берген эмес. Буга герасалыктардын жеринде жин кирип алган кишини айыктырган учурду мисал кылса болот. Иса аны айыктыргандан кийин ал жактагы элди коркунуч басып, алар андан кетишин өтүнгөн (Мр. 5:16, 17). Бирок Иса ошол жактагылардын да Жахабанын ысмын билишин каалаган. Ошондуктан айыккан кишиге мени Иса эмес, Жахаба айыктырды деп айтууну буйруган. (Окугула: Марк 5:19.) a Бүгүнкү күндө Иса Жахабанын ысмын дүйнө жүзүнө жар салышыбызды каалайт (Мт. 24:14; 28:19, 20). Ушундай кылсак, Падышабыз Иса кубанат.

Иса ичинен жин чыккан кишиге Жахабанын ага эмне кылганын башкаларга жарыяла деп айтып жатат (10-абзацты карагыла)


11. Иса жолдоочуларына эмне деп тиленгенди үйрөткөн жана бул эмне үчүн маанилүү? (Жезекиел 36:23).

11 Иса Жахабанын биринчи кезекте өзүнүн ысмын ыйыктап, аны жалаадан тазалагысы келерин билген. Ошол себептен жолдоочуларына: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп тиленгенди үйрөткөн (Мт. 6:9). Иса Жахабанын ысмынын ыйыкталышы ааламдагы эң маанилүү маселе экенин түшүнгөн. (Окугула: Жезекиел 36:23.) Бир да аң-сезимдүү жаратуу Жахабанын ысмынын ыйыкталышына Исадай салым кошкон эмес. Бирок Исаны кармап кетишкенде, эмне деп айыпташты эле? Кудайдын ысмына шек келтирүүчү дешкен. Иса Атасынын ыйык ысмына сөз тийгизүүнү эң эле оор күнөө деп эсептеген. Ошондуктан ага ушундай айып тагышканда, күйбөгөн жери күл болгон. Душмандары кармап кетерине саналуу эле сааттар калганда, ошону ойлоп жан дүйнөсү кыйналганы шексиз (Лк. 22:41—44).

12. Кандайча Иса Атасынын ысмынын ыйыкталышына эң чоң салым кошкон?

12 Атасынын ысмы ыйыкталышы үчүн Иса баарына: запкы жегенине, басынтылганына, жалган жалаа жабылганына чыдаган. Ал баарын Атасы айткандай кылганын, уялганга эч себеп жок экенин билген (Евр. 12:2). Ошондой эле жашоосунун эң оор учурунда Шайтандын ага түзмө-түз кол салып жатканын да түшүнгөн (Лк. 22:2—4; 23:33, 34). Шайтан Исаны кынтыксыздыгынан тайдыра алам деп ойлогон. Бирок анын үмүтү таш капкан. Иса Шайтандын жеткен калпычы экенин жана Жахабанын берилген кызматчылары эң оор учурларда да кынтыксыздыгын сактай аларын биротоло далилдеген!

13. Канткенде Падышаңарды кубанта аласыңар?

13 Азыр башкарып жаткан Падышаңарды кубанткыңар келеби? Анда мындан ары да башкаларга Жахабанын кереметтүү сапаттарын айтып берип, анын ысмын даңктай бергиле. Ошентсеңер, Исанын изи менен баскан болосуңар (1 Пет. 2:21). Исадай болуп, силер да Жахабанын жүрөгүн кубантып, анын душманы Шайтандын жеткен калпычы экенин далилдейсиңер!

ЖАХАБАНЫН ЫСМЫН ДАҢКТАП, БАШКАЛАРДЫН ӨМҮРҮН САКТАЙЛЫ

14, 15. Башкаларга Жахаба жөнүндө айтып бергенде, алар эмнелерди биле алышат?

14 Башкаларга Жахабанын ысмы тууралуу айтсак, алардын өмүрүн сактап калабыз. Кандайча? Шайтан «ишенбегендердин акылын сокур кылып койгон» (2 Кор. 4:4). Ошол себептен көптөр Кудай жок, ал бизден алыс, анын биз менен иши жок, ал абдан катаал, күнөөкөрлөрдү түбөлүккө жазалайт деген Шайтандын калпына ишенет. Шайтан бул калпты Жахабанын ысмын булгап, анын аброюна шек келтириш үчүн, ошонун айынан эч ким ага жакындагысы келбей калышы үчүн жайылтат. Ал эми биз кабар айтканда Шайтандын ушул максатына жетишине бөгөт койгон болобуз. Анткени биз элге Атабыз жөнүндөгү чындыкты айтып, анын ыйык ысмын даңктайбыз. Мунун натыйжасы кандай болуп жатат?

15 Кудайдын Сөзүндөгү чындык укмуштуудай күчкө ээ. Башкаларга Жахабанын кандай Кудай экенин айтканда аларга сонун нерсени түшүнгөнгө жардам беребиз. Ошонун аркасында Шайтандын калпынан улам акылы тунарган адамдардын бара-бара көзү ачылып, биздей болуп, асмандагы Атабыздын кереметтүү сапаттарын көрө башташат. Жахабанын чексиз кубаты жөнүндө билгенде аларды кастарлоо сезими чулгайт (Ыш. 40:26). Ал эми канчалык адилеттүү экенин билгенде ага таянганды үйрөнүшөт (Мыйз. 32:4). Жахабанын теңдешсиз акылмандыгы алардын жолуна жарык чачат (Ыш. 55:9; Рим. 11:33). Жахабанын сүйүү экенин билгенде жүрөктөрү жылып, сооронушат (1 Жкн. 4:8). Ага жакындаган сайын, жер бетинде түбөлүк жашап, анын балдары болобуз деген үмүтү ишке ашарынан шектенбей калышат. Чынында эле, башкаларга асмандагы Атабызга жакындаганга жардам бергенден өтөр сыймык жок! Эгер ошентсек, Жахаба бизди өзүнүн кызматташтары катары эсептейт (1 Кор. 3:5, 9).

16. Кудайдын ысмын билгени айрымдарга кандай таасир эткен? Мисал келтиргиле.

16 Башында биз башкаларга Кудайдын аты Жахаба экенин айтышыбыз мүмкүн. Бирок ошонун өзү эле жүрөгү таза кишилерге күчтүү таасир этет. Мисалга Алия деген жаш кызды алалы b. Ал Ыйык Китеп жөнүндө эч нерсе билчү эмес. Өзү туткан динди анча жактырчу эмес. Кудайды болсо андан алыс деп ойлочу. Бирок Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда баары өзгөргөн. Ал Кудайды досундай көрө баштаган. Анан Жараткандын ысымы көптөгөн Ыйык Китептерден алынып, «Теңир» деген сыяктуу наамдарга алмаштырылганын билгенде абдан таң калган. Жахабанын ысмы жөнүндө укканда, жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. «Көрсө, эң жакын досумдун аты бар экен!» — дейт ал. Бул ага кандай таасир этип жатат? Алия: «Азыр жүрөгүм кадимкидей тынчып калды. Кудайдын ысмын билгениме аябай сыймыктанам!» — дейт. Эми болсо жүйүт динине бекем карманган Стив деген музыканттын окуясын карап көрөлү. Өзүнүн дининдегилердин ушунчалык эки жүздүү экенин көргөндө көңүлү калып, ал диндин мүчөсү болгусу келбей калган. Бирок апасы каза болуп калгандан кийин, бир ишенимдешибиз менен Ыйык Китепти изилдегенге макул болгон. Анан Кудайдын ысмы бар экенин билгенде жүрөгү аябай козголгон. Стив мындай дейт: «Кудайдын аты бар экенин такыр билчү эмесмин. Муну билгенде анын касиет-сапаттары, сезимдери бар тирүү Кудай экенин түшүндүм. Ошондо дос тапкандай эле болдум».

17. Эмне үчүн Жахабанын ысмын мындан ары да даңктай бергенге чечкиндүүсүңөр? (Сүрөттү да карагыла.)

17 Кабар айтканда, башкаларды окутканда Кудайдын ыйык ысмы, Жахаба, жөнүндө айтасыңарбы? Аларга Кудайдын чынында кандай экенин түшүнгөнгө жардам берип жатасыңарбы? Эгер ошентсеңер, Кудайдын ысмын даңктаган болосуңар. Андыктан, келгиле, ушундай ыйык ысымы бар Жахабанын кандай Кудай экени жөнүндө башкаларга мындан ары да айтып, ал ысымды даңазалай берели. Ошонун аркасында көптөрдүн өмүрүн сактап калабыз. Ошондой эле Падышабыз Иса Машаяктын жетекчилигине баш ийген болобуз. Баарынан маанилүүсү, мээримдүү Кудайыбыз Жахабаны кубантабыз. Эмесе, мындан ары да анын ысмын «кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө даңктай» берели! (Заб. 145:2).

Башкаларга Жахабанын ысымы, анын кандай Кудай экени жөнүндө айтсак, анын ысмы даңкталат (17-абзацты карагыла)

ЖАХАБАНЫН ЫСМЫН ДАҢКТАГАНЫБЫЗ КАНДАЙЧА. . .

  • аны кубантат?

  • Иса Машаякты сүйүнтөт?

  • көптөрдүн өмүрүн сактап калат?

2-ЫР: Сенин ысмың — Жахаба

a Исанын ушул сөздөрүн цитата кылганда Марктын түп нускада Жахабанын ысмын колдонгонуна жүйөлүү далилдер бар. Ошол себептен Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» ушул аятта Жахаба деген ысым жазылган.

b Ысымдар өзгөртүлдү.