Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

51-ЫР: Биз Кудайга арналганбыз

Назирлерден эмнени үйрөнсөк болот?

Назирлерден эмнени үйрөнсөк болот?

«Назир болгон күндөрүнүн баарында ал Жахаба үчүн ыйык болот»(САН. 6:8).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Назирлердин үлгүсү Жахабага кызмат кылып жатып жан аябас, кайраттуу болгонго жардам берет.

1. Тарых бою көптөгөн инсандар Жахабага кандай кызмат кылышкан?

 СЕН Жахабаны аябай жакшы көрөсүңбү? Буга шек жок. Тээ илгертен эле сага окшоп Жахабаны жакшы көргөн инсандар көп болгон (Заб. 104:33, 34). Жахабага кызмат кылыш үчүн алар көп нерседен кечишкен. Байыркы учурдагы назирлер жөнүндө да так эле ушуну айтса болот. Алар кимдер болгон жана алардан кандай үлгү алсак болот?

2. а) Назирлер кимдер болгон? (Сандар 6:1, 2). б) Эмне үчүн айрым ысрайылдыктар назир болгонго ант беришкен?

2 «Назир» деп которулган еврей сөзү «бөлүнгөн» же «арналган» дегенди билдирет. Бул сөз Жахабага өзгөчө жол менен кызмат кылыш үчүн айрым нерселерден баш тарткан жан аябас ысрайылдыктарды таамай сүрөттөп турат. Мыйзамга ылайык, эркек же аял киши Жахабага бир нече убакытка чейин назир болуп жашайм деп өзгөчө ант бере алмак a. (Окугула: Сандар 6:1, 2.) Андай салтанаттуу ант же убада берген киши башка ысрайылдыктарга тиешеси жок көрсөтмөлөргө карманмак. Анда эмне үчүн айрымдар назир болууну чечишчү? Алар Жахабаны аябай сүйгөндүктөн жана анын жакшылыктарына ыраазы болгондуктан ушинтишсе керек (Мыйз. 6:5; 16:17).

3. Бүгүнкү күндө Кудайдын эли назирлерге эмнеси менен окшош?

3 Муса пайгамбарга берилген Мыйзам күчүн жоготуп, «Машаяктын мыйзамы» күчүнө киргенде, назир болгонго байланыштуу талаптар жокко чыккан (Гал. 6:2; Рим. 10:4). Ошондой болсо да, назирлердей болуп, Жахабанын бүгүнкү күндөгү эли ага бүт жүрөгү, бүт жаны, бүт акылы, бүт күчү менен кызмат кылып келишет (Мр. 12:30). Алсак, Жахабага өмүрүбүздү арнаганда ага өз эркибиз менен ант беребиз. Ал антыбызга ылайык жашаш үчүн Жахабанын эркин аткарабыз жана айрым нерселерден баш тартабыз. Келгиле, назирлер кантип антына ылайык жашаганын карап чыгалы. Бул бизге өзүбүздүн антыбызга ылайык жашаганга жардам берет b (Мт. 16:24). Эмесе, киришели.

ЖАН АЯБАС БОЛГУЛА

4. Сандар 6:3, 4кө ылайык, назирлер эмнелерден баш тартышкан?

4 Окугула: Сандар 6:3, 4. Назирлер ичимдик ичпеши жана жүзүм, ошондой эле андан жасалган нерселерди жеп-ичпеши керек болчу. Алардын тегерек-четиндегилер болсо андай тамак-аштарды жеп, ичимдик иче беришчү. Себеби булардын эч жаман жери жок болчу. Ыйык Китепте да шарап «адамдын жүрөгүн шаттантары» жана Кудайдын белеги экени айтылат (Заб. 104:14, 15). Бирок назирлер адамга ырахат тартуулаган ушундай нерселерден өз эрки менен баш тартышкан c.

Назирлерге окшоп айрым нерселерден кечкенге даярсыңарбы? (4—6-абзацтарды карагыла)

5. Мадиан менен Марсела эмне кылууну чечишкен жана эмне үчүн?

5 Назирлерге окшоп, биз да Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн айрым нерселерди садага чабабыз. Буга Мадиан менен Марселаны мисал кылса болот d. Ал жубайлар колунда бар үй-бүлөлөрдөн болчу. Мадиан айлыгы көп жумушта иштегендиктен, бардык шарты бар батирде жашашчу. Бирок алар Жахабага көбүрөөк кызмат кылгысы келген. Ошол максатына жетиш үчүн айрым нерселерди өзгөртөлү дешкен. «Биз чыгашаларды азайталы дедик,— дейт алар.— Ошондуктан чакан батирге көчүп, унаабызды сатып жибердик». Мадиан менен Марселаны ушинткенге эч ким мажбурлаган эмес. Алар муну өздөрү каалагандыктан кылышкан. Анткени ошонун аркасында Жахабага көбүрөөк кызмат кыла алышмак. Азыр алар ушундай чечим чыгарганына такыр өкүнбөйт. Кайра аябай сүйүнүшөт.

6. Бүгүнкү күндө ишенимдештерибиз эмне үчүн айрым нерселерден баш тартышат? (Сүрөттү да карагыла.)

6 Бүгүнкү күндө көптөгөн ишенимдештерибиз уюмдун иштерине көбүрөөк убакыт арнаш үчүн айрым нерселерден жан-дили менен баш тартышат (1 Кор. 9:3—6). Албетте, Жахаба бизден айрым нерселерден кечишибиз керектигин талап кылбайт. Биз кечкен нерселердин өзү да жаман эмес. Мисалы, айрымдар жакшы жумушта иштегенден, өздөрү каалагандай үйдө жашагандан баш тартышат. Көптөр үй-бүлө курбай же бала-чакалуу болбой турууну чечишет. Кээ бирлер болсо жакындарынан алыс жашаганга туура келсе да, жарчыларга муктаждык бар жерлерге көчүп кетишет. Көбүбүз эле Жахабага эң жакшысын бергибиз келгендиктен ушундай нерселерден баш тартканга даярбыз. Жахабага кызмат кылыш үчүн чоң нерседен баш тартабызбы же кичинекей нерседенби, ал аны жогору баалайт (Евр. 6:10).

ЭЛДЕН АЙЫРМАЛАНГАНДАН КОРКПОГУЛА

7. Антын аткарыш үчүн назирлер кандай кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн эле? (Сандар 6:5). (Сүрөттү да карагыла.)

7 Окугула: Сандар 6:5. Назир болгон киши чачын кырктырбайм деп ант берчү. Бул Жахабага толугу менен баш иерин көрсөткөн белги болгон. Назирлер канча убакыт кызмат кылса, чачы ошончолук өсүп, көзгө дароо эле урунмак. Эгер башкалар аны колдосо, ага назирлик антын аткарыш оор деле болмок эмес. Өкүнүчтүүсү, ысрайылдыктардын тарыхында аларды баркка албагандар, колдобогондор болгон. Алсак, Амос пайгамбардын учурунда ишенимсиз ысрайылдыктар ичимдик ичпейм деген антын буздуруш үчүн «назирлерге шарап ичиришкен» (Амос 2:12). Ооба, кээ бир учурларда назирлер берген антына бек туруп, башкалардан бөтөнчөлөнүш үчүн кайраттуу болушу керек болгон.

Антына бек турган назир башкалардан айырмалангандан корккон эмес (7-абзацты карагыла)


8. Бенжеминдин окуясы силерге кандай таасир этти?

8 Табиятыбыздан тартынчаак болсок да, Жахаба жардам бергендиктен, кайраттуу болуп, башкалардан айырмалана алабыз. Норвегияда жашаган 10 жаштагы Бенжемин деген ишенимдешибиздин окуясын карап көрөлү. Анын мектебинде Украинадагы согуштан жапа чеккендерди колдош үчүн атайын иш-чара уюштурулган. Балдардан Украинанын желегинин түсүнө окшош кийим кийип, ыр ырдоо талап кылынган. Бенжемин ал улуттук иш-чарага катышпаш үчүн алысыраак барып туруп алган. Бирок мугалими аны көрүп: «Бас бул жакка, балдар менен кошо тур. Биз сени күтүп жатпайлыбы!» — деп кыйкырган. Ошондо Бенжемин коркпой, мугалиминин жанына басып барып, мындай деген: «Мен эки тарапты тең колдобойм, саясий иш-чараларга катышпайм. Чынында, көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү согушка барбаганы үчүн түрмөлөрдө отурушат». Ошондо мугалими анын айтканына көнүп, катышпай эле койсо болорун айткан. Бирок классташтары эмнеге бизге кошулбай койдуң деп жабыла сурап киришкен. Ошондо Бенжемин эмне кыларын билбей калгандыктан ыйлап жибере жаздаган. Ошентсе да, ал өзүн кармап, классташтарына мугалимине айткан сөздөрдү айткан. Андан кийин үйүнө барганда ата-энесине Жахабанын ага көз карашын жактаганга кантип жардам бергенин айтып берген.

9. Канткенде Жахабанын жүрөгүн кубанта алабыз?

9 Биз Жахабанын эркин аткаргыбыз келгендиктен тегерек-четибиздегилерден айырмаланып турабыз. Жумуштан же мектептен Жахабанын Күбөсү экенибизди айтыш үчүн кайраттуулук керек. Учурда элден ыйман кетип, адамдар бузулуп бараткандыктан, Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашоо жана жакшы кабар таратуу барган сайын оорлой берет (2 Тим. 1:8; 3:13). Бир нерсени эсибизден чыгарбайлы: Жахабага кызмат кылбагандардан айырмалангандан коркпосок, анын жүрөгүн кубантабыз (Накыл 27:11; Мал. 3:18).

БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ЖАХАБАНЫ СҮЙГҮЛӨ

10. Сандар 6:6, 7де жазылган талапты аткарыш назирлерге канчалык оор болгон?

10 Окугула: Сандар 6:6, 7. Назирлер өлүккө жакын барбашы керек болчу. Бир караганда, мунун эмнеси оор деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок байыркы учурда жакындары каза болгондо ушул талапка карманыш назирлерге бир топ эле оор болгон. Себеби сөөк коюу каадасын аткарганда өлүккө жакындабай коюу мүмкүн эмес болчу (Жкн. 19:39, 40; Элч. 9:36—40). Демек, назирлер алардын бирине да катыша алмак эмес. Бирок атүгүл жакындарынан айрылып, өзөгү өрттөнүп турган учурда да назирлер антына бек туруп, ишеними күчтүү экенин көрсөтүшкөн. Жахаба өзүнө берилген ал кызматчыларына ушул сыяктуу кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам бергени шексиз.

11. Үй-бүлөгө байланыштуу чечим чыгарганда эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Биз Жахабага өмүрүбүздү арнаганда берген убадабызга олуттуу карайбыз. Бул үй-бүлөбүзгө байланыштуу чечим чыгарганда же кайсы бир иштерди кылганда таасир этет. Мисалы, Ыйык Китепте айтылган үй-бүлөлүк милдеттерибизди чын-дилден аткарабыз. Бирок үйдөгүлөрдүн каалоосун Жахабанын талаптарынан эч качан жогору койбойбуз (Мт. 10:35—37; 1 Тим. 5:8). Кээде Жахабага жагыш үчүн туугандарыбызга жакпаган нерселерди кылганга туура келиши мүмкүн.

Аябай оор жагдайларга кабылсаңар да, Жахабанын эркин биринчи орунга койгонго даярсыңарбы? (11-абзацты карагыла) e


12. Үйүндөгү жагдай оор болсо да, Александру эмне кылган жана эмне кылган эмес?

12 Александру менен келинчеги Доринанын окуясына токтололу. Алар Ыйык Китепти бир жылдай чогуу изилдегенден кийин, Дорина изилдөөнү токтотууну чечкен. Күйөөсүнүн да ошентишин каалаган. Бирок Александру токтотпой турганын жылуу-жумшак түшүндүргөн. Буга Доринанын жини келип, күйөөсүн окуба деп кыйнай берген. Ошондо Александру аялын түшүнгөнгө аракет кылган. Бирок бул оңойго турган эмес. Кээде Дорина андан кыйкым издеп, аны катуу кагып-силккенде, ал изилдегенин токтотуп салгысы келчү. Ошентсе да Александру Жахабаны биринчи орунга койгон. Ошол эле учурда аялын сүйүп, урматтай берген. Акыр-аягы, анын жакшы үлгүсү Доринага кайрадан Ыйык Китепти изилдей баштаганга жана чөмүлгөнгө түрткү берген. (jw.org сайтындагы «Чындык жашоону өзгөртөт» деген бөлүктөн «Александру жана Дорина Вакар. „Сүйүү чыдамкай, боорукер“» деген видеону көргүлө.)

13. Жахабаны жана үй-бүлөбүздү жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

13 Үй-бүлөнү Жахаба негиздеген жана ал үй-бүлөбүз менен бактылуу болушубузду каалайт (Эф. 3:14, 15). Эгер чындап бактылуу болгубуз келсе, анда Жахабага жаккан нерселерди кылышыбыз керек. Үй-бүлөлүк милдеттериңерди аткарып, үйүңөрдөгүлөрдү сүйүп, урматтап, ошол эле учурда Жахабага жаныңарды аябай кызмат кылып жатканыңарды ал көз жаздымда калтырбайт. Мындан эч качан шектенбесеңер болот (Рим. 12:10).

БИРИ-БИРИҢЕРДИ НАЗИРЛЕРДЕЙ БОЛГОНГО ҮНДӨГҮЛӨ

14. Өзгөчө кимдерден жылуу сөзүбүздү аябашыбыз керек?

14 Бүгүнкү күндө Жахабага кызмат кылууну тандагандар аны сүйгөндүктөн айрым нерселерден кечкенге даяр болушу керек. Кээде бул оңой эмес. Бири-бирибизге жан аябас болгонго кантип жардам бере алабыз? Ан үчүн бири-бирибизди ошого үндөп турушубуз керек (Аюп 16:5). Жыйналышыңарда көбүрөөк кызмат кылыш үчүн жашоосун жөнөкөйлөткүсү келгендер барбы? Кыйынга турса да, классташтарынан айырмалангандан коркпогон кайраттуу жаштарды билесиңерби? Же болбосо үйүндөгүлөрүнүн каршылыгына карабай, ишениминен жазбаган боордошторуңарды же Ыйык Китепти изилдеп жаткан кимдир бирөөнү билесиңерби? Келгиле, бир да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, аларга жылуу сөзүбүздү айтып туралы. Ошондой эле жан аябастыгы, кайраттуулугу үчүн аларды канчалык баалаарыбызды билдирели (Флм. 4, 5, 7).

15. Толук убакыт кызмат кылгандарды айрымдар кантип колдоп жатышат?

15 Кээде толук убакыт кызмат кылган боордошторубузга иш жүзүндө жардам берсек болот (Накыл 19:17; Евр. 13:16). Шри-Ланкада жашаган бир апа так ошондой кылган. Анын пенсиясы көбөйүп калганда, акчасы тартыш болуп жатканына карабай кызматын уланткысы келген эки пионер кызга жардам бергиси келген. Ошондуктан ай сайын алардын телефонуна кеткен чыгымды төлөп турайын деген. Бул кандай гана берешендик!

16. Байыркы учурдагы назирлерден эмнелерди үйрөнө алабыз?

16 Бул макаладан билгенибиздей, байыркы убакта өз ыктыяры менен назир болгондордон көп нерсени үйрөнө алабыз. Бирок назирлер жөнүндө жазылгандардан асмандагы Атабыз Жахаба жөнүндө да бир нерсени биле алабыз. Ал ага жаккандай жашаш үчүн чын жүрөктөн аракет кылып жатканыбызды жана берген антыбызга туруш үчүн көп нерседен кечкенге даяр экенибизди билет. Аны жакшы көрөрүбүздү өзгөчө жол менен көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берип кадырыбызды көтөрүп жатканына ыраазыбыз (Накыл 23:15, 16; Мр. 10:28—30; 1 Жкн. 4:19). Назирлер жөнүндө карап чыгып, Жахаба садага чапкан нерселерибизди байкаарын жана баалаарын билдик. Анда келгиле, Жахабага мындан ары да эң жакшысын берип кызмат кыла бергенге бел байлайлы.

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Назирлер жан аябас, кайраттуу экенин кантип көрсөтүшкөн?

  • Бири-бирибизди назирлердей болгонго кантип үндөй алабыз?

  • Назирлер жөнүндөгү билдирүүдөн Жахаба тууралуу эмнелерди билдик?

124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз

a Жахаба дайындаган назирлер саналуу эле болгон. Ысрайылдагы назирлердин көбү ошол кызматты өз эрки менен тандагандар болсо керек. (« Жахаба дайындаган назирлер» деген кутучаны карагыла.)

b Кээде адабияттарыбызда назирлер толук убакыт кызмат кылгандарга салыштырылат. Бирок бул макалада өмүрүн Кудайга арнагандардын баары канткенде назирлердей боло аларына басым жасалат.

c Сыягы, назирлерге, өздөрү берген антын аткара алышы үчүн, кошумча милдеттер, мисалы, кандайдыр бир жумуш артылган эмес көрүнөт.

d jw.org сайтындагы «Жахабанын Күбөлөрүнүн окуялары» деген бөлүктөн «Жашообузду жөнөкөйлөтүүнү чечтик» деген макаланы карагыла.

e СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ,: Каза болгон жакынынын сөөк коюу каадасы өтүп жатканда, назир аны үйдүн үстүнөн алыстан карап турат. Жахабага берген антын бузбаш үчүн ал өлүк турган жерге жакын бара албайт.