Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз

Жахабанын жетекчилигине дайыма баш ийгиле

Жахабанын жетекчилигине дайыма баш ийгиле

«Мен, Жахаба,.. сени. . . жетектеп жүрөм» (ЫШ. 48:17).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макаладан Жахабанын бизди кантип жетектеп жатканын жана анын жетекчилигине баш ийсек, андан кандай бата аларыбызды билебиз.

1. Жахаба Кудайдын жетекчилигине эмне үчүн баш ийишибиз керек? Мисал келтиргиле.

 ЖЫРТКЫЧ жаныбарларга, оору чакырган курт-кумурскаларга жык толгон, уулуу өсүмдүктөр өскөн, ар кайсы жерлерде аңдары бар жунглиде адашып калганыңды элестетсең. Андайда жүрөгүң оозуңа тыгылмак болуш керек. Бирок ошол тегеректеги кооптуу жерлерди жакшы билген, алардан сени сактап кала турган жол көрсөткөн бирөө болсо, аябай ыраазы болмоксуң. Бул дүйнө так ошондой жунглиге окшош. Ал Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетире турган коркунучтуу нерселерге жык толгон. Ошондой болсо да биздин туура жолду көрсөткөн Жахаба Кудайыбыз бар. Ал бизге кооптуу нерселерди айланып өткөнгө жардам берип, түбөлүк өмүргө алып барган жолдо жетектеп баратат.

2. Жахаба бизди кантип жетектейт?

2 Жахаба бизге кантип жол көрсөтөт? Негизинен, өзүнүн Сөзү Ыйык Китеп аркылуу. Бирок бизди жетектеш үчүн адамдарды өкүлү катары да колдонот. Мисалы, «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу бизди рухий тамак менен камсыз кылып, туура чечим чыгарганга жардам берет (Мт. 24:45). Жахаба өз ишин мыкты аткарган башка эркектер аркылуу да жетекчилик берет. Алсак, райондук көзөмөлчүлөр, аксакалдар кыйын кезеңдерде бизге жылуу сөзүн айтып, кеп-кеңешин берип, колдошот. Азыркы оор учурда бизге туура жол көрсөтүп жатканы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Ушунун аркасында анын ырайымынан айрылбай, өмүргө алып барган жолдо кетип баратабыз.

3. Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Анткен менен кээде Жахабанын жетекчилигине баш ийиш кыйынга турушу мүмкүн. Өзгөчө, ал көрсөтмөлөр бизге окшогон эле жеткилең эмес адамдар аркылуу берилгенде баш ийиш оңой болбойт. Эмне үчүн? Себеби алардын кеңештери бизге жаккан же жакпаган нерселерге төп келбей калат. Кээде болсо алар Жахабанын эмес, өздөрүнүн оюн айтып жаткандай, кеңештери акылга сыйбагандай сезилиши мүмкүн. Ушундай учурларда Жахабанын өз элин жетектеп жатканына, анын жетекчилигине баш ийгенибиздин акыбети сөзсүз кайтарына бекем ишенишибиз керек болот. Ан үчүн 3 суроого токтололу: 1) Жахаба байыркы учурда өз элин кантип жетектеген? 2) Бүгүнкү күндө кантип жетектеп жатат? 3) Анын жетекчилигине баш ийсек, кандай пайда алабыз?

Жахаба тээ байыртан эле элин жетектеш үчүн адамдарды өкүлү катары колдонуп келет (3-абзацты карагыла)


ЖАХАБА ЫСРАЙЫЛ ЭЛИН КАНТИП ЖЕТЕКТЕГЕН?

4, 5. Жахаба элин Муса аркылуу жетектеп жатканын кантип көрсөткөн? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

4 Жахаба ысрайылдыктарды Мисирден алып чыгыш үчүн Мусаны жол башчы кылып дайындаган. Ал ысрайылдыктарды Муса аркылуу жетектеп жатканын эл өз көзү менен көрө алышы үчүн белги көрсөткөн. Маселен, күндүзү булут мамы, түнкүсүн от мамы пайда болуп калчу (Чыг. 13:21). Муса ошол мамыны ээрчип, өзү да, ысрайылдыктар да Кызыл деңизге барып токтошкон. Ысрайыл эли Кызыл деңиз менен аларды кууп келаткан мисир аскерлеринин ортосунда калып калганда кылтакка түштүк деп дүрбөлөңгө түшкөн. Алар Муса адашып калып Кызыл деңизге алып келип салды деп ойлошкон. Бирок Муса адашкан эмес. Анткени Жахаба атайын эле элин ошол жерге жетектеп барган (Чыг. 14:2). Анан аларды такыр ойго келбеген жол менен куткарып калган (Чыг. 14:26—28).

Ысрайылдыктар чөл кезип жүргөн кезде, Муса булут мамы каякка барса, ошол жакка барып, Кудайдын элин жетектеп жүргөн (4, 5-абзацтарды карагыла)


5 Кийин ысрайылдыктар 40 жыл бою чөл кезип жүргөн кезде, Муса мамы каякка барса, ошол жакка барып, Кудайдын элин жетектеп жүргөн a. Кайсы бир убакытка чейин Жахаба мамыны Мусанын чатырынын үстүндө пайда кылып турган. Аны бүт ысрайылдыктар даана көрө алышкан (Чыг. 33:7, 9, 10). Ошол булут мамынын ичинен Жахаба Мусага сүйлөп турган. Ал болсо анын көрсөтмөлөрүн элге жеткирип турган (Заб. 99:7). Ооба, ысрайылдыктарда Жахаба аларды Муса аркылуу жетектеп жатканына шектенгенге кымындай да себеп жок болчу.

Муса менен анын орун басары Жашыя (5, 7-абзацтарды карагыла)


6. Ысрайылдыктар Жахабанын жетекчилигине кандай карашкан? (Сандар 14:2, 10, 11).

6 Тилекке каршы, Жахаба Мусаны өкүлү кылып колдонуп, ысрайылдыктарды ал аркылуу жетектеп жатканы айкын болуп турса да, алар муну көз жаздымда калтырышкан. (Окугула: Сандар 14:2, 10, 11.) Ошон үчүн ага кайра-кайра каршы чыгышкан. Кесепетинде ысрайылдыктардын ошол мууну Кудай убада кылган жерге кирбей калышкан (Сан. 14:30).

7. Жахабага кимдер баш ийген? Мисал келтиргиле (Сандар 14:24). (Сүрөттү да карагыла.)

7 Бирок айрым ысрайылдыктар Жахабанын жетегине баш ийген. Мисал үчүн, Жахаба: «Калеп. . . мага толугу менен баш ийди»,— деген. (Окугула: Сандар 14:24.) Кудай ага батасын берип, атүгүл Канаан жеринен өзүнө жаккан жерди тандаганга уруксат берген (Жаш. 14:12—14). Ысрайылдыктардын чөл кезүүдөн аман калган кийинки мууну Жахабага баш ийип, жакшы үлгү көрсөтүшкөн. Мусанын ордуна Жашыя жол башчы болуп дайындалганда, ысрайылдыктар андан «өмүрү өткөнчө коркушкан» (Жаш. 4:14). Натыйжада Жахаба аларга батасын берип, өзү убада кылган жерге алып барган (Жаш. 21:43, 44).

8. Падышалардын тушунда Жахаба өз элин кантип жетектегенин айтып бергиле. (Сүрөттү да карагыла.)

8 Көп жылдан кийин Жахаба элин жетектеш үчүн бийлерди дайындаган. Кийин падышалардын тушунда элине пайгамбарлары аркылуу жол көрсөтө баштаган. Ишенимдүү падышалар пайгамбарлардын кеңешине кулак каккан. Алсак, Натан пайгамбар ашкерелегенде, Дөөтү ага кулак салган (2 Шем. 12:7, 13; 1 Жылн. 17:3, 4). Жошапат падыша Жахазиел пайгамбардын айтканын эп көрүп, жүйүт элин да: «[Кудайдын] пайгамбарларына ишенгиле»,— деп үндөгөн (2 Жылн. 20:14, 15, 20). Ал эми Хиския падыша башына мүшкүл түшкөндө жардам сурап, Ышая пайгамбарга кайрылган (Ыш. 37:1—6). Падышалар Жахабанын жетекчилигине баш ийгенде андан бата алып, элди да коргой алышкан (2 Жылн. 20:29, 30; 32:22). Ооба, Жахабанын пайгамбарлары аркылуу өз элине багыт көрсөтүп жатканы айкын эле көрүнүп турган. Өкүнүчтүүсү, падышалардын көбү, анын ичинде эл да Жахабанын пайгамбарларын укпай коюшкан (Жер. 35:12—15).

Хиския менен Ышая (8-абзацты карагыла)


ЖАХАБА ИСАНЫН АЛГАЧКЫ ШАКИРТТЕРИН КАНТИП ЖЕТЕКТЕГЕН?

9. Жахаба 1-кылымдагы шакирттерди кантип жетектеген? (Сүрөттү да карагыла.)

9 Б. з. 1-кылымында Жахаба Исанын жолдоочуларынын жыйналышын негиздеген. Ал аларды кантип жетектеген? Жыйналыштын башчысы кылып Исаны дайындаган (Эф. 5:23). Бирок Иса ар бир шакиртине өзүнчө көрсөтмө берип турган эмес. Ан үчүн ал Иерусалимде жетекчиликти колго алган элчилер менен аксакалдарды колдонгон (Элч. 15:1, 2). Аксакалдар жыйналыштарга да баш-көз болушкан (1 Тес. 5:12; Тит 1:5).

Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар (9-абзацты карагыла)

10. а) 1-кылымдагы шакирттер көрсөтмөгө кандай карашкан? (Элчилер 15:30, 31). б) Эмне үчүн байыркы учурда айрымдар Жахабанын өкүлдөрүн тоготпой коюшкан? (« Эмне үчүн айрымдар айкын далилдерди танышкан?» деген кутучаны карагыла.)

10 Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары жетекчиликке баш ийгенби? Ооба, көбү көрсөтмөлөрдү сүйүнүп эле кабыл алышкан. Ыйык Китепте алардын «бекемдээрлик сөздөрдөн чоң кубаныч алышканы» айтылат. (Окугула: Элчилер 15:30, 31.) Ал эми Жахаба учурда өз элин кантип жетектеп жатат?

 

ЖАХАБА БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ЭЛИН КАНТИП ЖЕТЕКТЕП ЖАТАТ?

11. Жахаба биздин убакта жетекчиликти колго алгандарды кантип багыттап жатат?

11 Жахаба элин бүгүн да жетектеп жатат. Ан үчүн ал өз Сөзүн жана жыйналыштын Башчысы болгон Уулун колдонот. Кудайдын адамдарды өкүлү катары колдонуп, элин жетектеп жатканынын айкын далилдерин көрүп жатасыңарбы? Ооба. Буга 1800-жылдардын аягында болгон айрым окуяларды мисал кылалы. Чарлз Тейз Расселл менен анын шериктери 1914-жылдын тарыхтагы өзгөчө жыл болорун түшүнө башташкан. Так ошол жылы асманда Кудайдын Падышалыгы орномок (Дан. 4:25, 26). Алар Ыйык Китептеги пайгамбарлыкты казып изилдегендиктен ошондой жыйынтыкка келишкен. Ыйык Китепти изилдеп жатышканда, Жахаба аларга багыт көрсөткөнбү? Буга шек жок. 1914-жылы дүйнө жүзү боюнча болгон окуялар Кудайдын Падышалыгы башкара баштаганын далилдеген. Алсак, Биринчи дүйнөлүк согуш башталган. Ага куйрук улаш жугуштуу оорулар, жер титирөөлөр, ачарчылык күч алган (Лк. 21:10, 11). Ырас, Жахабанын өз элине жардам бериш үчүн ошол ак ниет адамдарды колдонуп жатканы айдан ачык болчу.

12, 13. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда кабар айтуу, окутуу иши кулач жайышы үчүн эмнелер кылынган?

12 Эми Экинчи дүйнөлүк согуш маалында эмнелер болгонуна токтололу. Аян 17:8ди изилдегенден кийин башкы башкармалыктагы жетекчиликти колго алган ишенимдештерибиз согушка байланыштуу бир нерсени түшүнүшкөн: согуш күч алып отуруп, Армагедон согушуна алып келмек эмес. Тескерисинче, салыштырмалуу тынчтык өкүм сүрүп, жакшы кабардын таратылышына жол ачылмак. Ошондуктан, ал кезде бир кызыктай сезилсе да, Жахабанын Күбөлөрү Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат коллежин (мектебин) ачышкан. Ал коллежде миссионерлер кабар айтканга, окутканга үйрөтүлүп, дүйнөнүн булуң-бурчуна жиберилишкен. Алар атүгүл согуш оту жалбырттап жаткан маалда да ар кайсы өлкөлөргө жөнөтүлүшкөн. Мындан тышкары, ишенимдүү кул жыйналыштагылардын баарына жакшы кабар айтканды жана окутканды үйрөтүш үчүн Теократиялык кызмат курсун b уюштурган. Ошонун аркасында Кудайдын эли алдыдагы иштерге даяр болуп калган.

13 Тарыхка көз чаптырсак, Жахабанын өз элин кыйын мезгилде да жетектеп келгени айкын көрүнүп турат. Экинчи дүйнөлүк согуштан тартып көптөгөн өлкөлөрдө Жахабанын элине эч ким бут тоспой, кабар айтуу ишин эркин жүргүзүп келишет. Чынында эле, ал иш барган сайын илгерилей берген.

14. Уюм берген көрсөтмөлөрдүн туура экенине жана аксакалдардын туура жетекчилик берип жатканына эмне үчүн ишенсек болот? (Аян 2:1). (Сүрөттү да карагыла.)

14 Бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш Машаякка баш иет. Алар боордошторуна Жахаба менен Исанын көз карашына төп келген көрсөтмөлөрдү бергиси келет. Ал көрсөтмөлөрдү жыйналыштарга жеткириш үчүн райондук көзөмөлчүлөр менен аксакалдарды колдонушат c. Майланган аксакалдар, анын ичинде жыйналыштардагы аксакалдардын баары Машаяктын «оң колунда». (Окугула: Аян 2:1.) Албетте, алар бизге окшогон эле пенделер, ошондуктан ката кетиришет. Илгери Муса менен Жашыя да, элчилер да кээде жаңылып-жазышкан (Сан. 20:12; Жаш. 9:14, 15; Рим. 3:23). Ошентсе да Иса ишенимдүү кулду да, аксакалдарды да «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин» жетектей берет (Мт. 28:20). Ал жыйналышта баш-көз болгондор аркылуу бизди жетектеп жатканынан күмөн санабасак болот.

Бүгүнкү күндөгү Жетектөөчү Кеңеш (14-абзацты карагыла)

ЖАХАБАНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ БАШ ИЙГЕНИБИЗ ӨЗҮБҮЗГӨ ЭЛЕ ЖАКШЫ

15, 16. Жахабанын жетекчилигине баш ийгендерден эмнени үйрөндүңөр?

15 Жахабанын жетекчилигине баш ийсек, азыртадан эле мол бата алабыз. Мисалга Энди менен Розаны d алалы. Алар жашоону жөнөкөйлөтүүгө байланышкан кеңешке кулак кагышкан (Мт. 6:22). Ошонун аркасында уюм жүргүзгөн курулуш ишине өз ыктыяры менен катыша алышкан. Роза мындай дейт: «Бизге тар бөлмөлөрдө жашаганга туура келди. Жадагалса айрымдарынын тамак жасай турган жери да жок болчу. Фотоаппарат менен сүрөт тартканды аябай жакшы көрчүмүн. Кийин ага тиешелүү шаймандардын баарын сатканга туура келди. Ошондо көз жашымды көлдөтүп ыйлагам. Бирок Ыбрайымдын байбичеси Саарадай болуп, арттагы нерселерге кылчая бербей, алдыдагы нерселерди гана караганга чечкиндүү болчумун» (Евр. 11:15). Бул жубайлар башынан өткөргөндөрдөн эмнени үйрөнүшкөн? Роза сөзүн мындай деп улайт: «Жахабага өзүбүздө болгон жакшы нерсебиздин баарын берип жатканыбызды билгендиктен аябай сүйүнөбүз. Жахаба тапшырган кайсы бир ишти аткарып жатканда бейиштин бир бурчун көргөндөй эле болосуң». Келинчегин коштоп Энди: «Бүт убактыбызды, күчүбүздү Падышалыктын ишине жумшап жатканыбызды билгендиктен чоң кубанычка бөлөнөбүз»,— дейт.

16 Жахабанын жетекчилигине ылайык иш кылганыбыздын дагы кандай пайдасы бар? Буга Марисияны мисал келтирсек болот. Башкалардын кеңешине кулак төшөгөнү үчүн ал мектепти бүтүргөндөн кийин Жахабага толук убакыт кызмат кылгысы келген (Мт. 6:33; Рим. 12:11). Марисия мындай дейт: «Мага университетке тапшыр деп айтышкан. Ал жерде 4 жыл окумакмын. Бирок мен Жахабага көбүрөөк кызмат кылгым келчү. Ошондуктан кийин кызмат кылганда жанымды бакканга жардам бере турган кесипти үйрөнүп алайын деп чечтим. Ошенткеним жашоомдогу эң туура чечимдердин бири болуптур. Азыр пионер болуп жыргап кызмат кылып жүрөм. Бейтелге анда-санда барып жардам бергенге же кызматтын башка түрлөрүнө катышканга шарт түзгөн жумушта иштейм».

17. Жахабанын жетекчилигине баш ийсек, дагы кандай бата алабыз? (Ышая 48:17, 18).

17 Кээде ар кандай тузактардан, мисалы, дүнүйөкорлуктан, Кудайдын мыйзамын бузуп алуудан сактаган кеңештерди угушубуз мүмкүн. Андайда Жахабанын жетекчилигине ылайык иш кылсак, сөзсүз акыбети кайтат. Айталы, абийирибиз таза болот, жөн жерден башыбызга балээ үйүп албайбыз (1 Тим. 6:9, 10). Ошонун аркасында Жахабанын алдында жүзүбүз жарык болуп, ага кызмат кыла алабыз. Бул болсо чоң кубанычка, тынчтыкка бөлөп, канааттануу тартуулайт. (Окугула: Ышая 48:17, 18.)

18. Эмне үчүн мындан ары да Жахабанын жетекчилигине баш ийгенге чечкиндүүсүң?

18 Жахаба мындан ары да адамдарды өкүлү катары колдонуп, улуу алаамат учурунда да, кийин Машаяктын Миң жылдык башкаруусу башталганда да бизди жетектей берет (Заб. 45:16). Берилген көрсөтмөлөр биз каалагандай болбосо да, аларга баш ие беребизби? Бул Жахаба берип жаткан көрсөтмөлөргө азыр кандай баш ийип жатканыбыздан көз каранды болот. Андыктан, келгиле, Жахабанын көрсөтмөлөрүнө, анын ичинде ал бизге баш-көз кылып дайындагандардын көрсөтмөлөрүнө баш иели (Ыш. 32:1, 2; Евр. 13:17). Эгер ошентсек, бизге жол көрсөткөн Жахабанын туура жетекчилик берип жатканына толук ишеним арта алабыз. Анткени Жахаба бизди аны менен болгон мамилебизге коркунуч туудурган нерселерден сактап, көздөгөн жерибизге — адамдар түбөлүк өмүр сүрө турган жаңы заманга — алып барат.

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Жахаба ысрайылдыктарды кантип жетектеген?

  • Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларын кантип жетектеген?

  • Бүгүнкү күндө Жахабанын жетекчилигине баш ийсек, кандай пайда алабыз?

48-ЫР: Дайыма Жахабанын жолунда жүрөлү

a Жахаба ысрайылдыктарды Убадаланган жерге жетектеп, алардын алдында бара турган бир периштени да дайындаган. Ал периште Микеил болгону айдан ачык. Микеил — Исанын жерге келгенге чейинки ысмы (Чыг. 14:19; 32:34).

b Кийинчерээк Теократиялык кызмат мектеби деп аталып калган. Азыр бул — иш күндөрүндөгү жолугушуунун бир бөлүгү.

c «Жетектөөчү Кеңештин ролу» деген кутучаны карагыла («Күзөт мунарасы», 2021-ж., фев., 18-б.).

d Айрым ысымдар өзгөртүлдү.