Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабаны чыдап күтүп жатып кубанычыңды жоготпо

Жахабаны чыдап күтүп жатып кубанычыңды жоготпо

ЖАХАБА ыймансыздыкты жок кылып, баарын жаңы жарата турган күндү эңсеп күтүп жатасыңбы? (Аян 21:1—5). Буга шек жок! Бирок Жахабаны чыдап күтүш дайыма эле оңой эмес. Өзгөчө, кыйынчылыктар менен алпурушуп жатсаң, бул оңойго турбайт. Анын үстүнө, күткөн нерсебиз көпкө чейин ишке ашпаса, көңүлүбүз да чөгөт (Накыл 13:12).

Ошентсе да Жахаба ал белгилеген убак келгенче аны сабырдуулук менен күтүшүбүздү каалайт. Эмне үчүн? Аны күтүп жатып кубанычыбызды жоготпогонго эмне жардам берет?

ЖАХАБА ЭМНЕ ҮЧҮН КҮТҮШҮБҮЗДҮ КААЛАЙТ?

Ыйык Китепте: «Жахаба силерге ырайым кылар убакты күтөт, силерге кайрымдуулук кылуу үчүн ордунан турат. Анткени Жахаба — акыйкат Кудай. Аны күткөндөрдүн баары бактылуу»,— делет (Ыш. 30:18). Ышая жазган бул сөздөр башында өжөр жүйүт элине карата айтылган (Ыш. 30:1). Жүйүттөрдүн арасында ишенимдүүлөрү да болгон. Бул сөздөр аларга үмүт берген. Бүгүнкү күндө Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жаткандардын да үмүтүн жандырат.

Жахаба өзү да чыдап күтүп жаткандыктан, биз да чыдамдуу болушубуз керек. Ал бул дүйнөнү жок кыла турган убакытты белгилеп койгон. Ошол күндү жана саатты өзү да күтүп келатат (Мт. 24:36). Ал убак келгенде, Шайтандын Жахабага жана ага кызмат кылгандарга жапкан жалаасынын баары төгүнгө чыгат. Ошондон кийин Жахаба Шайтанды жана анын тарабын ээлегендерди жок кылат. Бизге болсо «ырайым кылат».

Албетте, ал убакыт келгенге чейин Жахаба кыйынчылыктарыбыздын баарынан арылтып койбойт. Анткен менен бизди ошол күндү кубанып күтө аларыбызга ынандырат. Ышая айткандай, бир нерсени самап же жакшы нерсенин болушуна үмүттөнүп жатып бактылуу боло алабыз (Ыш. 30:18) a. Ан үчүн эмне кылсак болот? Анда төрт кадамга токтололу.

КҮТҮП ЖАТЫП КАНТКЕНДЕ КУБАНЫЧЫБЫЗДЫ ЖОГОТПОЙБУЗ?

Жакшы нерсеге көңүл топто. Дөөтү падыша башынан далай азапты кечирген (Заб. 37:35). Ошого карабай ал Жахабаны күткөн. Дөөтү: «Жахабанын алдында унчукпа, аны чыдамсыздык менен күт. Өз жолунда ийгиликке жеткен бирөөгө, ойлорун ишке ашырган адамга кыжырланба»,— деп жазган (Заб. 37:7). Ал бүт көңүлүн Жахабанын аны куткарарына топтоп, айткан ушул кеңешине өзү да карманган. Ал Жахабадан алган баталарын да эсине бек түйүп жүргөн (Заб. 40:5). Эгер биз да жашообузда болуп жаткан жаман нерселерди эле ойлой бербей, жакшы нерселерге көңүл топтосок, Жахабаны күтүш жеңилирээк болот.

Дайыма Жахабаны даңкта. 71-забурда: «Мен болсо дайыма сени күтөм, сага даңк артынан даңк айтам»,— деп жазылган (Заб. 71:14). Сыягы, бул забурду Дөөтү жазса керек. Ал Жахабаны кантип даңктаган? Жахаба жөнүндө башкаларга айткан жана аны даңктап ырдаган (Заб. 71:16, 23). Дөөтүдөй болуп, биз да Жахабаны күтүп жатып кубана алабыз. Кабар айтканда, бири-бирибиз менен сүйлөшкөндө, Падышалык ырларын ырдаганда Жахабаны даңктайбыз. Ошондуктан кийинки жолу ал ырларды ырдаганда жан эргиткен сөздөрүнө көңүл бур.

Ишенимдештериң менен убакыт өткөрүп, дем-күчкө тол. Дөөтү кыйынчылыктарга туш болгондо Жахабага: «Ишенимдүү кызматчыларыңдын алдында ысмыңа үмүт артам»,— деп айткан (Заб. 52:9). Жахабанын берилген кызматчылары менен жыйналышка барганда, кабар айтканда эле эмес, алар менен чогулуп убакыт өткөргөндө да күч-кайратка толобуз (Рим. 1:11, 12).

Үмүтүңдү чыңда. Забур 62:5те: «Оо, жаным, унчукпай, Кудайды күт, анткени мен андан үмүт кылам»,— деп жазылган. Үмүтүбүз күчтүү болсо, күткөн нерсебиздин орундаларынан такыр шектенбейбиз. Бул аябай маанилүү, анткени азыркы дүйнөнүн акыры биз ойлогондон кечигип жатса, ушундай үмүт туруктуу болгонго жардам берет. Канча күткөнгө туура келбесин, Жахаба убада кылган нерселердин баары сөзсүз аткарыларына көзүбүз жеткидей болушу керек. Эгер Кудайдын Сөзүн, мисалы, пайгамбарлыктарды, Ыйык Китептин ич-ара шайкештигин, Жахаба жөнүндө жазылгандарды майда-баратына чейин изилдесек, үмүтүбүз чыңдалат (Заб. 1:2, 3). Мындан тышкары, «ыйык рух менен» тилене беришибиз керек. Бул бизге Жахабанын түбөлүк өмүр берем деген убадасын күтүп жатып андан алыстап кетпегенге жардам берет (Жүй. 20, 21).

Дөөтү падышадай болуп, Жахабанын аны күткөндөргө назар саларына, аларга мээримин төгөрүнө күмөн санаба (Заб. 33:18, 22). Эмесе, жакшы нерселерге көңүл топтоп, Жахабаны даңктап, ишенимдештериң менен пикирлешип, дем-күч алып, баалуу үмүтүңдү чыңдап, Жахабаны чыдап күтө бер.

a «Күтүү» деп которулган түп нускадагы сөз «эңсөө же бир нерсенин орундаларына үмүттөнүү» дегенди да билдирет. Бул Жахаба азаптарыбыздан арылта турган күндү самап күткөнүбүздүн табигый эле нерсе экенин көрсөтүп турат.