Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин жаңы эки мүчөсү

Жетектөөчү Кеңештин жаңы эки мүчөсү

2023-ЖЫЛДЫН 18-январында, шаршемби күнү, Гэйж Флигл жана Жэффри Уиндер Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү болгону тууралуу jw.org сайтына өзгөчө кулактандыруу чыккан. Экөө тең Жахабага көп жылдардан бери ишенимдүү кызмат кылып келишет.

Гэйж Флигл менен жубайы Надя

Гэйж Флигл АКШнын Пенсильвания штатынын батышында Жахабанын Күбөлөрүнүн үйүндө чоңоюп-өскөн. Ал өспүрүм курагында үй-бүлөсү менен жарчыларга муктаждык көп жерде кызмат кылыш үчүн бир чакан шаарга көчүп барган. Ошондон көп өтпөй 1988-жылы 20-ноябрда чөмүлгөн.

Ата-энеси аны Жахабага толук убакыт кызмат кылганга дайыма үндөп турушчу. Алар райондук көзөмөлчүлөрдү, бейтелдиктерди үйүнө көп чакырышчу. Ошондуктан Гэйж ал ишенимдештеринин канчалык бактылуу экенин көрүп чоңойгон. Чөмүлгөнүнөн көп өтпөй эле 1989-жылы 1-сентябрда үзгүлтүксүз пионер болгон. Эки жылдан кийин 12 жашында койгон максатына жеткен, тагыраак айтканда, 1991-жылдын октябрында Бруклиндеги Бейтелде кызмат кыла баштаган.

Гэйж Бейтелде китеп мукабалаган бөлүмдө 8 жыл кызмат кылган. Андан кийин кызмат бөлүмүнө дайындалган. Ошол убакта ал орус тилиндеги жыйналышта бир нече жыл кызмат кылган. 2006-жылы Надя деген кызга үйлөнүп, экөө чогуу Бейтелде кызмат кыла башташкан. Алар португал тилиндеги жыйналышта, андан соң 10 жыл испан тилиндеги жыйналышта кызмат кылышкан. Гэйж бир тууганыбыз кызмат бөлүмүндө көп жыл кызмат кылгандан кийин Окутуу комитетине, андан соң Кызмат комитетине дайындалган. Ал эми 2022-жылдын мартында Жетектөөчү Кеңештин кызмат комитетинин жардамчысы болуп дайындалган.

Жэффри Уиндер менен жубайы Анжела

Жэффри Уиндер болсо Калифорниянын Мариетта шаарында чоңоюп-өскөн. Бала кезинен эле чындык жолунда тарбияланып, 1986-жылдын 29-мартында чөмүлгөн. Кийинки айда эле көмөкчү пионер болууну чечкен. Ал кызмат ага аябай жаккандыктан аны андан ары да уланткан. Бир нече ай көмөкчү пионер болгондон кийин 1986-жылдын 1-октябрында үзгүлтүксүз пионердик кызматка киришкен.

Өспүрүм курагында Жэффри ошол убакта Бейтелде кызмат кылып жаткан эки агасы менен көрүшкөнү барган. Ошондон кийин Бейтелде кызмат кылгысы келип, чоңойгондо арыз толтурган. Ошентип, 1990-жылы майда Уолкиллдеги Бейтелге кызмат кылууга чакырылган.

Ал Бейтелде ар кайсы бөлүмдөрдө, алсак, тазалык бөлүмүндө, уюмубуздун фермасында, Бейтел бюросунда кызмат кылган. 1997-жылы болсо Анжела деген кыз менен баш кошкон. Ошондон бери экөө Бейтелде кызмат кылып келишет. 2014-жылы аларды Уорикке которушкан. Ал жерден Жэффри башкы башкармалыктын имараттарын курганга жардам берген. 2016-жылы болсо Патерсондогу Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборундагы Аудио/видео кызматына дайындалган. Ал жерде 4 жыл кызмат кылгандан кийин кайрадан Уорикке кайтып барышкан. Ал жактан Кадрлар комитетине дайындалган. Ал эми 2022-жылдын мартында Жетектөөчү Кеңештин кадрлар комитетинин жардамчысы болуп кызмат кыла баштаган.

Падышалыктын ишин алдыга жылдырыш үчүн күжүрмөн эмгектенип жаткан, белек катары берилген ушундай бир туугандарыбызга Жахаба мол батасын берсин деп тиленип турабыз (Эф. 4:8).