Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЭМНЕНИ ИЗИЛДЕСЕ БОЛОТ?

Иш жүзүндө колдонорлук берметтерди тапкыла

Иш жүзүндө колдонорлук берметтерди тапкыла

Ыйык Китепти окуп жатканда тереңирээк казсак, рухий берметтерди таба алабыз. Бирок алардын пайдасын көрүш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү майда-чүйдөсүнө чейин терең изилдегиле. Мисалы, ким жазганын, кимге жазылганын, качан жазылганын аныктагыла. «Ошол учурда жагдай кандай эле? Ага чейин кандай окуя болгон? Андан кийин эмне болгон?» — деп ойлонгула.

Окуядан бир нерсени үйрөнүш үчүн төмөнкүдөй суроолорду бергиле: «Бул жерде жазылган адамдар өздөрүн кандай сезген? Кандай сапаттарды чагылдырган? Алардан кандай үлгү же сабак алышым керек?»

Окуп-билгендериңерди кызматта же күндөлүк жашооңордо колдонгула. Эгер ошентсеңер, акылдуу экениңерди көрсөтөсүңөр. Анткени Ыйык Китепте: «Жахабадан коркуу — акылмандыктын башталышы. Анын буйруктарын аткаргандардын баары терең түшүнүккө ээ»,— деп жазылган (Забур 111:10).

  • Сунуш: Иш күндөрүндөгү жолугушуудагы «Кудайдын Сөзүндөгү кенч» деген бөлүктө билгендерибизди иш жүзүндө колдонгонго кантип басым жасаларына көңүл бургула. Бул бөлүктө өзүбүзгө берип көрсөк боло турган суроолор, ой жүгүрткөнгө түрткү берген ойлор жана жакшылап көңүл бурушубуз керек болгон сүрөттөр камтылат.