Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

111-ЫР: Кубанууга себептер

Рухий бейиштен эч качан чыкпайлы!

Рухий бейиштен эч качан чыкпайлы!

«Мен жаратып жаткан нерселерди көрүп, шаттангыла, түбөлүк кубангыла» (ЫШ. 65:18).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада рухий бейиште жашаганыбыздын кандай пайдасы бар экени жана башкаларга да ал жакка киргенге кантип жардам берсек болору тууралуу сөз жүрөт.

1. Рухий бейиш деген эмне жана эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек?

 БҮГҮНКҮ КҮНДӨ миллиондогон адамдар тынчтык өкүм сүргөн бейиште жашап жатышат. Алар дайыма жакшылык кылганга умтулат жана ошол бейиштен чыкпаш бүт күчүн жумшашат. Ал эле эмес, мүмкүн болушунча көптөрдүн ошол бейиште жашашын каалашат. Ал эмне болгон бейиш? Ал — рухий бейиш a.

2. Рухий бейишти эмне үчүн керемет десе болот?

2 Жахаба Шайтандын жек көрүүчүлүккө, ырайымсыздыкка толгон дүйнөсүндө тынчтык жана биримдик өкүм сүргөн рухий бейишти жараткан. Муну керемет десе болот! (1 Жкн. 5:19; Аян 12:12). Мээримдүү Кудайыбыз азыркы дүйнөдө жашоо канчалык оор экенин көрүп турат. Ошондой эле кызматчылары ага кубанып кызмат кылып, өздөрүн коопсуз сезишине шарт түзүп берип жатат. Анын Сөзүндө рухий бейиш аптаптан коргогон «алачыкка» жана «жакшы сугарылган бакка» салыштырылган (Ыш. 4:6; 58:11). Жахаба батасын бергендиктен рухий бейиште жашагандар, атүгүл азыркы акыркы оор күндөрдө да, гүлдөп-өсүп, коопсуз жашап жатышат (Ыш. 54:14; 2 Тим. 3:1).

3. Ышая 65-бөлүмдөгү пайгамбарлык биринчи жолу качан аткарылган?

3 Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу рухий бейиштеги жашоонун кандай болмоктугун сүрөттөп берген. Ал тууралуу Ышая 65-бөлүмдөн окуй алабыз. Анын пайгамбарлыгы биринчи жолу б. з. ч. 537-жылы аткарылган. Ошол жылы Жахаба ишенимдүү жүйүттөр Бабыл кулчулугунан чыгып, өз мекенине кайтып барышкан. Жахаба аларга батасын берип, талкаланып калган Иерусалим шаарын кайрадан гүлдөткөнгө жардам берген. Ошондой эле чыныгы сыйынуунун борбору — ибадаткана — калыбына келтирилген (Ыш. 51:11; Зак. 8:3).

4. Ышая 65-бөлүмдөгү пайгамбарлык экинчи жолу качан аткарыла баштаган?

4 Ышаянын пайгамбарлыгы 2-жолу б. з. 1919-жылы аткарыла баштаган. Ошол жылы Жахабанын бүгүнкү күндөгү эли Улуу Бабылдын кулчулугунан бошонгон. Андан кийин рухий бейиш кеңейе баштаган. Падышалыктын ынталуу жарчылары көптөгөн жыйналыштарды негиздеп, рухий жемиш бере башташкан. Тагыраак айтканда, зомбулукту жакшы көргөн, жырткыч мүнөздүү кишилер «Кудайдын эркине ылайык жаратылган. . . жаңы табиятты кийип», өзгөрүшкөн (Эф. 4:24). Ышая пайгамбардын айткандарынын көбү жаңы заманда түзмө-түз аткарылат. Бирок биз азыртан эле рухий бейиште жашап, көп бата алып жатабыз. Келгиле эмесе, ушул тууралуу жана рухий бейиштен эч качан чыкпаш үчүн эмне кылышыбыз керектиги жөнүндө сүйлөшөлү.

РУХИЙ БЕЙИШТЕ ЖАШАП, КАНДАЙ БАТА АЛЫП ЖАТАБЫЗ?

5. Ышая 65:13тө убада кылынгандай, Жахаба рухий бейиштегилерге эмнелерди берген?

5 Денибиз сак, күүлүү-күчтүүбүз. Ышая рухий бейиштегилер менен анын сыртындагылардын ортосундагы чоң айырма болорун айткан. (Окугула: Ышая 65:13.) Жахаба кызматчыларына аны менен ынак мамиледе болушу үчүн зарыл нерселердин баарын ашыгы менен берет. Маселен, ыйык рухун, Сөзүн, түркүн-дүйүм рухий тамакты берип келет. Ошонун аркасында биз тоё жеп, суусунубуз канып, кубанып жүрөбүз. (Салыштыргыла: Аян 22:17.) Рухий бейиштин сыртындагылар болсо ачка болуп, суусап жүрүшөт жана уят болууда. Ошондой эле рухий муктаждыгы канааттандырылбай келет (Амос 8:11).

6. Жоел 2:21—24-аяттарда эмне жөнүндө айтылган жана алардан кандай пайда алып жатабыз?

6 Жоел пайгамбарлыгында дан, шарап, май сыяктуу жашоо үчүн зарыл азыктарды санап өткөн. Муну менен Жахаба өз элине рухий тамакты марттык менен берерин көрсөткөн (Жоел 2:21—24). Бүгүнкү күндө Жахаба бизге рухий тамакты Ыйык Китеп, ага негизделген адабияттар, сайтыбыз, жолугушуулар жана жыйындар аркылуу берет. Андан күн сайын даам сыза алабыз. Ошонун аркасында денибиз сак, күүлүү-күчтүү жүрөбүз.

7. Жүрөгүбүздү эмнелер кубанычка бөлөйт? (Ышая 65:14).

7 Бактылуубуз, көңүлүбүз ток. Кудайдын эли жүрөгү ыраазычылыкка толгондуктан «шаттанышат». (Окугула: Ышая 65:14.) Ыйык Китептеги ишенимди бекемдеген чындыктар, бизди жубаткан убадалар жана Машаяктын курмандыгынын негизинде келечекке болгон бекем үмүтүбүз жүрөгүбүздү кубанычка бөлөйт. Ушулар жөнүндө боордошторубуз менен сүйлөшкөндө кандай гана сүйүнөбүз! (Заб. 34:8; 133:1—3).

8. Рухий бейиштин 2 негизги өзгөчөлүгү кайсы?

8 Рухий бейишти эки негизги нерсе өзгөчө кылып турат. Ал — сүйүү менен биримдик. Мындан жаңы заманда жашоо кандай болорун билсек болот. Ал жакта жашагандардын ортосундагы сүйүү жана биримдик азыркыдан да күчтүү болот (Кол. 3:14). Бир ишенимдешибиз Жахабанын Күбөлөрүнө биринчи жолу жолукканда эмнени байкаганын мындай деп эскерет: «Бакыт деген эмне экенин билчү эмесмин. Үй-бүлөбүздө да андай нерсе жок болчу. Жыйналыштагылардын бири-бирин чындап жакшы көрөрүн көрүп аябай таасирленгем». Эгер адам бактылуу, көңүлү ток болуп жашагысы келсе, рухий бейиштин даамын татып көрүшү керек. Албетте, бул дүйнөдөгүлөр биз жөнүндө терс ойдо болушу мүмкүн. Бирок биз Жахабанын жана боордошторубуздун алдында жакшы атка ээбиз. Ошон үчүн бактылуубуз (Ыш. 65:15).

9. Ышая 65:16, 17ге ылайык, кыйынчылыктар эмне болот?

9 Жүрөгүбүздө тынчтык, жан дүйнөбүздө бейкуттук өкүм сүрөт. Ышая 65:14тө рухий бейиште жашагысы келбегендер жөнүндө: «Жүрөгүңөр ооругандыктан кыйкырасыңар, көңүлүңөр чөккөндүктөн боздойсуңар»,— деп айтылган. Анда учурда Кудайдын элин кайгыга малып, азап тарттырган нерселер жөнүндө эмне айтууга болот? Алар тууралуу Жахаба: «Мурунку азаптар унутулуп, көз алдыман жок кылынат»,— деп убада берген. (Окугула: Ышая 65:16, 17.) Ооба, Жахаба бизди азапка салган нерселерди жок кылат. Убакыттын өтүшү менен жүрөгүбүздө так калтырган нерселерди эстебей да калабыз.

10. Кудайдын элинин арасында жүргөнүңөргө эмне үчүн ыраазысыңар? (Сүрөттү да карагыла.)

10 Ал тургай азыркы учурда Падышалык залынын босогосун аттаганда эле жан дүйнөбүз тынчып калат. Анткени ал жактан эркин жүрөбүз, бизди стресс кылган нерселерди, бир азга болсо да, унутабыз. Рухтун жемишине кирген сүйүү, кубаныч, тынчтык, боорукердик жана жумшактык сыяктуу сапаттарды чагылдырсак, рухий бейиште бейпилдик өкүм сүрүшүнө салым кошобуз (Гал. 5:22, 23). Чынында эле, Жахабанын уюмунда жүргөнүбүзгө кандай гана ыраазыбыз! Рухий бейиште жашагандар Кудайдын «жаңы асман менен жаңы жерди» орнотом деген убадасынын аткарылышын өз көзү менен көрө алышат.

Рухий бейиште Жахабанын эли менен чогуу жүрүү — чоң бата (10-абзацты карагыла) c


11. Ышая 65:18, 19га ылайык, Жахаба жараткан рухий бейиште жүргөндүктөн кандай сезимде болуп жатабыз?

11 Жүрөгүбүз ыраазычылыкка толуп, кубанычка бөлөнүүдөбүз. Ышая пайгамбар рухий бейиште жүргөнүбүз үчүн кубанып-шаттанууга дагы кандай себептер бар экенин ачып берген. Алардын бири — рухий бейишти Жахаба өзү жараткан. (Окугула: Ышая 65:18, 19.) Жахаба бизди колдонуп, адамдарга ал жөнүндө чындыкты окутпаган уюмдардан чыкканга жана көз жоосун алган рухий бейишке киргенге жардам берип келет. Чындык жолунда жүргөндүктөн кандай баталарды алып жатканыбыз тууралуу ойлонгондо кубанычка бөлөнөбүз. Ушул тууралуу башкаларга айтканга да түрткү алабыз (Жер. 31:12).

12. Ышая 65:20—24-аяттарды окуганда кандай сезимде болдуңар жана эмне үчүн?

12 Рухий бейиштин тургундары катары үмүткө ээ болгонубузга да абдан ыраазыбыз жана буга кубанабыз. Кудай орнотом деген жаңы дүйнөдө биз көрө турган жана кыла турган нерселер жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ыйык Китепте убада кылынгандай, ал жакта чарчап калган ымыркай бала да, өмүрүнүн акырына жетпей каза болгон кары киши да болбойт. Жаңы заманда «биз үйлөрдү куруп, курган үйлөрүбүздө» жашайбыз. «Жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жейбиз». «Жахабадан бата алгандыктан», «куру бекер эмгектенбейбиз». Жашообуз маңыздуу болуп, коопсуз өмүр сүрөбүз. Жахаба биз аны «чакыра электе эле» эмнеге муктаж экенибизди билип, каалообузду орундатат (Ыш. 65:20—24; Заб. 145:16).

13. Ышая 65:25те сүрөттөлгөндөй, адамдар Жахабага кызмат кыла баштаганда кандай өзгөрүүлөрдү кылышат?

13 Бейкуттукта, коопсуз жашайбыз. Мурда жырткычтарга мүнөздүү сапаттарды чагылдырган көптөгөн кишилер Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен жашоосун түп-тамыры менен өзгөртүп жатат. (Окугула: Ышая 65:25.) Бул үчүн алар тоодой күч жумшашты (Рим. 12:2; Эф. 4:22—24). Анткен менен Кудайга кызмат кылгандар дагы деле жеткилең эмес жана кемчилик-каталарды кетирет. Бирок Жахаба ар кандай болгонубузга карабай, бир муштумдай кылып бириктирүүдө. Ошонун аркасында ортобузда тынчтык, биримдик өкүм сүрөт (Тит 2:11). Мындай керемет Кудурети Чексиз Кудайыбыздын гана колунан келет!

14. Бир ишенимдешибиздин окуясы Ышая 65:25теги сөздөрдүн калетсиз экенин кандайча көрсөтүп турат?

14 Адамдар жаман иштерин таштап, чын эле өзгөрө алабы? 20 жашка толгонго чейин эле көп жолу түрмөгө отуруп чыккан бир жигиттин мисалына токтололу. Ал адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан, зордук-зомбулукту жакшы көргөн киши болчу. Машине уурдаганы, талап-тоногону жана башка оор кылмыштары үчүн түрмөгө камалган. Бир нерсе болсо эле мушташа кетчү. Бир күнү ал Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, жыйналыштарга бара баштаган. Ошондо ал жашоонун маңызын — рухий бейишти — тапканын түшүнгөн. Чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгондон кийин өзүнүн Ышая 65:25те жазылгандай болуп өзгөргөнү жөнүндө көп ойлонот. Мурда ал жырткыч мүнөздүү киши болсо, азыр кой мүнөздүү киши болуп калган.

15. Башкаларга рухий бейишке киргенге кантип жардам бере алабыз жана ан үчүн эмне кылышыбыз керек?

15 Ышая 65:13: «Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт»,— деген сөздөр менен башталат. Ал эми ошол бөлүмдүн акыркы 25-аяты: «Дейт Жахаба»,— деген сөздөр менен аяктайт. Ооба, Жахаба сөзүнө турат (Ыш. 55:10, 11). Рухий бейиштин азыр гүлдөп-өсүп жатканы — буга далил (Ыш. 65:13). Жахаба түзгөн эл — чындап эле өзгөчө эл. Азыркы дүйнөнүн будуң-чаңы чыгып жатса да, анын элинин арасында тынчтык өкүм сүрүүдө (Заб. 72:7). Биз мүмкүн болушунча көптөргө ушул элге кошулууга жардам бергибиз келет. Ан үчүн шакирт даярдоо ишине басым жасаганыбыз маанилүү (Мт. 28:19, 20).

БАШКАЛАРДЫ РУХИЙ БЕЙИШКЕ БАГЫТТАЙЛЫ

16. Айрымдар рухий бейиште эмнеден улам жашагысы келиши мүмкүн?

16 Рухий бейишке башкалар да кызыгышы үчүн ар бирибиз чоң салым кошо алабыз. Бул жагынан Жахабаны туурасак болот. Ал эч кимди өзүнүн уюмуна кыйнап алып келбейт. Анткендин ордуна, адамдарды өзүнө мээримдүүлүк менен «жакындатат» (Жкн. 6:44; Жер. 31:3). Жахабанын кандай жакшы сапаттары бар экенин, анын кандай Кудай экенин билгенде жүрөгү таза адамдар ага өздөрү эле тартылат. Башкалар рухий бейиште жашагысы келиши үчүн биз кандай сапаттарды чагылдырышыбыз керек?

17. Башкалар рухий бейиште жашагысы келиши үчүн эмне кылсак болот?

17 Эгер бири-бирибизди сүйсөк жана боорукер болсок, башкалар бизди көрүп, рухий бейиште жашагысы келиши ыктымал. Байыркы Корунттагы кишилер жыйналышка барганда: «Кудай, чын эле, силер менен экен!» — дешкен. Биз да жаңы келгендердин ошондой сезимде болушун каалайбыз (1 Кор. 14:24, 25; Зак. 8:23). Ан үчүн: «Бири-бириңер менен тынчтыкта болгула»,— деген кеңешке дайыма кулак какканга аракет кылабыз (1 Тес. 5:13).

18. Башкалар уюмубузга эмнеден улам тартылышы мүмкүн?

18 Биз ишенимдештерибизге дайыма Жахаба карагандай караганга умтулушубуз керек. Ошондуктан алардын акыры жок боло турган кемчиликтерине эмес, жакшы сапаттарына көңүл топтогонубуз маанилүү. «Кайрымдуу, боорукер» болсок, бири-бирибизди «айкөлдүк менен кечирсек», ортобузда кандай келишпестик болбосун, оңой эле чечебиз (Эф. 4:32). Ошондо башкалар рухий бейишке тартылат b.

РУХИЙ БЕЙИШТЕН ЭЧ КАЧАН ЧЫКПАЙЛЫ

19. а) « Таштап кетип, кайра кайтып келгендер» деген кутучада жазылгандай, рухий бейишке кайтып келгендер эмне дешкен? б) Эмне кылганга бел байлашыбыз керек? (Сүрөттү да карагыла.)

19 Рухий бейиште жүргөнүбүздү кандай гана жогору баалайбыз! Ал барган сайын көркүнө чыгып жатат жана ал жакта Жахабаны даңктаган тургундар болуп көрбөгөндөй көбөйүп баратат. Бизге ушундай бейишти жаратып бергени үчүн Жахабага ыраазы экенибизди түбөлүктөн түбөлүккө көрсөтө берели. Күчкө толуп, сергип, жан дүйнөсү тынчтыкка бөлөнүп, өзүн коопсуз сезгиси келгендер рухий бейишке кирип, андан эч качан чыкпашы керек. Сак болбосок, Шайтан бизди азгырып, ал бейпил жайдан чыгарып кетиш үчүн болгон күчүн жумшайт (1 Пет. 5:8; Аян 12:9). Анын чырагына эч качан май тамызбайлы! Мындан ары да рухий бейиштин кооздугун, тазалыгын, бейкуттугун жан-дилибиз менен коргой берели.

Рухий бейиште жүргөндөр келечекте кадимки бейиште ырахаттанып жашашат (19-абзацты карагыла)


ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Рухий бейиш деген эмне?

  • Рухий бейиште жашап, кандай баталарды алып жатабыз?

  • Башкаларды ал жакка кантип багыттай алабыз?

144-ЫР: Көзүңдү алба сыйлыктан

a ТҮШҮНДҮРМӨ. «Рухий бейиш» деген биз Жахабага биримдикте сыйынган коопсуз чөйрөнү билдирет. Ал жерде Жахаба менен жана ишенимдештерибиз менен ынак болуп, тынчтыкта жашайбыз.

b jw.org сайтындагы «Кандай жүрүшөт болду экен? Алёна Житникова. Кыялымдын ишке ашышы» деген видеодон ал ишенимдешибиздин рухий бейиште жүргөнүнүн аркасында кандай бата алганын көргүлө.

c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Башкалар жыйналыштагы ишенимдештери менен баарлашып жатса, бир жигит эч кимге аралашпай, өзү жалгыз отурат.