Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Эмне үчүн Дөөтүнүн аскеринин арасында бөтөн жерликтер да болгон?

ДӨӨТҮНҮН аскеринин арасында Амон уулдарынан болгон Зелек, Хеттин тукумдарынан болгон Урий, мааптык Итма деген сыяктуу бөтөн элдик жоокерлер болгон a (1 Жылн. 11:39, 41, 46). Ошондой эле керейтиликтер, пелеликтер жана гаттыктар кызмат өтөгөн (2 Шем. 15:18). Керейтиликтер менен пелеликтер пелиштиликтер менен жакын болушкан деп эсептелет (Жез. 25:16). Ал эми гаттыктар пелиштиликтердин Гат деген шаарынын тургундары болгон (Жаш. 13:2, 3; 1 Шем. 6:17, 18).

Дөөтү аларга өзүнүн аскеринде кызмат кылышына эмне үчүн жол берген? Дөөтү ошол жоокерлердин ага, андан да маанилүүсү, Жахабага берилгендик сактаарынан шектенген эмес. Алсак, Ыйык Китепти түшүндүргөн бир сөздүктө керейтиликтер менен пелеликтерге байланыштуу: «Алар Дөөтүнүн башкаруусунун эң оор учурларында ага берилген экенин көрсөтүшкөн»,— деп жазылган («The New Interpreter’s Dictionary of the Bible»). Ал кайсы учурлар эле? «Бардык ысрайылдыктар» «Шебаны ээрчип», Дөөтүнү таштап кеткенде, керейтиликтер менен пелеликтер Дөөтүнүн жанында калып, Шебанын козголоңун басканга жардам беришкен (2 Шем. 20:1, 2, 7). Бир жолу болсо Дөөтү падышанын уулу Адония тактыны тартып алганга аракет кылган. Ошондо да керейтиликтер менен пелеликтер Дөөтүнү колдошкон. Алар Дөөтүнүн ордуна Жахаба тандап алган падышаны — Сулайманды — такка отургузганга көмөк кылышкан (1 Пад. 1:24—27, 38, 39).

Кысталышта Дөөтүнү берилгендик менен колдогон дагы бир бөтөн жерлик жоокер гаттык Итай болгон. Дөөтүнүн уулу Абышалом козголоң чыгарып, ысрайылдыктардын баарын падышага каршы тукурганда, Итай 600 кишиси менен Дөөтү тарапта калган. Башында Дөөтү ага ал бөтөн жерлик болгону үчүн согушка барбай эле коюшу керектигин айткан. Ошондо Итай: «Жахаба тирүү, улуу урматтуу падышам да тирүү, падышам кайсы жерде болсо, кулуң да ошол жерде болот. Мен атүгүл сени менен кошо өлгөнгө да даярмын!» — деп жооп берген (2 Шем. 15:6, 18—21).

Итай Дөөтүгө, Жахаба майлаган падышага, берилгендик сактаган

Керейтиликтер, пелеликтер, гаттыктар бөтөн жерлик болсо да, Жахабанын чыныгы Кудай экенине жана Дөөтү анын майланганы экенине ишенишкен. Ага берилген, ошондой күчтүү жоокерлери болгонуна Дөөтү абдан ыраазы болсо керек!

a Мыйзам 23:3—6-аяттарда жазылган Кудайдын Мыйзамында Амон уулдары жана мааптыктар Ысрайыл элинин «жыйналышынын мүчөсү» боло албай турганы айтылган. Бул мыйзам, сыягы, аларды ысрайылдыктардыкындай укукка ээ болбой турганын гана билдирген. Эгер Амон уулдары менен мааптыктар Жахабага сыйынам дешсе, аларга Ысрайыл элинин арасында жашаганга жана алар менен мамилелешкенге уруксат берилген («Жазманы түшүнүү», «Амондуктар»/ «Ысрайылдыктар менен үй-бүлө куруу», ор.).