Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КАНТИП ИЗИЛДЕШ КЕРЕК?

Жахабанын оюн эске алгандар туура чечим чыгарат

Жахабанын оюн эске алгандар туура чечим чыгарат

Башталыш 25:29—34-аяттарды окуп, Эйсап менен Жакыптын туура чечим чыгарган-чыгарбаганын аныктагыла.

Контекстти кылдат карап чыккыла. Ага чейин эмне болду эле? (Башт. 25:20—28). Андан кийин эмне болгон? (Башт. 27:1—46).

Ийне-жибине чейин талдагыла. Ошол кезде тун уулдардын кандай укуктары, милдеттери бар эле? (Башт. 18:18, 19; w10 1/5 13-б. ор.).

  • Иса Машаяктын санжырасына кирген эркектердин баары эле тун уулдар болгонбу? (w17.12 14, 15-б.).

Сабак же үлгү алчу жактарды таап, иш жүзүндө колдонгула. Эмне үчүн Жакып, Эйсаптан айырмаланып, тун уулдарга берилчү укукту жогору баалаган? (Евр. 12:16, 17; w03 15/10 28, 29-б. ор.). Жахаба ал экөө жөнүндө кандай ойдо болгон жана эмне үчүн? (Мал. 1:2, 3). Туура эмес чечим чыгарбаш үчүн Эйсап эмне кылса болмок?

  • Мындай деп ойлонуп көргүлө: Жума сайынкы күн тартибимди пландаштырып жатканда үй-бүлөлүк изилдөөгө убакыт бөлүп, рухий нерселерди жогору баалаарымды көрсөтүп жатамбы?