Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

1-ЫР: Жахабанын касиет-сапаттары

«Бүт жер жүзүнүн» ырайымдуу Соту адилеттүү чечим чыгарарынан шектенбегиле!

«Бүт жер жүзүнүн» ырайымдуу Соту адилеттүү чечим чыгарарынан шектенбегиле!

«Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиздик кылмак беле?» (БАШТ. 18:25).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Адил эмес адамдар тирилгенде, Жахабанын аларга ырайымдуулук кылып, адилеттүү чечим чыгарарына болгон түшүнүгүбүздү тереңдетүү.

1. Жахаба Ыбрайымды эмнеге ынандырган?

 ЫБРАЙЫМ ошол маекти өмүрү өткөнчө эстеп жүрсө керек. Жахаба периштеси аркылуу Ыбрайымга, Содом менен Амор шаарларын жер менен жексен кылайын деп жатканын айткан. Муну укканда Ыбрайым пайгамбардын тынчы кеткен. Ал: «Кантип эле сен адил адамдарды ыймансыздар менен кошо жок кылмак элең?. . . Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиздик кылмак беле?» — деп сураган. Жахаба өзүнүн сүйүктүү досуна адил адамдарды эч качан жок кылбай турганын түшүнгөнгө чыдамдуулук менен жардам берген. Муну билгенибиз бүгүн бизди да сооротот (Башт. 18:23, 33).

2. Жахабанын адил сот жүргүзөрүнө жана ырайымдуу экенине эмнеден улам ишенсек болот?

2 Жахабанын адил сот жүргүзөрүнө жана ырайымдуу экенине эмне үчүн ишенсек болот? Эң алгач, биз Жахабанын жүрөгүбүздү көрүп турарын билебиз (1 Шем. 16:7). Ал ар бир адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин билет (1 Пад. 8:39; 1 Жылн. 28:9). Бул бизди кандай гана бекемдейт! Жахабанын кимге кандай чечим чыгарарын биз эч качан толугу менен түшүнө албайбыз. Ошондуктан элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен Жахаба тууралуу: «Сот өкүмдөрү акыл жеткис»,— деп бекеринен айткан эмес (Рим. 11:33).

3, 4. Кээде бизде кандай суроолор туулушу мүмкүн жана бул макалада эмнелерге токтолобуз? (Жакан 5:28, 29).

3 Ошентсе да кээде бизде Ыбрайым пайгамбардыкындай суроолор туулушу мүмкүн. Биз атүгүл: «Содом менен Амор шаарларынын тургундары сыяктуу адамдар келечекте тирилеби? Алар тириле турган адил эмес адамдардын катарына киреби?» — деп ойлонушубуз ыктымал (Элч. 24:15).

4 Бул суроого жооп алыш үчүн, адегенде тирилүү жөнүндөгү түшүнүгүбүздү талдап чыгалы. Жакында эле биздин «өмүр сүрүш үчүн» жана «соттолуш үчүн» тириле тургандарга байланыштуу түшүнүгүбүз такталган a. (Окугула: Жакан 5:28, 29.) Мунун аркасында айрым нерселерге карата көз карашыбыз да өзгөрдү. Ошол өзгөрүүлөр жөнүндө ушул жана кийинки макалаларда сөз жүрөт. Келгиле, адегенде Жахабанын адил өкүмдөрүнө байланыштуу эмнелерди билбей турганыбызга токтололу. Андан соң эмнелерди билерибизди карайбыз.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛБЕЙБИЗ?

5. Мурда адабияттарыбызда Жахаба өзү жок кылгандар тууралуу эмне деп айтылчу?

5 Буга чейин адабияттарыбызда Жахаба өзү жок кылгандардын, алсак, Содом менен Амор шаарларынын тургундары сыяктуу кишилердин тирилбей турганы айтылып келген. Бирок Жахабадан тиленип, бул түшүнүгүбүздү кайра кылдат изилдеп чыктык. Ошондон улам: «Ишенимдүү түрдө ушундай деп айтууга болобу?» — деген суроо туулду.

6. Ыйык Китепте Жахабанын ыймансыз адамдарды соттогону жөнүндө кандай мисалдар бар жана анда эмне ачык айтылбайт?

6 Буга байланыштуу айрым мисалдарга токтололу. Ыйык Китепте Жахабанын ыймансыз адамдарды соттогону жөнүндө бир нече окуя жазылган. Мисалы, Топон суу болгондо Жахаба Нух менен анын үй-бүлөсүн аман алып калып, калган кишилердин баарын жок кылган. Кийин ысрайылдыктарга Убадаланган жердеги жети элди тукум курут кылууну буйруган. Дагы бир жолу Жахаба периштеси аркылуу бир түндүн ичинде эле ашурлуктардын 185 000 жоокерин кырып таштаган (Башт. 7:23; Мыйз. 7:1—3; Ыш. 37:36, 37). Ыйык Китепте Жахабанын ошол кишилердин баарын түбөлүккө жок кылганы жана эч качан тирилтпей турганы ачык айтылабы? Жок. Эмне үчүн минтип айта алабыз?

7. Топон сууда жок болгондорго жана канаандыктарга байланыштуу эмнени билбейбиз? ( сүрөттү карагыла.)

7 Биз өмүрүнөн айрылган ал адамдарга Жахаба кандай өкүм чыгарганын жана аларда Жахаба жөнүндө билип, жаман иштери үчүн өкүнгөнгө мүмкүнчүлүгү болгонбу, жокпу, билбейбиз. Ыйык Китепте Нухтун «адилдиктин кабарчысы» болгону айтылат (2 Пет. 2:5). Бирок анда Нухтун кеме куруп жатканда ошол учурда жерде жашаган ар бир адамга Топон суу каптай турганын эскерткен-эскертпегени айтылбайт. Канаан жеринде жашаган элдер тууралуу да ушуну айтууга болот. Биз алардын баарында Жахаба жөнүндө билгенге жана жаман жолун таштаганга мүмкүнчүлүгү болгонбу же жокпу, билбейбиз.

Нух үй-бүлөсү менен килейген кеме куруп жатат. Биз Нухтун Топон суу каптай турганын ошол учурда жер бетинде жашаган ар бир кишиге эскерткен-эскертпегенин билбейбиз (7-абзацты карагыла)


8. Содом менен Амор шаарларынын тургундарына байланыштуу эмнелерди билбейбиз?

8 Ал эми Содом менен Амор шаарларынын тургундары жөнүндө эмне десе болот? Адил киши болгон Лот содомдуктардын арасында жашаган. Ал Содом шаарынын тургундарынын баарына Жахаба жөнүндө айтты беле? Муну билбейбиз. Бир билгенибиз, алар бузулган адамдар болгон. Бирок алар эмне туура, эмне туура эмес экенин билгенби? Эстесеңер, ошол шаардын бүт эркектери, «жаш-карысы дебей», чогулуп алып, Лоттун үйүнө келген конокторду зордуктагысы келген. Алардын арасында балдар да болгон. Сыягы, ошол эркектер чоңойгон чөйрөсүнөн улам кылган иштеринин канчалык жаман экенин түшүнгөн эмес (Башт. 19:4; 2 Пет. 2:7). Ырайымдуу Жахаба алардын эч кимиси тирилбейт деп чечкенби? Муну так айта албайбыз. Жахаба Ыбрайымга ал шаарда атүгүл он адил киши жок экенин айткан (Башт. 18:32). Демек, алар чындап эле ыймансыз болгон жана Жахаба аларды адилеттүү түрдө жазалаган. Анда «адил эмес адамдар» тирилгенде, алардын эч кимиси тирилбейт деп ишенимдүү түрдө айта алабызбы? Жок, антип айта албайбыз.

9. Сулайманга байланыштуу эмнелерди билбейбиз?

9 Ыйык Китепте кээ бир адил адамдардын кийин ак жолдон тайып кеткени да айтылат. Мисалга Сулайман падышаны алалы. Ал бала кезинен эле Жахабаны жана ага кантип сыйыныш керектигин жакшы билчү. Жахаба да ага батасын мол төккөн. Бирок кийинчерээк Сулайман жалган кудайларга сыйынып кеткен. Буга Жахаба абдан каарданган жана анын күнөөсүнүн айынан бүтүндөй ысрайыл эли бир канча кылым бою азап тарткан. Ошентсе да Ыйык Китепте Сулайман жөнүндө: «Ал ата-бабаларына кошулду»,— деп жазылган. Белгилей кетчү нерсе, анын ата бабаларынын арасында Дөөтү сыяктуу ишеними бекем кишилер да болгон (1 Пад. 11:5—9, 43; 2 Пад. 23:13). Бирок Ыйык Китепте Сулайман тууралуу ушинтип айтылганы анын тирилерине кепилдик береби? Кудайдын Сөзүндө бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Айрымдар: «Өлгөн адам күнөөсүнөн арылат. Ошон үчүн Сулайман тирилет болуш керек»,— деп ойлошот (Рим. 6:7). Бирок бул өлгөндөрдүн баары сөзсүз тирилет дегенди билдирбейт. Мындайча айтканда, адам өлсө эле анын кайра жашаганга укугу бар деп айтканга болбойт. Тирилүү — мээримдүү Кудайдын белеги. Жахаба ошол белегин ага түбөлүк кызмат кылганга мүмкүнчүлүк бергиси келгендерге гана ыйгарат (Аюп 14:13, 14; Жкн. 6:44). Сулайман ошондой белекке ээ болобу? Муну Жахаба гана билет, биз билбейбиз. Биз билген нерсе: Жахаба дайыма туура чечим чыгарат.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕБИЗ?

10. Жахаба адамдарды жок кылгысы келеби? Түшүндүргүлө. (Жезекиел 33:11). (Сүрөттү да карагыла.)

10 Окугула: Жезекиел 33:11. Жахаба Ыйык Китеп аркылуу адамдарды соттогондон ырахат албай турганын ачып берген. Элчи Петир да ыйык рухтун жетеги менен Жезекиел пайгамбардыкындай сөздөрдү жазган. Ал: «Жахаба. . . эч кимдин өлүшүн каалабайт»,— деген (2 Пет. 3:9). Бул сөздөр бизди жубатат. Анткени мындан Жахабанын эч кимди орчундуу себеп болбосо, түбөлүккө жок кылгысы келбээрин билсек болот. Ал абдан ырайымдуу жана мүмкүн болгон жагдайлардын баарында адамдарды аяйт.

Ар кайсы улуттан, ар кайсы элден болгон адил эмес адамдар тирилгенде аларга Жахаба жөнүндө билгенге мүмкүнчүлүк берилет (10-абзацты карагыла)


11. Кимдер тирилбейт жана муну кайдан билебиз?

11 Кудай тирилтпей турган адамдар жөнүндө эмнелерди билебиз? Ыйык Китепте ошондой адамдардын бир нечеси жөнүндө эле жазылган b. Мисалы, Иса Жүйүт Искариоттун тирилбей турганын айткан (Мр. 14:21; Жкн 17:12) c. Анткени ал Жахабага жана анын Уулуна билип туруп, каршы чыккан (Мр. 3:29). Ошондой эле Иса ага каршы чыккан айрым диний жетекчилер тирилбей турганын айткан (Мт. 23:33). Элчи Пабыл да чындыктан четтеп кеткен жана ошон үчүн өкүнбөгөн адамдардын тирилбей турганын эскерткен (Евр. 6:4—8; 10:29).

12. Жахабанын ырайымдуулугу жөнүндө эмнелерди билебиз? Мисал келтиргиле.

12 Ошол эле учурда Жахабанын абдан ырайымдуу экенин билебиз. Ал «эч кимдин өлүшүн каалабайт». Буга Жахабанын олуттуу күнөө кылгандарга ырайым кылганы далил. Алсак, Дөөтү падыша ойноштук кылып, киши өлтүрүп, Кудайдын алдында чоң күнөөгө баткан. Бирок ал чын жүрөктөн өкүнгөндө, Жахаба аны кечирген (2 Шем. 12:1—13). Менаше падыша болсо дээрлик өмүрү өткөнчө төбө чачты тик тургузган иштерди кылган. Бирок Жахабанын алдында толук моюн сунганда, ал аны кечирген (2 Жылн. 33:9—16). Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, эгер Жахаба кечиргенге негиз тапса, ошол кишиге ырайым кылат. Жахаба жаман иштери үчүн өкүнгөн Дөөтү, Менаше сыяктуу кишилерди сөзсүз тирилтет.

13. а) Жахаба эмне үчүн нинебиликтерге ырайым кылган? б) Кийин Иса нинебиликтер тууралуу эмне деген?

13 Жахабанын канчалык ырайымдуу экенин нинебиликтер жөнүндөгү окуядан да биле алабыз. Кудай Жунус пайгамбарга: «[Нинебиликтердин] кыянаттыгы мага жетти»,— деп айткан. Бирок алар кылган иштери үчүн өкүнгөндө, Жахаба аларды кечирген. Мындан анын канчалык ырайымдуу экени көрүнгөн. Ал нинебиликтердин «оң колун сол колунан айырмалай албай» турганын айтып, ачууланып жаткан пайгамбарына аларды эмне үчүн аяганын түшүндүргөн (Жун. 1:1, 2; 3:10; 4:9—11). Кийин Иса Жахабанын адилеттүү жана ырайымдуу экенин түшүндүрүш үчүн нинебиликтерди мисал кылган. Иса жаман жолунан кайткан нинебиликтердин «Сот күнүндө тирилерин» айткан (Мт. 12:41).

14. Нинебиликтер кандай мааниде «соттолуш үчүн тирилет»?

14 «Нинебиликтер Сот күнүндө. . . тирилет» деген сөздөр эмнени билдирген? Иса келечекте айрымдардын «соттолуш үчүн тирилерин» айткан (Жкн. 5:29). Бул анын Миң жылдык башкаруусунун учурунда болот. Ошондо «адил адамдар» да, «адил эмес адамдар» да тирилет (Элч. 24:15). Адил эмес адамдар «соттолуш үчүн тирилет». Башкача айтканда, Жахаба менен Иса аларга кылдат байкоо салып, алардын Кудайдын талаптарына канчалык баш ийип жатканына жана билгендерин канчалык колдонуп жатканына баа беришет. Эгер тирилген нинебилик киши Жахабага сыйынгысы келбесе, ага андан ары жашаганга жол берилбейт (Ыш. 65:20). Ал эми Жахабага кызмат кылууну тандагандар түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат (Дан. 12:2).

15. а) Содом менен Амордун тургундарынын эч кимиси тирилбейт деп эмне үчүн айта албайбыз? б) Жүйүт 7де жазылгандарды кандай түшүнсөк болот? (« Жүйүттүн сөздөрү эмнени билдирген?» деген кутучаны карагыла.)

15 Иса «Сот күнүндө» аны четке каккандарга караганда «Содом менен Амордун жазасы жеңилирээк болорун» айткан (Мт. 10:14, 15; 11:23, 24; Лк. 10:12). Ал муну менен эмнени айткысы келген? Биз анын Амор шаарынын тургундарына байланыштуу тек гана гипербола колдонгон деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок чынында андай эмес сыяктанат. Себеби ал нинебиликтер жөнүндө сөз кылганда алардын кадимки мааниде эле тирилерин айткан d. Андай болсо, содомдуктар менен аморлуктар жөнүндө да түзмө-түз мааниде айткан көрүнөт. Анткени эки жагдайда тең «Сот күнү» деген сөз бир эле учурга тиешелүү. Нинебиликтер сыяктуу эле, Содом менен Амор шаарларынын тургундары ыймансыз адамдар болгон. Бирок аларда, нинебиликтердей болуп, өкүнгөнгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ошондой эле Исанын айрымдардын «соттолуш үчүн тирилери» жөнүндө айтканын эстесеңер. Аларга жаман иштерди кылгандар да кирет (Жкн. 5:29). Андыктан Содом менен Амор шаарларынын тургундары да тирилет деп айтканга болот көрүнөт. Жок эле дегенде, ошол адамдардын айрымдары тирилип, Жахаба менен Иса Машаяк жөнүндө билгенге мүмкүнчүлүк алышы ыктымал.

 

16. Жахаба кимдир бирөөнү тирилтерден мурун эмнени изилдейт? (Жеремия 17:10).

16 Окугула: Жеремия 17:10. Бул аят Жахабанын кантип соттору жөнүндө билгендерибизди жакшы жыйынтыктайт. Ал дайыма адамдардын «жүрөгүн изилдеп», «жан дүйнөсүн сынайт». Келечекте тирилүү болгондо «ар бир адамга жүргөн жолуна. . . жараша тиешесин берет». Ал зарыл болгон жагдайларда катуу өкүм чыгарат. Бирок мүмкүн болгон жагдайлардын баарында ырайым кылат. Андыктан Ыйык Китепте ачык айтылбаса эле, кайсы бир адам тирилет же тирилбейт деп жыйынтык чыгарбашыбыз керек.

«БҮТ ЖЕР ЖҮЗҮНҮН СОТУ АДИЛЕТСИЗДИК КЫЛБАЙТ»

17. Өлүмгө жем болгон адамдардын келечеги кандай болот?

17 Адам ата менен Обо эне Шайтанга кошулуп, Жахабага каршы козголоң чыгаргандан бери миллиарддаган адамдар көз жумган. Чынында эле, өлүмдү адамдардын эң мыкаачы «душманы» десе болот (1 Кор. 15:26). Өлүмгө жем болгон ошол адамдардын баарын кандай келечек күтүп турат? Белгилүү бир сандагы адамдар, тактап айтканда, Машаяктын 144 000 ишенимдүү жолдоочусу асманга тирилип, өлбөстүккө ээ болушат (Аян 14:1). Ал эми Жахабаны сүйгөн сансыз эркектер менен аялдар «адил адамдар» катары тирилет. Эгер алар Машаяктын Миң жылдык башкаруусу учурунда жана акыркы сыноодо ишенимдүүлүгүнөн жазбаса, жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт (Дан. 12:13; Евр. 12:1). Ошондой эле Машаяктын Миң жылдык башкаруусу учурунда «адил эмес адамдарга», анын ичинде Жахаба жөнүндө эч качан укпаган же атүгүл «жамандык кылган» адамдарга туура эмес жолун таштап, Жахабага кызмат кылганга мүмкүнчүлүк берилет (Лк. 23:42, 43). Бирок көзү тирүү кезинде Жахабага жана анын ой-ниетине караманча каршы болгон, жеткен кара ниет кишилерди ал тирилтпейт (Лк. 12:4, 5).

18, 19. а) Жахаба тириле турган адамдарга адилеттүү өкүм чыгарат деп эмне үчүн ишенсек болот? (Ышая 55:8, 9). б) Эмки макалада эмнелерди карайбыз?

18 Жахабанын адамдарды соттогондо дайыма туура чечим чыгарарына шектенбесек болобу? Ооба! Ыбрайым бүт жер жүзүнүн Соту Жахабанын жеткилең, акылман, ырайымдуу экенине толугу менен көзү жеткен. Жахаба Исаны да ушундай болууга үйрөткөн жана адамдарды соттошу үчүн бүт бийликти ага берген (Жкн. 5:22). Жахаба да, Иса да адамдардын жүрөгүндө эмне бар экенин билет (Мт. 9:4). Ошондуктан алар кандай чечим чыгарбасын, эч качан «адилетсиздик кылбай» турганынан шектенбесек болот!

19 Келгиле, мындан ары да Жахабага жана анын чыгарган чечимдерин туура экенине толук ишенели. Сотту биз эмес, ал жүргүзөрүн унутпайлы! (Окугула: Ышая 55:8, 9.) Сот жүргүзүү ишинин баарын Жахабага жана ал дайындаган Падышага — анын адилеттүүлүгүн, ырайымдуулугун жеткилең түрдө чагылдырган Уулуна — тапшыралы (Ыш. 11:3, 4). Ал эми улуу алаамат учурунда Жахаба менен Иса адамдарга кандай өкүм чыгарат? Ал тууралуу эмнелерди билбейбиз? Эмнелерди билебиз? Кийинки макалада ушул суроолорго жооп алабыз.

57-ЫР: Бардык адамдарга кабар айталы

b Жакан 17:12деги «өлүм уулу деген сөз айкашы» Жүйүттүн кайра эч качан тирилбей турганын билдирет.

c Адам ата, Обо эне жана Кабыл жөнүндө бул журналдан окугула: «Күзөт мунарасы», 2013-жыл, 1-январь, 12-бет, шилтеме.

d Гипербола бул — кайсы бир ойду баса белгилеш үчүн көркөмдөп ашыра айтуу. Бирок ал көбүнчө түзмө-түз мааниде айтылбайт. Иса Содом менен Амор шаарларынын тургундары жөнүндө түзмө-түз айткандыктан аны гипербола деп айтууга болбойт.