Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КАНТИП ИЗИЛДЕШ КЕРЕК?

Адилетсиздикке чыдоо

Адилетсиздикке чыдоо

Башталыш 37:23—28-аяттарды жана 39:17—23-аяттарды окуп, Жусуптун адилетсиздикке кантип чыдаганы жөнүндө билгиле.

Контекстин талдагыла. Агаларынын Жусупту жектей башташына эмне себеп болгон? (Башт. 37:3—11; 39:1, 6—10). Жусупка адилетсиздикке канча убакыт чыдаганга туура келген? (Башт. 37:2; 41:46). Ошол убакта Жахаба Жусупка кантип жардам берген? Ошол эле учурда эмнелерге жол берген? (Башт. 39:2, 21; w23.01 17-б., 13-абз.).

Тереңирээк казгыла. Ыйык Китепте Жусуптун Потипардын аялынын жалаасына жооп кайтарып, өзүн коргогону айтылбайт. Эмне үчүн Жусуп унчукпай эле коюну чечиши мүмкүн эле? Ыйык Китепке ошол окуяга тиешелүү майда-барат нерселердин баары эмне себептен жазылбашы ыктымал? Муну түшүнгөнгө бул аяттар жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз жардам бериши мүмкүн: Накыл сөздөр 20:2; Жакан 21:25; Элчилер 21:37. Жусупка адилетсиздикке чыдаганга кайсы сапаттары жардам бериши мүмкүн болгон? (Мик. 7:7; Лк. 14:11; Жкп. 1:2, 3).

Эмнелерди үйрөнсөңөр болорун ойлонгула. Минтип ойлонуп көргүлө: