Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

8-ЫР: Жахаба — баш маанабыз!

Аскабыз Жахабага таяналы!

Аскабыз Жахабага таяналы!

«Биздин Кудайыбыздай аска жок» (1 ШЕМ. 2:2).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макаладан Жахаба эмне үчүн аскага салыштырыларын жана биз канткенде аны туурай аларыбызды карап чыгабыз.

1. Забур 18:46да Дөөтү Жахабаны эмнеге салыштырган?

 БИЗ оомалуу дүйнөдө жашап жатабыз. Ошондуктан жашообуз көз ирмемде түп-тамыры менен өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бирок турмушубуз канчалык чайпалбасын, Жахабага жардам сурап кайрыла алабыз. Мурунку макалада анын «тирүү Кудай» экенин жана бизге кол сунганга дайыма даяр экенин билгенбиз. Жахабанын жардам бергенин сезгенде анын «тирүү Кудай» экенине ынанабыз. (Окугула: Забур 18:46.) Көңүлгө аларлык нерсе, Дөөтү: «Жахаба тирүү!» — дегенден кийин эле аны: «Менин Аскам»,— деп атаган. Эмне үчүн Дөөтү «тирүү Кудайды» жансыз аскага салыштырган?

2. Бул макаладан эмнелерди карап чыгабыз?

2 Бул макалада эмне үчүн Жахаба аскага салыштырылганын жана мындан эмнени биле аларыбызга токтолобуз. Ошондой эле канткенде аны Аскабыз катары көрө аларыбызды карайбыз. Аягында Жахабаны кантип туурай аларыбызды талкуулайбыз.

ЖАХАБА ЭМНЕ ҮЧҮН АСКАГА САЛЫШТЫРЫЛГАН?

3. Ыйык Китепте «аска» деген сөз көбүнчө кандай учурларда колдонулган? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

3 Ыйык Китепте Жахабага карата колдонулган «аска» деген сөз анын кандай сапаттары бар экенин түшүнгөнгө жардам берет. Бул сөздү Жахабанын байыркы учурдагы кызматчылары көбүнчө анын теңдешсиз Кудай экенин айтып, даңктаганда колдонушкан. Жахаба алгачкы жолу Мыйзам 32:4тө «Аска» деп аталган. Анна да тиленгенде: «Биздин Кудайыбыздай аска жок»,— деген (1 Шем. 2:2). Хабабук болсо Жахабаны «Аска-зоом» деп атаган (Хаб. 1:12). Ал эми 73-забурду жазган киши Жахабаны «жүрөгүмдүн аскасы» деп айткан (Заб. 73:26). Атүгүл Жахаба өзү да өзүнүн аска экенин айткан (Ыш. 44:8). Келгиле анда, Жахабанын үч сапатын карайлы. Ошондо аны эмне үчүн аскага салыштырсак болорун жана канткенде аны «биздин Аскабыз» кыла аларыбызды билебиз (Мыйз. 32:31).

Кудайдын эли Жахабаны бекем Аскадай көрөт (3-абзацты карагыла)


4. Кандайча Жахаба «баш калкалаар аска-зообуз»? (Забур 94:22).

4 Жахаба — баш калкалаар аска-зообуз. Чоң аска катуу шамалдан калкалагандай эле, Жахаба бизди оор жагдайга кептелгенде калкалайт. (Окугула: Забур 94:22.) Ал аны менен болгон мамилебизди бек сактаганга жардам берет жана орду толгус зыянга учурашыбызга жол бербейт. Андан тышкары, тынчсызданышыбызга, кайгырышыбызга себеп болгон нерселердин баарын түп-тамыры менен жок кыларын убадалайт (Жез. 34:25, 26).

5. Канткенде Жахабаны «баш калкалаар аска-зоо» кыла алабыз?

5 Жахабаны «баш калкалаар аска-зообуз» кылгыбыз келсе, андан тиленишибиз керек. Ошондо ал жүрөгүбүз менен акылыбызды сактай турган тынчтыгын берет (Флп. 4:6, 7). Жахабага сыйынганы үчүн түрмөгө камалган Артёмдун окуясына токтололу. Түрмөдөн тергөөчү аны кайра-кайра чакырып, басынтып, коркутканга аракет кылган. «Тергөөчүгө барарда заарканчумун. . . Дайыма Жахабадан тиленип, акылмандык, жүрөгүмө тынчтык беришин сурачумун. Тергөөчү мени сындыра алган жок. . . Жахабанын жардамы менен чоң таш дубалдын аркасында тургандай эле болдум»,— дейт Артём.

6. Эмне үчүн Жахабага дайыма таянсак болот? (Ышая 26:3, 4).

6 Жахаба — ишеничтүү Кудай. Аска ордунан эч качан козголбойт. Жахаба «түбөлүк Аска» болгондуктан, биз ага дайыма таяна алабыз. (Окугула: Ышая 26:3, 4.) Жахаба түбөлүк жашагандыктан убадаларын аткарарына, тилегибизди угарына, жана колдоо көрсөтөрүнө ишенсек болот. Ал берилгендерге берилгендик көрсөткөндүктөн биз ага толук таяна алабыз (2 Шем. 22:26). Ал жакшы иштерибизди эч качан унутпайт жана сыйлыксыз калтырбайт (Евр. 6:10; 11:6).

7. Жахабага таянганыбыздын кандай пайдасы бар? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Жахабаны Аскабыз кылгыбыз келсе, ага толук таянышыбыз зарыл. Ан үчүн оор учурларда да ага баш ийишибиз кажет. Бул өзүбүзгө эле пайда алып келет (Ыш. 48:17, 18). Анын колдогонун сезген сайын, ага болгон ишенимибиз өсө берет. Ошондо, эмнеге кабылбайлы, бизге Жахаба гана жардам бере аларына көзүбүз жетет. Ошондуктан ага коркпой эле таяна алабыз. Владимир мындай дейт: «Убактылуу кармоочу жайда отурганда Жахабага абдан ынак болуп калгам. Жапжалгыз калгандыктан жана жагдайыма эч кандай жол менен таасир эте албагандыктан Жахабага көбүрөөк таянганды үйрөндүм».

Жахабаны Аскабыз кылгыбыз келсе, ага толук таянышыбыз керек (7-абзацты карагыла)


8. а) Жахабаны туруктуу Кудай деп эмне үчүн айта алабыз? б) Кудайды Аскабыз катары көрсөк, эмнеден үмүттөнө алабыз? (Забур 62:6, 7).

8 Жахаба — туруктуу Кудай. Эмне болбосун, былк этпеген аска сыңары, Жахаба туруктуу жана өзгөрбөйт. Ал бир туруп мындай, бир туруп тигиндей боло бербейт жана көздөгөнүнөн кайтпайт (Мал. 3:6). Мисалы, Эйденде козголоң чыкканда, Жахаба ниетинен кайткан эмес. Элчи Пабыл жазгандай, «ал өзүнө өзү каршы чыга албайт» (2 Тим. 2:13). Бул, кандай жагдай болбосун, ким эмне кылбасын, Жахабанын өзгөрбөөрүн, ой-ниетин да, талаптарын да эч качан өзгөртпөй турганын билдирет. Муну билгендиктен анын бизге оор учурларда жардамга келерине, колдооруна үмүттөнө алабыз. (Окугула: Забур 62:6, 7.)

9. Татьянанын айткандарынан эмнени билдиңер?

9 Жахабанын сапаттары, адамзатка жана жерге карата ой-ниети тууралуу ой жүгүртсөк да аны Аскабыз кыла алабыз. Бул башыбызга кыйынчылык түшкөндө жан дүйнө тынчтыгын сактаганга жардам берет (Заб. 16:8). Мунун калетсиз экенин Кудайга ишенгени үчүн үй камагына алынган Татьянанын окуясынан көрүүгө болот. «Мен өзүмдү жалгыз калгандай эле сезгем. Башында аябай кыйналдым. Көңүлүм чөккөн учурлар көп болду»,— дейт ал. Бирок ал Жахаба жана анын адамзатка байланыштуу ой-ниети тууралуу ой жүгүрткөн. Ошондо эмне үчүн туруктуу болушу керектигин түшүнгөн. Бул ага көп тынчсызданбаганга, ишениминен жазбаганга күч берген. Ал мындай деп бөлүшөт: «Эмне үчүн ушундай жагдайга кабылганым тууралуу ойлондум. Мен Жахабаны сүйгөндүктөн жана ага жагууга умтулгандыктан ушул нерселерди башыман өткөрүп жатканымды түшүндүм. Бул мага өзүм тууралуу эле ойлой бербегенге жардам берди».

10. Канткенде азыртадан эле Жахабаны Аскабыз кыла алабыз?

10 Жакында Жахабага болуп көрбөгөндөй таянышыбыз керек болот. Ошондо Жахаба бизге берилгендигибизден жазбаганга сөзсүз жардам берет. Буга болгон ишенимибизди азыртан бекемдегенибиз зарыл. Ан үчүн эмне кылсак болот? Ыйык Китептеги окуяларды жана бүгүнкү күндөгү ишенимдештерибиздин айтып бергендерин окугула. Жахаба өзүнүн кызматчыларын колдош үчүн биз талкуулаган үч сапатты кантип чагылдырганын байкагыла. Ошол окуялар тууралуу терең ой жүгүрткүлө. Ошентсеңер, Жахабаны Аскаңар кыла аласыңар.

ЖАХАБАНЫ ТУУРАЙЛЫ

11. Жахабаны эмне үчүн туурагыбыз келет? (« Жаш иничектерибиз көздөй турган максат» деген кутучаны да карагыла.)

11 Буга чейинки абзацтардан Жахабанын кайсы сапаттарынан улам бизге Аска болуп бере аларын карадык. Эми аны кантип туурай аларыбызга токтололу. Жахабаны канчалык жакшы туурасак, жыйналыштагыларды ошончолук көбүрөөк бекемдей алабыз. Мисалы, Иса Симонго «аска таш» дегенди билдирген Кейфа деген ат койгон (Жкн. 1:42, шилт.). Бул анын ишенимдештерин соороторун жана жыйналыштын тиреги болорун көрсөткөн. Жыйналыштын аксакалдары «бийик асканын көлөкөсү» катары сүрөттөлгөн. Бул алардын жыйналышты коргой турганын көрсөтүп турат (Ыш. 32:2). Албетте, баарыбыз тең Жахабаны туурасак, бири-бирибизди көбүрөөк бекемдей алабыз (Эф. 5:1).

12. Башкаларга канткенде «баш калкалаар аска-зоо» болуп бере алабыз?

12 «Баш калкалаар аска-зоо» болгула. Кээде табигый кырсыктан, согуш-жаңжалдардан улам качып келген ишенимдештерибизди үйүбүзгө алып, аларга «баш калкалаар аска-зоо» болуп бере алабыз. «Акыркы күндөрдө» дүйнөдөгү абал барган сайын начарлай берет. Андыктан бири-бирибизге жардам бергенге көбүрөөк мүмкүнчүлүк болору турган иш (2 Тим. 3:1). Андан тышкары, боордошторубузду сооротуп, сүйөрүбүзгө ынандыра алабыз. Ан үчүн аларды Падышалык залына келгенде кучак жайып тосуп алып, жыйналышта жагымдуу маанай өкүм сүрүшүнө салым кошсок болот. Биз катаал, мерез, өзүмчүл адамдардын арасында жашап жатабыз. Ошондуктан ишенимдештерибиз жолугушууга келгенде сүйүүбүзгө бөлөнүп, сергип, өзүн коопсуз сезиши үчүн колубуздан келгендин баарын кылгыбыз келет.

13. Канткенде аксакалдар жыйналыштагыларга «баш калкалаар аска-зоо» боло алышат? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Аксакалдар жыйналыштагыларга кадимки жана каймана маанидеги бороон-чапкынга кабылганда «баш калкалаар аска-зоо» боло алышат. Ишенимдештери кырсыкка кабылганда жана шашылыш медициналык жардамга муктаж болгондо, аксакалдар демилгени колго алып, көмөк көрсөтүшөт. Ошондой эле рухий жактан жардам беришет. Эгер аксакал жумшак, боорукер, укканга даяр болсо, жыйналыштагылар ага оңой кайрылышат жана аларды жакшы көрөрүн сезишет. Аксакалдар ушундай сапаттарды чагылдырса, ишенимдештери алардын Ыйык Китепке негиздеп берген кеңештерин оңой кабыл алышат (1 Тес. 2:7, 8, 11).

Ишенимдештерибиз түзмө-түз же каймана мааниде бороон-чапкынга кабылганда, аксакалдар жөлөк-таяк боло алат (13-абзацты карагыла) a


14. Ишеничтүү экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

14 Ишеничтүү болгула. Башкалардын бизге, айрыкча, оор учурда таяна алышын каалайбыз (Накыл 17:17). Канткенде ишеничтүү боло алабыз? Ан үчүн дайыма Жахабаны туурашыбыз, сөзүбүзгө турушубуз жана так жүрүшүбүз керек (Мт. 5:37). Муктаж болгондорго жардам бергенди да унутпаганыбыз зарыл. Мындан тышкары, жыйналыштан тапшырма алсак, аны берилген көрсөтмөгө ылайык аткарышыбыз кажет.

15. Аксакалдар эмне үчүн ишеничтүү болушу керек?

15 Ишеничтүү аксакалдар жыйналыш үчүн чоң бата. Кандайча? Жарчылар аксакалдар менен, кайсы учурда болбосун, байланыша аларын билсе, көп тынчсызданбайт. Ошондой эле аксакалдардын жардам бергенге дайыма даяр экенин билсе, өздөрүн керектүү сезет. Мындан тышкары, аксакалдар кеңештерин жеке көз карашына эмес, Ыйык Китепке жана ишенимдүү кул чыгарган адабияттарга негиздешсе, боордоштору аларга көбүрөөк таянышат. Ошондой эле сырга бек болсо жана сөзүнө турса, жарчылар аларга ишеним артат.

16. Туруктуу болгонубуздун өзүбүзгө жана башкаларга кандай пайдасы бар?

16 Туруктуу болгула. Эгер дайыма Жахаба айткандай кылганга аракет кылсак жана Ыйык Китепке негиздеп чечим чыгарсак, башкаларга жакшы таасир этебиз. Ишенимибиз бекемделип, билимибиз кеңейген сайын, чындык жолунда тамырлай беребиз. Ошондо чечкинсиз, туруксуз болбойбуз жана дүйнөнүн көз карашына алдырып, жалган окууларга оңой эле алданып калбайбыз (Эф. 4:14; Жкп. 1:6—8). Жахабага жана анын убадаларына бекем ишенсек, «суук кабар» укканда олку-солку болбойбуз (Заб. 112:7, 8). Ошондой эле башына мүшкүл түшкөндөргө жардам бере алабыз (1 Тес. 3:2, 3).

17. Аксакалдар жыйналыштагыларга туруктуу болгонго кантип жардам бере алышат?

17 Аксакалдар бардык нерсенин чегин билген, акыл-эстүү, жыйнактуу жана эпке-сөзгө келген адамдардан болушу керек. Алар Кудайдын Сөзүнө «бек карманып», жыйналыштагыларга туруктуу болгонго, ишенимин бек сактаганга жардам беришет (Тит 1:9; 1 Тим. 3:1—3). Ошондой эле жарчыларга жыйналышка үзбөй катышканга, кызматка чыкканга жана өздүк изилдөө жүргүзгөнгө түрткү бере алышат. Ан үчүн бул жактан өздөрү үлгү болушу жана аларга көңүл буруп турушу зарыл. Ишенимдештери, жашоосунда оош-кыйыш болгондо, Жахабага жана анын ой-ниетине көңүл топтошу үчүн аксакалдар көптү кыла алышат.

18. Эмне үчүн Жахабаны даңктагыбыз жана аны менен ынак мамиледе болгубуз келет? (« Жахабага жакындоонун жолу» деген кутучаны да карагыла.)

18 Жахабанын кереметтүү сапаттарын карап чыккандан кийин, Дөөтүдөй болуп: «Жахаба — менин аска-зоом — даңкталсын»,— деп айтканга чечкиндүү болуп калганыбыз шексиз (Заб. 144:1). Жахаба эч качан ишеничтен чыгып калбайт. Ага дайыма таянсак болот. Атүгүл карып калсак да, ал бизге аны менен ынак мамиледе болгонго жардам береринен шектенбесек болот. Ушундайча: «Ал — менин Аска-зоом»,— деп айта алабыз (Заб. 92:14, 15).

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

a СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Падышалык залында бир эже эки аксакалга көйгөйүн айтып жатат.