Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

28-ЫР: Жахаба менен дос бололу

Жахаба бизди чатырына конокко чакырат

Жахаба бизди чатырына конокко чакырат

«Менин ыйык чатырым алардын үстүндө болот. Мен алардын Кудайы болом» (ЖЕЗ. 37:27).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада Жахабанын каймана маанидеги чатырында конок болуу деген эмнени билдирери жана анын конокторуна, тактаганда, бизге кантип кам көрөрү жөнүндө сөз жүрөт.

1, 2. Жахаба бизге кандай сыймык ыйгарган?

 ЭГЕР кимдир бирөө: «Жахаба сен үчүн ким?» — деп сураса, эмне дейт элең? Балким: «Жахаба менин Атам, Кудайым жана Досум»,— демектирсиң. Же дагы башка наамдарын айтмактырсың. Бирок аны конокко чакырган үй ээси катары көрөм деп айтат белең?

2 Дөөтү падыша Жахаба менен анын берилген кызматчыларынын ортосундагы достукту үй ээси менен анын меймандарынын ортосундагы мамилеге салыштырган. Ал: «Оо, Жахаба, сенин чатырыңда ким конок боло алат? Ыйык тооңдо ким жашай алат?» — деп сураган (Заб. 15:1). Ыйык рухтун жетеги менен жазылган ушул сөздөрдөн Жахабанын коногу же анын досу боло аларыбызды билсек болот. Бул биз үчүн кандай гана чоң сыймык!

ЖАХАБА БИЗДИ КОНОККО ЧАКЫРАТ

3. Жахабанын эң биринчи коногу ким болгон жана өзү да, коногу да кандай сезимде болгон?

3 Башында Жахаба жалгыз болгон. Анан бир канча убактан кийин туңгуч Уулун, Исаны, жараткан. Ошондо Жахаба чатырына эң биринчи коногун чакырган үй ээсиндей болгон. Ыйык Китепте Уулу «анын кубанычы» болгону айтылат. Биринчи коногу болгон Уулу да «анын алдында ар дайым кубанып турган» (Накыл 8:30).

4. Кийинчерээк Жахаба кимдерди чатырына конокко чакырган?

4 Анан Жахаба периштелерди жаратып, аларды да конокко чакырган. Ыйык Китепте периштелер «Кудайдын уулдары» деп аталат жана алар Жахабанын жанында болгонуна кубанышат (Аюп 38:7; Дан. 7:10). Бир канча убакка чейин асманда жашагандар эле Кудайдын коноктору боло алышкан. Кийинчерээк Жахаба адамдарды жаратканда аларга да мейман болгонго мүмкүнчүлүк берген. Алардын айрымдары Энох, Нух, Ыбрайым жана Аюп пайгамбарлар болгон. Алар Жахабага баш ийгени үчүн Ыйык Китепте Кудайдын досу деп аталышат (Башт. 5:24; 6:9; Аюп 29:4; Ыш. 41:8).

5. Жезекиел 37:26, 27деги пайгамбарлыктан эмнени биле алабыз?

5 Кылымдар бою Жахаба чатырына ар кандай адамдарды чакырып келген. (Окугула: Жезекиел 37:26, 27.) Мисалы, Жезекиелдин пайгамбарлыгынан Жахаба өзүнүн берилген кызматчылары менен ынак мамиледе болгусу келерин биле алабыз. Ал жакта Жахаба: «Алар менен тынчтык келишимин түзөм»,— деп убада берген. Бул пайгамбарлык асманда жана жерде жашаганга үмүттөнгөндөр Жахабанын чатырында «бир отор» болуп бириккенде аткарылмак (Жкн. 10:16). Ушул сөздөр азыр аткарылып жатат!

КАЯКТА БОЛБОЙЛУ, КУДАЙДЫН ЧАТЫРЫНДА БОЛО АЛАБЫЗ

6. Канткенде Жахабанын коногу боло алабыз жана анын чатыры белгилүү бир жерде жайгашканбы?

6 Байыркы ысрайылдыктардын учурунда чатыр ысыктан же сууктан коргогон эс ала турган жай болчу. Андай чатырда конок боло тургандар үй ээсинен аны жакшы тосуп алат деп күтө алмак. Өмүрүбүздү Жахабага арнаганда анын каймана маанидеги чатырында конок болобуз (Заб. 61:4). Биз ал жактан мол рухий тамак менен азыктанып, Жахабанын башка коноктору менен дос боло алабыз. Анын каймана маанидеги чатыры белгилүү бир жерде жайгашкан эмес. Балким, башка өлкөгө барганда, мисалы, атайын жыйынга катышканда Жахабанын «чатырында» жүргөн башка ишенимдештериңди жолуктурган чыгарсың. Демек, Жахабага ишенимдүү кызмат кылсак, каякта жашабайлы, анын чатырында конок боло алабыз (Аян 21:3).

7. Жахабанын көзү өтүп кеткен ишенимдүү кызматчылары дагы деле анын чатырында деп эмне үчүн айта алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Ал эми Жахабанын көзү өтүп кеткен ишенимдүү кызматчылары тууралуу эмне десе болот? Алар дагы деле Жахабанын чатырындабы? Ооба! Эмне үчүн минтип айта алабыз? Анткени алар дагы деле Жахабанын эс тутумунда. Бул тууралуу Иса мындай деген: «Ал эми өлгөндөрдүн тирилерин Муса да көрсөткөн. Тикенектүү бадал жөнүндө баяндап жатып ал Жахабаны „Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы жана Жакыптын Кудайы“ деп атаган. Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Анткени ал үчүн бардыгы тирүү» (Лк. 20:37, 38).

Атүгүл Жахабанын көзү өтүп кеткен кызматчылары анын чатырында конок бойдон кала берет (7-абзацты карагыла)


ПАЙДАСЫ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ

8. Жахабанын чатырында конок болгондор кандай пайда алышат?

8 Кадимки чатыр ысык-сууктан коргоп, эс алганга шарт түзөт. Жахабанын чатыры да аны менен болгон мамилебизди буза турган нерселерден коргоп, келечекке үмүт менен караганга өбөлгө түзөт. Жахабага ынак болсок, Шайтан бизге орду толгус зыян келтире албайт (Заб. 31:23; 1 Жкн. 3:8). Жаңы заманда деле Кудайыбыз ишенимдүү досторун аны менен болгон мамилесине доо кетире турган нерселерден коргой берет. Мындан сырткары, өлүмдөн да куткарат (Аян 21:4).

9. Жахаба өзүнүн конокторунан эмнелерди күтөт?

9 Албетте, Жахабанын чатырында конок болуу абдан чоң сыймык. Анткени мунун аркасында аны менен түбөлүккө дос боло алабыз. Жахабанын чатырында дайыма конок болгубуз келсе, эмне кылышыбыз керек? Эгер кимдир бирөө үйүнө чакырса, ага эмне жагарын, эмне жакпай турганын билгенге аракет кылмакпыз. Мисалы, үй ээси буюмдарына уруксатсыз тийбешибизди каалашы мүмкүн. Биз аны сыйлагандыктан ошентебиз. Ошол сыңары, Жахаба да өзүнүн чатырында конок болгондордон эмнелерди талап кыларын билгибиз келет. Аны жакшы көргөндүктөн ага «бардык жагынан жакканга» колубуздан келишинче аракет кылабыз (Кол. 1:10). Жахаба Досубуз болсо да, анын урмат-сыйыбызга татыган Кудайыбыз жана Атабыз экенин эч качан унутпайбыз (Заб. 25:14). Ошондуктан ага дайыма кастарлап мамиле кылышыбыз керек. Терең урматтагандыктан аны капа кыла турган иштерден качабыз. Анын ордуна, Кудайдын алдында жөнөкөй, момун болгонго умтулабыз (Мик. 6:8).

ЖАХАБА ЫСРАЙЫЛДЫКТАРГА БЕТ КАРАМАЛЫК КЫЛГАН ЭМЕС

10, 11. Жахаба Синай чөлүндө элине кылган мамилесинен бет карама эмес экени кандайча көрүнгөн?

10 Жахаба конокторуна бет карамалык кылбайт (Рим. 2:11). Муну ысрайылдыктар Синай чөлүндө жүргөндө анын аларга кандай мамиле кылганынан биле алабыз.

11 Алсак, Жахаба ысрайыл элин Мисир кулчулугунан бошоткондон кийин, ыйык чатырда кызмат кылыш үчүн, дин кызматчыларды дайындаган. Лебилерге болсо ар кандай иштер тапшырылган. Жахаба жыйын чатырында кызмат кылгандарга же ага жакын жашагандарга көбүрөөк кам көрдү беле? Жок. Жахаба эч кимди бөлгөн эмес.

12. Жахаба жаңы түптөгөн элине бет карама эмес экенин кантип көрсөткөн? (Чыгуу 40:38). (Сүрөттү да карагыла.)

12 Конуштагы ар бир ысрайылдык Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө алган. Бул анын ыйык чатырда кызмат кылганынан же анын жанында жашаган-жашабаганынан көз каранды болгон эмес. Мисалы, Жахаба ыйык чатырдын үстүндө күндүз булут, түнкүсүн от болуп турган мамыны бүтүндөй эл көрө алгыдай кылып койгон. (Окугула: Чыгуу 40:38.) Башка жакка кетиш керек болгондо булут чатырдан жогору көтөрүлчү. Муну чатыр турган жерден эң алыс жашагандар да көрө алчу. Ошондо эл буюм-тайымын чогултуп, чатырын жыйнап, жамаат менен чогуу жолго чыгышчу (Сан. 9:15—23). Ар бир үй-бүлө даяр болуп калганда эки күмүш сурнай тартылчу. Аны баары уга алган (Сан. 10:2). Ооба, ыйык чатырдын жанында жашаса эле адам Жахабага ынак болуп калмак эмес. Жаңы түптөлгөн элдин ар бир мүчөсү Жахабанын коногу болуп, анын жетектээрине ишенип, канатынын астына корголой алмак. Ошо сыңары, бүгүн да, жердин кайсы бурчунда жашабайлы, Жахаба бизди жакшы көрөт, бизге кам көрөт жана коргойт.

Ысрайыл конушунун так ортосунда турган ыйык чатыр Жахабанын бет карама эмес экенин көрсөтүп турган (12-абзацты карагыла)


ЖАХАБА ӨЗГӨРГӨН ЖОК

13. Жахаба бүгүн деле бет карамалык кылбайт деп эмне үчүн айта алабыз?

13 Бүгүнкү күндө Жахабанын айрым кызматчылары бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктын же Бейтелдердин жанында жашашат. Башкалары болсо ошондой жерлерде кызмат кылышат. Ошондуктан ал жактагы көптөгөн иш-чараларга катышып, жетекчиликти колго алган боордоштору менен кызматташа алышат. Айрымдар болсо кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылышат же атайын толук убактагы кызматтын башка түрүн аркалашат. Эгер башка көптөгөн жарчылардай эле, сенин да сыймыктуу кызматты аткарганга жагдай-шартың жол бербесе, бир нерседен шек санаба: Жахаба конокторунун баарын жакшы көрөт. Ар бирине назарын салып, зарыл нерселерден өксүтпөйт (1 Пет. 5:7). Ал баарыбызды бирдей рухий тамак менен азыктандырып, жетекчилик берип, зарыл учурларда коргойт.

14. Жахабанын бет карама эмес экенинин дагы бир далили кайсы?

14 Жахабанын бет карама эмес экенинин дагы бир далили — Ыйык Китептин дүйнөнүн булуң-бурчуна кеңири тараганы. Аны бардык адамдар окуй алат. Башында Ыйык Жазма еврей, арамей жана грек тилдеринде жазылган. Бирок бул ошол тилдерди билгендер Жахаба менен ынак болуп, ал эми билбегендер четте калат дегенди билдиргенби? Түк да (Мт. 11:25).

15. Жахабанын бет карама эмес экенин дагы эмнеден көрүүгө болот? (Сүрөттү да карагыла.)

15 Жахаба бизди жогорку билимибизге же Ыйык Китеп башында жазылган тилдерде сүйлөгөнүбүзгө карап чатырына чакырбайт. Ал анын Сөзүндө камтылган акылмандыкка илимдүү-билимдүүлөр гана эмес, дүйнө жүзүндөгү бардык адамдар ээ боло алгыдай кылып койгон. Анын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Сөзү — Ыйык Китеп — миңдеген тилдерге которулган. Ошонун аркасында төгөрөктүн төрт бурчунда жашагандар аны окуп, канткенде Кудайдын досу боло аларын биле алышат (2 Тим. 3:16, 17).

Ыйык Китептин дүйнө жүзүнө кеңири тараганы Жахабанын бет карама эмес экенин кандайча көрсөтүп турат? (15-абзацты карагыла)


ЖАХАБАНЫН ЧАТЫРЫНАН ЧЫГЫП КАЛБАЙЛЫ

16. Элчилер 10:34, 35ке ылайык, Жахабанын чатырынан чыкпаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

16 Жахабанын каймана маанидеги чатырында конок болуу биз үчүн чоң сыймык. Ал — абдан мээримдүү, боорукер, меймандос Кудай. Андан тышкары, эч кимге бет карамалык кылбайт. Ал баарыбызды, жашаган жерибизге, тек жайыбызга, билимибизге, расабызга, уруубузга, жаш-курагыбызга же жынысыбызга карабай, кучак жайып тосуп алат. Ошентсе да анын чатырында ал койгон талаптарга жооп бергендер гана конок боло алат. (Окугула: Элчилер 10:34, 35.)

17. Кийинки макалада эмнени карайбыз?

17 Забур 15:1де Дөөтү бир катар суроолорду берген. Ал: «Оо, Жахаба, сенин чатырыңда ким конок боло алат? Ыйык тооңдо ким жашай алат?» — деп сураган. Кайра эле Дөөтү ыйык рухтун жетеги менен ушул суроолорго жооп берген. Кийинки макалада Жахабанын чатырынан чыгып калбаш үчүн эмне кылышыбыз керектигин карап чыгабыз.

32-ЫР: Жахаба тарапты ээлейли!