Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Алдыдагы өсүш

Алдыдагы өсүш

Үлгүлүү жүрүм-турумдун жемиши

Доминикан Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхына 70 жылдай убакыт болуп калды. Ошол убакыт аралыгында эл аларды жакшы адамдар катары билип калды. Алсак, жарчылар кызматта жүргөндө адамдар өздөрү келип адабият сурайт. Жарчылар башкалардан: «Мага силердин диниңер жагат» же «Силер чындап эле Ыйык Китепке ылайык жашайсыңар»,— деген сөздөрдү көп угат.

Бир окуяга токтололу. Бир бир тууган жеке менчик жерин уюмга тартуу кылып, ал жерге Падышалык залы курулган. Аны каттоодон өткөргөнү барганда, кимдир бирөөнүн шылуундук менен ал жерди өзүнө каттатып алганы маалым болгон. Ал киши бир тууганыбызды жеримди тартып алайын деп жатат деп айыптаган. Ошондуктан ал иш сотко өткөрүлгөн. Ишти кароо оңой болгон эмес, анткени ал кишиде жердин ага таандык экенин ырастаган документ бар болчу.

Иш каралып жаткан маалда сот бир туугандын жактоочусунан кимдин өкүлү экенин сураган. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун кызыкчылыгын коргоп жатканын айтканда, сот: «Андай болсо, кеп силерде эмес экенине ишенем. Анткени мен Жахабанын Күбөлөрүн жакшы билем, алар — чынчыл адамдар. Алар алдабайт, өздөрүнө таандык болбогон нерсени эч качан албайт»,— деп айткан.

Тийиштүү далилдердин баары келтирилгенден кийин, тиги кишинин документи жасалма экени айкын болуп, сот Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чечим чыгарган. Жактоочу бир тууган мындай деген: «Мындай окуялар көп эле болот. Сот иши өлкөнүн кайсы жеринде болбосун, Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сөз жүргөндө, дайыма жакшы сөздөрдү угасың».

Келечекке карай

Дагы канчалаган жүрөгү таза адамдардын Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билип, Кудайдын кызматчысы болорун убакыт көрсөтөт. Ага чейин Доминикан Республикасындагы бир туугандар ошондой адамдарга жакшы кабарды жеткириш үчүн талыкпастан эмгектене бермекчи. 2013-жылы ал жактагы Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишине 11 миллион саат жумшаган жана 71 922 киши менен Ыйык Китепти изилдеген. Ал эми 9 776 жарчы пионердик кызматтын ар кайсы түрүн аркалаган. Ошол эле жылдын август айында 35 331 жарчы кызматка жигердүү катышкан. Мындан тышкары, Эскерүү кечесине 127 716 киши барган. Бул келечекте дагы чоң өсүш болорун көрсөтүп турат.

Өлкөгө 1945-жылдын апрелинде, жекшемби күнү Ленарт менен Виржиния Жонсон деген жубайлар барып, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айта баштагандан бери кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде бир топ ийгиликтер болду. Доминикандык Жахабанын Күбөлөрү баа жеткис рухий мурас калтырып кеткен бир туугандарга абдан ыраазы. Алар Жахабага ишенимдүү кызмат кылган ошол муундун эр жүрөктүк менен чоң курмандыктарга барганын жогору баалашат. Бирок баарынан да «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрүп» жатканын сыймык катары көрүшөт (Элч. 28:23). Алар келечекте аралдагылардын баары Жахаба Кудайга сыйынган дүйнө жүзүндөгү башка адамдар менен бирге: «Жахаба падыша болду! Жер жүзү кубансын. Көп сандаган аралдар шаттансын»,— деп ырдай турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келишет (Заб. 97:1).