Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Океания

Океания
  • ӨЛКӨЛӨР: 29

  • КАЛКЫ: 40 208 390

  • ЖАРЧЫЛАР: 97 583

  • ЫЙЫК КИТЕПТИК ИЗИЛДӨӨЛӨР: 64 675

Адабият салынган баштыктар

Микронезиядагы аралдардын көбүнө жакшы кабар айтыла элек болгондуктан, Маршалл аралдарындагы жарчылар кайык менен ошол жактарга эки жумага барып кабар айтууну пландаштырышкан. Алар Мажуро аралынан чыгып, Вотье атоллундагы Вотье жана Ормед аралдарына чейин барышкан.

Жарчылар кабарды мүмкүн болушунча көп кишиге жеткириш үчүн жолго чыгарда баштыктарга адабияттарды салып даярдап алышкан. Ар бир баштыкка төрттөн журнал, экиден китепче салышкан. Ал жакка дагы качан барарын билбегендиктен кызыккандарга баштыктарды таштап, адабияттарды туугандарына, досторуна берсе болорун айтышкан. Ошентип, эки жуманын ичинде 531 китепче, 756 журнал, 7 китеп таратылган.

«Бизди унутпаганыңарга ыракмат»

2014-жылдын февралында Папуа-Жаңы Гвинеядагы 6 жарчы жанар тоолуу Каркар аралындагы кыштактарга он күнгө кабар айтканы барган. Алар кабарга кызыккан көп адамды жолуктуруп, 1 064 адабият калтырышкан. Рельви деген бир тууган мындай деген: «Биринчи күнү түшкү саат үчкө чейин кабар айттык. Акырында, бөтөлкөлөрдөгү сууларыбыз түгөнүп, тынбай сүйлөгөндүктөн жаагыбыз талып, оозубуз кургап калды. Мен бир кызга аят окуп берейин десем, суусаганыман тамагым кургап, сүйлөй албай калдым. Ошондо ал мага суу берди».

Бир кыштактан кетерде көп эл чогулуп, чоң жолугушуу болгон. Ага чиркөөнүн диний жетекчилери да барган. Ошол окуяны эскерип, Рельви мындай дейт: «Мен ошондо өзүмдү Синедриондун алдында чындыкты коргогон Степандай сезгем. Бирок, Степанды тегеректеп отурган адамдардан айырмаланып, бизди угуп тургандар чындыкка кызыккан адамдар болчу». Алты жарчы сүйлөп бүткөндөн кийин, лютеран жекшембилик мектебинин координатору ордунан туруп, алты жарчынын бири болгон таяжесине кайрылып, элге чындыкты жеткириш үчүн келгенине ыраазычылык билдирген. Ал: «Силер Иса Машаяктан жакшы нерселерди укканда үйүндөгүлөрүнө айтып барган самариялык аялдай иш кылып жатасыңар. Бизди унутпаганыңарга ыракмат»,— деген.

Кудай жөнүндө айтканга али жашпы?

Кирибати: Теарики менен Туети

Кирибатиге караштуу Тараванын бир аралында жашаган 7 жаштагы Теарики бир жолу атасы Туети менен кабарда жүрүп, бир үйгө киргенде, үйдө 20дан өтүп калган он чакты балдар-кыздар отурган. Туети аларга кабар айтканда, алардын бири ага: «Силер эмне үчүн дайыма балдарыңарды да ээрчитип аласыңар? Алар Кудай жөнүндө айтканга али жаш да»,— деген.

Ошондо Туети: «Уулумдун кабар айта алар-албасын текшерип көрбөйсүңөрбү. Мен тышка чыгып турайын, силер анын өзүн угуп көргүлө»,— деген. Алар: «Жакшы болот, кана, угуп көрөлүчү»,— деп макул болушкан.

Туети чыгып кеткенден кийин, Теарики алардан: «Силер Кудайдын ысмын билесиңерби?» — деп сураган.

«Ооба, анын ысмы Иса да»,— деген алардын бири. Дагы бирөө: «Кудай»,— десе, башкасы: «Теңир»,— деген.

Ошондо Теарики: «Муну Ыйык Китептен карап көрбөйлүбү. Келгиле, Ышая 42:5ти ачып, чогуу окуп көрөлү»,— деген. Аятты окугандан кийин: «Бул аятта ким тууралуу айтылып жатат?» — деп сураган.

Алардын бири: «Кудай жөнүндө»,— деген. Теарики: «Ооба, чыныгы Кудай жөнүндө. Эгер 8-аятты карай турган болсок, бул жерден: „Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге... бербейм“,— деген сөздөрдү окуйбуз»,— деген. Анан: «Демек, Кудайдын ысмы ким экен?» — деп сураган.

Алар: «Жахаба»,— деп жооп беришкен.

Баары Теарикини кунт коюп угуп турушканда, ал: «Кудайга ысмынан кайрылуунун кандай пайдасы бар? Бул тууралуу Элчилер 2:21де мындай делет: „Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат“. Демек, Кудайдын ысмын чакыруунун кандай пайдасы бар экен?» — деп сураган.

Алардын бири: «Куткарылат экенбиз»,— деп айткан.

Ошол маалда Теарикинин атасы кирип келген. Ал алардан: «Эми эмне дейсиңер? Биздин балдарыбыз кабар айта алат бекен? Аларды жаныбызга ээрчитип алганыбыз туура бекен?» — деп сураган. Буга баары кошулган. Анан Туети аларга: «Эгер Ыйык Китепте эмне жөнүндө жазылганын билсеңер, силер да, Теарикидей болуп, башкаларга кабар айта аласыңар»,— деген.

Жакшы кабардын тоонун чокусундагы кыштакка жетиши

Вануатунун Порт-Вила шаарындагы алыскы котормо офисинде кызмат кылган Жан-Пьер 2013-жылдын ноябрында өзү туулуп-өскөн аралга райондук жыйынга барат. Самолёттон түшкөндө, аны аралдын түштүгүнөн болгон, жакшы кабарга кызыккан адамдар тосуп алып, адабият сурашат. Жан-Пьер ала барган журналдардын дээрлик баарын берет. Анын жанына бир диний жетекчи да барып, адабият сурайт. Ал Жан-Пьерден: «Биз рухий жактан аябай ачкабыз. Биздин кыштакка келип, суроолорубузга жооп берип кетчи»,— деп өтүнөт. Жыйындын эртеси Жан-Пьер эртең менен эрте туруп, тоонун чокусундагы ошол кыштакка жөнөйт. Узак жол жүргөн соң көздөгөн жерине жетет. Кыштактагыларга жолугуп, «Падышалык жөнүндө кабар» аттуу сериядагы №38 «Өлгөн адамдар кайра жашайбы?» деген баракчаны талкуулайт. Жан-Пьер аны угуп жаткан 30 чакты кишини аяттарды өздөрүнүн Ыйык Китебинен окуп көрүүгө чакырат. Алардын талкуусу дээрлик 7 саатка созулат. Ал кыштактагы адамдар чын эле рухий жактан аябай ачка экен. 70 жаштагы бир карыя: «Өлүм жөнүндөгү так-айкын маалыматты өмүрүмдө биринчи жолу угуп жатам!» — деп айткан.

Жан-Пьер ал кыштакка түнөп калган. Эртең менен ойгонсо, аны менен бир бөлмөдө уктаган пастор журналдарды окуп отуруптур. Жан-Пьер андан эмне жөнүндө окуганын сураганда, ал сүйүнө Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окуганын айткан. Ал Кудайдын Падышалыгы Иса Машаяк Лука 17:21де айыптаган фарисейлердин жүрөгүндө болбогонуна, ошондуктан, анын чиркөөсүндө окуткандай, адамдын жүрөгүндө болушу мүмкүн эмес экенине кошуларын айткан. Жан-Пьер Порт-Вилага кайтып барганда ал кыштакта жашагандар менен телефон аркылуу байланышып турган. Ошол кыштакка жакын жыйналыштагы үч бир тууган ал жакка барып, Эскерүү кечесин өткөргөн. Кечеге 109 киши катышкан.

Вануату