Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

Бүткүл дүйнөлүк долбоор/курулуш бөлүмү

Бүткүл дүйнөлүк долбоор/курулуш бөлүмү

ЖАХАБАНЫН уюму тез ылдамдыкта алга илгерилеп жаткандыктан, Падышалык залдарын, жыйындар залдарын, теократиялык мектептер үчүн имараттарды, алыскы котормо офистерин жана филиалдарда кошумча имараттарды куруу талап кылынууда. Ошол себептен Жетектөөчү Кеңеш 2013-жылдын октябрында долбоорлоо, куруу, оңдоп-түзөө жана имараттарды күтө билүү иштерин натыйжалуу жана көп каражат кетпегидей кылып аткаруу үчүн жаңы бөлүмдү уюштурду. Ал бүткүл дүйнөлүк долбоор/курулуш бөлүмү (БДК) деп аталат. Бруклиндеги (Нью-Йорк) башкы башкармалыкта жайгашкан ал бөлүм Жетектөөчү Кеңештин Басма комитетинин көзөмөлү алдында иш жүргүзөт.

БДК Австралияда, Германияда, Түштүк Африкада жана Кошмо Штаттарда жайгашкан региондук долбоор/курулуш бөлүмдөрүн көзөмөлдөйт. Ал эми ал бөлүмдөр регионундагы долбоорлоо, куруу, имараттарды күтө билүү иштерин жетектейт. Алардын максаты — Падышалык залдарынын курулушун тездетүү. Мурда Падышалык залдары Региондук курулуш комитетинин же ресурстары чектелүү өлкөлөрдө Падышалык залдарын куруу программасынын жардамы менен курулчу. Азыр ошол курулуш комитетинин жана куруу программасынын эң жакшы ыкмалары колдонулуп, иш тездеши үчүн, алар бир бөлүм болуп бириктирилди.

Падышалык залдарына, жыйындар залдарына болгон чоң муктаждыкты канааттандыруу үчүн ар бир филиалда жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмү уюштурулган. Бул бөлүм филиалдын комитетине түздөн-түз көз каранды. Мунун жакшы жери, эми филиалдар жергиликтүү бир туугандарга Падышалык залдарын, жыйындар залдарын куруу ишине жардам берүүгө толук убакыт кызмат кылган курулуш кызматчыларын дайындай алат.

2014-жылы апрелде 270тен ашуун чоң долбоорду, анын ичинде 90 алыскы котормо офисин, 35 жыйындар залын куруу жана филиалдарда 130 долбоорду бүтүрүү талап кылынган. Андан тышкары, 14 000ден ашуун Падышалык залы курулушу же оңдолуп-түзөлүшү керек.

Жахабанын элинин улуту, маданияты, тили башка болсо да, биримдикте ага даңк алып келген имараттарды куруп жатканы ишенимибизди бекемдейт. «Алдыда дагы чоң иштер бар,— дейт Кадрлар комитетинде кызмат кылган Дэн Молкэн.— Биз бир туугандардын биз үчүн тиленип жана бул ишти ыктыярдуу тартуулары менен колдоп жатканына абдан ыраазыбыз. Өзгөчө, курулуш ишинде жан-дили менен эмгектенип жаткан бир туугандарга ыраазычылык билдиребиз».