Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

Эң чоң жолугушуу

Эң чоң жолугушуу

2013-ЖЫЛДЫН 5-октябрында, ишемби күнү Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун 129-жылдык жолугушуусу болуп өткөн. Ал программага катышкандардын жана аны видеотрансляция аркылуу көргөндөрдүн саны 257 294кө, өлкөлөрдүн саны 21ге жеткен. Дагы башка бир туугандар программаны дем алыш күнү көрө алышкан. Ошентип, программага катышкандардын жана аны көргөндөрдүн жалпы саны 1 413 676ны түзүп, өлкөлөрдүн саны 31ге жеткен. Аны Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхындагы эң эле чоң жолугушуу болуп калды десе болот.

Жахабанын уюму 1920-жылдардан тартып эле жыйындарды телефон линиялары, радио аркылуу дүйнө жүзүнө трансляциялай баштаган. Азыр болсо Интернет тармагы өнүгүп жаткандыктан, программа учурунда же бүткөндөн кийин, аны алыскы аймактагыларга угузуу же көрсөтүү мүмкүн болуп калды.

Бир нече филиалда ыктыярдуу жардамчылар трансляцияны иштетиш үчүн бир жылдан ашуун убакыт эмгектенишкен. Трансляция болгон жумада адистер Бруклиндеги башкаруу борборунан анын жүрүшүн көзөмөлдөп турушкан жана программа 15 саат алкагында трансляциялангандыктан, 24 саат бою иштешкен.