Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

Юридикалык отчёт

Юридикалык отчёт

АРМЕНИЯ. Өкмөт бейтараптуулук сактагандар үчүн альтернативалык жарандык кызмат боюнча программа иштеп чыккан.

Армения. Өлкөнүн алыскы аймактарына альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө жөнөтүлгөн бир туугандардын айрымдары. Ал жакта алар кабар айтуу ишине да ынталуу катышууда

2013-жылы Армения өкмөтү альтернативалык жарандык кызмат боюнча программа иштеп чыккан. Эми аскердик кызматтан баш тарткан Жахабанын Күбөлөрү түрмөгө отургузулбай, альтернативалык жарандык кызматты тандай алышат. Армениядагы филиал 2014-жылдын январынан баштап 71 бир туугандын ошол программанын негизинде берилген жумуштарды аткара баштаганын билдирген. Алардын айрымдары ооруканалардагы ашканада иштөөгө же медайымдарга жардам берүүгө дайындалышкан. Программаны көзөмөлдөгөндөр бир туугандардын оор жумуштарды да оң маанай менен жана чын ниеттен аткарып жатканын белгилеген. Бир туугандар Кудайдын алдында абийирин таза сактоого мүмкүндүк берген ошондой программанын иштелип чыкканына абдан ыраазы *. Алардын бири: «Биз альтернативалык жарандык кызматты аткарып жатканыбыз үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз, мындай кызмат бейтараптуулугубузду сактаганга жана ага ээн-эркин сыйынууга шарт түзүп жатат»,— деген.

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ. Биринчи жолу Жахабанын Күбөлөрүнө да нике каттоо укугу берилген.

1954-жылы Доминикан Республикасы Ватикан менен келишим түзүп, бир гана католик динине нике каттоо укугун берген. Адатта, никесин католик чиркөөсү тарабынан каттатпагандар мамлекет тарабынан дайындалган өкүлдүн катышуусу менен үйлөнүшчү. Бирок 2010-жылы өкмөт жаңы мыйзам кабыл алып, башка диндердин өкүлдөрүнө да нике каттоо укугун берген. Бирок адегенде алар мамлекет уюштурган окуу курсунан өтүп, документ алышы керек болчу. Доминикан Республикасындагы филиал ал окууга 30 аксакалды жиберген. Окууну бүтүргөн 2 000ден ашуун кишинин 32сине гана, анын ичинде 30 аксакалдын баарына ошондой укук берилген. Эми алар бир туугандардын никесин каттай алышат.

ИНДИЯ. Бир туугандар эр жүрөктүк менен кабар айта берүүгө чечкиндүү.

Сандип менен Дипалакшими Мюнисвамилер

2014-жылдын 27-январында Карнатака штатынын Адам укуктары боюнча комиссиясы (АУК) Олд Хаблинин (Карнатака штаты) полиция участогунда иштеген кенже инспекторду Сандип Мюнисваминин укуктарын бузду деп айыптаган. Себеби ал 2011-жылы 28-июнда сүрмө топ Сандип бир тууганга кол салганда аны коргогон эмес. АУК кенже инспекторго каршы жазалоо чарасынын көрүлүшүнө кам көргөндөн сырткары, аны келтирилген зыяндын ордун толтуруш үчүн Сандип бир тууганга өзүнүн айлык акысынан 22 000 рупия (326 доллар) төлөп берүүгө милдеттендирген.

Сандип бир тууган жана анын үй-бүлөсү Жахабага ушундай чечим чыгышын жетектегенине абдан ыраазы экенин жана эр жүрөктүк менен кабар айта берүүгө чечкиндүү экенин билдирген. Ал чечим башка бир туугандардын да ишенимин бекемдеп, Жахабанын өз элин коргой турганына ынандырган. Бул окуя бийликтегилерге Жахабанын Күбөлөрүнүн адам укуктарын коргоого олуттуу карашы керектигин эскерткен. Ошол окуяга байланыштуу Сандип бир тууганга жана дагы бир бир тууганга каршы козголгон кылмыш иши азырынча соттор тарабынан каралып бүтө элек.

КЫРГЫЗСТАН. Жогорку соттун Конституциялык палатасы аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербегендердин укугун коргоду.

2013-жылдын 19-ноябры аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербегендер үчүн өзгөчө күн болду. Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасында 11 Жахабанын Күбөсүнүн иши каралып, альтернативалык аскердик кызмат тууралуу мыйзам конституцияга каршы келет деп табылган. Ага ылайык, альтернативалык кызматты өтөгөндөр төлөшү керек болгон акча-каражат түздөн-түз аскер күчтөрүнүн фондуна түшчү. Андан тышкары, альтернативалык кызматы аяктагандан кийин алар аскер күчтөрүнүн запасына киргизилчү. Конституциялык палата альтернативалык кызматтын ушундай түрү аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербегендердин дин тутуу эркиндигине каршы келерин аныктаган. 2014-жылдын алгачкы айларында Жогорку сот Конституциялык палата кабыл алган чечимди колдонуп, мурунку мыйзам боюнча кылмышкер деп эсептелген 14 Жахабанын Күбөсүн актаган. Ал чечим аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербегендердин дин тутуу эркиндигин коргош үчүн жүргүзүлгөн жети жылдык күрөштү соңуна чыгарган. Тынчтыкты сүйгөн бир туугандардын чечкиндүүлүгү Жахабага даңк алып келип, Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндигинин коргоду.

Кыргызстан: Жогорку Сотто иши каралган бир туугандар

НИГЕРИЯ. «Жахаба мени сыйлыксыз калтырган жок».

Нигериянын Абия штатындагы Жахабанын Күбөлөрү зордук-зомбулукчул жана спиритизм менен байланышкан каадаларды аткарган топторго * кошулбаганы үчүн алардан запкы жеп, элден бөлүнүп калган учурлары көп болот. 2005-жылдын ноябрында таң атпай Асага Охафиа кыштагындагы ошондой топтун мүчөлөрү аларга кошулбаганы үчүн Эмануэл Огво деген бир туугандын үйүнө кирип барып, айып пул иретинде оокатын тартып алышкан. Аялы экөө үстүндөгү кийими менен эле калган. 2006-жылы эл Эмануэлди үй-бүлөсү менен кыштактан биротоло кууп салган. Алар коңшу кыштактагы бир туугандардыкында жашап турууга аргасыз болгон. Бир жылдан кийин Эмануэл кыштагына кайтып барганда, баягы топтун мүчөлөрү аларга кошулууга кысым көрсөтө берген жана мүлкүн кайтарып бербей койгон.

Акыры, 2014-жылы, 15-апрелде Абия штатынын Жогорку соту Эмануэлдин пайдасына чечим чыгарып, анын коомдо жашоо жана дин тутуу эркиндигин коргогон. Анын мүлкү да өзүнө кайтарылып берилген. Эми ал жактагылар Жахабанын Күбөлөрүнө катуу каршылык көрсөтпөй калды жана Асага Охафиадагы бир туугандар ээн-эркин кабар айтып калышты.

Соттун чечимин укканда кандай сезимде болгону тууралуу Эмануэл мындай деген: «Ошондо сүйүнгөнүмдү айтпагыла! Кубанганыман секирип да жибердим. Мен Жахабанын ушул иште жеңип чыкканын көрдүм. Периштелер мени менен болду. Жахаба мени сыйлыксыз калтырган жок».

ОРУСИЯ. jw.org сайтына байланыштуу сот иши.

Орусиядагы көптөгөн юридикалык кыйынчылыктар, чынында, өлкөдө «жакшы кабардын таратылышына шарт түзүүдө» (Флп. 1:12). Бийликтегилер жана диний жетекчилер чыныгы сыйынууга каршылык көрсөтүп жатса да, бир туугандар кынтыксыздыгынан жазбай кызматын улантууда жана Жахаба аларга батасын берүүдө.

Буга Твер шаарындагы юридикалык жеңиш далил. 2013-жылы Твер шаарынын прокуратурасы жергиликтүү сотко Орусияда jw.org сайтын жабууга байланыштуу арыз доосу менен кайрылган. Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн бир да өкүлүн кабардар кылбай туруп прокурордун пайдасына чечим чыгарган. Ал тууралуу билип калган бир туугандар дароо доо арыз жазышкан. Ошентип, 2014-жылдын 22-январында Твер шаарынын облустук соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, биздин пайдабызга чечим чыгарган. Жахабанын жардамы менен жана башка өлкөдөгү бир туугандардын тиленүүсүнүн аркасында Орусиядагы бир туугандар кайрадан jw.org сайтын колдонуп, рухий жактан пайда алып жатышат.

ТҮРКИЯ. Аскердик кызматка байланышкан маселе боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн укуктары дагы деле тебеленүүдө.

Түркиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн бири Барыш Гёрмез аскердик кызматтан баш тартканы үчүн 4 жылга түрмөгө камалган. Камакка алынганда полиция кызматкерлери аны тепкилеп, дубинка менен сабашкан. Түрмөдөн да ошентип кордошкон. Бою 2 метрден ашык болгондуктан ага эки керебетти туурасынан коюп алып, бүрүшүп уктаганга туура келген. Акыры, түрмө башчылары жергиликтүү бир туугандарга чоңураак матрас алып келип берүүгө уруксат берген.

2008-жылы Барыш менен дагы башка үч бир тууган Адам укуктары боюнча Европа Сотуна Түркия өкмөтүнүн аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербегендердин дин тутуу эркиндигин чектеп жатканын билдирип арыз жазышкан. 2014-жылдын 3-июнунда сот алардын пайдасына чечим чыгарып *, Түркия өкмөтүн аларга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттендирген. Бул Европа Сотунун Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына жана Түркияга каршы чыгарган үчүнчү жолку чечими болчу. Учурда Жахабанын Күбөлөрүнөн эч ким түрмөдө отурбаса да, Түркия мамлекети аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербегендердин укугун сыйлабагандыктан, бул маселе чечиле элек.

Мурунку отчётко кошумча

Азербайжан. Бул жакта полиция кызматкерлери дагы деле жыйналыштардын өтүшүнө тоскоолдук кылууда, адабияттар текшерүүдөн өтүп, кабар айтып жүргөн бир туугандар камакка алынууда жана башка ушул сыяктуу адам укуктарын бузган иштер болууда. Өкмөт башчылары Жахабанын Күбөлөрүн каттоодон өткөрүүдөн да баш тартууда. Бул иштерге байланыштуу Азербайжанга каршы 19 арыз Адам укуктары боюнча Европа Сотуна жөнөтүлгөн. Бирок андай кыйынчылыктарга карабай жарчылардын санынын өсүп жатканы Жахабанын аларга батасын берип жатканын айгинелеп турат. Ошондой эле азербайжан тилинде «Жаңы дүйнө котормосунун» толук басылып чыкканы кубандырбай койбойт.

Эритрея. Бул өлкөдөгү бир туугандар катуу каршылыкка карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келишет. 1994-жылдын 24-сентябрынан бери Паулос Ияссу, Исаак Могос жана Негеде Теклемариам деген бир туугандардын түрмөдө отурганына 20 жыл болду. Бийликтегилер 2014-жылы 14-апрелде Эскерүү кечесине чогулган 150дөй Жахабанын Күбөсүн жана кызыгуучуларды камакка алган. Алардын эң кичүүсүнө 1 жаш төрт ай, ал эми эң улуусу 85 жашта болчу. Андан соң 2014-жылы 27-апрелде атайын баяндаманы угууга чогулган 30дай киши камакка алынган. Алардын көбү бошотулган.

Казакстан. Дин иштери боюнча агенттик биздин 14 адабиятты Казакстанга киргизүүгө же анын аймагында таратууга тыюу салган. Ошондой эле каттоодон өткөн сыйынуу жайларынан башка жерлерде кабар айтууга тыюу салынган жана 50дөй бир тууганга мыйзамсыз түрдө миссионердик иштерди жүргүзүп жатат деген айып коюлган. Бир туугандардын сөз эркиндигин коргоо максатында БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине 26 арыз жөнөтүлгөн.

^ абз. 1 Альтернативалык жарандык кызматты өтөйбү же жокпу, ар ким абийирине жараша чечет.

^ абз. 1 Андай топторду көп учурда бир айылдан болгон бир курактагы эркектер түзөт.

^ абз. 2 «Булду жана башкалар Түркияга каршы» №14017/08, 2014-жыл, 3-июнь.