Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

Филиалдардын арноо аземи

Филиалдардын арноо аземи

«КУБАНЫЧЫМ койнума батпай турат». Бул сөздөрдү Мадагаскардагы филиалдын 2015-жылы 24-январда болуп өткөн арноо аземине катышкан бир ишенимдешибиз айткан. Ал эже 583 конок менен бирге 19 бөлмөлүү жаңы имаратты, кеңейтилген ашкананы көрүп, аябай кубанган. Жаңы филиалда кызмат бөлүмү, эсеп-кысап бөлүмү, жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмү үчүн кошумча кеңселер курулган. Аудио-видео жана жаңдоо тилине которгон бөлүм үчүн үн жаздыруу студиясы жасалган. Брайл арибине которгон бөлүм да уюшулган. Коноктор Мадагаскардагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхын уккандан кийин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсондун арноо сөзүн угушкан.

Мадагаскардагы 19 бөлмөлүү жаңы имарат

Индонезиянын борбор шаары Жакартадагы Жахабанын Күбөлөрү, 2015-жылы 14-февралда өткөрүлө турган арноо аземинин алдында шаарды каптап кеткен суу тартылганда, жеңилдей түшүшкөн. Филиалыбыз кеңселер жайгашкан 42 кабаттуу имараттын бир кабатынан орун алды. Ал эми бейтелдиктер жакын жерде жайгашкан үйдүн 12 кабатында жашашат. Айрым бөлүмдөрдүн кеңселери тегерек-четтеги чакан имараттардан орун алды. Арноо сөзүн Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис айтты. Эртеси футбол стадионуна чогулган 15 257 киши анын «Жакшы ишти талыкпай кыла бергиле» деген баяндамасын укту. Программа 41 жерге трансляцияланып, аны 11 189 киши уга алды. Индонезиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхында ушунча көп киши биринчи жолу чогулду. Алгачкы миссионерлердин бири Роналд Жакэ: «1951-жылы келгенимде өлкөдө 26 эле жарчы бар болчу. Бул өзгөчө жолугушууга болсо 26 000ден ашык киши катышты. Жахаба Индонезиядагы элине батасын мол төктү!» — деген.