Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Жаман баа албаш үчүн эмне кылсам болот?

Жаман баа албаш үчүн эмне кылсам болот?

 «Кээ бир классташтарым сабакка китептерин алып келишпейт. Сабак учурунда мугалимдин айткандарын укпай, кулакчындарды салып алып музыка угуп отурушат. Анан эмнеге жаман баа алып калдым деп нааразы болушат. Башкалар болсо мага окшоп, баш көтөрбөй окуса да, сынактан жаман баа алып калышат. Эмнеге ушундай?! Такыр түшүнбөйм! Бир жума бою түнгө чейин даярданып, анан начар баа алып калганда аябай жаман болосуң» (Йоланда).

 Сенде да ушундай болобу? Албетте, жаман баа алсаң же кайра-кайра эле ошондой баа ала берсең, кайгырбай койбойсуң.

 Айрым өспүрүмдөр ошондон улам жакшы баа алганга аракет кылбай, багынып калышы мүмкүн. Башкалар болсо атүгүл окуусун таштап салышы ыктымал. Балким, сен да ушундай кылгың келип жүргөндүр. Бирок кыйынчылыкты чечүүнүн башка жолу бар. Кел анда, жакшы баа алууга жардам берген алты кеңешке токтололу.

 Эмне кылсаң болот?

  •   Бир да сабакты калтырба. «Муну баары эле билет да»,— дешиң мүмкүн. Ошентсе да сабакты көп калтырсаң, бааларың аябай эле төмөндөп кетет.

     «Мектепте окуп жүргөнүмдө, кандай баа алары баары бир болгон балдар сабакты көп калтырышчу. Анан өздөрү эле азабын тартышчу» (Метью).

     Ыйык Китептеги принцип: «Адам эмнени сепсе, ошону орот» (Галатиялыктар 6:7).

  •   Ар бир сабакты жакшы оку. Сабакта отурганыңдын өзү аябай жакшы. Анткен менен ошол сабактан бир нерсе билип алганга бүт күчүңдү жумшаганың андан да жакшы. Жазып отур. Мугалимдин айтып жаткандарын түшүнгөнгө аракет кыл. Суроо берүүгө уруксат берилсе, түшүнбөй калган жерлериңди сурап ал.

     «Сабак учурунда аябай көп суроо берем. Себеби мугалим окуучулардын теманы анча түшүнбөй калганын билсе, аны жакшылап түшүндүрүп берерин байкагам» (Оливиа).

     Ыйык Китептеги принцип: «Кандай угуп жатканыңарга көңүл бургула» (Лука 8:18).

  •   Алдамчылыкка барба. Алдоо чынчылдыкка жатпайт. Мектепте алдап жакшы баа алуунун көп жолдору бар. Алардын бири — башка бирөөдөн көчүрүп алуу. Ошенте турган болсоң, калпычы да болуп каласың, эч нерсеге да үйрөнбөйсүң.

     «Эгер бир нерсени түшүнбөй калсаң, башкалардан көчүрбө. Өзүңө эле жаман болот. Себеби көйгөйлөрдү өз алдыңча чечкенге үйрөнбөй, башкалардан көз каранды болуп каласың» (Жонатан).

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал... өз иштерине кубанат» (Галатиялыктар 6:4).

  •   Биринчи кезекте үй тапшырмаңды аткар. Мүмкүн болсо, башка иштерге киришерден, өзгөчө, эс алардан мурун үй тапшырмаңды аткар a. Үй тапшырмаңды кылып койсоң, бош убактыңды жакшы өткөрөсүң.

     «Сабактарымды биринчи аткарганымдын аркасында бааларым бир топ жакшырган. Мектептен келгенде бир аз уктап алгым же музыка уккум келчү. Бирок мен үй тапшырмасын кылгандан кийин гана эс алчумун» (Кэлвин).

     Ыйык Китептеги принцип: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

  •   Жардам сура. Башкалардан жардам сурагандан тартынба. Мисалы, ата-энең менен кеңешип көр. Жакшы баа алыш үчүн мугалимиңден да жардам сура. Айрым учурда үйдөн окуткан мугалимди жалдоо пайдалуу болушу мүмкүн.

     «Түз эле мугалимиңе бар да, теманы түшүнгөнгө, бааларыңды жакшыртканга жардам сура. Тырышчаактыгыңды көргөндө ал таасирленип, сага колдоо көрсөтүшү мүмкүн» (Давид).

     Ыйык Китептеги принцип: «Ой-максат... кеңешчилер көп болсо, ишке ашат» (Накыл сөздөр 15:22).

  •   Бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдон. Айрым мектептерде өтүлгөн сабак боюнча тесттер болуп турат. Балким, ошол тесттерге берилген кошумча суроолорго жооп берүүгө аракет кылаттырсың же мугалимиңден кошумча тапшырмаларды аткарууну суранаттырсың.

    Жакшы баа алууга умтулуу музыкалык аспапта ойногонду үйрөнүүгө окшош. Бул оңой эмес, бирок аракет кылсаң, берекет болот

     «Кайсы бир сабактан жакшы баа алгым келсе, өзүм аракет кылышым керек. Ошон үчүн мугалимдеримен кошумча тапшырма аткарып келүүнү же аткарган тапшырмамды кайра жакшыраак аткарып келүүнү суранам» (Маккензи).

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир эмгектен пайда бар» (Накыл сөздөр 14:23).

a Тапшырмаңды аткарууга жардам берген кеңештерди «Жаштардын суроолору. Үй тапшырмамды аткарууга кантип жетише алам?» деген макаладан таба аласың.