Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Качкындар кризиси. Миллиондогондор Украинадан качып чыгып кетүүдө

Качкындар кризиси. Миллиондогондор Украинадан качып чыгып кетүүдө

 Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага чабуул койду. Ошонун айынан миллиондогондордун өмүрүнө коркунуч туулду жана көптөр тез аранын ичинде өлкөдөн чыгып кеткенге аракет кылууда a.

 «Ар кайсы жерлерге бомба түшүп жарылып жатты. Канчалык коркконубузду сөз менен айтып жеткире албайм. Шаардан поезд менен чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк бар экенин билгенде дароо кетели дедик. Бардыгын таштап „бүтүндөй дүйнөбүздү“ бир баштыкка салып алып эле жөнөдүк. Документтерибизди, дарыларыбызды, шам-шум эткенге бир аз тамак-аш, анан суу эле алганга жетиштик. Башка эч нерсе алган жокпуз. Поезддин станциясына баратканда, тегеректе бомбалар жарылып жатты» (Наталья, Харьков, Украина).

 «Согуш башталып кетерине акырына чейин ишене алган жокпуз. Шаардын ар кайсы жерлеринде бомбалар жарылып жатканын угуп жаттык, терезелерибиз титиреп жатты. Эң зарыл нерселерди алып эле кетейин деп чечтим. Эртең менен саат 8де үйдөн чыгып, Львовго кеткен поездге отурдум. Анан автобус менен Польшага жетип алдым» (Надья, Харьков, Украина).

Бул макалада:

 Качкындар кризисине чынында эмне себеп болууда?

 Украинадагы элдин өлкөдөн качып чыкканга аргасыз болушуна орус аскерлеринин кол салганы себеп болду. Бирок Ыйык Китепте бул оор кырдаалдын анык себептери жазылган.

  •   Адамдар түзгөн өкмөттөр дүйнө жүзү боюнча өзүнүн жарандарын зарыл нерселер менен камсыз кыла албай келишет. Башкаруучулар элге үстөмдүк кылып, көбүнчө катаалдык менен бийлик жүргүзүшөт (Насаатчы 4:1; 8:9).

  •   Ыйык Китепте «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экени» айтылат. Ал «бул дүйнөнүн башкаруучусу» болгондуктан адамзатты болушунча бузуп жатат (Жакан 14:30; 1 Жакан 5:19).

  •   Кылымдар бою адамзат коому ар кандай кыйынчылыктардан азап-чегип келген. Бирок Ыйык Китепте азыркы биз жашап жаткан учур бөтөнчө оор болору алдын ала айтылган. Алсак, анда: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил», — деп жазылган (2 Тиметей 3:1). Ошондой эле ушул акыркы күндөрдө согуштар, табигый кырсыктар, ачарчылык жана жугуштуу оорулар да болмок. Мунун баары көптөрдү өз жерин таштап качканга аргасыз кылмак (Лука 21:10, 11).

 Качкындар кимден үмүттөнсө болот?

 Ыйык Китепте Жаратканыбыз Жахабанын b мээримдүү, боорукер Кудай экени айтылат. Ал качкындарга, үйүн таштап кеткенге аргасыз болгондорго кам көрөт (Мыйзам 10:18). Жахаба качкындар туш болуп жаткан көйгөйлөрдү өзүнүн асмандагы өкмөтү аркылуу чечерин убада кылган. Анын өкмөтү Кудайдын Падышалыгы деп аталат. Ал Падышалык адамдар түзгөн өкмөттөрдүн ордун басат (Даниел 2:44; Матай 6:10). Жахаба Кудай өзүнүн Падышалыгы аркылуу Шайтан Ибилисти ойрон кылат (Римдиктер 16:20). Кудайдын Падышалыгы бүт дүйнө жүзүн башкарат. Мунун аркасында бир улутту бир улуттан бөлүп турган чек аралар болбойт. Дүйнө жүзүндөгү адамзат коому бир үй-бүлөдөй болуп жашайт. Эч кимге өз үйүнөн качканга туура келбейт. Анткени Ыйык Китепте: «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт, анткени муну асман аскерлеринин Кудайы Жахаба айтты»,— деген убада жазылган (Микей 4:4).

 Качкындар кризисин бир гана Кудайдын Падышалыгы биротоло чечет. Жахаба Падышалыгын колдонуп көптөрдү өз үйүн, өлөң төшөгүн таштап качканга аргасыз кылган себептерди түп-тамыры менен жок кылат. Анын эмнелерди жоёруна кыскача токтололу.

  •   Согуштар. «[Жахаба] жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот» (Забур 46:9). Кудайдын согуш-жаңжалдарды кантип жоёрун билиш үчүн «Жерге тынчтык кантип орнойт?» деген макаланы окуп көргүлө.

  •   Кысым, зордук-зомбулук. Жахаба «алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 72:14). Адамдар кан-жанына сиңип калган терс сапаттардан кантип арыла аларын «Жек көрүүчүлүктүн айлампасынан чыга алабыз!» деп аталган катар макалалардан биле аласыңар.

  •   Жакырчылык. «[Жахаба] жардам сурап жалбарган жакырды... куткарат» (Забур 72:12). Кудай жакырчылыкты тамыры менен кантип жуларын билгиңер келсе, «Экономикалык теңсиздик жоюлабы?» деген макаланы окуп көргүлө.

  •   Тамак-аштын жетишсиздиги. «Дан жер бетинде мол болот» (Забур 72:16). Эч ким эч качан ачарчылыктын азабын тартпаш үчүн Кудай эмнелерди кылары «Ачарчылыктан арылган дүйнө» («Мир без голода?») деген макалада айтылат.

 Ыйык Китепте жазылгандар качкындарга жардам бере алабы?

 Ооба. Ыйык Китепте качкындарга үмүт берерлик убадалар камтылат. Андан тышкары, анда алар учурда туш болуп жаткан кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам берген кеңештер бар.

 Ыйык Китептеги принцип: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат» (Накыл сөздөр 14:15).

 Мааниси: Кандай коркунучтуу жагдайларга кабылышыңар мүмкүн экени жана өзүңөрдү коргош үчүн эмне кылсаңар болору жөнүндө күн мурун ойлонгула. Жер которуп келген качкындардын тажрыйбасыздыгынан пайдаланып калууну көздөгөн кылмышкерлерден сак болгула.

 Ыйык Китептеги принцип: «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз... болсо, ошого ыраазы бололу» (1 Тиметей 6:8).

 Мааниси: Дүнүйө-мүлккө көңүл топтоп албагыла. Эң зарыл нерселердин болгонуна топук кылсаңар, бактылуураак болосуңар.

 Ыйык Китептеги принцип: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» (Матай 7:12).

 Мааниси: Сабырдуу, жумшак болгула. Эгер ушундай сапаттарды чагылдырсаңар, барган жериңердеги эл силерди көбүрөөк урматтап, жерибейт.

 Ыйык Китептеги принцип «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле» (Римдиктер 12:17).

 Мааниси: Башкалар жаман мамиле кылганда, ачууга алдырып, өч албагыла. Болбосо, отко май чачкандай эле болуп калат.

 Ыйык Китептеги принцип: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам» (Филипиликтер 4:13).

 Мааниси: Кудайды жашооңордо биринчи орунга койгула жана андан тиленгиле. Ал силерге баарын көтөргөнгө күч берет.

 Ыйык Китептеги принцип: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт» (Филипиликтер 4:6, 7).

 Мааниси: Кандай жагдайга кептелбегиле, Кудайдан жан дүйнөңөргө тынчтык беришин сурап тиленгиле. «Филипиликтер 4:6, 7. Эч нерсе тууралуу кам санабагыла» деген макаланы карагыла.

a Орусия Украинага кол салгандан кийинки күнү Качкындар маселеси боюнча БУУнун жогорку комиссары кырдаалга өтө оор деген баа берип, мурун мындай болуп көрбөгөнүн баса белгиледи. 12 күндүн ичинде эле эки миллиондон ашуун киши Украинадан коңшу өлкөлөргө качып чыгышты. Дагы бир миллионго жакыны өлкөнүн башка коопсузураак жерине көчүрүлдү.

b Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы окуп көргүлө.