СЕРГЕК ТУРГУЛА!
Кайсы башкаруучуну тандайсыңар? Ыйык Китепте эмне делет?
Кийинки жумаларда дүйнө жүзү боюнча ар кайсы өлкөлөрдө шайлоо болуп өтөт. Калайык калк: «Кайсы башкаруучуну тандайбыз?» — деп ойлонуп, маанилүү чечим чыгарышы керек.
Ыйык Китепте эмне делет?
Адам баласынын өкмөттөрү көп жактан чектелген
Ыйык Китепте адам баласынын бардык өкмөттөрүнүн кайсы жактардан колу-буту тушалганы айтылат.
«Аттуу-баштууларга, куткара албай турган адам баласына таянбагыла. Анын деми чыгат да, өзү топуракка кайтат, ошол күнү ойлору ойрон болот» (Забур 146:3, 4).
Атүгүл мен-мен деген башкаруучулар акыр-түбү өлүмгө моюн сунат. Андан тышкары, алар баштап кеткен жакшы иштерди ордун баскандар улап кетет деп эч ким кепилдик бере албайт (Насаатчы 2:18, 19).
Адам баласынын өзүн-өзү башкарууга жөндөмдүү экени Ыйык Китептин бир да жеринде айтылбайт.
«Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт» (Жеремия 10:23).
Бүгүнкү күндө эң сонун бийлик жүргүзө турган бирөө барбы?
Кудай өзү тандаган башкаруучу
Ыйык Китепте Кудай жөндөмү жагынан теңдеши жок, эң эле ишеничтүү башкаруучуну дайындаганы айтылат. Ал — Иса Машаяк (Забур 2:6). Иса — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы. Кудайдын Падышалыгы — асмандан бийлик жүргүзө турган өкмөт (Матай 6:10).
Исаны башкаруучу катары тандайсыңарбы? Ыйык Китепте мунун эмне үчүн маанилүү экени баса белгиленет:
«Ал каарданбашы үчүн, жолуңарда кыйратылбаш үчүн, Уулун [Иса Машаякты] тосуп алгыла, анткени Кудайдын каары тез кайнайт. Аны баш маана кылгандардын баары бактылуу!» (Забур 2:12).
Азыр чечим чыгара турган убак. Ыйык Китепте Исанын 1914-жылы бийлик кыла баштаганы алдын ала айтылган. Ошондой эле жакында Кудайдын Падышалыгы адам баласынын бардык өкмөттөрүнүн ордун басат деп да күн мурун айтылган (Даниел 2:44).
Исанын бийлигин кантип колдосо болору тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгын азыр колдогула!» деген макаланы окугула.