Мазмунун көрсөтүү

Уориктин жаратылышын коргоо

Уориктин жаратылышын коргоо

Жахабанын Күбөлөрү Нью-Йорк штатындагы Стерлинг-Форест көлүнүн жанына жаңы башкы башкармалыгын кура башташты. Куруу учурунда ал аймактын жаратылышын жана жаныбарларын коргоо максатында Жахабанын Күбөлөрү ар кандай чара көрүшүүдө.

Алсак, курулуш жүрүп жаткан жерге ошол аймакты байырлаган чырылдак жыландар, таш бакалар кирип кетпеши үчүн убактылуу тосмо жасалган. Алар тосулган жерге кирип кетип, кайра чыга албай калбашы үчүн, тосмо дайыма текшерилип турат. Курулуш аяктаганда ал тосмо алынып салынат. Эгер кийин имараттардын жанына чырылдак жыландар келип кала турган болсо, атайын үйрөтүлгөн кишилер аларды кармап, табигый чөйрөсүнө коё беришет.

Чыгыш сиалиясы

Ал аймакта чыгыш сиалиясы деген чымчык (Sialia sialis) да уялайт. Аларды уялоо мезгилинде чочутуп албаш үчүн жемиш бактарынын мөмөлөрү кыш айларында алдын ала чогултулган. Андан сырткары, чымчыктар дайыма учуп келип турушу үчүн, курулуш бүткөндөн кийин, уя жасап, бактарга илип коюу ойлонуштурулууда.

Ошондой эле шлемник деген өсүмдүктүн жок болуу коркунучу алдында турган түрүнүн (Scutellaria integrifolia) уруктарын сээп, өстүрүш үчүн жыл сайын октябрдан март айына чейин ал аймактагы айрым жерлерди тазалап турушат. Мындай аракет 2007-жылдан бери Уориктеги ал аймакта бир да шлемник өсүп чыкпаганына карабай улантылууда.

Уориктеги ал аймак Стерлинг-Форест көлү менен да чектешет. Ал көлдө жилингир, алабуга, чортон сыяктуу балыктар жана суучул куштар жашайт. Көлдүн экосистемасына зыян келтирбеш үчүн долбоорчулар куруунун зыянсыз ыкмаларын колдонууну чечишкен. Мисалга, ага имараттардын чатырларын жашылдандыруу кирет. Бул ыкма жаандын суусунун чыпкаланышына жана чатырдан түшкөн агынды суулардын көлөмүнүн азайышына шарт түзөт. Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрү көлдүн тегерегиндеги өсүмдүктөрдүн зыянга учурабашына да кам көрүүдө.

Курулуштун экологияга зыян келтирбегидей жүрүшүнө жооптуу Жахабанын Күбөлөрүнүн бири мындай дейт: «Кошумча убакыт жана пландаштыруу талап кылынса да, биз Уориктин табиятын коргоого өз салымыбызды кошууга чечкиндүүбүз».