Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Кинолордогу, гезит-журналдардагы кыздарды эмне үчүн туурабаш керек? (1-бөлүк) Кыздар үчүн

Кинолордогу, гезит-журналдардагы кыздарды эмне үчүн туурабаш керек? (1-бөлүк) Кыздар үчүн

 Кинолордогу, гезит-журналдардагы кыздарды кантип сүрөттөйт элең?

 Бул сөздөрдү окуп чыгып, төмөндөгү суроолорго жооп бер.

1-тилке

2-тилке

Токтоло элек

Жоопкерчиликтүү

Козголоңчул

Мыйзамга баш ийген

Адеп-ахлаксыз

Адеп-ахлактуу

Жеңил ойлуу

Акыл-эстүү

Ушакка жакын

Кыраакы

Алдамчы

Чынчыл

  1.   Ушул жердеги кайсы сөздөр сен кинолордон, телеберүүлөрдөн, гезит-журналдардан көргөн өспүрүм кыздарды сүрөттөп турат?

  2.   Өзүңдүн кандай адам болгуң келерин кайсы сөздөр менен сүрөттөп берет элең?

 Балким, биринчи суроого 1-тилкеде жазылгандарга ылайык, ал эми экинчи суроого 2-тилкеде жазылгандарга ылайык жооп бергендирсиң. Эгер ошондой болсо, бул сенин кинолордогу кыздардай болгуң келбей турганын көрсөтүп турат. Көптөгөн башка кыздар да ошенткиси келет. Кел, эмне үчүн экенин карап көрөлү.

 «Адатта, кинолордо өспүрүм кыздар өзүнүкүн бербеген, ээн баш болуп көрсөтүлөт. Ошонун айынан көптөрдө өспүрүм кыздардын эч кимисине ишенип болбойт, алар болбогон бир нерсе үчүн эле чыр чыгара беришет деген ой туулат» (Эрин).

 «Кинолордо, телеберүүлөрдө көрсөтүлгөн өспүрүм кыздар өздөрүнө көңүл бурдурууну аябай жакшы көрүшөт, алардын эси-дартынын баары эле сырткы көрүнүшү, кийим, атак-даңк, балдар» (Натали).

 «Ичкилик ичкен, балдар менен жаткан, ата-энесинин тилин албаган кыздар кинолордо „жакшы“ кыздар катары көрсөтүлөт. Ал эми андай иштерди кылбагандары, адатта, же өтө эле динчил, же өтө эле уялчаак кыздар катары көрсөтүлөт» (Мария).

 Ойлонуп көр: Мен кандай болсом, өзүмдү ошондой алып жүрөмбү? Же кийимим, жүрүм-турумум, сөздөрүм телевизордон жана гезит-журналдардан көргөн кыздарды туурап жатканымды көрсөтүп турабы?

 Эмнени билишиң керек?

  •   Көптөр эч кимди туураган жокмун деп ойлогону менен, чынында, телевизордон, гезит-журналдардан көргөн адамдарды туурашат. «Менин сиңдим да ошентет,— дейт Карен деген бир кыз.— Ал өзүн эси-дартынын баары эле кийим менен жигиттер болуп калгандай көрсөткүсү келет. Бирок өзү эстүү эле кыз, аны кызыктырган башка нерселер деле бар. Ал курбу-курдаштарынан айырмаланбаш үчүн эле ошентип эси жоктой иш кыла берет. Өзү болгону 12 жашта».

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле» (Римдиктер 12:2).

  •   Өспүрүм кыздардын баары эле кинолордо, гезит-журналдарда көрсөтүлгөн кыздарды туурагысы келбейт. 15 жаштагы Алексис деген бир кыз мындай дейт: «Жалпыга маалымдоо каражаттарында кыздарды өзүмчүл, жеңил ойлуу, аркы-беркини ойлобой иш кылгандай кылып көрсөтүшөт, бирок, менимче, кыздардын баары эле андай эмес, акыл-эстүү кыздар деле көп. Сулуу жигиттерден башка деле кыялдана турган нерселер бар да».

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? Рухий жактан жетилген адамдар «колдонуу аркылуу акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырышат» (Еврейлер 5:14).

  •   Жалпыга маалымдоо каражаттары — өз кызыкчылыгын көздөгөн соода-сатык тармагындагылардын куралы. Басма сөз, мода, технология жана көңүл ачуу сыяктуу адамга күчтүү таасир эткен индустрия тармагындагылар жаштардын, өспүрүм куракка жеткенге чейин эле, акылын ээлеп алганга аракет кылат. «Жарнамачылар акыркы модадагы кийимдерди, зер буюмдарын, косметикалык каражаттарды, электрондук каражаттарды сатып албаган өспүрүмдөр артта калат деген ойду тымызын таңуулашат,— делет бир китепте.— Алардын азгырыгына тынымсыз кабылган өспүрүмдөр жарнамачылардын чынында эмнени көздөп жатканын аңдабай калышат» («12 Going on 29»).

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Дүйнөдөгүнүн баары: дене кумары, көз кумары жана колунда болгон нерселерине мактангандык Атабыздан эмес, бул дүйнөдөн» (1 Жакан 2:16).

 Ойлонуп көр: Акыркы модадагы буюмдарга ээ болууну самай берсең, кимге пайда алып келишиң мүмкүн? Курбу-курдаштарыңдын арасында өзгөчөлөнүш үчүн эле акыркы чыккан чөнтөк телефонду сатып алсаң, чынында, ким пайда көрөт? Соода-сатык тармагындагылар кимдин пайдасын көздөйт? Сеникинби же өздөрүнүкүнбү?

 Эмне кылганың туура?

  •   Жалпыга маалымдоо каражаттарынан көргөндөрүңдү ойлонбой эле туурай бербе. Чоңойгон сайын баамчыл болууга үйрөнө баштайсың. Андыктан ошол жөндөмүңдү колдонуп, жалпыга маалымдоо каражаттарынан көргөндөрүңдүн сага кандай таасир этиши мүмкүн экенин ойлонуп көр. «Адатта, жалпыга маалымдоо каражаттарында өспүрүм кыздын кийиминен да, боёнуп алганына көбүрөөк басым жасалат»,— дейт 14 жаштагы Алана деген кыз.— Өспүрүм кыздардын көбү боёнгондо сулуураак көрүнөм деп ойлошот, бирок өздөрүнө өтө эле көңүл бурдуруп жаткандай көрүнөрүн түшүнүшпөйт».

  •   Өзүңдүн кандай адам болгуң келерин аныктап, ошого жараша максат кой. Мисалы, ушул макаланын башындагы 2-тилкеде жазылган сапаттар тууралуу ойлонуп көр. Алардын кайсынысын өрчүткүң келет эле? Ошол сапаттарды азыртадан эле өрчүткөнгө же аларды жакшыраак чагылдырганга аракет кыл. Ыйык Китепте айтылгандай, биз соода-сатык тармагындагылар жарнамалаган кимдир бирөөнүн «бейнеси» боюнча эмес, Жаратканыбыздын «бейнеси боюнча, так билимдин негизинде жаңыланып турган жаңы табиятты кийишибиз» керек (Колосалыктар 3:10).

  •   Сага жакшы таасир эте турган адамдарды туура. Үйүңдөгүлөр, мисалы, апаң же эжең сага жакшы үлгү болушу мүмкүн. Же рухий жактан жетилген курбуларың, тааныштарың жакшы үлгү болушу ыктымал. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында үлгүлүү болгон кыздар, эжелер, апалар аябай көп (Тит 2:3—5).

 Кеңеш: «Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла» деген китепте жазылган, кыз-келиндерге мыкты үлгү калтырган Рут, Анна, Абигейил Эстер, Мариям, Марта деген аялдар жөнүндө окуп көр. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган ал китепти www.pr418.com/ky сайтынан жүктөп алсаң болот.