Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Кийген кийимим кандай?

Кийген кийимим кандай?

 Кийимиңе эмне үчүн көңүл бурушуң керек? Анткени кийим адамдын кандай экенинен кабар берет. Сенин кийимиң сен жөнүндө эмнени айтып турат?

 Кийимге карата кандай үч туура эмес көз караш бар жана аларды канткенде четке кага аласың?

1. Туура эмес көз караш: Маалымдоо каражаттарында көрсөтүлгөндөй кийинишиң керек.

 «Саркеч кийимдердин жарнамаларын көп көргөндүктөн кээде ошондой кийимдерди кийгим келет.— дейт Териза деген өспүрүм кыз.— Оюңдун баарын белгилүү бир кийимди кийген адамдар ээлеп алса, ошолордукундай кийимдерди алгың келе берет».

 Жарнамачылардын кайырмагына кыздар эле илинбейт. Өспүрүм балдарды тарбиялоо жөнүндөгү бир китепте: «Саркеч кийимдерге балдар да кызыгат. Жарнамачылар атүгүл кичинекей балдарды да тузагына түшүрүүгө аракет кылат»,— делет («The Everything Guide to Raising Adolescent Boys»).

 Туура көз караш: Ыйык Китепте: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 14:15). Ушул кеңешке ылайык, жарнамадан көргөндөрүңдү туура таразалай бил. Мисалы, «сезимди козгогон» же «сексуалдуу» деп сыпатталган кийимди көргөндө мындай деп ойлонуп көр:

  •  «Бул кийимди алсам, чынында ким пайда көрөт?»

  •  «Мындай кийимди кандай адамдар киет?»

  •  «Бул кийим менин чынында кандай адам экенимди жана кандай көз карашка карманарымды көрсөтөбү?»

 Кеңеш: Бир жума кийимдердин жарнамаларына жана модага байланыштуу маалымдоо каражаттарында көрсөтүлгөндөргө байкоо сал. Алар кандай жүрүм-турумга, кандай жашоо өткөрүүгө үндөйт? Сени белгилүү бир саркеч кийимди сөзсүз алышың керек деген ойго тымызын ишендирбейби? Карэн деген өспүрүм кыз: «Каякка барба, өзүң да, кийимиң да кынтыксыз болушу керек жана „кынтыксыз“ дене мүчөңдү көрсөтүшүң керек деген ой таңууланат,— дейт.— Муну жакшы билген жарнамачыларга жаштар оңой олжо болот».

2. Туура эмес көз караш: Башкалардан айырмаланбаш үчүн модадан калбашың керек.

 «Кайсы бир кийим мода болуп жатса, баары ошону кие баштайт,— дейт Мануэль деген бала.— Сен да ошол кийимди кийбесең, баары сени сындашат». Буга Анна деген кыз да кошулат. Ал: «Негизи, кеп модада деле эмес, кеп башкалардан айырмаланбоодо»,— дейт.

 Туура көз караш: Ыйык Китепте: «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле»,— деп жазылган (Римдиктер 12:2). Бул кеңешке ылайык, кийимдериңди бир сыйра текшерип, мындай деп ойлонуп көр:

  •  «Кандай кийим аларыма көбүнчө эмнелер таасир этет?»

  •  «Белгилүү фирмалардын кийимин сөзсүз алышым керек деп эсептейминби?»

  • «Кийимим менен башкаларды таасирлентким келбейби?»

 Кеңеш: Модалуу болуу (башкалардын катарында болуу) же модадан калуу (катардан чыгуу) деген эки эле мүмкүнчүлүк бар деп ойлобо. Өзүңө ыңгайлуу болгудай, өзүңдү ишенимдүү сезгидей да кийине аласың. Өзүңдү ишенимдүү сезсең, башкалардай болуп кийинишим керек деп тынчсыздана бербейсиң.

3. Туура эмес көз караш: «Канчалык сексуалдуу кийинсең, ошончолук жакшы».

 «Чынын айтсам, кээде аябай кыска, чапташкан, өтө ачык кийимдерди кийгим келет»,— дейт Женнифер.

 Туура көз караш: Ыйык Китепте: «Жасалгаңар көзгө көрүнгөн нерселер... эмес, жүрөктүн түпкүрүндө катылган чирибес жасалга... болсун»,— делет (1 Петир 3:3, 4). Ушул кеңештин негизинде: «Сырткы сулуулук маанилүүбү же ички сулуулукпу?» — деп ойлонуп көр.

 Кеңеш: Эң модалуу жасалга — жөнөкөйлүк. Бирок бүгүнкү күндө көптөр аны баалабайт. Ошондой болсо да, булар тууралуу ойлонуп көр:

 Өзү жөнүндө эле айта берген кимдир бирөө менен сүйлөшүп көрдүң беле? Андайлар өздөрү билбей эле башкаларды өзүнөн алыстат.

Адамдын кийген кийими өзү жөнүндө жогору ойдо экенинен кабар бериши мүмкүн. Андай адамдан башкалар качат

 Эгер орунсуз кийинсең, ушундай адамдарга окшош болуп каласың. Кийимиң: «Мени кара!» — деп жаткандай болуп калат жана өзүңдү ишенимсиз сезериңен же өзүмчүл экениңен же экөөнөн тең кабар берет. Ошондой эле өзүңө көңүл бурдургуң келерин, атүгүл орунсуз түрдө да көңүл бурулушун ушунчалык самап жатканыңды көрсөтөт.

 Башкаларды таасирлентүүгө умтулбай, жөнөкөй болгонго аракет кыл. «Жөнөкөй болуу деген кемпирдей кийинүүнү билдирбейт.— дейт Моника деген кыз.— Бул кийген кийимиңен өзүңдү жана айланаңдагы адамдарды сыйлаарың көрүнүп турушу керек дегенди билдирет».