Мазмунун көрсөтүү

Уорик. Сүрөт галереясы 2 (2014-жыл, сентябрь—декабрь)

Уорик. Сүрөт галереясы 2 (2014-жыл, сентябрь—декабрь)

Ушул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгынын имараттарын куруу ишинде 2014-жылдын сентябрынан декабрына чейин эмнелер кылынганын көрө аласыңар.

Уориктеги имараттардын сүрөтү. Сааттын жебеси боюнча, солдон оңго карай:

  1. Унаа оңдоочу жай

  2. Коноктор үчүн автотурук

  3. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

  4. B жатак үйү

  5. D жатак үйү

  6. C жатак үйү

  7. А жатак үйү

  8. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

2014-жыл, 11-сентябрь. Коноктор үчүн автотурук

Темир айырмачтар С жатак үйү үчүн жасалып жатат.

2014-жыл, 18-сентябрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Инженердик коммуникациялар орнотулган жерден караганда түндүк тарапта жайгашкан Стерлинг-Форест көлүнүн көрүнүшү. Бир эле учурда 13 кран иштеп жатат. Алды жакта В жатак үйүнүн пайдубалын куюуга даярдыктар көрүлүп жатат.

2014-жыл, 26-сентябрь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Орнотула турган темир балкалар жана устундар. Кеңселер/Тейлөө кызматтары жайгаша турган имараттар темир балкалар, устундар менен курула тургандыктан, имараттын ичинде орун көбүрөөк болот жана жумуш тезирээк бүтөт.

2014-жыл, 9-октябрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Куруучулар С жатак үйүнүн чатырын темир менен каптап, үстүн суу өтпөгөн материал менен жаап, орнотууга даярдап жатышат. Артында, сол тарапта экинчи чатыр даярдалууда.

2014-жыл, 15-октябрь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Куруучулар имараттын түштүк-батыш тарабында темир балкаларды орнотуп жатышат. Бул имараттын ушул жеринде ашкана, кир жуучу жай жана башка тейлөө кызматтарын аткарган бөлүмдөр жайгашат.

2014-жыл, 15-октябрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Канализация түтүктөрүн орноткон жумушчу щётка алып жатат.

2014-жыл, 20-октябрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Кыштардын ортосундагы сызыктын түрү, түсү кандай болорун, кыштар кандай коюларын көрүш үчүн тургузулган дубал. Бул дубалды жаңы келген куруучуларды үйрөтүш үчүн колдонушкан. Эми аны бузуп жатышат.

2014-жыл, 31-октябрь. C жатак үйү

Темирден жасалган чатырдын бир бөлүгүн кран менен орнотуп жатышат. Чатырдагы маңдай-тескей жайгаштырылган франтондорду караганда имарат курулуп бүткөндөй көрүнөт.

2014-жыл, 7-ноябрь. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Көлөмү 95 000 литр болгон цистернаны коюлчу жерине түшүрүп жатышат. Андагы күйүүчү май жылытуу системасы үчүн колдонулат.

2014-жыл, 12-ноябрь. C жатак үйү

Имараттын түштүк тарабынын көрүнүшү. Оң жагындагы бурчунан Стерлинг-Форест көлү көрүнүп турат. Түркүн түстүү ар кандай курулуш материалдары имаратка көрк берет.

2014-жыл, 21-ноябрь. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Жубайлар пайдубалдын ичи цементтелгенге чейин канализациянын түтүктөрүн орнотуп жатышат.

2014-жыл, 28-ноябрь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Куруучулар чатырдагы карды тазалап жатышат.

2014-жыл, 1-декабрь. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Жубайлар канализациянын схемасын карап жатышат.

2014-жыл, 10-декабрь. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Жумушчулар кар жаап жатканына карабай, калыптарды орнотуп, бетон куюп жатышат. Сүрөттүн жогору жагындагы сол бурчунда Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук жайгаша турган имараттын бурчу көрүнүп турат. Сырты ак желим материал менен капталгандыктан, куруучулар аба-ырайына карабай, белгилүү бир температурада аткарылчу жумуштарды, мисалы, бетон куюп, от, электр жарыгы менен кылынчу иштерди уланта беришет.

2014-жыл, 12-декабрь. D жатак үйү

Дубалдар орнотулганга чейин куруучулар бетон тирөөчтөрдү суу өткөрбөгөн материал менен каптап жатышат.

2014-жыл, 15-декабрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Курулуш жүрүп жаткан жердин чыгыш тараптан карагандагы көрүнүшү. Сүрөттүн өйдө жагында жатак үйлөр көрүнүп турат. Ортодогу чоң ак имаратта Кеңселер/Тейлөө кызматтары жайгашкан. Курулуш 100 гектардай жердин 20 пайызга жетпеген жерин ээлегендиктен, токойдун көпчүлүк бөлүгү кыйылган жок.

2014-жыл, 15-декабрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Курулуш жүрүп жаткан жерди батыш тараптан караганда биринчи эле C жана D жатак үйү көрүнөт. Куруучулар С жатак үйүнүн чатырын жаап жатышат.

2014-жыл, 25-декабрь. C жатак үйү

Жыгач уста полго ламинат төшөп жатат. Бөлмөлөрдү жасалгалоонун төрт негизги түрү тандалган. Бул өз ичине дубал менен ламинаттын түсүн, ковролиндин түрүн, кафель жана эмеректерди камтыйт.

2014-жыл, 31-декабрь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Суу агып кете турган жерлер туура эңкейиште жайгашышы үчүн, жумушчу полду кол менен түзөп жатат.

2014-жыл, 31-декабрь. C жатак үйү

77 жаштагы адис көп зымдары бар талчалуу оптикалык чубалгыларды туташтырып жатат. Курулуштун аягына чейин ушундай чубалгыдан бардыгы болуп 32 километр туташтырылат.