Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Китептердин аттарын жатта (3-бөлүк)

Китептердин аттарын жатта (3-бөлүк)

Жүктөп алуу

  1. 1. Матай. Иса жерге келип кабар айткан.

    Марк. Кудайдан келгени айкын болгон.

    Лука. Ал көп жакшы насаат айтып кеткен.

    Жакан. Көптөр тирилет, Лазардай болуп.

    Элчилер. Жакшы кабар дүйнөгө тараган.

    Римдиктер. Кудайдын ырайымы даңкталат.

    1 Корунттуктар. Сүйүү кандай болору жазылган.

    2 Корунттуктар. Кечиргенди Кудай жакшы көрөт.

    Галатиялыктар. Жакшылык кыл, эч качан багынба.

    Эфестиктер. Үй-бүлөлөргө насаат жазылган.

    Филипиликтер. Дайыма жакшы иштерге үндөйт.

    Колосалыктар. Тил алчаактык пайда алып келет.

    1 Тесалоникалыктар. Кайда жүрбө, эмне кылба, тилен.

    2 Тесалоникалыктар. Жахаба досторун эч калтырбайт.

    1 Тиметей. Бала кезден Жазманы окуган.

    2 Тиметей. Эр жүрөк болуп элди окуткан.

    Тит. Аксакалдарга дайым рахмат айт.

    Филемон. Кулу анын досу болуп калган.

    Еврейлер. Жыйналыштарды калтырбаш керек.

    Жакып. Жакшы белектин баары Кудайдан.

    1 Петир. Иса пайгамбар үлгү калтырган.

    2 Петир. Жахаба бизге көз салып турат.

    1 Жакан. Тил алганда, Жахаба сүйүнөт.

    2 Жакан. Чындыкта жүр, берилгендик сакта.

    3 Жакан. Башкаларга меймандостук көрсөт.

    Жүйүт. Туура иш кыл, Шайтанга каршы тур.

    Аян. Бейиш кандай болору жазылган.

    (КАЙЫРМА)

    Ыйык Китепке теңдеш китеп жок.

    Аны өзү Жахаба жаздырган.

    Күндө оку аны, ал үйрөтөт сени.

    Ыйык Китепке теңдеш китеп жок.