Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Гомосексуализм жаманбы?

Гомосексуализм жаманбы?

 «Чоңойгон сайын өзүмдүн жынысымдагыларга тартыла баштадым. Мындай сезимдер менен күрөшүү баарынан оор болду. Башында өтүп кетет деп ойлочумун, бирок андай сезимдер азыркыга чейин кыйнайт» (Дэйвид, 23 жашта).

 Дэйвид — Кудайдын кызматчысы. Ал дайыма ага жакканды кылгысы келет. Өзүнүн жынысындагыларга тартылып жатса да, Кудайга жага алабы? Кудайдын гомосексуализмге болгон көз карашы кандай?

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Гомосексуализмге болгон көз караш ар кайсы жерде ар кандай жана мезгилге жараша да болот. Бирок Кудайдын кызматчылары көпчүлүктү ээрчибейт жана «ар кандай окуулардын шамалына айдалбайт» (Эфестиктер 4:14). Алар Ыйык Китептеги окууларга ылайык жашашат.

 Ыйык Китепте гомосексуализм жөнүндө ачык эле айтылат.

Анда мындай делет:

  •  «Аял менен жаткандай, эркек менен жатпа, бул — жийиркеничтүү иш» (Лебилер 18:22).

  •  «Кудай, жүрөктөрүндөгү каалоолоруна ылайык, алардын ыпыластыкка батып, өз денелерин булгашына жол берип койду... Андыктан Кудай алардын жийиркеничтүү жыныстык кумарларга батышына жол берип койду: аялдары табигый катнаштарды табигый эмес катнаштарга алмаштырышты» (Римдиктер 1:24, 26).

  •  «Алданбагыла. Бузуктук кылып жүргөндөр да, бурканга табынгандар да, ойноштук кылып жүргөндөр да, табигый эмес жыныстык катнаштарга колдонулган эркектер да, эркектер менен жатып жүргөн эркектер да, уурулар да, ач көздөр да, аракечтер да, башкаларга тил тийгизгендер да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышалыгын мурастабайт» (1 Корунттуктар 6:9, 10).

  Ыйык Китептеги кеңештер бардык адамдарга, гомосексуалдарга да, гетеросексуалдарга да пайда алып келет. Кудайга жагыш үчүн ар бир адам жүрүм-турумун оңдоп, өзүн кармай билүүгө үйрөнүшү керек (Колосалыктар 3:5).

Ыйык Китепте...

 Ыйык Китепте гейлерди жек көрүшүбүз керектиги айтылабы?

 Жок. Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык, эч кимди, ал киши гей болобу же жокпу, жек көрбөшүбүз керек. Тескерисинче, анда «бардык адамдар менен», алар кандай жашоо өткөрүшпөсүн, «тынчтыкта болушубуз» керектиги жазылат (Еврейлер 12:14). Ошондуктан гомосексуалдарга зордук-зомбулук көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү жана башка ушу сыяктуу нерселерди кылуу туура эмес.

 Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары бир жыныстагыларга баш кошууга уруксат берген мыйзамдарга каршы чыгышы керектиги айтылабы?

  Кудайдын Ыйык Китептеги баш кошууга карата берген мыйзамына ылайык, никеге эркек менен аял турушу керек (Матай 19:4—6). Бир жыныстагылардын баш кошушуна байланыштуу адамдар чыгарган мыйзамдар тууралуу талашып-тартышуу адеп-ахлактуулук маселесине эмес, саясий маселеге тиешелүү болуп калат. Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары саясий маселелерде бейтараптуу болушу керектиги айтылат (Жакан 18:36). Андыктан алар өкмөттүн бир жыныстагылардын никесине же гомосексуалдарга байланыштуу чыгарган мыйзамдарына каршы да чыгышпайт, колдошпойт дагы.

Эгер...

 Эгер кимдир бирөө гомосексуал болсо, ал өзгөрө алабы?

 Ооба. 1-кылымда да ушундай адамдар өзгөрө алышкан. Ыйык Китепте гомосексуалдардын Кудайдын Падышалыгын мурастабай турганы айтылгандан кийин: «Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 6:11).

 Гомосексуализмге жаткан иштерди кылбай калгандар мурун кылып жүргөн иштерин кылганга такыр азгырылбай калабы? Жок. Ыйык Китепте мындай делет: «Так билимдин негизинде жаңыланып турган жаңы табиятты кийгиле» (Колосалыктар 3:10). Өзгөрүү — бул улана берүүчү процесс.

 Эгер Кудайдын мыйзамдарын аткаргысы келген киши дагы эле гомосексуализмге жаткан иштерди кылганга азгырыла берсечи?

 Кандай болбосун, адам туура эмес каалоосуна жетеленер-жетеленбесин өзү чечет. Кандайча? Ыйык Китепте: «Рухтун жетеги менен жүргүлө, ошондо дененин эч бир каалоосун аткарбайсыңар»,— деп жазылган (Галатиялыктар 5:16).

 Аятта андай адамдарда дененин каалоолору такыр болбойт деп айтылбаганына көңүл бурсаңар. Алар Ыйык Китепти күнүгө окуп, Кудайдан тиленип турса, туура эмес каалоолорун ооздуктай алышат.

 Жогоруда айтылган Дэйвид буга толугу менен кошулат. Ал баарын Кудайдын жолунда жүргөн ата-энесине айтып берген. Ал мындай дейт: «Мойнуман оор жүктү алып салгандай эле болду. Ата-энеме мурунураак айтканда, өспүрүм курагым кубанычтуу өтмөк экен».

 Корутундулай турган болсок, Жахабанын мыйзамдарын аткарганда гана бактылуу болобуз. Анын мыйзамдары «адилет, жүрөктү кубантат» деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. «Аларды аткаргандар чоң сыйлык алат» (Забур 19:8, 11).