Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Мөмөчүл майда чымындын учуу жөндөмү

Мөмөчүл майда чымындын учуу жөндөмү

 Чымынды шапалак менен чаап өлтүргүсү келгендер мунун оңой эмес экенин билишет. Чымындын реакциясы ушунчалык тез болгондуктан, заматта көздөн кайым болот.

 Окумуштуулар чымындардын бир түрүнүн, тактап айтканда, мөмөчүл майда чымындардын реактивдүү учактардай чукул бурула аларын, бирок муну алда канча тез, бир секундага жетпеген убакта, кыла аларын байкашкан. Майкл Дикинсон деген бир профессор айткандай, алар личинкадан чыгары менен эле «эң мыкты учкучтардай уча башташат. Алардын мындай жөндөмүн реактивдүү учактын кабинасына отургузуп койсоң, аны кантип башкарышты билип алган жаңы төрөлгөн баланын иш-аракетине окшоштурса болот».

 Изилдөөчүлөр мөмөчүл майда чымындардын кантип учарын камерага тартып алып, алардын бир секунданын ичинде эле канатын 200 жолу какканын көрүп таң калышкан. Анын заматта бурулуп, качып кетишине канатын бир эле жолу какканы жетиштүү болот.

 Реакциясынын тездиги тууралуу эмне айтууга болот? Изилдөөчүлөр чымындардын бул түрүнүн коркунуч туулгандагы реакциясы адам көзүн ирмегенден 50 эсе бат экенин аныкташкан. «Чымындар коркунуч кайсы жактан келатканын, кайсы жакка качыш керек экенин аябай кыска убакыттын ичинде эле укмуштуудай тактык менен эсептегенге жетишет»,— дейт профессор Дикинсон.

 Мөмөчүл майда чымындын ийненин учундай эле болгон мээсинин ушунун баарына жетишкени — изилдөөчүлөр жандырмагын таппай келген инженердик табышмак.

Мөмөчүл майда чымын коркунуч туулганда бир секундага жетпеген убактын ичинде чукул бурулуп багытын өзгөртө алат

 Кандай деп ойлойсуңар? Мөмөчүл майда чымындын учуу жөндөмү эволюция жолу менен өрчүгөнбү? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?