Мазмунун көрсөтүү

Бейтелге экскурсия

Биз силерди Бейтел деп аталган филиалдарыбызга экскурсияга чын жүрөктөн чакырабыз. Айрым филиалдарда өз алдыңарча көрө ала турган көргөзмөлөр да бар.

Экскурсиялар кайрадан өткөрүлө баштайт. Көптөгөн өлкөлөрдө 2023-жылдын 1-июнунан баштап филиалдарыбызда кайрадан экскурсиялар өткөрүлө баштайт. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн барайын деп жаткан филиал менен байланышкыла. Эгер COVID-19га тапшырган тесттин жыйынтыгы оң чыкса, суук тийген болсо же сасык тумоонун белгилери байкалса, же болбосо жакында эле COVID-19 менен ооруган киши менен байланышкан болсоңор, экскурсияга барбай турушуңарды суранабыз.

Америка Кошмо Штаттары

 Экскурсия жөнүндө маалымат

 
 
 
 
 
 

Өтүнмө толтуруу—20дан аз киши

Өтүнмө толтуруу—20 же андан көп киши

Өтүнмөнү көрүү же өзгөртүү

Экскурсия китепчесин жүктөп алуу—Warwick

Экскурсия китепчесин жүктөп алуу—Patterson

Экскурсия китепчесин жүктөп алуу—Wallkill

 Көргөзмөлөр

Уориктеги көргөзмөлөрдү өз алдынча кыдыруу

Ыйык Китеп жана Кудайдын ысмы. Бул көргөзмөдө сейрек кездешкен Ыйык Китептер бар. Ошондой эле душмандар Кудайдын ысмын Ыйык Жазмадан алып салууга канчалык аракет кылбасын, Кудайдын ысмынын сакталып калганы баса белгиленет. Көргөзмөдөгү жылып туруучу текчелерге сейрек кездешкен башка Ыйык Китептер жана Ыйык Китеп менен байланышы бар тарыхый буюм-тайымдар да коюлган.

Жахабанын ысмы менен аталган эл. Бул көргөзмөдөн Жахабанын Күбөлөрүнүн рухий мурасын көрө аласыңар. Ал жердеги тарыхый буюм-тайымдардан, сүрөттөрдөн, ишенимдештерибиздин башынан өткөн окуяларын айтып бергенинен Жахабанын өз элин кантип жетектегенин, билим бергенин, уюштурганын биле аласыңар.

Бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалык. Ишенимди иш жүзүндө көрсөтүү. Бул интерактивдүү көргөзмөдө Жетектөөчү Кеңештин комитеттеринин кантип иш алпарары жана Жахабанын Күбөлөрүнө чогулуп турууга, шакирт даярдоого, рухий тамак менен азыктанууга, бири-бирине сүйүү көрсөтүүгө кантип жардам берип жатканы түшүндүрүлөт.

Патерсондогу көргөзмөлөрдү өз алдынча кыдыруу

1-кылымдагы кыштактар. Иса жерде жүргөндө жашоо кандай болду экен деп ойлонуп көрдүңөр беле? Бул көргөзмөдөн 1-кылымдагы кыштактарда жашоо кандай болгонун көрө аласыңар. Атүгүл алардын жашоосуна сүңгүп кирип, 1-кылымдагы жашоо кандай болгонун элестете аласыңар. Бул көргөзмө силерге Ыйык Китепти окууну дагы да кызыктуу кылганга жардам берет

1-кылымдагы тыйындар. Бул көргөзмөдөн Грек Жазмаларында айтылган 1-кылымда колдонулган тыйындар коллекциясын көрө аласыңар. Ошондой эле ал жактан ар бир тыйын жөнүндө кызыктуу маалыматтарды, алардын Ыйык Китепте жазылгандар менен кандай байланышы бар экенин биле аласыңар.

«Уулдарыңдын баарын Жахаба үйрөтөт». Бул көргөзмөдө биздин уюмдун мектептеринин жана окутуу программаларынын тарыхы көрсөтүлөт. Ал мектептер ал жактан билим алгандарга мыкты окутуучу жана жыйналыштын аксакалдары болгонго кантип жардам бергенин биле аласыңар.

«Жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоо». Бул көргөзмөдө катуу каршылыктарга карабай ишенимдүү бойдон калган Жахабанын Күбөлөрүнүн жүрөк козгогон окуялары көрсөтүлгөн. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу ишин мыйзамдуу түрдө бекитиш үчүн биздин уюм эмнелерди кылганы айтылат.

 Дареги жана телефон номуру

Warwick

Маршрут түзүү

Patterson

Маршрут түзүү

Wallkill

Маршрут түзүү