Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Башталыш 1:1. «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»

Башталыш 1:1. «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»

 «Башында Кудай асман менен жерди жаратты» (Башталыш 1:1, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты» (Башталыш 1:1, «Үмүт нуру» котормосу).

Башталыш 1:1дин мааниси

 Ыйык Китептеги бул алгачкы билдирүүдө маанилүү эки чындык камтылган. Биринчиси, «асман менен жердин», башкача айтканда, материалдык ааламдын башталышы болгон. Экинчиси, аларды Кудай жараткан (Аян 4:11).

 Ыйык Китепте Кудайдын ааламды канча убакыт мурун жаратканы жана кантип жаратканы тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бирок аны эбегейсиз зор кубаты, күчү менен жаратканы түшүндүрүлөт (Ышая 40:26).

 «Жараткан» a деп которулган еврей тилиндеги этиш Кудайдын иш-аракетине карата гана колдонулат. Ыйык Китепке ылайык, Жараткан деп аталууга Жахаба b Кудайдан башка эч ким татыктуу эмес (Ышая 42:5; 45:18).

Башталыш 1:1дин контексти

 Башталыш китебинин бул биринчи аяты Башталыш 1, 2-бөлүмдөрдө жазылган жаратуу иши жөнүндөгү билдирүүгө кириш сөз болуп саналат. Башталыш 1:1ден 2:4кө чейин Кудайдын жерди жана андагы тирүү организмдердин баарын, анын ичинде биринчи аял менен эркекти кандай тартипте жаратканы тууралуу кыскача баяндалат. Андан соң Ыйык Китепте алгачкы түгөйлөрдүн кантип жаратылганы тууралуу кененирээк айтылат (Башталыш 2:7—25).

 Башталыш китебинде Кудайдын алты «күндүк» убакыт аралыгын камтыган жаратуу иши жөнүндө жазылат. Алар 24 сааттан турган кадимки күндөрдү билдирбейт. Алардын ар биринин канчага созулганы белгисиз. Ооба, «күн» деген сөз 24 сааттан да көп убакыт аралыгын камтыйт. Муну Башталыш 2:4тө жазылгандардан көрүүгө болот. Ал жерде «күн» деген сөз «убакыт» деген сөздүн синоними катары колдонулган жана Кудайдын алты күндүн ичинде жасаган иштерине чейинки иштери бир «күндүн» ичинде жасалгандай жалпылап айтылган.

Башталыш 1:1ге байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Кудай материалдык ааламды бир нече миң жыл мурун жараткан.

 Чындык: Ыйык Китепте ааламдын качан жаратылганы айтылбайт. Бирок Башталыш 1:1деги сөздөр аалам миллиарддаган жылдар мурун жаралган деген окумуштуулардын айткандарына карама-каршы келбейт c.

 Жаңылыш ой: Башталыш 1:1 Кудайдын Үчилтик экенин көрсөтүп турат. Себеби «Кудай» деген еврей сөзү бул аятта көптүк санда колдонулган.

 Чындык: «Кудай» деп которулган Элохим деген көптүк сандагы еврей сөзү адамдардын санын эмес, улуулукту, даңкты билдирет. Бир энциклопедияда Башталыш 1:1деги Элохим деген сөздүн дайыма көптүк сандагы этиш катары колдонулары ачык эле айтылат. Байыркы учурда падыша өзүнүн атынан сүйлөп жатканда «биз» деген сөздү колдончу. Бирок бул анын бир нече киши экенин эмес, канчалык улуу экенин гана көрсөтүп турган. Андыктан Элохим деген сөз жогорудагы аятта ошондой мааниде колдонулган («New Catholic Encyclopedia», экинчи басылышы, 6-том, 272-бет).

Башталыш 1-бөлүмдү шилтемелери жана байланышы бар аяттары менен бирге окуп көргүлө.

a Бул сөзгө байланыштуу изилдөөгө арналган бир Ыйык Китепте: «Мааниси „жаратуу“ дегенди билдирген бара́ деген еврей этиши эч качан адамдар кылган ишке карата колдонулбайт. Бара́ Кудайдын колунан бүткөн ишке карата гана айтылат»,— деп жазылган («HCSB Study Bible», 7-бет).

b Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).

c Ыйык Китепте жазылгандарга түшүндүрмө берген бир эмгекте «башында» деп которулган жана убакыт аралыгын билдирген еврей сөзү тууралуу: «Бул сөздөн ал убакыт аралыгынын канчага созулганын аныктоо мүмкүн эмес»,— деп айтылган («Expositor’s Bible Commentary», кайра каралган басылышы, 1-том, 51-бет).