Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Сандар 6:24—26. «Жахаба сага батасын берсин, сени сактасын»

Сандар 6:24—26. «Жахаба сага батасын берсин, сени сактасын»

 «Жахаба сага батасын берсин, сени сактасын. Жахаба сага өз жарыгын чачсын, ырайым кылсын. Жахаба сага жүзүн бурсун, тынчтык берсин» (Сандар 6:24—26, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Теңир сага батасын берсин, сени сактасын! Теңир сени мээримдүү жүзү менен карасын, сага ырайым кылсын! Теңир сага назарын салсын, сага тынчтык берсин!»(Сандар 6:24—26, «Үмүт нуру» котормосу).

Сандар 6:24—26-аяттардын мааниси

 Бул сөздөр дин кызматчынын сөздөрү катары же Арундун батасы катары белгилүү (Чыгуу 28:1). Арун Ысрайылда биринчи башкы дин кызматчы болгон (Сандар 6:22, 23). Бул аяттардагы сөздөрдү Кудай айткан. Жахаба Мусага мындай деген: «Арун менен анын уулдарына мындай деп айт: „Ысрайыл уулдарына мындай деп бата бергиле“». Ушул сөздөрдү айткандан кийин Кудай Сандар 6:24—26-аяттарда жазылгандарды айткан. Ишенимдүү дин кызматчылар Кудайдын бул буйругуна баш ийишкен. Ошондой эле алар Жахаба a Кудайдын ысмын ыйык тутушкан. 27-аяттан мындай дегенди окуйбуз: «Ысрайыл уулдарына бата бергенде алар менин ысмымды колдонушсун, ошондо мен аларга батамды берем».

 «Жахаба сага батасын берсин, сени сактасын». Жахаба өзүнө сыйынгандарга төмөнкүдөй жолдор менен батасын берет: аларды коргойт, жол көрсөтөт жана аларга бактылуу болгонго жардам берет (Накыл сөздөр 10:22). Сандар 6:24—26-аяттардын ар биринде «сага» деп жекелик санда айтылган. Бул Кудайдын жалпы ысрайыл элине эмес, ар бир ысрайылдыкка жекече батасын бергиси келерин көрсөтүп турган.

 «Жахаба сага өз жарыгын чачсын, ырайым кылсын». Кимдир бирөө Кудайдан ага жарыгын чачышын сурануу менен андан жакшылык кылышын жана ырайым кылышын сураган болот. b Ыйык Китептин бир котормосуна ылайык, бул сүйлөмдү «Теңир сага жылмайсын» деп да которсо болот. Жахаба өз элине боорукердик, мээримдүүлүк көрсөтүү менен ырайым кылат (Ышая 30:18).

 «Жахаба c сага жүзүн бурсун, тынчтык берсин». Жахаба өзүнүн элин сүйүүсүнө бөлөп, көңүл бурат, тынчтыгын берип, аларга жүзүн бурган болот. Бир эмгекке ылайык, тынчтык деп которулган еврей тилиндеги «шалом» деген сөз жаңжалдын, келишпестиктин жоктугун эле билдирбейт. Ал өз ичине рухий жактан да, жашоонун бардык тармагында да гүлдөп-өсүүнү, бүт жагынан түгөлдүктү камтыйт.

 Бул аяттарда жазылган баталарга ээ болуш үчүн ысрайылдыктар Жахабага тил алышы керек болчу (Лебилер 26:3—6, 9). Эгер алар ошондой кылышса, Жахаба өзү убадалагандай, элине жардам бермек. Мисалы, Сулайман, Хиския сыяктуу падышалардын учурунда Жахаба сөзүнө туруп, так ушундай кылган (1 Падышалар 4:20, 25; 2 Жылнаама 31:9, 10).

 Бүгүнкү күндө Исанын жолдоочуларына Сандар 6:24—26-аяттардагы баталарды сөзмө-сөз айтып кайталоонун зарылдыгы жок. Бирок башкалар үчүн тиленип жатканда, ишенимдештерин бекемдеп жатканда ушул сыяктуу ойлорду айтса болот (1 Тесалоникалыктар 5:11, 25). Жахаба өзгөрбөгөн Кудай. Ал ишенимдүү кызматчыларына дайыма батасын берип, аларды коргогусу келет. Алар Жахабанын жактыруусуна ээ болгонун билгендиктен, жан дүйнө тынчтыгына бөлөнүп жашашат.

Сандар 6:24—26-аяттардын контексти

 Сандар китебинин алгачкы он бөлүмүндө Кудайдын ысрайылдыктарга берген көрсөтмөлөрү жазылган. Кудай ал көрсөтмөлөрдү Синай тоосунун жанында, эли убадаланган жерге баратканда, берген. Ысрайылдыктар көчүп-конуп жүргөн бир жыл аралыгында Жахаба аларды эл кылып уюштуруп, Мыйзам келишими деп белгилүү болгон мыйзамдардын жыйнагын берген.

 Ошондой эле Жахаба Мусага дин кызматчы катары тандалган Арун менен уулдары ысрайылдыктарга кантип батасын бериши керектигин айткан (Сандар 6:22, 23). Ошондон тартып Арундун урпактары Сандар 6:24—26-аяттарда жазылган сөздөрдү айтып, элге батасын берип келген. Убакыттын өтүшү менен дин кызматчынын күнүгө чалынчу курмандыктардын баары чалынып бүткөндөн кийин ушул сөздөрдү айтканы салтка айланган.

 Сандар китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Кудайдын ысымынын еврей тилиндеги айтылышы кыргыз тилинде «Жахаба» деп берилет. Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда эмне үчүн Кудайдын ысымынын ордуна «Теңир» деген сөз колдонуларын билиш үчүн «Жахаба деген ким?» деп аталган макаланы карагыла.

b Бирок Ыйык Китепте айтылгандай, ысрайылдыктар Кудайга жакпаган иштерди кылышканда, Жахаба алардан жүзүн жашырган (Ышая 59:2; Микей 3:4).

c Ыйык Китептин бир котормосунда түшүндүрүлгөндөй, Кудайдын ысмынын кайра-кайра кайталанышы 27-аяттагы сөздөргө салмак кошуп, андагы ойду бышыктайт («NIV Study Bible»). Ошентсе да айрымдар бул аяттарда Кудайдын ысмынын үч жолу кездешиши Үчилтик окуусунун чындык экенин тастыктап турат деп айтышат. Бирок бул андай эмес. Үчилтик окуусун жактаган бир эмгекте мындай делген: «Элге батасын берип жаткан дин кызматчы да, аны угуп турган эл да Кудайдын ысмынын үч жолу кайталанганын эч качан Кудай Үчилтик деп түшүнүшмөк эмес. Алар үчүн Кудайдын ысмынын үч жолу айтылганы бул аяттардагы батанын көркүн жана толуктугун баса белгилеп турган» («The Pulpit Commentary» 2-том, 52-бет). Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Кудай Троицабы?» деген макаланы карагыла.