Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

«Дайыма кубангыла»! деп аталган региондук жыйындын которулушу

«Дайыма кубангыла»! деп аталган региондук жыйындын которулушу

10-ИЮЛЬ, 2020

 2020-жылдын июль, август айларында дүйнө жүзүндөгү боордошторубуз тарыхта биринчи жолу региондук жыйындын программасын бир учурда көрүшөт. Муну ишке ашырыш үчүн жыйындын жаздыруусун 500дөн ашуун тилге которгонго туура келди. Адатта, мындай иш-чараны пландаштырып, аны соңуна чыгарыш үчүн бир жылдан ашуун убакыт талап кылынат. Бирок пандемиядан улам котормочулар 2020-жылдын «Дайыма кубангыла»! деп аталган региондук жыйынын 4 айга жетпеген убакыт ичинде которуш керек болду.

 Ушундай тоодой иштерди бүтүргөнгө Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгындагы Котормо топторун тейлөө бөлүмү менен Бүткүл дүйнөлүк камсыздоо тобу жардам берди. Котормо топторун тейлөө бөлүмү дүйнө жүзүндөгү котормо топторунун көбүнө атайын жабдыктар керек экенин аңдаган. Котормочуларга, өзгөчө, жогорку сапаттагы микрофондор керек болчу. Ошол себептен Бүткүл дүйнөлүк камсыздоо тобу 1 000 микрофон сатып алып, алардын 200дөй жерге жеткирилишине кам көргөн.

 Акча-каражат үнөмдөлүшү үчүн, микрофондор дүңүнөн сатылып алынган. Андан соң бир жерге чогултулуп, дүйнө жүзүндөгү котормо топторуна жөнөтүлгөн. Дүң баада сатылып алынгандыктан алардын ар биринин баасы орто эсеп менен 170 АКШ долларын түзгөн. Анын ичинде микрофондорду жеткирүүгө кеткен чыгымдар да бар. Микрофондун ар биринин чекене баада эмес, дүң баада сатылып алынганы каражатты 20 пайызга үнөмдөгөн.

 Бүткүл дүйнөлүк камсыздоо тобу микрофондорду сатып алуу жана жөнөтүү иштерин 2020-жылдын март, апрель айларында жүргүзгөн. Ошол маалда көптөгөн компаниялар пандемиядан улам иштерин адаттагыдай аткара албай жатышкан. Ошого карабай майдын аягына чейин алыскы котормо кеңселеринин, филиалдардын жана котормочулар иштеген башка жерлердин көбүнө микрофондор жеткирилген.

 Бүткүл дүйнөлүк камсыздоо тобунун көзөмөлчүсү Жей Свинней мындай деген: «Бул ишти аткарууда Бейтелдеги бөлүмдөр менен башка компаниялар жакшы кызматташышты. Жахабанын ыйык руху болбосо, бул ишти ушундай кыска убакыттын ичинде көп чыгым болбой аткара албайт болчубуз».

 Ал эми Котормо топторун тейлөө бөлүмүндө кызмат кылган Николас Аладис мындай деп бөлүшкөн: «Ошол учурда карантинде отурган котормочулар бул жабдыктарды алып, аябай бекемделишти. Котормочуларга тобундагылары менен бир кеңседе эмес, өзүнчө иштегенге туура келсе да, алар эриш-аркак кызмат кылып, баяндамаларды, драмаларды жана ырларды 500дөн ашуун тилге которуп, жаздыра алышты».

 Бул иш 2020-жылдагы «Дайыма кубангыла»! деп аталган региондук жыйынды даярдоодо кылынган көп иштердин бири эле. Силердин donate.pr418.com сайты аркылуу жана башка жолдор аркылуу жөнөткөн тартууңар зарыл нерселерди сатып алганга жумшалды. Марттык менен тартуу кылган каражатыңар бул ишке зор салым кошту!