Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепке негизделген драмага колдонуш үчүн Маунт Эбо студиясына 27 500 килограммдан ашуун шагыл алынып келинген

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

2020-жылдагы «Дайыма кубангыла»! деген региондук жыйындын видеотасмаларын даярдоо

2020-жылдагы «Дайыма кубангыла»! деген региондук жыйындын видеотасмаларын даярдоо

10-АВГУСТ, 2020

 Региондук жыйындагы видеолор жүрөгүбүздү козгоп, Ыйык Китептеги окууларды тереңирээк түшүнгөнгө жардам берет. 2020-жылдагы «Дайыма кубангыла»! деп аталган жыйында 114 видео көрсөтүлөт. Алардын ичинде Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү жана алардын жардамчылары айткан видео түрүндөгү 43 баяндама бар. Ушундай видеоматериалдарды даярдаганга кандай күч-аракет жумшалат, канча акча-каражат кетет деп ойлондуңар беле?

 Жыйындын программасын даярдаганга бүт дүйнө жүзү боюнча 900гө жакын ишенимдешибиз убактысы менен шык-жөндөмүн арнады. Эки жылдык бул долбоорго, жалпы жонунан алганда, алар дээрлик 100 000 саат жумшашты. Ошондой эле «Некемия. Жахаба берген кубаныч силер үчүн чеп болот» деген драмага 70 000 саат кетти. Ыйык Китепке негизделген ал драма 76 мүнөткө созулат.

 Ошол жан аябас ыктыярчыларды өздөрүнө тапшырылган иштерди бүтүрө алышы үчүн, түнөк жай, тамак-аш менен камсыз кылганга, техникалык жактан колдоо көрсөткөнгө, зарыл жабдыктар менен камсыз кылганга канчалаган каражаттар кеткенин элестетсеңер.

 Аудио/видео кызматынын мүчөсү Жарет Госсман мындай дейт: «Жетектөөчү Кеңештин окутуу комитети видеолорубузда ар кайсы маданияттын, ар кандай өлкөлөрдүн көрсөтүлүшүнө аябай кызыкдар. Себеби мунун аркасында биздин бүткүл дүйнөлүк уюм экенибиз айкын көрүнөт. Бул жыйындын программасын даярдап жатканда ошондой максатка жетиш үчүн 11 өлкөдө 24 топ эриш-аркак кызматташып жатышты. Дүйнө жүзү боюнча ушундай ишти жүзөгө ашырыш үчүн бир топ акча-каражат, пландаштыруу, кызматташуу талап кылынды».

 Көптөгөн видеолорубузду тартыш үчүн атайын жабдыктар, ар кайсы көрүнүштөр үчүн буюм-тайымдар, имараттар керектелет. Мисалы, «Некемия. Жахаба берген кубаныч силер үчүн чеп болот» деген драмага керектүү эмеректер, дубалдар, имараттар Патерсондон (Нью-Йорк) анча алыс эмес жайгашкан Маунт Эбо студиясында жасалган. Тартуу кылынган акча-каражатты үнөмдөп, ошол эле учурда драманы тарыхый жактан так кылып тартыш үчүн көп күч-аракет жумшалды. Алсак, ишенимдештерибиз жеңил курулуш материалдарынан байыркы Иерусалимдин дубалдарына окшош дубалдарды жасашкан. Ал дубалдардын ар биринин бийиктиги 6 метр болгон. Алардын каркасын жыгачтан жасап, сыртына курулушта колдонулган көбүктөн чачып, ташка окшоштуруп коюшкан. Анан ал дубалдарды драмадагы ар кайсы көрүнүштөргө ылайыкташтырып колдонушкан. Ошонун аркасында акча-каражат бир топ үнөмдөлгөн. Ошентсе да ушул драманы даярдаганга эле 100 000 доллардай (АКШ) сарпталган a.

 Муну билгенибиз ушул жылдагы региондук жыйындын программасы үчүн ого бетер ыраазы болгонго түрткү берет. Бул программаны даярдоого жумшалган күч-аракеттердин баары Жахабага даңк алып келет деп ишенебиз. donate.pr418.com сайты аркылуу жана башка жолдор менен бүткүл дүйнөлүк ишке марттык менен тартуу кылып жатканыңар үчүн миң мертебе ыраазычылык билдиребиз.

a «Некемия. Жахаба берген кубаныч силер үчүн чеп болот» деген драмага керектелген буюм-тайымдар, имараттар COVID-19 пандемиясы башталганга чейин жасалган. Ал учурда социалдык аралыкты сактоо талап кылынган эмес.