Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 1-ДЕКАБРЬ
МЕКСИКА

Жахабанын Күбөлөрү Гватемала менен Мексикада болгон катуу жер титирөөдөн кийин кайра куруу ишине киришти

Жахабанын Күбөлөрү Гватемала менен Мексикада болгон катуу жер титирөөдөн кийин кайра куруу ишине киришти

1-декабрда 10 миллиондой доллар керектеле турган жардам берүү иши башталды. Сентябрь айында болгон эки жолку жер титирөөдөн жабыркаган Гватемала менен Мексикада 500гө жакын үй, 16 Падышалык залы кайра курулуп, көптөгөн имараттар оңдолууда.

МЕХИКО. Борбордук Америкадагы филиалдын комитети Гватемала менен Мексикада сентябрь айында болгон эки жолку катуу жер титирөөдөн зыян тарткан ишенимдештерине жардам көрсөтүш үчүн 2017-жылдын 1-декабрында чоң масштабдагы кайра куруу ишин баштады. Филиал эки жер титирөөдөн кийин кырсыктан жабыркагандарды дароо суу, азык-түлүк, дары-дармек жана кийим-кече менен камсыз кыла баштаган. Эми жыйындар залдарын, Падышалык залдарын жана бир туугандардын үйлөрүн кайра куруп, оңдоо иштерин жүргүзүүгө көңүл топтоодо.

Мексиканын Чьяпас жана Оахака штаттарындагы 655 бир тууган 7-сентябрда болгон кубаттуулугу 8,2 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин башка жакка көчүрүлгөн. Жалпы эсептегенде, эки штатта 315 үй жана 15 Падышалык залы кайра курулушу керек. Андан тышкары, 1 039 үй, 108 Падышалык залы жана 3 жыйындар залы оңдоо иштерин талап кылат.

Мехико шаарында жана Морелос менен Пуэбла штаттарында 19-сентябрда болгон кубаттуулугу 7,1 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин 463 бир тууган коопсуз жакка көчүрүлгөн. Жалпысынан, 158 үй кайра курулушу керек. Андан сырткары, 600 үй, 39 Падышалык залы жана бир жыйындар залы оңдолууга тийиш.

Гватемалада 7-сентябрда болгон жер титирөөдөн кийин 36 бир тууган башка жакка көчүрүлгөн. Келе жаткан айларда курулуш кызматчылары менен жергиликтүү ыктыярчылар 9 үйдү, 1 Падышалык залын кайра курууга киришет. Ошондой эле 20 үйдү, 4 Падышалык залын оңдошот.

Филиалдын комитетинин эсептеп чыкканына ылайык, 39 жардам берүү комитети катышкан кайра куруу, оңдоо иштерине 10 миллиондой АКШ доллары керектелет жана иш 5-6 айга созулат. Табигый кырсык болгон аймактарга 30дай курулуш кызматчысы көчүп барганы жатат. Андан сырткары, 970 ыктыярчы кайра куруу ишине жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Жахаба Кудай ишибизге жана кырсыктан жабыркаган бир туугандарга жардам бериш үчүн өз эрки менен «кызмат кылууга» даяр экенин көрсөтүп жаткан ыктыярчылардын ар бирине батасын берерине толук ишенебиз (2 Корунттуктар 8:4).

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Гватемала: Хуан-Карлос Родас, тел.: +502-5967-6015

Мексика: Гамальель Камарильо, тел.: +52-555-133-3048