Мазмунун көрсөтүү

Өзбекстандын Жогорку сотунун Ташкенттеги имараты

2018-ЖЫЛ, 8-НОЯБРЬ
ӨЗБЕКСТАН

Өзбекстандын жогорку баскычтагы соттору Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китепке негизделген адабияттарга ээ болуу укугун колдоду

Өзбекстандын жогорку баскычтагы соттору Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китепке негизделген адабияттарга ээ болуу укугун колдоду

2018-жылдын март айынан башталган 6 айдын ичинде Өзбекстандын Жогорку соту менен Өзбекстандагы автономдук республика болгон Каракалпакстандын административдик соту Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигине байланыштуу сот ишинде алардын пайдасына чечим чыгарды. Жогорку сот төмөнкү баскычтагы соттун бир туугандарыбызга каршы чыгарган 4 чечимин, административдик сот бешинчи чечимин жокко чыгарды.

Өзбекстандын Жогорку соту тарабынан акталган Тимур Сатданов бир тууган

Бул сот иштеринин айрымдары укук коргоо кызматкерлери жүргүзгөн тинтүү иштеринде Ыйык Китепке негизделген адабияты, Ыйык Китептин электрондук түрү жүктөлгөн электрондук каражаттары тартылып алынган бир туугандарыбызга байланыштуу болчу. Төмөнкү баскычтагы соттор диний адабияттарды таратууга тыюу салган мыйзамдын негизинде бир туугандарыбызды күнөөлүү деп таап, айып пул төлөөгө милдеттендирген эле. Бирок, жогорку баскычтагы соттордун акыркы чечимине ылайык, ал бир туугандар акталып, айып пул төлөөдөн бошотулду.

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү ушундай чечим чыкканына кубанып жатышат жана бийликтегилерге ыраазы болууда. Алар, өзгөчө, «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоодо» жетектеп, колдоп турган Жахаба Кудайга чексиз ыраазы (Филипиликтер 1:7).