Мазмунун көрсөтүү

Түштүк Кореянын Жогорку соту аскерден абийиринен улам баш тартуу кылмыш деп эсептелбейт деген чечим чыгаргандан көп өтпөй бошотулган 65 инибиздин көпчүлүгү

2019-ЖЫЛ, 7-МАРТ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореядагы абийиринен улам аскерден баш тартканы үчүн түрмөдө отургандардын баары бошотулду

Түштүк Кореядагы абийиринен улам аскерден баш тартканы үчүн түрмөдө отургандардын баары бошотулду

2019-жылдын 28-февралында Түштүк Кореядагы бейтараптуулук сактаганы үчүн түрмөдө отурган Жахабанын Күбөлөрүнүн акыркысы боштондукка чыкты. Түрмөдөн бошотулган инилерибиздин баары эркиндикке ээ болгонуна жана Жахаба Кудайга берилгендик сактаарын далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө терең ыраазычылык билдирди.

Жогорку сот 2018-жылдын 1-ноябрында аскер кызматынан абийири жол бербегендиктен баш тартуу кылмыш деп эсептелбейт деген тарыхый чечим чыгаргандан бери жалпысынан 65 инибиз бошотулду. Ал чечимдин негизинде 65 жылдан бери созулуп келаткан саясат, абийиринен улам аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандарды түрмөгө кесүү саясаты, жокко чыгарылды.

Кореядагы бир туугандарыбыздын ишенимдүүлүгү жана кынтыксыздыгын сактаганы бизге да «кайраттуулук менен» Падышабызга берилгендикте кызмат кылууга жана анын бийлигин колдоого түрткү берет (Филипиликтер 1:14). Биз Эритреядагы, Орусиядагы, Сингапурдагы жана Түркмөнстандагы түрмөлөрдө отурган бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз (Еврейлер 10:34).