Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 22-АПРЕЛЬ
ЗИМБАБВЕ

Жахабанын Күбөлөрү «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын шона тилинде чыгарышты

Жахабанын Күбөлөрү «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын шона тилинде чыгарышты

2019-жылдын 17-мартында Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Кеннет Кук Зимбабведеги Хараре жыйындар залында өткөрүлгөн атайын жолугушууда «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы шона тилинде жарык көргөнүн кулактандырды. Ыйык Китептин бул басылышын которууга үч жыл кетти.

Ыйык Китептин чыкканы кулактандырылган жыйындар залына 2 500гө жакын бир тууган келди. Программаны 295 Падышалык залына жана 4 жыйындар залына чогулган дагы 43 000 киши трансляция аркылуу көрө алды. Бир ишенимдешибиз мындай деди: «Ыйык Китептин кайра каралган басылышын кызматта колдонууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Ал абдан түшүнүктүү болуп которулгандыктан, рахаттанып окуйт экенсиң. Кайра-кайра окугуң келет экен. Бул белек үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз!»

Ыйык Китептин бул басылышы шона тилинде сүйлөгөндөрдүн аймагында кызмат кылган 38 000 жарчыга зор пайда алып келери шексиз. Ошондой эле бул аларга Зимбабведеги калктын 80ге жакын пайызын түзгөн 9 000 000дон ашуун кишиге кабар айтканга чоң жардам берет деп ишенебиз.

Ыйык Китептин улам бир тилде жарык көрүп жатканы Жахабанын дүйнө жүзүндөгү котормо ишине батасын берип жатканын айгинелеп турат. Биз анын Сөзүнүн барган сайын көптөгөн окурмандардын эне тилине которулуп жатканын көрүп абдан кубанып жатабыз (Элчилер 2:8).