Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 19-ИЮЛЬ
ДАНИЯ

Тарыхый окуя: Грек Жазмалары исланд тилинде жарык көрдү

Тарыхый окуя: Грек Жазмалары исланд тилинде жарык көрдү

2019-жылдын 19-июлунда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» исланд тилинде жарык көргөнүн Даниянын Копенгаген шаарында өткөн эл аралык жыйында шыктануу менен кулактандырды.

Жума күнү эртең менен төрага исланд тилинде сүйлөгөндөрдүн же ал тилде кабар айткандардын баарын түштөн кийинки тыныгуу маалында стадиондун бир бөлмөсүнө чогулууга чакырды. Ошол атайын жолугушуу учурунда Стивен бир тууган ал жерге келген жана кубанычы койнуна батпай турган 341 бир тууганга Ыйык Китеп берди.

Кылымдар бою исланд эли Ыйык Китепти которууга көп күч-аракет жумшап келген. 1540-жылы Оддур Готцкалкссон Ыйык Китептин Грек Жазмаларын биринчилерден болуп исланд тилине которуп, басып чыгарган. Исландиядагы ишенимдештерибиз «Исланд Ыйык Китеп бирикмеси» тарабынан басып чыгарылган «21-кылымдын Ыйык Китеби» деген котормону 2010-жылдан бери колдонуп келишкен. Эми исланд талаасында кызмат кылган ишенимдештерибиз ошол тилде сүйлөгөн 300 000ден ашуун кишиге кабар айтыш үчүн жаңы жарык көргөн котормону колдонууга бел байлоодо.

Котормо тобунда кызмат кылган бир тууган мындай дейт: «Ыйык Китептин Грек Жазмаларын исланд тилине которууга дээрлик төрт жыл кетти. Жахабанын ысмынын Ыйык Китептин кайсы жеринде турууга тийиш болсо, ошол жердин баарында калыбына келтирилгени бул котормону башка котормолордон өзгөчөлөп турат. Бул Исанын Жакан 17:26дагы: „Сенин атыңды аларга ачып бердим, дагы да ачып берем“,— деген сөздөрүнө шайкеш келет».

Жахабанын дүйнө жүзүнө жакшы кабарды жарыялоо үчүн жасаган аракетибизге батасын берип жатканына абдан ыраазыбыз. Бул котормо ишинин аркасында жүзөгө ашырылууда. Биз дагы көптөгөн адамдардын Кудайдын Сөзүн өз эне тилинде окуп, анын «улуу иштери жөнүндө» биле беришин сурап тиленип турабыз (Элчилер 2:11).